Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 07:28

2019-жыл: медицинанын арышы менен арманы


Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы электрондук медицинага өтүү, дарылардын санариптик базасын түзүү, жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү, дарыгерлердин маянасын көбөйтүү сыяктуу аракеттер байкалды.

Бирок алар толук ишке аштыбы? 2020-жылдын бюджетинен 1 миллиард сомдун кыскартылышынын залакасы канчалык? Саламаттык сактоо жаатында дүйнөдө кандай өзгөрүүлөр байкалды?

Дүйнөлүк өнүгүү индексинин 2019-жылкы маалыматына караганда, Кыргызстандагы жашоонун узактыгы 2018-жылга салыштырмалуу 1 жылга жогорулап, 71 жыл деп белгиленди. Коңшу Казакстанда бул көрсөткүч 72,3 жыл. Түркмөнстанда 67 жаш. Албетте, өмүрдүн узарышы өлкөдөгү саламаттык сактоо секторунда болуп жаткан алгылыктуу иштерден кабар берет деген аныктама бар. Ошентсе да Кыргызстандын медициналык тармагы канчалык деңгээлде өнүгүүдө? 2019-жылы эмнелерге жетип, эмнеден кур калдык?

Жагымдуу окуялар

Алгач кыргыз медицинасында болгон жагымдуу окуялардан баштасак, 21-декабрда өкмөттүн коомдук талкуусу болуп, анда 2019-жылдагы медициналык жетишкендик катары гемодиализ кызматынын толук мамлекеттик - жеке менчик өнөктөштүккө өтүп, ага муктаж бир бейтап азыр кезекке турбай калганы белгиленди. Эскерте кетсек, бөйрөк кемтиги менен жабыркаган жүздөгөн адамдар буга чейин жасалма бөйрөк жабдуусуна кезекке туруп келишкен.

Менчик клиникаларда бир ирет канды тазалоонун баасы 5 миң сомдон ашык болгондуктан, бейтаптар абдан кыйналышчу. 2018-жылы германиялык «Францеуз» компаниясы мамлекеттик-жеке менчик гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча тендерди жеңип алып, Ош менен Бишкекте филиалдары ачылды. Азыр өлкөдөгү бардык бөйрөк кемтиги менен жабыркаган бейтаптар 100% мамлекеттик каржылоого өтүп, акысыз гемодиализ алышууда.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев да былтыркы медицинада болгон эң чоң окуя катары дал ушул гемодиализ системасын белгиледи:

- Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк келишими боюнча Бишкекте эки, Ошто бир жасалма бөйрөк кызматын көрсөтүүчү борборлор ачылды. Мындан тышкары Оштогу Ак-Тилек конушунда Кытай өкмөтүнүн жардамы менен жаңы оорукана да ачылды. Электрондук саламаттык сактоого өтүү боюнча, бейтапканаларга кезек күтүү тартиби өзгөрүп, онлайн каттоо менен Интернет аркылуу кезекке туруу башталды. Дары-дармектерди алып келүү, көзөмөлдөө, алардын баасын бирдиктүү системага киргизүү үчүн дары-дармектер тууралуу улуттук маалымат базасы түзүлдү. Эми бул базанын түзүлүшү менен өлкөдө сатылып жаткан дарылар тартипке салынат деп ишенип жатабыз.

Иштебеген онлайн каттоо кызматы

Мадемин Каратаев айткан онлайн порталга да токтоло кетсек. Мындан ары кайсы бир бейтапкананын дарыгерине бара турган болсоңуз «registratura.med.kg»​ деген сайтка кирип, катталып, жазылсаңыз болот. Бул сайт кандай тартипте иштээрин билиш үчүн алгач өзүм да анда катталып, жазылууну текшерип көрдүм. Биринчи паспорттогу өздүк жеке номуруңузду жазгандан кийин, телефон номурду сурайт экен. Аны киргизериңиз менен кайсы бейтапкана сизди тейлей тургандыгы автоматтык түрдө чыкты. Бирок мени тейлеген бейтапкананын дарыгерине андан ары жазылуу мүмкүн эмес болду. Себеби, «оорукананын өзүнө барып, каттоо бөлүмүнө кайрылыңыз» деген жазуу чыгып калды. Демек, система толук автоматташтырыла элек экенин байкаса болот.

Менчик клиника көйгөйү

2019-жылы өлкөдө бир нече менчик клиника ачылды. Алардын башында Бишкектеги 8 кабаттуу имараты бар «Memorial» клиникасы турат. Заманбап жабдуу алынып келип, бул ооруканага чет өлкөдө билим алган, иштеген тажрыйбалуу хирургдар, дарыгерлер иштей башташты. Апрель айында ишке кирген ооруканада азыр күндүзгү бейтапкана, хирургия, терапия, кардиология, гастроэнтерология сыяктуу бир нече бөлүмдөр бар.

Бүтпөй калган курулуштар

Эми аткарылбай калган пландарга, курулушу бүтпөй турган имараттар менен курчуган эпидемиялык кырдаалга токтолсок. Бишкектеги перинаталдык борбордун имараты 2019-жылы колдонууга берилмек, бирок азырынча андагы курулуш иштеринин 70% гана бүткөнү айтылууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин төрайымы Нурхан Жумабаева бул жагдай өлкөдөгү медициналык тейлөөнүн сапатына терс таасирин тийгизип жатканын билдирди:

Нурхан Жумабаева.
Нурхан Жумабаева.

- Германиялык банктын гранты менен курулуп жаткан перинаталдык борбор быйыл ачылышы керек эле. Тилекке каршы, азыр да бүтпөй турат. Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы бардык курулушу аяктап, ачылууга даяр болсо да жабык турат. Бул албетте, саламаттык тармагындагы эң чоң көйгөй. Себеби, медициналык кызматтын жетишсиздиги биз канча аракет кылсак да, баары бир элдин ден соолугуна тескери таасирин тийгизет.

«Баарын 2020-жылы ачабыз...»

Министрлик бул ачылбай жаткан объектилер тууралуу маалымат берип, 2020-жылы ачыларына үмүт артып жатышканын билдирүүдө. Дал ушундай эле убада 2018-жылы да берилген. Министрдин орун басары Мадемин Каратаев Бишкекте курулушу бүтпөй турган ооруканалар тууралуу мындай деди:

- Кыргыз-түрк ооруканасы боюнча биз түрк бийлигине анын ачылышын биздин бийлик, Жогорку Кеңеш ратификациялаган документтерди бергенбиз. Азырынча түрк тарап муну кечеңдетип жатат. Ал жак чечим чыгарса эле оорукана иштөөгө даяр турат. Ал эми Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык борбордун курулушу 70% жыйынтыкталып калды. 2020-жылдын биринчи жарымынын аягына чейин ачылып калабы деп турабыз, буюрса. Мындан тышкары бир топ ФАПтар курулду. «Тез жардам» машинелерин алып жатабыз. Азыр да «Тез жардам» кызматынын сапатын арттырыш үчүн Орусиядан көп машине келгени турат. Муктаж болгон аймактарга тараталы деп турабыз.

Бишкекте курулушу аяктаса да ачылбай турган оорукана.
Бишкекте курулушу аяктаса да ачылбай турган оорукана.

Иштеген оорукананы жабуу аракети

Министрлик минтип ооруканаларды ача албай жатса, курулган, иштеп жаткандарын жабуу аракеттери да узаган жылы катталды. Октябрь айында Жалал-Абад шаарында толук бүтө элек имаратта иштеп жаткан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борбору жабылып калуу коркунучуна кабылды. Мамлекеттик экотехинспекциянын өкүлдөрү келип, «кардиологдор иштеп жаткан имараттын эксплуатациясына уруксат берилген эмес» деп эскертүү беришти. Түштүк аймактагы жүрөк ооруларына адистешкен, кээде жарык өчүп калса да телефондун жарыгы менен операция жасаган бул борбордун курулушу 2015-жылдардан бери уланууда.

Жалал-Абаддагы кардиологиялык оорукана. Операция учуру.
Жалал-Абаддагы кардиологиялык оорукана. Операция учуру.

Дарыгерлердин күчү менен азырынча бул оорукана иштеп жатат. Анын башкы дарыгери, профессор Калдарбек Абдраманов оорукананы жабууну акылга сыйбаган көрүнүш катары баалады:

- Ооба, бул оорукананын имараты жаңы. 2015-жылы Кадыржан Батыровдун мүлкү мамлекеттештирилгенде ал куруп жаткан имаратты өкмөт түштүк аймагы боюнча кардиологиялык борбор деп берген эле. Жалпы аянты 3500 чарчы метр. Өкмөттөн каражат бөлүнүп, биринчи кабатын бүтүрүп, кымбат баалуу ангиографиялык жабдуу койгонбуз. Азыр күнү-түнү 3 облустун бейтаптарын тейлеп жатабыз. Мамлекет каражат бөлбөсө анан биз калган имаратты кантип оңдомок элек? Мамэкотехинспекция деле мамлекеттин органы да. Биз да бюджеттик ооруканабыз. Бейтаптардан операция үчүн акча албайбыз. Кантип анан имаратты оңдойбуз?

Статистика боюнча Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынын кесепетинен көз жумгандар көбөйүп баратат. Өлгөндөрдүн 52% жүрөк-кан тамыр оорусунан жабыркагандар. Кардиологдордун билдирүүсүнө караганда Кыргызстанда жылына жүрөккө миңге жетпеген операция жасалат. Адистер бул элге керектүү болгон жардамдан алты эсе аз экенин айтып жатышат. Мындай шартта иштеп жаткан оорукананы жабуу канчалык акылга сыярлык, белгисиз.

Донорлордун кетиши

Эми эпидемиологиялык кырдаалга келсек, былтыр жыл башында өлкөдө кызамык оорусу күчөп, алты айдын ичинде 2 262 адам бул жугуштуу ооруга чалдыкты. Негизги себебин дарыгерлер эмдөөдөн баш тартуу менен түшүндүрүшүүдө. Бирок июнь айынан тартып жапырт эмдөө кампаниясы өтүп, жыл соңуна чейин кызамык жуктурган адам катталган жок. 2020-жылдан тартып кургак учукту дарылоого жана алдын алууга көмөктөшкөн эл аралык донорлор каржылоосун токтотмой болду.

Мындан ары кыргыз медициналык тармагы бул маселени өзү чечиши керек. Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин төрайымы Нурхан Жумабаева бул тууралуу мындай маалымат берди:

- Бир топ эл аралык донорлор кургак учукту каржылоону токтотуп жатышат. Бирок мамлекеттик деңгээлдеги «Кургак учукту жеңебиз» деген программа өз ишин баштайт. Эми эл аралык ар түрдүү долбоорлор иштеп жатпады беле. Анын баары эле жабылып калат деп ойлобойм. Анткен менен алар өз ишин токтотсо бул оору боюнча кырдаал курчуп кетиши толук мүмкүн.

Мындан тышкары өлкөдө сарыктын оор түрү күчөп жатканын айтып чыккан атуулдар да болду. Айрыкча боор алмаштырууга муктаж жарандар өз укугун коргоо максатында Жогорку Кеңешке чейин кирип, элди гепатиттин В, С түрүнө каршы эмдөөнү бийликтен талап кылышты. Бирок азырынча бул маселе саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн бюджеттин тартыштыгына барып такалууда. Бюджет демекчи, 2020-жылдагы медицинага бөлүнгөн бюджеттен 1 миллиард сомдон ашуун сумма кыскарды. Бул өкмөттүк эмес уюмдар менен эркин эксперттердин сынына кабылды. Айрыкча онкологиялык оорулуулар, ВИЧ-СПИД жана айрым жугуштуу оорулар бюджеттин кыскарышынан жабыркай тургандыгы божомолдонууда. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджеттеги тартыштыкты «800 миллион сомдон жогору» десе, эркин эксперттер «1 миллиард 300 миллион сомдон көп» деп жатышат. Ал эми 2020-жылга саламаттык секторуна бюджеттен 14 миллиард 321,6 миллион сом бөлүнөт.

Дүйнө чейрек кылым алдыда

Ал арада дүйнөлүк медицина илиминдеги адам өмүрүнө камкордук жаатында ири ачылыштар жасалып, өнүккөн өлкөлөр виртуалдык медицинанын туу чокусуна чыгып жаткан кези. «Forbes» журналы 2019-жылы дүйнөдө телемедицина, адам органдарын үч өлчөмдүү принтерден чыгаруу, түйүлдүктү генетикалык редакциялоо, робот жабдуулардын жардамы менен оор операцияларды жасоо, блокчейн ыкмасы менен медициналык камсыздандыруунун сапатын арттыруу, ошондой эле электрондук медициналык кызматтардын өнүгүү сыяктуу көрүнүштөрдү белгиледи. Быйылкы Нобел сыйлыгы да өзгөчө окумуштууга берилди. Психоневрология жаатында ачылыш жасаган америкалык Уильям Келин, Грегг Семенца менен британиялык Петер Ратклифф тирүү организмдердин кычкылтекке болгон реакциясын изилдешкен.

Дүйнөнү күткөн коркунучтар

Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2020-жылы адамзаттын саламаттыгы үчүн он коркунучту санап, анын башына абанын булганышын чыгарды. Жугуштуу эмес оорулар, антибиотикке туруктуулук, Эбола баштаган жугуштуу оорулардын жайылышы, жакыр өлкөлөрдөгү алсыз медицина, эмдөөдөн баш тартуу сыяктуу жагдайларды, ВИЧ-СПИД оорусунун жайылышын да аталган уюм дүйнөнү күткөн коркунучтар катары санады. Кандай болгон күндө да, ден соолук адам үчүн эң башкы байлык эмеспи. Медициналык тейлөөнүн сапаты жакшырарын күтпөй өз саламаттыгыбызга кам көрөлү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG