Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Амурда ОМОН мигранттарды аяган жок


Амурдагы газды кайра иштетүүчү заводдо кармалган мигранттар.

Мындан эки жума мурун Орусиянын Амур облусунда газды кайра иштетүүчү заводдун курулушунда иштеген борбор азиялык мигранттар козголоң чыгарышкан.

Алар айлыгы өз убагында төлөнбөй жатканына нааразы болуп, завод жетекчилигинин кеңсесин жана ашканасын талкалашкан. Козголоңду басыш үчүн алгач келген ОМОНдорду алар заводдон кууп чыгышкан эле. Мына ошол козголоңду жергиликтүү күч кызматкерлери кандай катаал ыкмалар менен басканы тартылган видео эми тарады. Ал видео тажик Интернет колдонуучуларынын кыжырын келтирди.

Маалыматка караганда козголоңго катышкан мигранттарды кармоо бир нече күнгө созулган. Социалдык тармактарга тараган видеолордо козголоңдон кийин кармалган мигранттар автобустан түшүп жатканын көрүүгө болот. Жергиликтүү ОМОНдор жумушчуларды келекелеп, бутка тээп жыгып, тизеси менен басып муунтуп жатышат. Тажикстандык «Фейсбук» колдонуучу Алишер Исламов видеонун астына мындай пикир калтырган:

«Бул видео Орусиядагылар мигранттарды канчалык жек көрүшөрүн көрсөтөт. Орусияда адам өмүрү эч кандай мааниге ээ эмес. Бул өлкөдө жашоо ушунчалык жагымсыз».

Дагы бир Интернет колдонуучу Абдулатиф Юсупов буларды айтат:

«Мигранттарды ОМОНдун бир эле кызматкери эч кандай күч колдонбой туруп кармай алмак. 2014-жылы мени да ушинтип, күч колдонуп кармашкан».

Видеонун авторунун айтканына караганда, бул окуя 21-июлда болгон. Ошол күнү кармалган 100дөй мигранттын 12си тажикстандыктар болгон.

Амурдагы газды кайра иштетүүчү заводду куруп жаткан түркиялык «Renaissance Heavy Industries» компаниясынын өкүлү «Азаттыктын» кабарчысына жооп берип жатып тажикстандык мигранттар айып төлөп чыгышы мүмкүн экенин билдирди:

«Козголоңчулардын арасында тажикстандыктар көп деле эмес. Текшерүүнүн журүшүндө кармалгандардын арасында кеңсени талкалоого катышкандары аз эле болуп чыкты. ОМОН кармаган мигранттардын көбү таптакыр күнөөсүз».

Орусиянын Амур облусунун Свободный шаарындагы газды кайра иштетүүчү заводдун курулушунда Борбор Азия мамлекеттеринен барган 15 миңдей мигрант эмгектенет. Алардын дээрлик төрт миңи тажикстандык. Ал заводдо калгандары Өзбекстан менен Кыргызстандан баргандар.

Маалыматка караганда, мигранттардын заводдогу тополоңуна 300дөй жумушчу катышкан. Бул иш боюнча «Массалык башаламандык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми түркиялык компаниянын жумушчуларга маянаны өз убагында төлөп бербегени боюнча тергөөгө чейинки териштирүү башталган. Ишти Тергөө башкармалыгынын атайын бөлүмүнүн кызматкерлери карап жатат. Окуядан кийин жарандарынын укуктарын коргоо максатында Өзбекстандын Орусиядагы элчиси Амур облусуна дароо аттанып кеткен.

Сөз болуп жаткан заводдо эмгектенген кыргызстандыктардын саны жана алардын тополоңго катышы барбы-жокпу деген маалыматты тактоо мүмкүн болгон жок.

Ал арада экономика адистери коронавирус пандемиясы Орусияда иштеп жүргөн миллиондогон мигранттардын турмушун өзгөртөт деген божомолун жарыялашты. Адистер пандемиядан кийин Орусиянын экономикалык абалы начарлап, орус экономикасынын эпкини мигранттардын эсебинен жашап аткан Борбор Азия мамлекеттерине да тийерин эскертишүүдө.

Тажикстан менен Кыргызстан мигранттар салган акчадан көз каранды болуп жашаган дүйнөдөгү саналуу кедей өлкөлөрдүн катарында турат. Ушул учурда Орусияда Тажикстандын бир миллионго жакын жараны иштеп жүрөт. Былтыр алар Тажикстанга эки млрд. 576 млн. доллар которушкан. Бул акча Тажикстандын ИДӨсүнүн үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Бирок 2020-жылы Тажикстанга мигранттар которгон акча кескин азайып кеткен. Тажикстандын Улуттук банкы тараткан маалыматка караганда 2020-жылдын биринчи алты айында мигранттардан 999 млн. доллар гана келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 174 млн. долларга аз дегенди билдирет. Мигранттардан келген акчанын азайышы ушу тапта Кыргызстанда да байкалууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG