Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Москвадагы митингде миңден ашуун адам кармалды


Москвадагы митинг. 27-июль, 2019-жыл.
Москвадагы митинг. 27-июль, 2019-жыл.

Москва шаардык кеңешине шайлоого катыша албай калган талапкерлер ушул жумада мэриянын алдына акцияга чыгышарын билдиришкен. Бийлик оппозициянын талабын "саясий шантаж" деп атаган.

Москвада полиция жана Росгвардиянын кызматкерлери мэриянын имаратынын алдына шаардык кеңешке катталбай калган талапкерлер менен тургундардын жолугушуусун өткөрүү үчүн чогулгандардын бир бөлүгүн сүрүп чыгарды.

Полициянын курчоосун жиреп кирип, мэриянын имаратына чейин жеткен адамдардын тобун Росгвардиянын аскерлери кармаганын “Эркин/Европа Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлады.

Ички иштер министрлиги берген маалыматка караганда миңден ашык киши кармалган.

28-июлда Европа Биримдиги Орусиянын Москва шаарында нааразылык акциясына чыккандардын кармалышы тууралуу билдирүү таратты. Анда бул окуялар "сөз эркиндигине, жарандардын тынч чогулуу укугуна шек келтирет" деп айтылат.

"Бул - Орусиянын Конституциясында бекитилген жарандардын негизги укуктары. Биз бул укуктар корголот деп ишенебиз", - деди Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча комиссарынын басма сөз катчысы Майя Косьянчич.

Уюм жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө орус бийлиги ЕККУнун жана башка эл аралык уюмдардын алдында алган милдеттенмелерин сактайт деп үмүттөнөрүн кошумчалады.

Мунун алдында "Amnesty International" эл аралык уюму Москваны митингде кармалгандарды бошотууга жана укук коргоо органдарынын аракетине баа берүүгө чакырган.

Оппозиционерлердин үйү тинтүүгө алынды

Шайлоого талапкер катары катталбай калган талапкерлер, анын ичинде Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору Иван Жданов, оппозиционер Дмитрий Гудков, катталбай калган талапкерлер Илья Яшин, Любовь Соболь жана Юлия Галямина камалып, 27-июлда кечке маал бошотулду. Сот алардын ишин 30-31-июлда карай турган болду. Мунун алдында бир катар оппозиционерлердин үйү, ишканасы тинтүүгө алынган.

Уюштуруучулар талапкерлер менен элдин жолугушуусун өткөрүү мыйзамдуу экенин белгилеп жатышат.

25-июлда Москванын Симонов соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды 30 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. Ага коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин кайталап бузган деген айып коюлду.

26-27-июлга караган түнү Москва шаардык думасына ат салышып жаткан талапкерлердин штабы менен үйүнө полиция келип, бир тобун кармап кетти.

Талапкер Илья Яшиндин айтымында, полиция кызматкерлери анын китебин алып коюшту.

“Тинтүү түнкү саат бирде бүттү. Полициянын ондогон спецназ кызматкерлери мени автозакка жүктөп, Троицк шаарынын полиция бөлүмүнө алып келишти. Китептин бетинен тергөөчү “революция” деген сөздү көрүп калыптыр”, – деп жазды саясатчы.

Белгилей кетсек, Москва шаардык думасына болгон шайлоого талапкер катары чыккан Дмитрий Гудковду, Любовь Соболду, Илья Яшинди, Константин Янкаускасты, Иван Ждановду, Юлия Галяминаны, Елена Русакованы жана бир катар башка талапкерлерди шайлоо комиссиясы каттоодон баш тарткан.

Москва шаардык шайлоо комиссиясы графологиялык экспертизанын бүтүмдөрүнө таянуу менен “Алардын кол белгилери жасалма болуп калган. Андан тышкары так маалыматтары айкын эмес”, - деп талапкер катары каттоодон баш тарткан. Талапкерлер “Экспертиза өзү компетенттүү эмес жасалма болгон, ал эми биз чыныгы документтерге кол койгонбуз”, - деп жатышат.

Нааразы болгон талапкерлер кийинчерээк бир нече ирет нааразылык акциясын өткөрүп, арасынан Любовь Соболь жаны ачыганынан ачкачылык да жарыялап жиберген.

Алардын нааразылыгы адилет териштирилгендин ордуна тескери жыйынтыкка берди. Тергөө органдары аларды камайбыз деп коркутуп жатат.

Алдын ала маалымат боюнча “Москва шаардык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн коркутуп, ишине тоскоолдук кылганы үчүн алар беш жылга чейин соттолуп кетиши мүмкүн”, - деп коркутууда.

Катталбай калган талапкерлер менен алардын тарапташтары ишемби күнү Москва шаарынын борборунда митинг өткөрүп, коомчулукка арыз-муңу менен датын айтканы жаткан. Бирок, күч органдары аларга мүмкүнчүлүк берген жок.

Ал ортодо Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Интернеттеги баракчасы аркылуу аянтка келгендер чагымга туш болушу мүмкүн деп жарыя кылды:

“Шаардыктарды бүгүн уруксат берилбеген митингге чакырып, башка аймактарда жашагандарды дагы келип катышкыла деп үгүттөп жатышат. Тартип коргоо органдарынын маалыматына таянсам адамдын өмүрүнө, саламаттыгына жана коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон опурталдуу чагымдар камдалып жатат”.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG