Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Пандемия медициналык билимге мамилени өзгөрттү


"Алтын тамга" сынагын тапшырып жаткан окуучулар. Бишкек шаары. 18-июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу айрым медициналык адистиктер боюнча бюджеттик квоталарды көбөйттү.

Быйылкы окуу жылында медициналык билим берүү мекемелеринде эпидемиолог, инфекционист, вирусолог, пульмонолог, реаниматолог, клиникалык-лабораториялык диагностик, микробиолог жана башка жугуштуу ооруларга каршы адистиктер үчүн орундар көбөйтүлүп, ординатурада да артыкчылык берилүүдө.

"Пандемия максатымды өзгөрттү"

Жалпы республикалык тестирлөөдөн 163 балл алган Таажыгүл Надырбек кызы Бишкектеги медициналык академиянын эки факультетине электрондук талонун онлайн жиберген.

“Медициналык академиянын фармацевтика жана медико-профилактикалык иш факультеттерине упайым жеткен. Мен экинчи факультетин тандадым, бир жагы бюджеттик негизде, экинчиден, быйылкы пандемияда дарыгерлердин жетишсиз болуп жатты, башка мамлекеттерден келип иштеп жатышат. Жугуштуу ооруларга каршы күрөшүүчү вирусолог, инфекционист адистер керек экенин байкадым. Ошентип, экинчи адистикти тандап алдым”, - деди Таажыгүл.

Быйылкы коронавирус пандемиясы Кыргызстанда жугуштуу ооруларга каршы күрөшүүчү вирусолог, эпидемиолог, инфекционист, пульмонолог сыяктуу адистерден тышкары жалпы эле дарыгерлердин, медициналык кызматкерлердин жетишсиздигин көрсөттү.

Ушундан улам Билим берүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге жогорку окуу жайларында бир багытта профилдештирүүчү адистиктердин квотасын көбөйттү.

Абитуриенттер үчүн 60, ординаторлор үчүн 40 орун

Саламаттык сактоо министринин быйыл июнь айындагы буйругу менен бул адистиктерге бюджеттик орундар 100 орунга көбөйгөн.

Министрликтин билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурида Жусупбекованын “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, анын ичинде 60 орун абитуриенттерге, 40 орун ординатурага берилди:

“2020-21-окуу жылында коронавирус пандемиясын эске алып, инфекционисттерди, реаниматологдорду, клиникалык-лабораториялык диагностиктерди, эпидемиологдорду, микробиологдорду, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мүчөлөрүн даярдоочу адистиктердин санын көбөйттүк. Жалпы өлкө боюнча медициналык билим берүүчү мекемелердин ординатураларында ар бир адистикке ондон орун берилди. Ал эми абитуриенттер үчүн медико-профилактикалык иш адистигине бюджеттик негизде Медициналык академияда жана Ош мамлекеттик университетинде 60 орун берилди”.

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетиндеги ординатурада зарылчылыгы азыраак адистиктердин орду кыскарып, алардын ордуна пандемия учурунда жетишпеген адистиктерге орун берилди.

“Азыркы кырдаалга байланыштуу быйыл ординатурага кабыл алууда кардиология, неврология адистиктеринин орду азайтылды. Алардын ордуна анестезиолог, пульмонолог, инфекционист жана башка адистиктерге ординаторлор кабыл алынат”, - деп билдирди Ош мамлекеттик университетинин медициналык билим берүү факультетинин деканы Айгүл Момунова.

"Алыска чабыттагың келсе ай-тиге оку"

Бир жылдары абитуриенттер арасында экономика жана юридика адистигине окууну каалоочулар көп болуп, өлкөдөгү дээрлик ар бир окуу жайында бул факультеттер ачылганы белгилүү.

Байкоочулардын баамында, акыркы жылдары журналистикага жана IT тармагына кызыгып, ыктаган жаштардын да саны өсүп жатат. Технологиянын өнүгүшүнө жараша IT тармагын окуткан кыска мөөнөттүү курстардан тарта жогорку окуу жайларына чейин билимин сунуштап жатышат.

Карлсруэ (Германия) жана Уотерфорд (Ирландия) университеттеринин информатика жана экономика факультеттеринин бүтүрүүчүсү Айзада Акбекова алдына бийик максат койгон улан-кыздарга IT адистигин Жогорку окуу жайынан окууну сунуш кылат:

“ IT кесибин аркалоо үчүн эки жол тең туура! Бирок курсту же жогорку окуу жайын тандоо - сиздин максатыңызга гана көз каранды. Тездик менен IT адистигин алам десеңиз курс сиз үчүн. Ал эми ЖОЖдун даражасын алам десеңиз же келечекте чет өлкөдөн билимди улантам деп максат койсоңуз, университетке тапшырыңыз. Германия чет өлкөлүк жарандарга жумушчу визаны берүүнүн астында жогорку билимди талап кылат, адистин жок дегенде бакалавры барбы же жокпу текшерет. Университеттин милдети: теориялык жана практикалык билим берүү менен бирге, келечектеги илимий изилдөөгө да даярдайт. Мыкты окуу жай IT тармагына керектүү илимдердин тизмесин (hardskills - ченелчү билим) үйрөтүү менен бирге, (softskills - ченелбей турган өзгөчө билим, сапаттар) кoманда менен иштешүү, кардарлар менен коммуникация кылууну, айтор социaлдык компетенциядан баштап эмоционалдык интеллектти өнүктүрүүчү курстарды камтыйт”.

Документтин түп нускасы окуу жылы башталганда алынат

Коронавирус пандемиясына байланыштуу жогорку окуу жайларына кабыл алуу быйыл толук бойдон онлайн форматта өтүп жатат.

Бул үчүн "Абитуриент Online" автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыккан. www.2020.edu.gov.kg сайтына Кыргызстандагы бардык окуу жайлары, факультеттер, адистиктер киргизилди.

Тестирлөөдөн босого баллдан жогору алган ар бир абитуриент тиешелүү сертификат жана талон менен жогорку окуу жайынын имаратына барбай эле, өлкөнүн каалаган бурчунан порталга катталып, окуу жайына тапшыра алат.

Профилдик предметтик тесттин болушу тиешелүү багыттарга кабыл алууда абитуриентке артыкчылык укугун берет. Жеңилдик алууга талапкерлер тиешелүү документтерди тиркеши керек. Кабыл алуунун биринчи туру 20-июлда башталган. Кабыл алууга сунушталган абитуриент 25-июлда саат 18:00гө чейин тандаган адистик боюнча билим ала турганын тастыкташы керек, тастыкталбаган учурда анын орду бош деп эсептелет.

Айрым жогорку окуу жайлары тастыктоочу документтердин түп нускасы тапшырылганда гана тастыкталды деп эсептелет деген талап коюшкан. Ушундан улам тапшырган окуу жайы жайгашкан жерден алыста жашаган абитуриенттер жана алардын ата-энелери буга нааразы болгон.

Баткендик бүтүрүүчү Наргиза Бишкектеги кыргыз-түрк “Манас” университетинен ушундай талап болгонун айтып, “Азаттыкка” даттанды:

“Талондорду онлайн тапшырдык. Эми документтердин түп нускасын өзүңөр же ишенимдүү адамдар аркылуу жеткирип бергиле деген талап болууда. Азыркы карантин шартында шаар, облустар аралык каттам жок болсо, таксилер да токтотулса, биз кантип түп нускасын жеткирип беребиз? Бизге мына ушул түшүнүксүз болуп жатат”.

Билим берүү министрлиги бул дооматтарды четке кагууда. Аталган министрликтин маалыматына караганда абитуриенттердин документтеринин түп нускасы окуу жылы башталган кезде кабыл алынат.

Билим берүү министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, абитуриенттер тандаган адистиги боюнча билим ала турганын документтеринин көчүрмөсүн электрондук форматта жиберип тастыктай алышат:

“Биринчи айлампада окуу жайларына тартылган абитуриенттер 23-июлдан 25-июлга чейин тандаган адистиги боюнча окуй турганын ырастоо үчүн, тиешелүү документтеринин көчүрмөсүн электрондук түрдө жибериши керек. Экинчи-үчүнчү айлампа да ушундай эле түрдө жүрөт. Абитуриенттер документтеринин түп нускасын окуу жылы башталганда алып келип, тапшыруусу зарыл. Азыркы учурда алардын документтерин эч ким кабыл албайт”.

Жогорку окуу жайларына кабыл алуунун 2-айлампасы 27-июлдан 1-августка чейин өткөрүлөт. Табыштамалар 29-июль күнү, саат 14:00гө чейин кабыл алынат. 3-тур Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен 3-августтан 8-августка чейин өтөт, каттоо 5-август саат 14:00гө чейин жүрөт.

Окутуунун сырттан жана кечки формасына кабыл алуунун мөөнөтүн окуу жайы өз алдынча белгилейт. Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана башка бардык окуу жайлары карантинге жабылып, окуу жылы онлайн жыйынтыкталган.

Эми үйдөн чыкпай университет тандаса болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:55 0:00

Кыргызстандын орто мектептерин быйыл 45 миңге чукул улан-кыз бүтүрдү. Алардын ичинен 53 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алып, “Алтын сертификатка” татыктуу болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG