Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 20:58

Аш-тойлорго да реформа керек


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз калкы кылымдарды карыткан, зоболосу бийик, көрөңгөлүү, баатыр, айкөл, каада-салты кайталангыс, дүйнө жүзү суктанган эл деп мактанабыз. Ошол эле учурда кыргыздын душманы да кыргыз; кайдыгер, көрө албас, кежир, оома элбиз деп жер сабагандар да көп.

Чындыгында, мамлекеттик башкаруу, билим берүү, экономика, айыл чарба ж.б. сыяктуу эле, кыргыздын каада-салты, үрп-адаты, дегеле жалпы маданияты да реформага муктаж болуп тургандай.

Чүпүрөк алмашуу, эрегишүү

Мен бул макалада аш-тойлордогу куру намысчыл ысырапкорчулук, таптакыр эле беймаани, адамдын күлкүсүн келтирген же кыжырданткан кээ бир жөрөлгөлөр боюнча кеп козгогум келет.

Жарды элдин каадасы көп дегендей, бизде жамандык-жакшылыктын жазылбаган бир топ эрежелери бар. Аларды аткарбасак эл эмне дейт деген сөздүн жетегине киребиз. Бүгүнкү күнү бирөөнүн өлгөнү башкалар үчүн той эле болуп калды. Эмне коюп, эмне союптур, малы семиз же арык бекен деп кеп кылышат. Анан да илгери (10-15 жыл мурун) алына жараша кой же уй сойсо, эми колунда бары деле, жогу деле жылкы сойгонду "мода" кылып алышты. Айтор, жоготууга кайгырган деле эч ким жок, өлгөндүн өз шору...

Аш-тойлордо кыргыздын кийит кийгизүү деген дагы бир каадасы бар... Илгери көбүнчө кудалар бири-бирине ушинтип сый-урмат көргөзүшчү экен. Бирок мунун азыркы түрүн чүпүрөк алмашуу деп эле атоо керек.

“Кийит” эч кийилбей, сандыктан сандыкка өтүп, колмо-кол айлана берет – көбү кытайдын арзан товары. Бул боюнча социалдык кыска тасмалар да тартылып, аны көргөндөр күлгөнү эсимде.

Калың берүү, сеп берүү деген «алмашуу каадасы» да бар: алат-берет. Пул, мал, дасторкону, кешик... Буларды аткарбасаң, кудалаша албай, элдин сөзүнө каласыӊ; жаштардын турмушу бузулат. Акыркы күндөрдө кыз узатуу, жентек, тушоо той, үй той, жылдык маарекелер, куран окутуу ж.б. баарын тойканаларда, ашыкча ысырап менен өткөрүп калышты.

Үйлөнүү үлпөт тою да өзүнчө бир жоболордун негизинде өтөт, аларды бузсаң, элге сөз болосуң. Тойлордун көбү бири-бирине аябай окшош. Тойго чакырасың, эл келет, отурат да, дасторконуӊду сынайт, малдын семиз-арыгын кеп кылат, жада калса чакырган ырчы-бийчи, тамадаңа жараша тоюңдун шааниси боюнча жыйынтык чыгарып, баа коюшат.

Тажабадыңарбы?

Же тою өзгөчө болсочу! “Баягы, баягынын эле таягы” дегендей, окшош эле сөздөр, окшош эле каалоо-тилектер, окшош эле оюн-зооктор.

Бир сөз менен айтканда, тойдун сценарийин эл жаттап бүткөн. Мына ушул жерден тойдун ээлерине бир сунуш бергим келип турат: кудасы, ага-тууганы, таяке-жээни деп сөз берип, каалоо-тилек айттырганга убакытты коротпой эле, кире беришке атайын бир кутуча же той ээлеринин сүрөтү менен сырты жасалгаланган чоң дептер койсо, келген меймандар куттук каттарын кутуга салса же дептерге эле жазып калтырса, сонун болмок.

Убакыт үнөмдөлөт, эл да ар кимдин оозун карабай тынч отурат. Оюн-зоокторунун да бир шумдуктары бар. Кээде тамадалар улуу-кичүүнү көзгө илбеген, адамды маскаралаган бейадеп оюндарды кайталашат. Булардын ордуна интеллектуалдык, инсандык жана руханий жактан өнүктүрүүчү оюндарды уюштуруп, байге катары кызыктуу китептерди берсе, той ээсине да, келген конокторго да жакшы болмок.

Соӊку кездерде «түштөндүрүү» деген кааданы чыгарышты. Куданын жакындары же кошуналары келген кудаларды кой союп, дасторконун жайып коноктойт эмеспи.

Мунусу кээде түнгө чейин созулуп кетет. Куданын бир туугандары, жолдоштору, кошуналары, таякелери, жээндери, бөлөлөрү деп бирден койду көтөрө чаап, түштөндүрүшөт экен. Келген меймандары да кол жууйт, этке кирет, кайра чыгат, кайра кол жууйт, кайра этке кирет. Бир кишинин: “Кудага барып келдик. Он бешке жакын түштөндүрүү болду, кап-кап эт алып келдик”, – дегени эсимде.

Ушунун кимге кереги бар?.. Ашыкча ырасымдар менен ысырапкорчулукту баары эле айтып, какшап жүрөт. Бирок маселени чечүүгө келгенде эле көбү тайсалдап калат. Аң-сезимге уюган кыттай куюлган баягы эле түшүнүк коё бербейт: “Эл эмне дейт?”. Менимче, эл деле тажады. Бирок керексиз нерселерди жоюуга батынган эркибиз жетишпейт. Бирин-серин чыккандарды эл ээрчибей жатат. Ошондуктан ыгым-чыгымы аз, өрнөктүү аш-тойлор салтка айланбай келет.

Башкалардан да үйрөнөлү

Дүйнөдөгү эки жүздөн ашык өлкө менен катар ар кандай улуттардын каада-салттарынан өзүбүзгө ылайыктууларын тандап, жергиликтүү шартта өздөштүрүп колдонолу. Кээ бирөөлөр “алардын салты башка, биздики башка” деши мүмкүн. Биз алардын салтын эмес уюштуруу саясатын, сырткы көрүнүшүн эмес, ички мазмунун алсак болот. Элеттен баштап шаарга чейинки калың журтка жетиш үчүн бул багытта атайы теле берүүлөр даярдалып, системдүү түрдө жайылтылышы керек.

Өлкө ичиндеги ыгым-чыгымы аз сарпталган аш-тойлорду жергиликтүү бийликтер көңүл буруп, алкоого алышы да өтө маанилүү кадам. Мындан тышкары бул идеяны жактаган же өз тажрыйбасында колдонгон инсандарды өлкө ичиндеги таанымал, кадыр-барктуу медиаларда күн алыс чагылдырылып турушу да маселени чечүүгө өбөлгө түзөт. Сөзүмдүн соңунда аштын эмес, баштын камын көргөн, тойдон мунун ойду күткөн, элге-журтка пайда алып келе турган муун өсүп чыгышын тилейт элем. Анткени улуу муун бул реформаны жасай албайт...

Арсланбек Кенжетегин, Он тогузунчу май университетинин (Ondokuz Mayıs Üniversitesi) докторанты. Түркия

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG