Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-сентябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Эл сактанбаса экинчи толкун кыйнайт


Бишкектеги стационарлардын бири.

Кыргызстанга Орусиядан 500дөн ашык кыргызстандык учуп келди. Орус-казак чек арасында топтолуп турган 2,5 миңдей кыргызстандык Казакстан аркылуу мекенине кайтып келатат. Сырттан кайткандарга карата чабал көзөмөл кырдаалды күчөтпөйбү?

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, өлкөлөр ортосунда каттамдын бардык түрү токтогон. Өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде учактар үчүн чартердик каттамдар гана уюштурулуп, Орусиядагы мигранттардын айрымдары Казакстан аркылуу автобус менен ташылууда.

5-августта Новосибирск, Санкт-Петербург - Бишкек багыты боюнча чартердик каттамда 400гө жакын кыргызстандык келди. Алардын катарында кош бойлуу, балалуу аялдар, улгайган жарандар, депортация болгондор, Орусиянын окуу жайларында окуган студенттер бар. Каттамда Сибирдин аймактарынан, Владивостоктон, Якутскиден, Түштүк Сахалинден, Хабаровскиден жана Красноярскиден кыргыз жарандары учуп келди.

Булардан тышкары ушул эле күнү Москва-Ош багытындагы чартердик каттам менен 155 кыргызстандык учуп келди.

Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Оренбург облусунда, орус-казак чек арасында топтолуп турган дагы 2,5 миңдей кыргызстандык Казакстан аркылуу мекенине кайтып келатканын кабарлады. Бирок чет жерден келген жарандар обсерваторлого жаткырылып же текшерилбей жатканы талкуу жаратты.

Бир ай мурун Орусиядан келген дарыгерлердин бири Гүлбахар Кошоева - сырттан келгендерге карата чабал көзөмөл кырдаалды күчөтүшү ыктымал дегендердин бири.

«Жакында эле Орусияга кайта турган жарандарга милдеттүү түрдө тест тапшыруу зарыл экендиги айтылды. Ушундай эле тартип кайтып жаткандарга карата да колдонулушу керек болчу, - деди дарыгер. - Мисалы, биз келгенде жатаканага өзүнчө бөлүп, оозеки гана оору тууралуу сурашты. Мен буга чейин вирустун жеңил формасы менен ооруганымды ачык эле айттым. Бирок обсервацияга эч ким жаткырылган жок. Биз азыр мурдагы катачылыкка жол бербеш үчүн катаал тартип киргизип, чара көрүшүбүз керек. Келгендерди текшериш керек. Азыркы шартта мекендештер да бири иштеп, экинчиси үйдө болуп, ооругандар менен контактта болгондору болду. Кээ бири өз алдынча дарыланды».

Кыргызстанда бир күн ичинде COVID-19 илдетинен тогуз киши каза болду. Расмий маалыматка караганда, бир сутка аралыгында лабораториялык жол менен вирус дагы 549 кишиден жаңы аныкталды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) усулу боюнча, 14 күндө жаңы катталгандардын көбөйүш ыргагы Кыргызстанда 39,2% кемиди.

Премьер-министр Кубатбек Боронов оорунун күчөп кетүү коркунучу сакталып турарын белгиледи. Өкмөт башчы айыккандар көбөйүп, жаңы катталгандар азайып баратканын жакшы көрүнүш катары баалап, бирок оорунун экинчи толкуну келбейт деп эч ким кепилдик бере албай турганын айтты:

«Муну бизге чейин коронавирустан өткөн өлкөлөрдүн абалынан байкоого болот. Биз да эгер санитардык-гигиеналык нормаларды сактабасак, тиешелүү чара көрбөсөк, кайрадан күчөп кетүү коркунучу сакталууда. Абал дагы эле оор».

Боронов мамлекеттик ооруканаларды жана бейтапканаларды тартипке келтирүү иштери жүрүп жатканын, экинчи толкун башталса, өлкөдө 13,5 миң дарыгер жетишпей калаарын кошумчалады.

Өкмөт кадрлар резервин түзүү, кайра даярдоо маанилүү экенин билдирсе, айрым эл аралык уюмдар башка багыттагы дарыгерлер үчүн кыскача курстарды уюштуруу иштерин башташты.

Кыргызстандагы «Дата мектеби» коомдук фонду коронавирус илдетинин жайылышын жана оору жуккандардын санын талдап келет. Бул фонд азыркы жагдай боюнча так маалымат базасын ачууну кыргыз өкмөтүнө сунуш кылды. Фонддун өкүлү Алтынай Мамбетова буларды айтты:

Алтынай Мамбетова.
Алтынай Мамбетова.

«Биз жагдайды ачык ресуртардан алган маалыматтарга таянып талдап жатабыз. 17-июлдан тартып Саламаттык сактоо министрлиги маалыматтарды жалпылап гана бере баштады. Кайсы ооруканада канча адам жатканы, канчасы оор абалда экени же канча адам тест тапшырганы тууралуу так маалымат жок. Биз «муну жарыялагыла» деп министрликке кайрылдык. Ошондуктан кайсы маалыматка таянып «оору жугузгандар азайды» деп айта алабыз? Лабораториялык жол дегенибиз - бейтап ооруканага кайрылган учурда гана алынган тест. Демек, оору жуккандардын саны эмес, тестирлөө азайды. Бизде күнүнө канча тест алынып жатканы тууралуу кабарыбыз жок».

Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн ыкчам штабдын мүчөсү, эпидемиолог Алексей Кравцовдун айтымында, кыргызстандык дарыгерлер Оксфорд университети менен бирге жагдайга талдоо жүргүзүшкөн. Кравцов эгер оорунун алдын алуу боюнча тийиштүү даярдыктар көрүлбөсө, июлдагыдай толкун күзүндө кайталанышы мүмкүн экенин эскертүүдө:

Алексей Кравцов.
Алексей Кравцов.

«Биздин анализ оорунун жайылуу толкуну октябрда болорун көрсөттү. Эч кандай чара көрүлбөсө оорунун жайылыш ыргагы ушул жылдын аягы же эмдиги жылы басаңдашы мүмкүн. Ошондуктан күзүндө экинчи толкунга азыртадан даярдык көрүш керек. Ал учур сасык тумоо күчөгөн мезгилге туура келет. Министрлик азыртадан вакцина сатып ала баштады».

Март айынан бери Орусиянын 21 аймагынан 20 миңге жакын кыргыз жараны мекенине кайтты.

1-августтан тартып чет өлкөлүк жарандардын Орусияга киришинин тартиби өзгөрдү. Бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, сыртта жүргөн орусиялык жарандар учакка отурарда атайын форманы толтурууга тийиш жана өлкөгө кирген күндөн тартып үч күн ичинде коронавируска текшерилиши зарыл.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 38 659 адамга жетти. 7 085 бейтап стационарларда дарыланып жатат. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 30 099​ киши.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​


  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG