Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 6-апрель, 2020 Бишкек убактысы 20:32

Нооруздун тарыхы менен таржымалы


Сүмөлөк үчүн өндүрүлгөн буудай.

Жаңы жыл ар кайсы элдерде ар кайсы мезгилдерде майрамдалып келген.

Мисалы, Орусияда 1342-1699-жылдардын аралыгында жаңы жыл 1-сентябрда майрамдалып келген. Петр биринчинин жарлыгы менен 1700-жылдан бери 1-январда белгиленип келет. Мындай мисалдар толтура. Фарси тилдүү элдер жаңы жыл майрамын Нооруз деген аталышта март же ҳамал айынын 21- күнү белгилешчү.

Айрымдар Нооруз мусулман элдеринин майрамы деп айтышат. Мындай деп айтуу катачылык. Нооруз фарси тилдүү элдердин кыртышында биздин заманга чейинки X- IX кылымдарда пайда болгон майрам. Айрым тарыхый маалыматтар Нооруздун пайда болушун андан мурдагы доорлорго такашат. Бул майрам күн менен түндүн сааттык үлүшү теңелген 21-мартка туш келет. Дал ушул учурда жерден тоң кетип, бак-дарактар бүчүр байлайт, табият жашыл кымкап тонуп жамынат, жер бетинде жаңы тиричилик башталат. Жаңы жылды 21-марттан кийирип түзүлгөн жылсанак (календарь) - астрономиялык жактан абдан так жана туура жылсанак. Нооруз прогрессивдүү майрам болгондуктан, мезгилдин өтүшү менен ал жайылып отуруп фарси элдери менен кошуна отурукташкан түрк тилдүү элдерге да тарай баштаган.

Фарси тилдүүлөр Ноорузду Наврузи ажам деп коюшат. Навруз (нав - жаңы, руз - күн) кыргыз тилинде жаңы жыл деген маанини туюндурат. Ажам дегени араб эместер дегенди түшүндүрөт. Демек, Нооруз араб эмес элдердин майрамы турбайбы.

«Нооруз диний майрам эмес» деген сөзүбүзгө дагы бир далил келтирели. Ислам дининин тарыхы VIII кылымдын баш чендеринен, тагыраак айтканда Мухаммед пайгамбар жашап өткөн (670-732-жылдар) мезгилден башталат. Ал эми Нооруз ислам дини келгенден 12-13 кылым мурда майрамдала баштаган. Ислам дини биринчи болуп азыркы араб өлкөлөрүнө тараган жана ислам пайгамбары Мухаммед САВдын улуту да араб болгон. Демек, Нооруз майрамын мусулман элдеринин майрамы деп айтуу чоң жаңылыштык болот. Болгону эле бүгүн аны майрамдап жаткан фарси жана түрк тилдүү элдер негизинен ислам динин тутунат.

Фарси тилдүү элдер Нооруз жакындап келатканда аталышы «Ш» тамгасынан башталган жети нерсени анын негизги атрибуттары катары алдын-ала даярдап келишкен. Муну «хафт шин» («жети шин») деп коюшкан. Кыргызча «Шдан» башталган жетөө дегенди туюндурат. Алар төмөнкүлөр:

1. Шароб (шарап) – кайра жаралуунун; 2. Шир (сүт) – тазалыктын, аруулуктун; 3. Ширин (таттуу) – кубануунун; 4. Шакар (шекер) – канааттануунун, ыраазы болуунун; 5. Шарбат (шербет, шире суулар) – салкындыктын, эс алуунун; 6. Шом (шам, чырак) – жарыкка, отко таазим этүүнүн, сыйынуунун жана; 7. Шона (тарак) – сулуулуктун белгиси.

Шам бул тизмеге зардушт (зороастра) дининин таасиринен улам кирип калган деп айтылат. Биз кыргыздар деле эмгиче «отко түкүрбө, күлдү тебелебе» деп айтып, жаш балдар сыркоолоп калганда ысырыктап, жана жаңы конушка көчүп кирерде от жагып же чырак коюп келе жатпайбызбы. Булар зардушт дининин, отко таазим этүүнүн белгилери да.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ислам дини Чыгыш-Батышка жайыла баштаганда адамды акыл-эстен аздырып-тоздуруп көптөгөн кылмыш иштерине себепчи болгон шарап жана отко сыйынуунун белгиси болгон шам бул тизмеден чыгарылат да «жети шиндин» ордуна «жети син» же «С» тамгасынан башталган төмөндөгү жети нерсе киргизилет:

1.Сир (сарымсак). 2. Сабза (буудайдын майсасы, көгү). 3. Санжид (жийде). 4. Себ (алма). 5. Сирко (уксус). 6. Сипанд (чөптүн бир түрү). 7. Сухон (бадамдын данеги кошулуп жасалган печенье, коржик). Нооруздун эң башкы белгиси болуп сүмөлөк (туурасы сумалак) аталат. Сүмөлөк жаңыдан өстүрүлгөн буудайдан жасалат. Аны жасоо ыкмасы төмөнкүдөй:

Ноорузга төрт-беш күн калганда табактарга 3-4 см. калыңдыкта салынган буудай суу чачылып нымдаштырып коюлат. Дан борсоё көөп, өнүп чыкканда аны соку челекте жанчышат. Жанчылган дандан сыгылып алынган шире сууга ун кошулуп казанга салынат да, кеч күүгүмдөн Нооруз таңы агарып атканча жай отто кайнатылат. Күйүп кетпеши үчүн казандын түбүнө кичирээк алмадай 3-4 же 5-6 сай ташты салып коюшат. Ошентип сүмөлөк даяр болот. Сүмөлөктүн нан сүмөлөк деген да түрү болот. Аны жасоонун да өзүнчө ыкмасы бар. Жогорудагыдай эле буудай өстүрүлүп, анын соёсу 1-1,5 см. болгондо күнгө жайылып кургатылып, кийин тегирменде тартылат. Ошол ундан кадимкидей камыр жуурулуп, даяр болгон зубалалар жука жайылып от жагылып кызытылган очоктун же тандырдын таманына коюлуп (жабылып эмес) бышырылат. Нан сүмөлөктү азыркы күндө дымдама меште (духовка) да бышырып жүрүшөт.

Мен Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кыргыз-тажик аралаш жашаган Жаңы-Шаар айылында туулуп-өскөндүктөн ал жакта Нооруз тээ союз убагында эле чоң шаан-шөкөт менен майрамдалып жүргөнүн билем. Совет доорунда Ноорузду диний майрам деп аны белгилөөгө бөгөт коюлчу. Бирок илимий чөйрөнүн өкүлдөрү Нооруз динге тиешеси жок элдик майрам экенин улам-улам айтып, ал кызыктуу таң-тамашалар менен өтчү.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эми тажик-кыргыз аралаш жашаган Жерге-Талда Нооруздун кандай майрамдалып келгенине да учкай токтоло кетейин. Жерге-Талда Ноорузду Сарысол (сар -баш, сол - жыл) – жыл башы деп да айтышат. Биз бала кезде Сарысол жакындап келатканда ата-энелери кичинекей балдарын куурчактай жасашчу. Уул балдарга сайма топу, кыз балдарга көз жоосун алган кеште (саймаланган) көйнөктөрдү кийгизишчү. Мен деле Сарысол алдында балдар менен тоо боорлорунан жер жарып чыккан байчечекей гүлдөрүн казып, алардын түбүн аппак пахтага ороп алып жакын арада көз жарган же жаңы келин кирген үйлөргө барып босогодо туруп: «Сизге байчечекей тартуу кылып келдик!» деп айтчубуз. Келиндер биздин колубуздан байчечекейди алып, бизге боёлгон жумуртка, курут, сары май ж.б. нерселерди беришчү. Тартуу кылынган байчечекей бала бөлөнчү бешиктин жалкынына же жаңы келген келиндин көкүлүнө тагылчу.

Нооруздун алдында көчөлөр, короолор, арыктар мизилдете тазаланчу. Түрдүү жемиштердин, тал-теректердин көчөттөрү отургузулчу. Сүмөлөккө камылга көрүлүп, тооктун жумурткалары бышырылып, кызыл жана жашыл боёктор менен боёлчу. Эртең Нооруз деген күнү бактарында жер очоктор казылып, казандар орнотулуп түнү бою жаз, жаштык, ашыглык, эмгек жана тынчтык ырлары ырдалып, сүмөлөк кайнатылат. Аксакалдар Сарысол күнү таң заарлап буудай салынган торболорду асынып алып жараткандан эл-журтка тынчтык, амандык, ынтымак, токчулук жана ырыс-береке тилөө менен талаага чыгып дан чачуу расмисин жасашчу.

Нооруз күнү айылдардагы жамааттык чайканалардын алдында музыка жаңырып, казандарда булоолонгон палоо басылып, эт бышырылат. Баса, каратегиндик кыргыз-тажиктерде атам заманадан бери кышкы тыныгуу учурунда ортолук чайканаларда нооват (навбат - кезек) менен арпана (сый тамак) жешет. Айылдардын чок ортосунда жайгашкан чайканалар советтик доордо айылдык клубдардын да ролун аткарып келген. Бардык оюн-зооктор, жыйындар, аш-тойлор ошол чайканаларда өтөт. Өлүк чыккан күнү жаназа намазга келген калың эл да ошол чайканалардан узатылат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эми кайрадан Ноорузга келсек, чайканаларда эртеден-кечке таң-тамаша болуп, баары кезектеше аргуч (бий) атышат. Чогулган эл түз жерге тегерете отуруп, ортодо короз уруштуруу, кочкор сүзүштүрүү, ит талаштыруу, аркан тартышуу, күрөш ж.б. оюндар өткөрүлөт. Нарыда жашыраак балдар үчүн качма топ ойнотулуп, чуркап жарышуу уюштурулчу. Нооруз күнкү чыгымдын баарын ошол мүчөл жылы туулгандар көтөрүшөт. Маселен, быйыл чыгымды Чычкан жылкылар (24 жаштан жогорку) көтөрүшөт.

Кыз-келиндер дарактардын шактарына илинген аркандарда жеңилчек атып (селкинчек тээп), домбра (тегерек урма аспап) кагып, жаз, жаштык, сулуулук, ашыглык жана эмгек ырларын ырдашчу. Ноорузга байланышкан таң-тамашалар махала-көчөлөрдө да өтүп, ал бир нече күнгө созулчу. Кара-Тегинде Нооруз күндөрү дасторконго жашоонун гүлазыгы жана тирүүлүктүн символу болгон нандын калың нан, жука нан, патыр нан, токоч нан, той нан ж.б. бир канча түрлөрү коюлат. Каратегиндик айымдар нанды абдан мыкты жасашат. Ал жакта аш-нанга ыктуу айымдарды кайвани деп ызаатташат. Кайвани (Кейбан – Сатурн планетасы) дегенде даамдуу жана солкулдаган нанды жасай билген аялзатын түшүнүшөт.

Айрым себептер менен сүйлөшпөй калгандар болсо аларды аксакалдар Нооруз күнү элдештиришет. Ал эми кимдин үйүнө кирбе, кайсы дасторкондун четине отурба, биринчи сүмөлөктөн назар кылууң (ооз тийишиң) керек. Дагы бир басым жасап айтып кетчү нерсе - Нооруз күнү арак-шарап оозго алынбайт. Түбү менен арак-шарап ичилбеген айылдар да бар.

Нооруз 1991-жылдан бери Кыргызстанда элдик майрам катары кеңири майрамдалып келет. ЮНЕСКО Ноорузду дүйнөлүк маданий мурастардын тизмесине кийирген.

Куш келипсиң, Ноорузум!

Көктөм келип түркүн гүлдөр жайнады.

Тилин безеп бакта куштар сайрады.

Баба дыйкан арык чаап, бак тигип,

Бардык жерде жандуу эмгек кайнады.

Келгин Нооруз, талаа гүлүн ача кел,

Жер бетине ырыс-кутту чача кел.

Жамгыр менен табигатты тазартып,

Көөдөндөгү кусалыкты жаза кел.

Келгин Нооруз, күттүк сени, кана кел,

Куржунуңа ырыс-кутту сала кел.

Кыргыз жерин берекеге тундуруп,

Кысыр келбей молчулукту ала кел.

Келгин Нооруз, басташууну куба кел,

Жоолошууну, касташууну тыя кел.

Кыргызыма уюткусун достуктун

Сыр кесеңе жык толтуруп куя кел.

Келгин Нооруз, күттүк сени сагына,

Жаш-карылар күтүп турат зарыга.

Кыргызстан Гүлстанга айлансын,

Ала келгин кут бокчоңду асына.

Жаратылыш кымкап тонуп жамынсын,

Кыз-келиндер чачка гүлдөр тагынсын.

Таарынычтар унутулуп, ташталып,

Көңүлдөрдө бүт капалык жазылсын.

Нооруз деген ак эмгектин ынагы,

Нооруз деген сүйүүлөрдүн убагы.

Нооруз деген данакери достуктун,

Нооруз деген ынтымактын турагы.

Нооруз марамыңыздар мубарек болсун, азиз замандаштар!

Абдил-Ахат КУРБАН уулу, саясат таануучу, этнограф

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (20)

XS
SM
MD
LG