Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Вирус отуз жылдык жараны жарды


Чаткал аймактык ооруканасы.
Чаткал аймактык ооруканасы.

Дүйнөнү каптаган илдетти Кыргызстанда алдын алса, залакасын жеңилдетсе болот беле?

Эпидемия менен күрөштө өкмөттүн жооперчилиги кандай болду? Бул апааттан эл кандай сабактарды алышы керек? Улуттун саламаттыгын, биримдигин чыңдоодо Кыргызстанда кандай саясат жүрүшү керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна мурдагы вице-премьер-министр Ишенгүл Болжурова жана юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев катышты.

«Азаттык»: - Ишенгүл айым, дүйнөгө жайылган оору менен Кыргызстан да күрөшүп жатканына төрт ай болду, 1300дөн ашуун өмүрдү алып кетти, экономиканы очорултту. Бул апааттын алдын алса болот беле, кесепетин азайтса болот беле?

Ишенгүл Болжурова
Ишенгүл Болжурова

Ишенгүл Болжурова: - Биз, кыргыздар алакандай эле элбиз, жогорку курактагылар 4 миллиондун тегерегинде болсо керек. Бул апаат ар бир үй-бүлөгө келүүдө, боорубуз сөгүлүп турган убак. Ошого карабай баарыбыз көп суроолорго жооп издөөгө аракет кылып жатабыз.

Эгемендик жылдары Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында «Манас таалими» сыяктуу көп реформалар болгон, далай долбоорлор иштеген, көп каражаттар жумшалган. Эмне үчүн алар натыйжа берген жок? Совет мезгилинде медицина кандай абалда эле?

Ал учурда саламаттык сактоо тармагы: профилактика, диспансеризация, дарылоо, реабилитация деген төрт багыт менен тыкыр иштөчү эле. Адам төрөлгөндөн өлгөнгө чейин ар бир адамдын оорусунун тарыхы, таржымалы көзөмөлдө болчу. Азыр ал нерселердин баары жоголгон. Ооруканалардын абалын эми чындап көрүп жатабыз.

Эмне үчүн бүгүн медицина оор абалда калды? Мен жооптуу башка өлкөлөрдүн мисалынан да издеп көрдүм. Учурунда мен Кыргызстандын Беларустагы элчиси болуп иштедим. КМШ мамлекеттеринин баарында пандемияга байланыштуу абал оор бойдон калууда. Бирок Беларустагы кырдаал башкача болду. Алар мурдатан эле даярдыкты күчөтүштү, Кытай менен мамилеси жакшы болду, Европадагы абалды талдап, ошого жараша аракеттерди көрүштү.

Эмне үчүн Беларус абалдан жеңил чыгууда? Биринчиден, медицинанын советтик системасын сактап калган. Экинчиден, Чернобыль атом электрстанциясы жарылганда Украина менен Беларуска ири көлөмдөгү инвестициялар, медициналык жардамдар келген. Беларустар аларды натыйжалуу пайдаланды. Ар бир облустун борборлорунда заманбап ооруканаларды куруп, алдыңкы технологиялар менен жабдышканын өз көзүм менен көргөм. Мамлекеттин эли жөнүндө камкордук деген ушул. Минск шаарына жакын жерде токойдун арасында чиркөөнүн ичинде онкологиялык оорукана бар.

Кыргызстан эгемендик алган 30 жылда 3 миңден ашык мечит салыныптыр, мамлекет бир оорукана салдыбы? Отуз жылдын ичинде Кыргызстандын эли 2 миллионго көбөйдү, бирок ооруканалардагы керебеттердин саны үч эсе азайыптыр. Бул - улуттук трагедия! Отуз жылдагы топтолгон жаралар бүгүн бомбадай жарылып жатат.

«Азаттык»: - Бекбосун мырза, каптаган илдет менен күрөшүүдө өкмөттүн, дарыгерлердин даярдыгы, уюштуруучулук иши, жоопкерчилиги кандай болду?

Бекбосун Бөрүбашев
Бекбосун Бөрүбашев

Бекбосун Бөрүбашев: Биз ар бир маселени объективдүү карап, жыйынтык чыгарышыбыз керек. Медицина тармагында оор абал бүгүн эле чыга калган жок. Ал Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы социалдык саясаттын начардыгынан чыкты. Ооруканаларды эч ким караган эмес, бүгүнкү көйгөйдү өзүбүз даярдап алып келдик. Ошондуктан мамлекет социалдык саясатын, анын ичинде медицинага болгон мамилесин кайра карап чыгышы керек. Баарына азыркы бийликти же дарыгерлерди күнөөлөш туура эмес.

Азыркы күнгө медицина кызматкерлеринен 73 дарыгер каза болду деп жүрөт. Кичинекей Кыргызстан үчүн 73 деген сан чоң трагедия. Дагы бир маанилүү маселе, улуттун коопсуздугуна эч көңүл бурбай келдик. Азыр деле учурдан пайдаланып, улуттун коопсуздугунан бизнести жогору коюп акча жасап жатышат, элдин көңүлүн алымыш этип, шайлоого даярданып, саясат менен алек болуп жатышат. Саясаттын эң негизгиси – улуттук коопсуздукту сактоо болушу керек.


«Азаттык»: Ишенгүл айым, илдеттин жайылышын ооздуктоодо, санитардык эрежелерди сактоодо элибиз да кайдыгерлик кылып койду окшойт...

Ишенгүл Болжурова: Элибиздин өз ден соолугу үчүн кайдыгерлигине ыйлагым келет. Кайдыгерлик бийликке ишенбегендиктен келип чыкты. Бийликтин канчалаган эскертүүсүнө, телерадиолордон кетип жаткан курч социалдык роликтерине карабай «бул жөн эле нерсе» деп ишенбей отурдук. Өз ден соолугун, жакындарынын саламаттыгын сактоонун ордуна ушак-айыңга азгырылуу күч болду.

Элибиздин пейилин, рухун, ички маданиятын тазалоого да убакыт келди. Дүйнөлүк апаат ушуну менен бүтүп калбайт. Биз алдыдагы чакырыктарга даяр турушубуз керек.

Биздин тоолордо мөңгүлөр азаюуда, окумуштуулар 2050-жылдары жоголот деп жатышат. Алардын алдында кандай бактериялар, вирустар жатат, адамга кандай кесепеттерди алып келиши мүмкүн, азыртан даярдануу керек, жоопторду табуу зарыл.


«Азаттык»: - Бул апааттан биздин өкмөт, жалпы эле бийлик органдары кандай сабактарды алышы керек? Кыргызстандын элинин саламаттыгын коргоодо, социалдык тармакта кандай саясат жасашы керек, кайсы маселелер кечиктирилбей чечилиши керек?

Бекбосун Бөрүбашев: - Демейде, коомдук мамилелердин, жүрүш-туруштун эрежелерин мамлекет, анын саясий элитасы иштеп чыгат. Тилекке каршы, кыргыз элитасы акыркы жылдары бийлик жана бизнес деп эле келатат. «Эл беткап тагынбай койду, колун жуубай койду» деп бардык күнөөнү элге оодарганга шашты. Адеп-ахлак, жүрүш-туруш боюнча да элита үлгү болушу кажет.

«Ач кадырын ток билбеген» заман болууда. Ошондуктан бүгүнкү апааттын башкы сабагы, баарыбыз аткарчу милдет - жүрүш-турушубузду, жашоо образыбызды, турмуштук идеологиябызды өзгөртүшүбүз керек. Ошол багытта саясат жүрүшү керек...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

COVID-19: Улут саламаттыгын унуткан экенбиз (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:28 0:00
Түз линк

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG