Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Кыргыз протоколуна кирбеген дары


«Авифавир» дарысы. 10-июнь, 2020-жыл.
«Авифавир» дарысы. 10-июнь, 2020-жыл.

Социалдык тармактарда «орусиялык дарыгерлер дүйнөнүн башка жерлеринде пайдасы далилденбеген, ал тургай зыяндуу экени аныкталган препараттар менен дарылашат экен» деген кептер тарап жатат.

Бирок Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги орусиялык медиктер жергиликтүү протокол менен гана иш жүргүзүшөрүн, эч кандай пикир келишпестиктер жок экенин билдирди.

Бермет Барыктабасова.
Бермет Барыктабасова.

Далилдөө медицинасы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова «орусиялык дарыгерлер COVID-19ду дарылоодо Орусияда кабыл алынган протоколду таңуулап жатышат, ал жакта пайдасы далилденбеген бир топ препараттар бар» деп «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Барыктабасова орус делегациясынын жетекчилери менен жолугушканда ошол дары-дармекти гуманитардык жардам катары сүрөөнгө алышканын айтып жатат. Буга ал «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) тааный элек» «Арбидол», «Авифавир» же «Фавипиравир» препараттарын мисал келтирген.

Эксперттин айтымында, «жергиликтүү дарыгерлер «орусиялык протоколдор» менен иштегиси келбейт, алар вируска каршы дарылар киргизилбеген Кыргызстандын жол-жоболоруна ылайык иш алып барат. Орусиялык дарыгерлер, баары болбосо да, «Арбидол» жана «Авифавирсиз» иштөөнү каалашпайт».

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Айнура Акматова эч кандай пикир келишпестиктер болбогонун, орусиялык адистер Кыргызстандын протоколу менен дарылап жатышканын билдирди:

Айнура Акматова.
Айнура Акматова.

«Орусия Федерациясынын өкүлдөрү «бизде (коронавирусту дарылоодо) тигиндей же мындай өзгөчөлүктөр бар. Силер өзгөртүүлөрдү кошобуз десеңер кошолук, жок десеңер кошпойбуз» дешти. «Бирок бизде ушундай жаңылыктар бар» деп айтышты. Биздин дарыгерлер да өз ойлорун айтышты. Албетте, биздин өлкө болгондон кийин дарылоо биздин ыкмалар менен жүргүзүлөт. Биздин протокол ДССУнун, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн сунуштарынын негизинде түзүлгөн».

Орусиялык делегациядан комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Бирок июнда бул өлкөнүн клиникаларында COVID-19дан «Фавипиравир» же «Авифавир» деген соода маркасы менен белгилүү препарат менен дарылай башташканы чын.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги препаратты майдын этегинде каттоодон өткөрүп, натыйжалуулугу дээрлик 90% экенин билдирген.

Министрлик «Фавипиравир» Кытайда жана Жапонияда клиникалык сыноодон өткөнүн, изилдөө уланып жатканын белгилеп, дарыны стационарларда гана медкызматкерлердин көзөмөлүндө колдонсо болорун, балдар менен кош бойлуу аялдарга бербеш керек экенин эскерткен.

«Авифавир» сасык тумоого каршы жапониялык «Фавипиравир» дарысынын негизинде иштелип чыккан. Батыш маалымат каражаттары анын зыяндуу жактары да болгондуктан дарыны каттоо дээрлик үч жылга созулганын жазып жатышат.

Кыргызстан эле эмес, Казакстандын да социалдык тармактарында буга чейин эле ошол препараттардын зыяндуулугу жөнүндө маалыматтар тарап, «аларды жергиликтүү элге сынаганы жатышат» дегенге чейин маалымат тараткандар болгон.

Казакстандык дарыгер жана жарандык активист Кайиргали Конеев - «Фавипиравирдин» өз өлкөсүнүн клиникалык протоколуна киргизилишине каршы чыгып келгендердин бири.

Кандай болбосун «Ремдесивир» жана башка препараттар уулуу келет.

«Коронавирус инфекциясына таасир этет деген вируска каршы препараттардын бири да 100% натыйжалуулугун көргөзгөн жок, - деп жүйө келтирди ал. - Бүгүнкү күндө АКШда «Ремдесивирдин» үстүнөн иштеп жатышат. Башкаларга караганда жакшыраак таасир эткендей, бирок изилдөө аяктай элек. Кандай болбосун «Ремдесивир» жана башка препараттар уулуу келет. Алар менен үйдө дарыланууга болбойт, оор учурларда стационарларда гана пайдаланыш керек. Мисалы «Фавипиравир» жүрөккө залакасын тийгизиши мүмкүн, канда заара кычкылынын деңгээлин көтөрөт. Дагы бир далилденген кесепетин айта турган болсок, дары түйүлдүктүн генетикалык аппаратына терс таасир этет. Башкача айтканда бала тубаса сөлпү болуп төрөлөт».

Кошуна өлкөдө «Фавипиравирди» ооруканалардагы бейтапты ыктымал залакалар тууралуу кабардар кылгандан кийин гана пайдаланууга сунуш кылынат. Айтмакчы, орусиялык дарыгерлердин тобу Казакстанга да жөнөтүлгөн.

Бир нече күн мурун Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги «Авифавир» дарысын коронавирус инфекциясын дарылаш үчүн сунуш кылбай турганын «Клоопко» билдирген. Мекеме муну ал жакшылап изилденген эмес жана олуттуу кыйыр кесепеттери болушу ыктымал деп түшүндүргөн.

Белгилей кетчү дагы бир жагдай - орус делегациясынын мүчөсү, профессор-инфекционист Наталья Пшеничная 24.kg сайтына берген интервьюда «ооруканадан тышкаркы пневмонияны сөзсүз коронавирус деп кароого болбойт» деп айтып, айрым жергиликтүү дарыгерлердин да, катардагы кыргызстандыктардын да суроолорун жаратты.

Анткени коронавирус өпкөнүн сезгенишине алып келерин башынан эле бардык чет өлкөлүк адистер кайталап келатышат. Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев да азыр сасык тумоонун сезону эмес экенин, дене табы көтөрүлүп, оорунун белгилери байкалып жаткан адамдардын баары коронавируска кабылганын, COVID-19га чалдыккан адамдын өпкөсү гана сезгенбестен, мурдагы өнөкөт оорулары да козголуп жатканын белгилеген. Анын үстүнө адатта жылдын бул мезгилинде пневмония эселеп аз катталат.

Баса, Орусияда Кыргызстандан айырмаланып, коронавирус менен пневмониянын статистикасын бөлүп көргөзүшөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG