Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Жаштар өзгөрүүлөрдүн башаты болсо...


Бишкек шаарында өткөн “Robot Competition” - “Робот таймашы” сынагындагы кыргыз окуучуларынан эмгеги. 23.4.2016.

Азыркы коронавирус дарты көптөгөн көнүмүштөрдү кайра кароого, көз караштарды өзгөртүүгө, күнүмдүк турмуш-тиричиликти да башкача уюштурууга, керек болсо кесипти алмаштырууга түртүп жатат. Биздин жаштардын ар кыл чөйрөсүндөгү көз караштар кандай? Ушул тууралуу пикиримди айтайын дедим. Жаштарыбыздын көңүл чөктүргөн да, алдыга ишеним жаратып үмүттөндүргөн да жактары арбын.

Жазгы карантин аяктап калган убак болчу. Өкмөт мекеме-ишканаларга, тейлөө кызматтарына, чоң соода борборлорго дагы бир топ жайлардын иштөөсүнө уруксат берип, бирок тойканаларга уруксат бербей турган. Бир күнү жергиликтүү телеканалдардын бири “Той керекпи? Тойду кандай өткөрүүгө болот?” деген ток-шоуга мени журналист катары чакырып калышты. Бул темага тиешем жок экендигин айтсам да болбой, бир студент кыз аябай суранганынан уят кылбайын деп макул болдум.

Студияда бир экономист, эки журналист, бир молдо, бир тойкана ээси, калган жети-сегиз адам жалаң ырчылар, тамадалар болуп отурабыз. Кыскасы, ырчылар менен тамадалардын бардыгы карантин учурунда тойлор өтпөй калып кыйналып жашап жатканын, айрымдары батирдин ижарасын төлөөгө да каражаты калбай элге кайрылганын, кокус азыр той өтчү болсо төгүлүп–чачылып ырдашып, тойду да мыкты алып барыша тургандыгын, тойлордун аркасы менен базарлар иштеп, жылтырак баштыктан тарта жылкы саткандарга чейинкилердин бизнеси тойлор аркылуу өтүп жатканын, дегеле той өткөрүүнү бардык жактан актап, жер чечегин безеп сайрап жатышты.

Бир тамада тойлор азыр үйдө өтүп жатканын, тамадалыкты ошол жактан көрсөтүп жатканын да эфирден сыймыктануу менен айтып жиберди. Тойкана ээси кол алдында 300 адам иштерин, алардын бардыгында ипотека, насыя бар экендигин, тойкананын иштебей тургандыгы чоң чыгымдарга дуушар кылып жатканын, дегеле тойлорду тойканаларда өткөрүү кай жагынан алганда да пайдалуу экенин далилдеп салды. Эмнеге бийлик тойканаларды иштетпей жатышат деп бардыгы абдан нааразы болушту.

Тойго барбай койсо бооору, ага корогон акчаны башка пайдалуу нерселерге жумшоо керектиги, тойго барбасак уят деген сокур намыстын кереги жоктугу тууралуу пикирлерди тигилер уккусу келбей сөздү ооздон жула качып жатышты. “Мына, тойлор көп болуп жатат деп жатып, акыры тойго бара албай минтип үйдө камалып отуруп калдык” дешип, айтор жугуштуу ооруга байланыштуу кырдаалды да кесир кылгандыкка буруп салышты. Карасам, албан-субандай отузга чыга элек жаш жигиттер, өз чөйрөсүндө аты бар, айрымдары жерге түшпөс “жылдыздар”.

Ушундай кырдаалдан пайдаланып сахна өнөрүнөн тышкары башка кесипти үйрөнүүгө неге болбосун десем, такыр чалкасынан кетишти. Алган билимдери жалаң музыка, искусство тармагында экендигин, дегеле алар сахнада гана ырдап, чыгармачылык үчүн жаралгандарын айтып жатышса, атаңгөрү, мынча таланттарды байкабай кайда жүрдүм экен деп өкүнүп да жибердим...

Кээ бири мамлекеттик маданият мекемесинде иштеп, алардын жарыбаган айлыгына жашай албай койгондугун, тойлордон тапкан каражатты башка тармактардан такыр таба алышпай тургандыктарын, алар да балдарын жакшы мектепте окутуп, өздөрү да жакшы үйлөрдө жашагысы келерин сайрап жатышты. Акыры тойлор боло турган күндөр батыраак келсе экен деп тилек кылып тарадык.

Мени капа кылганы, чыгармачыл чөйрөдө жүргөн жаштардын маданиятынын, билим деңгээлинин да тайыздыгы. Балким айрымдарга катуу тийсе, кечирим сурайм. Азыр бүт дүйнө жүзүндөгү адамдар катаал турмуштук кырдаалга туш болушту. Дүйнө жүзү, адамдар өзгөрүп жатышат. Буга чейин деле өзгөрүүлөр болуп келе жаткан, бирок жүз жылдарда бир жолу Жер шарын каптай турган азыркыдай пандемия саат сайын болбосо да күн сайын өзгөрүүлөрдү ылдамдатып жатат. Биздин ыр-бийге, шатыра-шатман жашоого көнгөн жаштар жугуштуу дарт кетсе эле кайра баягыдай шапар тепкен жашоону улантабыз деген ойдон кайтыша электей.

Кыргызстанда акыркы жылдарда тойканалар анан жаңы үйлөр көп курулду. Музейдей заңгыраган, ичи абдан мыкты табит менен жасалгаланган тойканалар бизде эле болсо керек. Эң кызыгы, миллиондон ашык киши жашаган Бишкекте тойканалардын абдан көп экенине карабай, ушул тапта алардын жаңылары дагы курулуп жатат. Ушундан улам биздин экономикалык ишмердигибиз жалаң той-торопо өткөрүү багытына ылайыкташып иштеп жаткандай таасир калтырат. Анткени ар бир иш өзүн жок дегенде жарым-жартылай актабаса пайдасы кайсы?

Биздин кээ бир чөйрөдөгү жаштарыбыздын деңгээли жогорудагыдай болгону менен башка чөйрөдөгү жаштарыбыздын кылган ишине, алдына койгон максатына суктансак, улуулар ошолорду туурасак да болот. Ушу тапта дүйнө жүзүндө окуу, бизнес жүргүзүү жана башка көп иштер аралыктан туруп иштөөгө өтүп бара жатат. Анан калса жугуштуу оорунун пандемиясы мындай иштерди дагы бир топ тездетти.

Мына ушундай абалда Кыргызстанда IT-технологиялары менен иш алып баргандар эске келет.

Программалык камсыздоолорду жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясы (КАРПОУ), Жогорку технологиялар паркы түзүмдөрүнүн алдында ушу кезде сексенден ашык компаниялар иштеп, аларда миңдеген жумушчу орундары түзүлгөн. Бул жерде иштеген компаниялардын продукциясынын 80 пайызы чет өлкөлөргө, дүйнөнүн отуздан ашык өлкөлөрүнө экспорттолот. Кыргызстанда буга чейин өз продукциясын ушундай деңгээлге жеткире экспорттогон компаниялар болгон эмес. Муну менен бирге бул чөйрөдө капиталдын айлануусу да жылдан-жылга арбып бара жатат. Азыркы учурда бул чөйрөдө 1 млрд. доллардай каражат айланат. Биздин программисттерде мунун деңгээлин 4 млрд. долларга чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.

Булар Кыргызстандын бардык аймактарына IT-академияларды ачышып, жаштарды, мектеп окуучуларын ушул тармакка окутуп үйрөтүп келишүүдө. 2030-жылы 50 миң программистти даярдап, 50 миң жумуш ордун түзөбүз деген аракетте “Ар бир үйдөн бирден программист!”, “Кыргызстанда жашап бүткүл дүйнө менен иште!” деген сонун ураандар менен катуу иштеп келе жатышат. Бул тармактагылардын мыктылыгы, өз иштерин жакшы жолго коюп, башкаруу органдарына иштей турган адамдарды меритократиялык принцип, башкача айтканда татыктуу иштей ала тургандарды тандай алгандыгы менен өзгөчөлөнүп турушат. Ушул чөйрө менен бир аз аралашкандыктан, бул тармактагы жаштар дүйнөнүн өнүгүүсү кайда кетип бара жатканын туура аңдаган, билим алуудан, эмгектенүүдөн талбаган жаштар дээр элем. Бул тармак боюнча чет өлкөлөрдө иштеп жатышкан жаштарыбыз да Кыргызстанда атайын окуу курстарын уюштуруп, мектеп окуучуларына дүйнөнүн эшигин кенен ачып беришүүдө.

Ушу кезге чейин булар өз алдынча иштеп келе жатышат, мамлекет деле буларды барсыңбы-жоксуңбу дебейт. Мамлекет ошол эле учурда өлкөнү санариптештиребиз деп аракет кылганы менен, андан майнап аз болуп жаткандыгын күнүмдүк турмушта адамдар жон теринен өткөрүп жатат.

Кыргыз бийлиги эмне үчүн өлкөнү санариптеширүүнү ушундай түзүмдөргө өткөрүп бербейт? Мен ушуга таңгалам. Бийликти бардык жактан тушап турган тушамыш бул обу жок бюрократия. Коомчулук какшап айтып жаткан маселеге мамлекеттин машинеси бурулгуча, маселе эскирип кетип жатат. Эгер жергиликтүү IT адистери мамлекетти санариптештирүү тармагын толук колуна алышса, убакыт үнөм болуп, адамдарга ыңгайлуу жашоо түзүлүп, далай каражат Кыргызстанда калмак, натыйжасы да жаман болбос эле.

Азыркыдай кыйын кезеңдерде да программисттердин ишинин пайдасы көп тийип, ооруканадагы орундар, дары-дармектер, керектүү башка каражаттардын кайсы жерде бар-жогун ыкчам билип, тез реакция жасоого, бир нече ай алдыга божомол кылууга кыйла жардам берет эле. Тилекке каршы, өзүбүздө турган потенциалды колдонуу да колдон келбей жатат, же бул тармакка олуттуу көңүл бурган бийлик өкүлдөрү жоктой.

Учурдагы кырдаалдан соң Кыргызстанда жашаган жок дегенде жаштардын көз карашы, жашоо образы өзгөрүлсө, чоң жетишкендик болор эле. Жалаң тойлордун аркасы менен оокат кылган жаштардын аң-сезими өзгөрүп, кандай кырдаал болбосун тың жашап кете ала тургандай кесиптерди өздөштүрсө, өздөрүнө да, коомго да пайда келтирмек.

Азыркы кризисти айрымдар ийгиликке айландырууну көздөп жатышса, биз жок дегенде колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланганды билсек кана? Ал эми IT тармагындагыларга бийлик олуттуу көңүл буруп, алардын иштерин кеңири колдоно баштаса, анда жакынкы аралыкта эле экономиканын локомотиви да ушулар болорунан шек санабайм.

Аскер Сакыбаева, публицист, журналист

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG