Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Түркия: доллардын курсу мигранттарды кыйнады


Акча алмаштыруучу жай. Стамбул шаары.
Акча алмаштыруучу жай. Стамбул шаары.

7-августта Түркияда бир доллар жети лирага көтөрүлүп, пандемия учурунда тогуз пайызга кымбаттады.

Өлкөдө доллардын кымбатташы азык-түлүккө жана жол киреге да таасирин тийгизип жаткан учуру. Лира кунун жоготуп жатканы Түркияда иштеген мигранттарга кандай таасирин тийгизди?

Төрт жылдан бери Стамбул шаарында түрк үй-бүлөнүн баласын карап иштеген Айнура айлыгын түрк лирасы менен алат. Ал ай сайын өз маянасын долларга которуп Кыргызстанга салып, көлөмдүү насыясын төлөйт. Айнура түрк лирасынын куну түшүшү кыргыз мигранттарына терс таасирин тийгизип жатканын билдирди:

«Учурда Түркияда доллар күн сайын кымбаттап эле баратат. Бир доллар 7,4 лира болуп калыптыр. Бизге кыйын эле болду. Өзгөчө түрк лирасы менен айлык алган кыргыз мигранттар учурда кыйналып турушат. Анткени алар ай сайын тапкан 3000 лирасын алмаштырайын десе 400 эле доллар болуп калат. Мурун бир аз көбүрөөк чыкчу. Андан тышкары азык-түлүк да кымбаттады. Күнүнө жол кире төлөп жумушка барабыз, ал да көтөрүлүп жатат. Ал эми азыр доллар менен айлык алган мигранттарга жакшы болду. Бирок бизге окшоп лира менен айлык алгандардын ичи ачышып эле отуруп калышты. Айла жок, эмне кылабыз?»

Түркиянын Эмгек жана коомдук коопсуздук министрлиги 2020-жылы минималдуу эмгек акыны 2340 лира деп бекиткен. Бул сумма август айындагы доллардын курсу менен 316 долларга айланып калды. Түркияга иштегени келген кыргызстандык мигранттардын көбүн кыз-келиндер түзүп, дээрлик көпчүлүгү минималдык айлык акы алып иштейт. Негизинен алар бала багып, кары жана оорулуу кишилерди карашат.

Түркиянын Анталия шаарында иш алып барган «МирАскар» агенттигинин жетекчиси Рыскүл Кадырова пандемия учурунда аз маянага кайыл болуп иштеген мигрант кыз-келиндердин абалына токтолду:

Рыскүл Кадырова.
Рыскүл Кадырова.

«Мигранттардын айлыгы карантинде 2400 лирага чейин түшүп кеткен болчу. Иш берүүчүлөр менен сүйлөшүп 3000-3500 лирага чейин көтөртүп берип жатабыз. Ал деле 480 доллардай эле болуп калды. Кыргызстанда учурда абал оор болгондуктан Анталияда калып иштегендер көп эле. Ал эми насыялары, карыздары болгон кыргыз мигранттар аргасыз 2400 лирага деле иштөөгө мажбур болуп жатышат. Абалыбыз оор. Биринчиден, Кыргызстандагы ата-энебизди, бир туугандарыбызды, балдарыбызды ойлоп кыйналсак, экинчиден, Түркиядан аларды сагынып, аларга сарсанаа болуп турган учурубуз. Бирок кыйынчылыкты бирге жеңебиз деген ойдобуз».

Ал эми Анталия шаарында «Золотая корона» системасы аркылуу акча которуу фирмасынын кызматкери Айпери Айтачтын кардарларынын 90% кыргызстандыктар. Айпери Түркияда доллардын кескин кымбатташы Кыргызстанга акча которгон мигранттарды азайтып, тескерисинче Орусиядан, Кыргызстандан акча алган кыргызстандыктар көбөйгөнүн белгиледи:

«Акыркы бир айдан бери доллардын курсу көтөрүлдү. Былтыр да ушундай көтөрүлүп кайра түшкөн, бирок бул жолу бир күндө эле кескин кымбаттап кетти. Ал эми айлык болсо ошол бойдон эле - 2500 лирадан көтөрүлгөн жок. Биздин мигранттар лирасын долларга котором деп барганда да акча которгондор пайызын кармап калып жатышат. Андыктан карантинде кете албай тургандар каттамдар ачылганда кетип жатышат. Кетпегендер аргасыз иштеп жатышат. Мурун албетте, Кыргызстанга акча салгандар көп болчу, азыр тескерисинче Орусиядан, Кыргызстандан Түркиядагы мигранттарга акча салгандар көбөйдү».

Нурбек Табышев Түркиянын баш каласы Анкарада жеке ишкерлик кылат. Ал кыргызстандык мигранттардын айлык маселеси коронавирус пандемиясынан бери татаал болуп жатканын айтты:

Эми колунда барлар гана чет өлкөлүктөрдү иштетип калды.

«Кыргызстанга мигранттардын которгон акчасынын көлөмү доллар кымбаттаганга чейин эле түшүп калган. Коронавирус башталганда биздин жарандар коркуп, кеткени кеткен. Ал эми учак каттамдары болбогондуктан кайра Түркияга иштегени келген мигранттар жок болуп калган. Мигранттар азайды. Ал эми Түркиянын абалын карай турган болсок, мурун катардагы түрк медайым же мугалим деле кыргыз мигранттарды үйүндө иштетип келсе, эми колунда барлар гана чет өлкөлүктөрдү иштетип калды. Алар үчүн айына 500-600 доллар берип иштетиш кыйын деле эмес. Анткени алардын өздөрүнүн кирешелери доллар менен болгондуктан кыйынчылык жаратпайт деп ойлойм».

2020-жылы бир миллионго жакын чет өлкөлүк жаран Түркиянын Миграция департаментинде каттоодон өткөн. Алардын 30 миңге жакынын кыргызстандыктар түзөт. Арасында үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, дээрлик көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен келип, Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу шаарларда иштеп калган. Бул мигранттардын көбү маянаны доллар менен алаары жөнүндө келишим түзгөнү менен иш жүзүндө эмгек акы лира менен төлөнөрүн айтып жүрөт.

Түркияда доллардын кымбатташы менен евро жана алтын да эң кымбат көрсөткүчтөрүнө жетти. Серепчилер өлкөдө лиранын куну кетишин коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан экономикалык кризиске байланыштырышууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG