Линктер

шаршемби, 18-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:43

Москва бийлигинин демонстранттарга жообу


Москва шаарынын соттору жекшембидеги борбор калаадагы нааразылык акциясында кармалгандардын ичинен кырктан ашуун кишини үч күндөн 15 күнгө чейин камады.

Ошондой эле 79 кишиге айыппул салынган. 27-июлда Москвада шаардык кеңешине талапкер катары катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлерди колдоп, жүздөгөн адам нааразылык акциясына чыккан.

Саясат талдоочулар бул жолу полиция демонстранттарга катаал мамиле кылганын белгилеп, бул өкмөттүн алдастап калганын көргөзө турганын айтышууда.

Орусиянын борборундагы акцияда 1400дөй адам кармалган. Нааразылыкка чыгууга 8-сентябрда боло турган шаардык кеңештеги шайлоого либерал саясатчылардын жана активисттердин ар кандай шылтоолор менен каттоодон өтпөй калганы себеп болгон. Бирок акцияда андан да кеңири чакырыктар ташталып, «Путинсиз Орусия!”, “Орусия эркин болот” деген ураандар жаңырып жатты.

"Бул жерге келүүнү каалаган эмесмин, өтө коркунучтуу. Бирок мен башка жолду көрбөй турам. Баламды чоң энесине калтырып келдим. Буга чейин балам менен келе албай калгам. Алдыдагы күндөрдө убактым болсо, дагы келем", - деди акциянын катышуучусу.

Акыркы апталардагы маалыматтар көрсөткөндөй, шайлоо комиссиясы оппозициялык, либералдык жана көз карандысыз талапкерлерди каттабай коюу үчүн эптеп ар кандай шылтоо тапканга аракет кылган. Алардын арасында абсурд себептер да бар.

Алексей Навальный, Леонид Волков, Любовь Соболь, Илья Яшин жана башка оппозициячыл активисттер коомдук нааразылыктарды шаардык мэриянын алдындагы акцияга бурду. Москва бийлиги, анын ичинде мэр, митингге уруксат берилбей турганын так эскерткен.

"Менин добуш берүүгө укугум бар. Мен аны алып коюшун каалабайм. Азыр бизде эч кандай тандоо жок. Эгер азыр биз өз укугубуз үчүн күрөшпөсөк, добушубузду жөн эле алып коюшат", - деди митингге чыккандардын бири.

Айрым маалыматтарда 2011-2012-жылдардагы нааразылык толкундоолорунан берки катаал саясий зордук-зомбулук ушул дем алышта митингге чыккандарды кармоо учурунда болду. 7-8 жыл мурда парламенттик шайлоодогу бурмалоолорго жана Владимир Путиндин өкмөт башчылыктан кийин кайра президенттикке кайтып келүүсүнө каршы миңдеген адам көчөгө чыккан.

Ал эми өткөн дем алыштагы Москвадагы нааразылыкка ар кандай эсеп боюнча 3500 миңден 20 миңге чейин киши катышты. Бир жума мурда ушундай эле акцияга чыккандардын саны 22 миң адам болгону айтылган. Бул 2011-2012-жылдардан берки киши эң көп чогулган көчө жыйыны катары айтылууда.

Санкт-Петербургдагы Европа Университетинин окутуучусу, саясат тааануучу Владимир Гельмандын айтымында, эл бийлик күткөндөн көп келди. Ошондуктан катуу чаралар бийликтин алдастап калганын көргөзүүдө.

Борбор калаадагы митингге катышкан экономист жана саясатчы Андрей Зубов буларга токтолду:

"Ар кандай бетсиз, жалган шылтоолор менен аларды шайлоодон четтетип койду. Алардын баары дээрлик Москвадагы оппозициялык талапкерлер болчу. Москвалык шайлоочу, орусиялык жаран катары мен муну Конституцияны одоно бузуу деп эсептейм. Ошондуктан биз баарыбыз чыгып, мэрияга “Жок!” деп айтышыбыз керек эле. Мэрия болсо бизди, таяк, ит, зордук-зомбулук менен тосуп алды".

Ал эми саясат таануучу Лилия Шевцова бул жерде Москва шаардык кеңешиндеги шайлоо эмес, өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келе жаткан Владимир Путиндин президенттик мөөнөтү бүткөн соң, 2024-жылы эмне болот деген маселе турат деп эсептейт.

Азырынча беш жылдан кийин Путин өз бийлигин кантип сактап калары же анын ордун ким басары белгисиз.

Кремлдин катуу көзөмөлү астында өткөн шайлоонун натыйжасында Владимир Путин 2018-жылы мартта акыркы президенттик мөөнөтүнө ишенимдүү шайланган. Бирок анын кадыр-баркын айлык акынын аздыгы, пенсия курагын көтөрүү, “Бирдиктүү Орусия” партиясына ишенбестик жана башка саясий жаряндардан улам пайда болгон нааразылыктар төмөндөттү.

Бул мураскорлук же путиндик планды иштеп чыгууну татаалдаштырат. Конституция кепилдик берген укугун колдонуп, нааразылыкка чыккандарды күч менен баскан ОМОНдун образы аны андан бетер оорлотушу ыктымал.

Мындан да жаманы Навальный жана башка оппозициялык топтор Кремль аларды мамлекеттик телеканалдарга жолотпосо да, өз чакырыктарын элге жеткирүүдө кандайдыр бир деңгээлде ийгиликке жетишип жатканында.

«R.Politik» компаниясынын башчысы, талдоочу Татьяна Становаянын оюнча, полициянын митингчилерге жасаган катуу реакциясы Кремль оппозициялык топторго карата кандай мамиле кыларын билбей, туңгуюкта турат деген ойго түртүп жатат.

Становая мындан ары саясий демонстрацияларга катуу чаралар көрүлөт деп божомолдойт.

“Сыягы, Кремль көчө демонстрациясын уюштурууга кудуреттүү антирежимдик оппозицияны эмне кыларын билбей жатат. Азыркы басым жана активисттерди кылмыш иштери менен куугунтуктоо – катаал сценарийге артыкчылык берүү, балким “Болотной иши” тажрыйбасын колдонуу аракети”, - Татьяна Становая.

Анын көз карашында бул окуяларда өкмөт апкаарып турат жана өкмөттөгү бул сыяктуу башаламандык азыркы кризистен чыгуунун оңой-олтоң жолу жок экенин билдирет.

Татьяна Становаянын көз карашында, Орусия сенектик мезгилге кирип баратат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG