Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Коронакризис мигранттарга талапты өзгөрттү


 Москвадагы элчилик,  май айы 2020-жыл
 Москвадагы элчилик,  май айы 2020-жыл

Москвадагы элчилик Орусияда чет өлкөлүктөрдүн киришине чектөөлөр алына электигин эскертип, Кыргызстанга барууга олуттуу себеби жок жарандарды карманып турууга чакырды.

Орусияда эпидемиологиялык абал турукташып, иш орундары ачылып, карантин чектөөлөрү алынганына карабай он миңдеген кыргызстандыктар мекенге кайтуу үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө кезекте турат.

«Азыр учакка кезекке тургандардын тизмесинде 15 миңдей адам бар. Бул жумада алты рейс каралган. Эмки жумадан тарта он рейс каттай турганы пландалууда. Анда жумасына 2,5 миң жаранды Кыргызстанга жөнөтүүгө жетишебиз. Ошол эле кезде күнүнө миңге чейин адам «кетет элек» деп кайрылып жатат», - деди Москвадагы кыргыз элчилигинин өкүлү Алмаш Алтымышева.

Элчилик Орусиянын аймактарындагы өкүлчүлүктөргө да кеминде 10 миңдей жаран Кыргызстанга кетүү үчүн арыз жазып, күтүп турганын буга чейин кабарлаган.

Ошол эле маалда Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүк Орусияда чет өлкөлүктөрдүн өлкөнүн аймагына киришине чектөөлөр алына элек экенин, Кыргызстанга кайткан жарандардын кайра Орусияга келиши тоскоолдук жаратарын эскертти.

«Орус өкмөтүнүн атайын токтомуна ылайык, азыр жумуш берүүчү менен эмгек келишими түзүлгөн, ошол иш тармагын көзөмөлдөгөн федералдык орган атайын чакырып, ФСБ жана ИИМ аркылуу тизмеге алынган жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистерге гана Орусияга кирүүгө мүмкүн болуп жатат» деп кошумчалайт өкүлчүлүктүн кызматкери.

Коронавирус пандемиясынан улам Орусия чек араларын жапкандан бери март-август айларынын ичинде чартердик каттам жана автобустар менен Кыргызстанга 26 миңден ашуун жаран кайтарылган. Алардын басымдуулугун кош бойлуулар, балалуу энелер, жашы улгайган жана оорулуу адамдар, орусиялык окуу жайларда билим алган студенттер түзгөн.

Ушу тапта март-апрелде Кыргызстанга кайткан мигранттардын арасынан кайрадан Орусияга кетүү жолун сурагандар бар.

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн адиси Эсенбек Эргешов азыркы кезде мекеме жумуш орундары тууралуу маалымат топтоп, мекендештерди жумуш менен камсыздоого көмөктөшүп жатканын белгиледи.

«Жума сайын вакансиялар жаңырып турат. Азыр 3 миңдей жумуш орун бар. Биз жумуш берүүчүлөр менен байланышып, түз кызматташканга аракет кылып жатабыз. Жумуштар Москвада, облустарда жана башка региондордо бар. Москвада айлыгы 40-45 миң рублдын тегереги болсо, аймактарда 30-35 миң рубль. Пандемия маалында биз аркылуу 1,7 миң жараныбыз ишке орношту», - дейт Эргешов.

Ошол эле кезде Орусияда эпидемиологиялык абал турукташып, жумуш орундары ачылган менен коронакризистин кесепеттеринен улам эмгек акысын албай калган мигранттар көбөйгөн.

Жыл башынан бери Миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө1823 жарандан 102 миллион рублдан ашык төлөнбөгөн эмгек акы боюнча 512 арыз түшкөн. Өкүлчүлүк аркылуу кыргызстандык мигранттар 30 миллион рубль маянасын кайтарып алышкан.

Кыргызстандын Улуттук банкы быйыл январь-апрелде чет өлкөлөрдөн 699,3 миллион доллар которулганын кабарлады. Бул соңку беш жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч.

Учурда Орусия менен Кыргызстандын ортосунда жүргүнчүлөрдүн туруктуу аба каттамы калыбына келе элек. Орусия менен Казакстандын чек аралары жабык.

Миграция боюнча эксперттердин эсебинде, чектөөлөр алынып, чек аралар ачылары менен Орусияда иштеп жүргөн мигранттардын 30% чейинкиси туулган жерине кайтышы мүмкүн.

Ал эми Орусияда калган мигранттарды эмгек базарынын тарышы, жумушчу орунду ээлөө атаандаштыгы, маянанын азайышы, анан да мигранттарга каршы маанайдын күчөшү күтөрүн болжошот.

Дмитрий Полетаев
Дмитрий Полетаев

«Көмүскө мамиле-катнаш көбөйүп, эмгекти коргоо аракеттери азаят. Орусиялыктардай эле мигранттар да жумуштун оор шарттарына айласыз макул болот. Оңчул жана популисттик партиялардын күнү тууйт, алар кайра эле мигранттарга каршы риторикасы менен жан сактоого өтүшөт. Мигранттар - бардык өлкөлөрдө үн-сөзү жок душмандар. Маселен, АКШ Мексика менен чек арасына бийик дубал тосмо курууда, ЕАЭБ өлкөлөрү ортодогу чек араларын тосуп салышты», - деп эсептейт Миграциялык изилдөөлөр борборунун директору Дмитрий Полетаев.

Орусиянын ИИМинде быйыл январь-июнда 380 миңдей кыргызстандык миграциялык каттоого турган. Орусияда туруктуу иштеген мигранттардын саны 700 миңдин тегерегинде. Ал эми миграцияга кошо ала чыккан балдары, ата-энелерин кошкондо миллиондон ашат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG