Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Амурда маяна талап кылган мигранттар көтөрүлдү


Орусия -- Газды кайра иштетүүчү Амур заводу. 2019-жыл. 29-ноябрь.
Орусия -- Газды кайра иштетүүчү Амур заводу. 2019-жыл. 29-ноябрь.

Газды кайра иштетүүчү Амур заводунун курулушунда иштеп жаткан мигранттар мекеме жетекчилигинин кеңсесин талкалашты.

"Газпромго" караштуу бул заводду түркиялык компания куруп жатат. Газды кайра иштетүүчү Амур заводунун курулушунда иштеген мигранттар арбын.

Интернетте тараган видеодо мигранттар заводдун короосунда турган машинаны оодарып, андан ары жетекчиликтин кеңсесин, ашкана жана жатакананы талкалап жатканы көрүнөт. Видеодо заводдогу тополоңду басуу үчүн келген 20 чакты ОМОН куруучулардан качып баратканы даана тартылган. Окуя 13-июлда болгон.

Тажикстандык мигрант Алижандын айтымында, Амур заводунун курулушунда иштеген жумушчулар айына 40 миңден 50 миң рублга чейин айлык алышат. Бирок июль айында аларга болгону 18 миңден гана маяна тийген.

"Эгер маянаны бул айда да бербесе, чоң тополоң уюштурууну жумушчулар бир нече күндөн бери пландап жүрүшкөн. Мына ошол бүгүн болду. Алар эч нерсени аяган жок. Дүкөндү да, канторду да, ашкананы да калтырбай талкалашты" , - деди тажикстандык Алижан.

Ал эми Амур заводунун курулушуна мигранттарды жалдап иштеткен түркиялык компания жумушчулардын айлыгын кыскартуунун бир нече себеби барын билдирди.

"Биринчиден, жумушчулар июнь айында 15-20 күн иштеген жок. Баары карантинде жатты. Анан коронавируска карабай Айт майрамында намазга чогулушту. Натыйжада көбү илдет жуктуруп алды. Ошонун айынан жетекчилик курулуш иштерин токтотууга аргасыз болду. Экинчиден, эмгек келишими боюнча мигранттар маянаны кылган ишинин көлөмүнө жараша алышат. Эгерде жумуш аткарылбаса, жумушчы маяна албайт", - деди компаниянын өкүлү.

Мигранттардын сөзүнө караганда, иш берүүчүлөр аларга айлык толук өлчөмдө берилерин убада кылган. Алар мындан сырткары Орусиянын президенти Владимир Путиндин «карантинге карабай жумушчулардын айлыгы толук өлчөмдө төлөнүп берилсин» деген буйругуна да таянышууда.

Амур облусунун Свободный шаарында газды кайра иштетүүчү заводдун курулушунда Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген 15 миңден ашык мигрант эмгектенет. Анын ичинде бир эле Тажикстандын жарандары 4000ден ашат. Калгандары Өзбекстан жана Кыргызстандан ишке баргандар.

Маалыматка караганда, мигранттардын заводдогу тополоңуна 300 чакты жумушчу катышкан. "Азаттыктын" өзбек кызматы заводду учурда жергиликтүү күч кызматтары курчап турганын жазды. Бул иш боюнча «массалык бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми түркиялык компаниянын жумушчуларга маянаны өз убагында төлөп бербегени боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Ишти Тергөө башкармалыгынын атайын бөлүмүнүн кызматкерлери карап жатат. Окуядан кийин жарандарынын укугун коргоо максатында Өзбекстандын Орусиядагы элчиси Амур облусуна аттанганын элчиликтин Facebook баракчасына жарыяланды.

Ал эми сөз болуп жаткан заводдо эмгектенген кыргызстандыктардын саны жана алардын тополоңго катышы барбы же жокпу деген маалымат алуу азырынча мүмкүн болгон жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG