Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 04:00

COVID-19: Бел чечкидей убак келе элек


Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус курмандыктарына байланыштуу Кыргызстанда 30-июлда жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланды. Өлкөдө ооругандар жана каза болгондор азайды.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 27-июлдагы брифингде алгач коронавирус илдетин жеңип чыккандар тууралуу кабарлады. Анын айтымында, соңку бир суткада ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 817 бейтап айыгып, үйүнө чыкты.

Ушул тапта ооруканаларда 10 801 бейтап жатат. Алардын 4 722синде коронавирус лабораториялык жол менен тастыкталган, ал эми 6 079уна диагноз клиникалык белгилерине же рентген жыйынтыгына жараша коюлган.

Айнура Акматова жаңы катталгандар жөнүндө да маалымат берди.

Айнура Акматова.
Айнура Акматова.

«27-июлга карата республика боюнча жаңы катталган COVID-19 илдетинин лабораториялык тастыкталгандарынын саны 149, ал эми клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурлары 334тү түздү. Натыйжада бир суткада бул илдетти жугузуп алган жалпы 483 адам жаңы катталды, - деди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү. - Тилекке каршы, Кыргызстандын стационарларында COVID-19 илдетинен 24 бейтап каза болду. Кайтыш болгондордун эң көбү Бишкекте жана Жалал-Абад облусунда - алтыдан адам. Ысык-Көл облусунда төрт, Талас облусунда үч, Ош шаарында, Чүй, Ош, Нарын жана Баткен облустарында бирден адам».

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция Кыргызстанда 33 296 адамга жукту, алардын 21 205и айыгып чыкты, 1 301и каза болду.

Болгон сандардын өзү кейиштүү экенине карабай коронавирусту жугузгандар да, андан каза болгондор да азайды. Аз күн мурдараак эле күнүнө бир жарым миң, миңдей адам илдетке кабылып жаткан. Соңку сандар көрсөткөндөй, алардын саны тең жарымына кемигени байкалат. Өлгөндөрдүн саны он күндөй мурда бир суткада 80 адамдан ашып жатса, азыр 24 кишиге чейин азайды.

Бирок адистер кырдаал мындан да оорлоп кетиши мүмкүн экенин эскертип, бел чечүүгө али эрте экенин белгилешүүдө. Анын үстүнө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана башка тараптар да жайдын соңунда же күздө вируска кабылгандардын экинчи толкуну капташы мүмкүн экенин билдирген жайы бар.

Медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова эми күч аймактарга жумшалышы керек деп эсептейт.

Бермет Барыктабасова.
Бермет Барыктабасова.

«Жугузгандар, каза болгондор азайып жатканы абдан жакшы көрүнүш. Бирок кубанууга эрте. Биз али эч нерсени жеңе элекпиз. Бишкектин жана Чүй облусунун эсебинен төмөндөө болуп жатат. Бирок менин оюмча эми сандар аймактарда көбөйө баштайт, - деди адис. - Борбордо эмне үчүн өлүм көп катталды? Анткени бейтаптар ооруканаларга жете алган жок, медициналык жардамды жетиштүү ала албай калышты. Аймактарда да ушундай көрүнүш кайталанышы мүмкүн деген коркунуч бар. Ал жакта ал түгүл базалык медикаменттер да жетишсиз, медкызматкерлер тартыш. Ошондуктан чукул арада аймактарда дарыгерлерди, дары-дармектерди, концентраторлорду толук камдоо кажет. Азыр, маселен, Ысык-Көлдө күчөп жатканын байкап жатабыз, кырдаал Таласта да оорлошу мүмкүн. Демек аймактарда даярдык иштерин күчөтүү зарыл».

«Начар даярданганы үчүн өкмөттү жоопко тартуу керек»

Даярдык демекчи, коомчулукта, анын ичинде социалдык тармактарда өкмөттүн жаздан берки аракеттерин сынга алгандар көп.

Пикир калтыргандар көбүнчө экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди, мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди күнөөлөп, «COVID-19 вирусунун жайылышына каршы жетиштүү чара көргөн эмес» эмес деп айыптап келишет. Азыркы премьер-министр Кубатбек Боронов деле Абылгазиевдин өкмөтүндө биринчи вице-премьер-министр экенин белгилегендер аны да айыпташат.

Ошол эле учурда аларды жоопкерчиликке тартууга чакыргандар да арбын. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков да ушундай пикирде.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Албетте, кандай гана кырсык болбосун алдын алса арзан болот, артын алса арман болот. Биздин аткаруу бийлиги COVID-19 вирусунун жапырт жайылышынын алдын алууга түздөн-түз милдеттүү болчу.

Штаб түзүлгөн, Жогорку Кеңеш буларга керектүү мыйзамдарды ыңгайлаштырып, баарын кабыл алып берген. Бирок өкмөт кесепеттин алдын ала алган жок. Ошол шалаакылыгы үчүн өкмөттүн компетентүү адамдарынын бардыгына моралдык эле эмес, материалдык жоопкерчилик тартышы үчүн кылмыш ишин козгогонго толук негиз бар. Негиз дегеним - коронавирустун кескин жайылышына жол беришти, канчалаган адамдардын өмүрү кыйылып кетти.

Набыт болгондордун саны боюнча алты миллиондук калкы бар Кыргызстан, 30 миллиондук калкы бар Өзбекстандан эки-үч эсе ашып кетти. Алдын ала албаганы үчүн өзбек акимдери калктан кечирим сурашты, ал эми биздин өкмөт элди күнөөлөп кутулду. Өзүнүн жонундагы жоопкерчиликти элге шылтап жатышканы - өз элине кылган кыянаттыгы», - дейт ал.

Эл арасында пандемия башталган алгачкы айларда ооруканалар курулбаганын, натыйжада бейтапканаларда орун тартыштыгы жаралганын айыпташат. Ошол эле кезде дары-дармектердин жетишсиздигине жана дарылоо иштери жетиштүү уюштурулбай жатканына да нааразылык көп.

«Мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев «COVID-19 вирусун алдын алууга мен керт башым менен жооп берем» деп коюп, жооп бере албай кызматынан кетти. Андан кийинки министр Сабиржан Абдикаримов да «мен кырдаалды эки жумада жөнгө салам» деп, өзү ооруп калды.

Негизи эле эки миңдей медиктин илдет жугузуп алганы - Саламаттык сактоо министрлиги күрөшө албай калганын айгинелейт. Анткени ак халатчандарды толук коргоп кала алган жок, жада калса акчасын да жарытылуу төлөп бере албай койду. Мындай кезде министр деген саясий чечимдерди кабыл алып, согуш учурундагы батальондун командирине окшоп, алдыңкы сапта туруп, өкмөткө өктөм маселелерди коюп, катуу иштеши керек болчу. Ошол иштерди жасабай болбогон бир комиссияларды түзүп алып, иштемиш болуп отурушканы Саламаттык сактоо министрлигинин өзүнүн саламаттыгы начар экенин далилдейт»,-деди эл өкүлү Рыскелди Момбеков.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги жаңы коркунучтарга даяр экенин байма-бай билдирип келет. Өкмөт жана президент да коронавируска каршы күрөштө бийлик колунан келишинче аракет кылып жатат деген позицияда.

25-июлда «Биринчи радиого» чыккан маегинде президент Сооронбай Жээнбеков ушул жөнүндө пикирин билдирип, коомчулукту өкмөткө кол кабыш кылууга чакырды:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Республикалык штаб күнү-түнү иштөөдө. Кубат Айылчиевич менен, башка жооптуу жетекчилер менен дайыма байланыштамын. Өкмөт оңой эмес кезде иштеп жатат. Ошондуктан баарыбыз өкмөткө жардам берчү мезгил.

Сынды, коомдогу болуп жаткан нааразычылыкты мен да күнүгө айтып турам. Премьер-министрден баштап, бардык тиешелүү мамлекеттик орган жетекчилеринин өздөрүндө да толук маалымат бар. Себеби азыр биздеги болгон кемчиликтердин бардыгы тең эле социалдык түйүндөрдө ачык айтылып, жазылып атат. Кайрылып жатышат.

Азыр негизги маселелердин бири - жалпы элибизди дары-дармек менен камсыздоо маселеси турат. Экинчи, кышка даярдык, жаңы окуу жылына даярдык маселелери турат. Бул боюнча да иштер жүрүп жатат. Азыр баарыбызды эң кооптондуруп жаткан маселе - район-айылдардагы элибизди илдеттен коргоп калыш, алдын алыш, ооруп калгандарга мамлекет тарабынан жетишерлик жардам көрсөтүш жана дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси болуп жатат. Мына ошолорду күчөтүш боюнча иштерди алып барып жатабыз».

Сооронбай Жээнбеков ошол эле интервьюсунда коронавирустан каза тапкандардын урматына 30-июлду өлкө боюнча Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялай турганын, тиешелүү жарлыкка жакын арада кол коёрун маалымдады.

Мунун алдында мамлекет башчы менен жолугушууга барган ыктыярчылар жалпы Аза күтүү күнүн жарыялоону талап кылышкан эле.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб медициналык адистердин бир канча жолку талаптарынан кийин 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары каттай баштаган. Бирдиктүү статистика жүргүзүлө баштагандан кийин реалдуу жагдай ачык көрүнгөн жана көрсөткүчтөр эки эселеп арбыган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG