Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Путиндин жергиликтүү кеңештер жериген сунушу


Конституцияны өзгөртүүгө каршы жеке пикет. Москва.
Конституцияны өзгөртүүгө каршы жеке пикет. Москва.

Орусияда 200дөй шаардык жана аймактык депутат Владимир Путиндин Баш мыйзамды өзгөртүшүнө ачык каршы чыкты.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алуу боюнча бүткүл элдик добуш берүү 1-июлда өтөрүн Владимир Путин эки күн мурун жарыялаган.

Мурунку президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, дагы 12 жыл президенттикте калышына жол ачкан өзгөртүүлөрдүн маанилүүлүгүн Путин төмөнкүчө белгилеген:

«Жарандарга, адамдарга кайрылып, жалпы орусиялык добуш берүүгө жигердүү катышууга чакырам. Анткени Орусиянын, биздин жашоонун, балдарыбыздын келечегин аныктаган Баш мыйзам тууралуу кеп болуп жатат».

Владимир Путин.
Владимир Путин.

Президентке өкмөттү таркатпай туруп премьер-министрди алмаштырууга, керек болсо Думаны таркатып жиберүүгө, Жогорку сот менен Конституциялык сотко талапкерди дайындоого мүмкүнчүлүк берген мыйзамдык өзгөртүүлөрдү Баш мыйзамда бекитүү тууралуу демилге жыл башынан бери талкууланып келатат. Алар экс-президентке кол тийбестик макамын берип, орус тилин мамлекеттин уңгусун түптөгөн элдин тили катары белгилеп, өлкөдө эркек менен аялдын никесин гана тааныйт.

Бүткүл элдик добуш берүү алгач 22-апрелге дайындалып, кийин таажы вирусуна байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Эми жаңы күндүн жарыяланышы менен нааразылык жана каршылык маанай жанданууда.

2-июнда 200дөй шаардык жана аймактык депутат Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр бир гана «Путиндин жана анын тобунун бийлигин бекемдеш үчүн» сунушталып жатканын белгилеп, өлкө башчысына ачык кат жарыялашты.

«Биз Владимир Путиндин мыйзам өзгөртүүлөрүн такыр колдобойбуз. Мындай өзгөртүүлөр орус мамлекетин солгундатып, жакынкы келечекте анын кыйрашына алып барат. Сунушталган өзгөртүүлөр эркиндикке, адам укуктарына, адамдын кадыр-баркына жана демократияга такыр туура келбейт», деп жазылат социалдык тармактарда таратылган ачык катта.

Артында миллиондогон шайлоочулары бар экенин эскерткен жергиликтүү депутаттар бардык орусиялыктарды Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршылыгын ачык айтып, коомчулукка алып чыгууга чакырышкан.

Буга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы жүздөгөн орусиялык окумуштуулар, юристтер, журналисттер жана жазуучулар Интернетке ачык кат жарыялап, Орусия «антиконституциялык төңкөрүш коркунучуна кептелди» деп коңгуроо кагып чыгышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча орусиялыктар Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү жалпысынан колдоп же ага каршы добуш бериши керек. Добуш берүү күнү 1-июлга дайындалганы менен жарандар алдын-ала алты күн бою добуш берүүгө катыша алышат.

Шайлоо комиссиялары бюллетендерди таркатууда адамдардын паспортторун талап кылбайт, ал эми каалоочулар аралыктан да добуш бере алышат.

Ачык асман алдында добуш берүү аянттары уюштурулуп, үйүндө добуш берүүнү каалагандар үчүн эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен атайын шарттар түзүлөт.

Саясатчы Дмитрий Гудков эпидемиологиялык абалды колдонуп, бийлик добуш берүүнүн жыйынтыгын каалашынча бурмалоого камданып жатканын айтты:

«Биздин бетибизге эле «силердин колуңардан эч нерсе келбейт, биз өз билгенибиздей кылабыз» деп жатышат. Бул добуш берүүгө көзөмөл жүргүзүүгө эч мүмкүн болбойт. Башынан эле бул мыйзамсыз. Бизде шайлоолор таза өтпөйт, ал эми бул референдум да эмес. Бул такыр болбогон нерсе. Адамдар бир нече күн бою каалаган жеринде, мисалы көчөдө деле, паспортун көрсөтпөстөн, канча кааласа ошончо добуш бере алат. Бул шайлоодо добуш жасагандардын кыялы да».

Ал эми Алексей Навальный сыяктуу бир катар оппозициячыл саясатчылар орусиялыктарды бул жалпы элдик добуш берүүнү толук бойдон тоготпоого чакырып жатышат.

Анткен менен Баш мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдү Мамлекеттик Дума, Федерация Кеңеши, аймактык мыйзам чыгаруу жыйындары колдоп берген. Жалпы элдик добуш берүү референдум катары жарыяланбагандыктан, жалпы шайлоочулардын жарымынан көбүнүн катышуусу да талап кылынбайт. Бул күндөрү добуш бергендердин жарымынан көбү жаңы сунуштарды колдоп берсе эле Баш мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынат.

4-июнга карата Орусияда коронавирус дагы тогуз миңдей адамдан табылып, илдетке чалдыккандардын саны 440 миң кишиден ашты. Бир күндө 169 адам каза болуп, жалпы көз жумгандар 5384 кишиге жетти.

Бир катар серепчилер эпидемиологиялык абал жөнгө салына электе эле Путиндин 24-июнда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кызыл аянтта парад өткөрүүнү, аны улай жалпы добуш берүү күнүн дайындаганын, коронавирус кризисинен улам Путиндин рейтингинин мурда болуп көрбөгөндөй төмөн түшүп кетиши менен байланыштырып жатышат.

«Левада» борборунун маалыматы боюнча Путинге орусиялыктардын болгон ишеними соңку айдын ичинде 28%дан 25% чейин кемиген. Үч жыл мурун Путинге ишеним арткандар 59% тегерегинде эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG