Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-август, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:40

Москвада Путинге каршы жөө жүрүш болду


Санкт-Петербургда жөө жүрүшкө чыккандар. 15-июль, 2020-жыл

Москвада жаңы Конституцияга каршы жүрүштө камакка алынган адамдардын көбү бир күндөн кийин бошотулду.

Шаршембинин кечинде Москванын борбордук көчөлөрүнө миңдеген адамдар «Путин кет!», «Путинсиз Орусия» деп кыйкырып, жөө жүрүшкө чыгышты.

«Путин түбөлүк болбосун!» деген акциянын уюштуруучулары башында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, митинг өткөрүүнү көздөгөн.

Москва шаарынын мэриясы коронавирус пандемиясына байланыштуу деген жүйө менен ага уруксат берген эмес.

Мындан улам нааразы тарап Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы кол топтоп берүүгө чогулду.

«Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү эл Путинге ишенбей калганын көрсөтүп койду. Биз мындай конституциялык өзгөртүүлөрдү каалабайбыз. Кол топтоп, сотко доо арыз менен кайрылып, Европа сотуна чейин жеткирели деген ниетибиз бар. Өзгөртүү боюнча «Орусиянын жаңы Конституциясы эл аралык келишимдер менен милдеттерден жогору турат» деген туура эмес. Орусия Адам укуктары боюнча декларацияны, конвенцияны өз каалоосу менен кабыл алган. Мындан тышкары, Конституциянын 1-2-бөлүгү өзгөртүлгөн жок. Орусия эл аралык милдеттенмелерин аткарышы керек. Путин Европа кеңешинен чыга койбойт» дейт акциянын катышуучуларынын бири, москвалык укук коргоочу Ирина Яценко.

«Москва, эшикке чык!», «Путин – кылмышкер», «Полиция биз менен!» деп ураан чакырган адамдарды ОМОН менен полиция курчоого алып, көчөлөрдү тороп, ондогон адамдары кармап кетти. Окуяга күбө болгондор укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышуучуларга карата аёосуз күч колдонуп, кээ бирлерин асфальтта сүйрөп, кээ бирин чачтан алып автоунааларга салып, өспүрүмдөрдү да кармап кеткенин билдирип жатышат.

"ОВД-Инфо" порталынын маалыматына караганда, кеминде 147 адам камакка алынып, көбү шейшембиде таңга маал бошотулган. Алар уруксат берилбеген иш-чарага катышканы үчүн протокол толтурууга полиция бөлүмүнө кайрылууга милдеттендирилген.

Кармалгандардын арасында муниципалдык депутат Юлия Галямина, Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөсү Марина Литвинович, «Ачык Орусия» коомдук уюмунун директору Андрей Пивоваров, Москва мамлекеттик университетинин илимий кызматкери Сергей Фёдоров жана журналисттер бар. Ал эми активисттер Анна Лойко менен Александра Дмитриева сотко чейин камакта калтырылган.

"Адам укугу үчүн» кыймылынын башчысы, таанымал ишмер Лев Пономарев бийликтин нааразылыктарды басуу аракетине, саясий куугунтукка, жапырт камакка алууларга жана күч кызматтарынын зомбулугуна карабай, жарандык коом чыңалып, өзгөрүүлөр үчүн күрөштү токтотпошу керек деген ойдо.

"Көпчүлүктүн, менин катарымдагы адамдардын эле «мындан эми пайда болбойт» деп кол шилтеп басып кетип жатканы туура эмес. Бийликке каршылык, нааразылык билдиргенде зомбулук, кан төгүү гана болот деген жаңылыш ой. Бийлик кандай адилетсиз, катаал болбосун, жарандык коом менен бийликтеги адамдардын ортосунда байланыш болуп, жарандар өз пикирин билдирип турушу керек. Ошондо гана өзгөрүү, жаңылануу болот. Биз сабырдуулук менен бул багытта ишибизди уланта беришибиз керек",-деди Лев Пономарев.

Мындай акция Санкт-Петербург шаарында да өтүп, Путиндин конституциялык өзгөртүүлөрүнө каршы миңдеген адамдар чогулуп, кол коюп берүүгө кезек күткөндөр эки чакырымга чейин созулган.

Орусиянын Баш мыйзамын өзгөртүү тууралуу жыл башында Владимир Путин демилге көтөрүп чыккан. Жалпы элдик добуш берүү алгач 22-апрелге белгиленип, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу жылып, 25-июндан 1-июлга чейин өттү. Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө шайлоочулардын 65 пайызы катышып, алардын дээрлик 78 пайызы Путиндин конституциялык түзөтүүлөрүн колдогонун жарыялады.

Оппозиция добуштар мурда болуп көрбөгөндөй бурмаланганын айтып, добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбоого үндөп келет.

Жаңы Конституция Путиндин мурдагы президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, 2024-жылдан кийин да эки ирээт президенттикке шайланууга жол ачат. Мындан тышкары президенттин ыйгарым укуктарын да кыйла кеңейтет. Бардык бийлик бутактарына – мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигине таасирин күчөтөт.

Орус президенти Жогорку сот менен Конституциялык соттун судьяларынын талапкерлигин көрсөтүп, аларды кызматтан алууга да укуктуу болот. Федерация Кеңешине 30дай өкүл дайындоого, өкмөттү таркатпай туруп премьер-министрди алмаштырууга укук берет.

Орусияда жаңыртылган Баш мыйзам 4-июлдан тартып күчүнө кирүүгө тийиш.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG