Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Путин: Коронавирус кыпчактардай эле жеңилет


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусия чет өлкөлөрдө калган жарандарын кайтара баштады.

Орусиянын президенти Владимир Путин 8-апрелде коронавирус пандемиясына байланыштуу үчүнчү жолу кайрылуусун жасады.

"Кымбаттуу достор! Баары өтөт, бул дагы өтүп кетет. Биздин өлкө мындай кыйын сыноолорду мурда да баштан кечирип, жеңип чыккан. Печенектер (байыркы түрк тилдүү эл), кыпчактар да бизди кыйнаган, Орусия баарын жеңген. Коронавирусту да жеңебиз", - деди Путин аймак башчыларына кайрылып.

Жыйында Путин COVID-19 аныкталган бейтаптарды дарылаган догдурлардын айлыгын үч ай бою 80 миң рублдан, ал эми башка медкызматкерлерге 25- 50 миң рублдан көтөрүүнү сунуштаган. "Тез жардам" кызматынын дарыгерлеринин айлыгы да көтөрүлөрүн билдирген.

Ошондой эле коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам жумушсуз калган орусиялыктарга апрель, май, июнь айларында жумушсуздук боюнча 12 миң 130 рубль өлчөмүндө жөлөк пул убада кылган. Ал эми балалууларга кошумча 3 миң рублдан берилмекчи.

7-апрелден тарта орус өкмөтү чет өлкөлөрдө калган жарандарын кайтара баштады. Өткөн жума күнү орус өкмөтү чет жактагы жарандарды кайтарууну токтотконун кабарлап, орусиялыктарды жер-жерлерде баш калкалап турууга чакырган. Мындай билдирүү башка өлкөдө акчасы, жашоого турак жайы жок, медициналык жардамга жетпей калган орусиялыктардын кескин нааразылыгын жараткан. 6-апрелде Транспорт министрлигиндеги жумушчу топ чет жактагы жарандарды кайтаруу үчүн атайын рейстер түзүлгөнүн кабарлаган.

Египеттин аэропортунда калган орусиялыктар.
Египеттин аэропортунда калган орусиялыктар.

Шейшембиде Бангкок, Алжир, Сеул менен Токиодон 1,5 миңдей орусиялык учуп келишкен. Дагы 24 миңден ашуун адам чет жакта орус өкмөтүнөн жардам күтүүдө. Алардын бири - Таиландда калып кеткен Сауле Чевычалова:

"Менин рейсим 4-апрелде болчу. Бирок, аны биринчи 5-апрелге жылдырышты, андан кийин рейстердин баары токтотулду. Элчилик дем алыш күндөрү орусиялыктарды тизмеге алып, байланыша баштады. Мен азыр күтүп отурам. Эгерде алып кетпейбиз дешсе, эрте айтышса болмок. Үмүтүмдү үзүп, бул жакта майга чейин калат экенбиз деп отуруп калмакмын. Баарынан да ушул белгисиздик кыйнап койду".

Ал эми Никарагуада ыктыярчы болуп иштеп жүргөн догдур –инфекционист Каринэ Дарбинян дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу айрым өлкөлөр чет жактагы жарандарына алдын ала эскертүү берип, алып кеткенин белгилейт:

Каринэ Дарбинян.
Каринэ Дарбинян.

«​ "Орусиялыктар кайткыла" деген расмий билдирүүлөрдү биз орус өкмөтүнөн уккан жокпуз. Мисалы, британдарды бийлиги ошентип эле алып кетип жатышты. «Азыр абал курчуп баратат, мекенге кайткыла» деп эле британ жарандарына атайын рейстерди уюштуруп беришти. Мен инфекционист катары Орусияга азыр керек болчумун».

Чет жактан кайтарылган орусиялыктар эки жума обсервацияга жаткырылат. Буга чейин Москва шаары менен Москва облусунда коомдон обочолонуу режимин сактабагандарга 4-5 миң рубль айып пул киргизилген. 1-апрелден тарта Административдик мыйзам бузуулар кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык чукул кырдаал режимин сактабагандарга 15-40 миң рублга чейин айып пул чегериле баштады.

Ал эми чет жакта калып кеткен орусиялыктарга орус өкмөтү 500 миллион рубль жардам бөлдү. Чоң адамдарга 2,4 миң рубль, балдарга 1,6 миң рубль күнүнө тамак-ашына берилип турат.

Орусияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 8 миңден ашты. 8-апрелге карата илдет 8672 кишиде аныкталып, 63 адамдын өлүмү катталды. Өпкөнү сезгенткен вирус Москвада тездик менен жайылып, 6 миңдей адам жуктуруп алды.

Орусияда 750 миңдей кыргызстандык бар, алардын жарымынан көбү Москва шаарында. Чек аралар жабылып, аба жана темир жол каттамдары токтотулганы үчүн март айынын ичинде 10 миңдей мигрант гана Кыргызстанга чыгып кетүүгө жетишкен. Бир нече жумадан бери Новосибирскидеги аэропортто 150дөй жаран, Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарында 130дай жаран жана Москвада 100дөй жаран кыргыз өкмөтүнөн мекенге алып кетүүнү суранып турушат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG