Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

«Мурас» IT адистерин бириктиргиси келет


«Мурас» клубунун жолугушуусу.
«Мурас» клубунун жолугушуусу.

«Мурас» клубу кыргыз IT адистерин бириктирүү, тажрыйба алмашуу, кесипкөй өнүгүү, жаңы кыргыз стартап компанияларды чыгаруу, кийинки муунга жакшы таасир жана мурас калтыруу максатын көздөйт.

АКШда жашаган кыргызстандыктар жаш-кары дебей жашоосун жаңы барактан/нөлдөн баштап ар кандай чөйрөлөрдө иштеп, өз күчү менен ийгиликтерге жетишип, өз киндигин өзү кесип жашап келишет.

ITнин дараметин кеч түшүнгөнүнө карабай алар IT индустриясына тез аралашып, тез эле адаптация болуп, практикада өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтө алды десем болот.

Боордошторубуз заманбап IT кесиптеринин ээси болуп чоң-чоң ийгиликтерди жаратып жаткандары бизди кубандырбай койбойт. Алар ошол эле учурда мекендеги жана бул жактагы журтташтарга жардам берип жатканы көңүл жылытат. Ошол жардамды ар ким өзү эле эмес, баарыбыз биригип масштабдуу деңгээлде кылсак кийинки муунга таасири чоң болор деген тилек менен «Мурас» борбору түзүлгөн. Бир киши он кадам аттагыча, он киши бир кадамдан аттаганы оң.

«Мурас» клубу - бул кыргызстандыктардын АКШдагы алгачкы IT борбору. Бул клубду 2019-жылы Чикаго шаарындагы бир нече IT айым-мырзалар негиздеген. «Мурас» клубу бизнеске багытталган эмес, мында ыктыярчылар журтташтарыбызга акысыз кызмат көрсөтөт.

Клуб биринчи жылдын ичинде IT тармагында иштеген, жигердүү, креативдүү, мотивациясы күчтүү адистерди бириктире алды жана алар дагы көбөйүүдө. Андан сырткары башка штаттарда атактуу IT компанияларда иштеген боордошторубуз да клубдун иш-аракеттерин колдоп өз салымын кошуп жатышат. 2020-жылдын планынын негизинде Чикаго шаарында экинчи Кыргыз IT форуму өтмөкчү жана андан сырткары бир нече долбоорлор, идеялар ишке ашат. Учурда клубга финансылык көмөк көрсөткөн демөөрчү «PeakSoft» аттуу кыргыз стартап компаниясы болуп эсептелет.

«Мурас» клубунун негизги үч багыты бар:

1. Биригүү.

«Күч - бирдикте». Биримдик аркылуу биз чоң өзгөрүү жасай аларыбызга ишенебиз. IT тармагында иштеген боордошторубуздун «Мурас» клубуна биригип, баалуу убактысын аябай, мекендештерине кол сунуп жатканынын бирден бир себеби бул - мекенге, элине, жерине болгон сүйүү. Ошондой эле алар өзүнүн жана кийинки муундун келечегине кайдыгер карабайт. Биз өз тажрыйбабызды жаштар менен бөлүшүп, менторлук кылып, туура жол көрсөтүү менен алардын бизден өткөн мыкты IT адистери болушун каалайбыз.

Негизинен АКШда иштеп жүргөндөрдүн баарында эле өз мекенине, элине жардам берүү ниети бар. Бирок аларды жалгыз ишке ашыруу кыйын. Ошон үчүн АКШда жашаган журтташтарыбызга «Мурас» сыяктуу IT платформанын чоң пайдасы бар. «Мурас» клубу аркылуу өзүңүзгө окшогон креативдүү адистер менен таанышып, идеяларыңызды ишке ашырууда өнөктөш таба аласыз.

2. Карьердик өсүш. "Инкубатор".

Учурда IT тармагы тез өнүгүп, ошол эле учурда тез өзгөрүп жаткан тармак болуп эсептелет. Албетте өнүгүү тенденциясы ылдам болгон индустрияда атаандаштык жана суроо-талап да чоң экени шексиз. IT адиси катары өз жумушунда мыкты болуу үчүн ар бир адис билимин тереңдетип, жаңы технологияны үйрөнүп турушу зарыл.

"Карьердик өсүш" долбоорунун алкагында клубдун мүчөлөрү өздөрүнүн ар тараптуу тажырыйбалары менен бөлүшүп, ар кандай сертификаттарды алып, билимин жогорулатып турушат. «Мурас» борборунун күн тартибине ылайык түрдүү жолугушуулар, талкуулар жана менторинг сыяктуу иш-чаралар өткөрүлүп турат. Маселен айына эки жолу эки сааттык жолугушуу/талкуу болот.

Бул жолугушуу эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө баяндамачы болот. IT тармагында көрүнүктүү үлгүлүү жана башкаларды таасирленте ала турган баяндамачы чакырылат. Ал эми экинчи бөлүгү чай үстүндө баарлашуу, тажрыйба алмашуу жана жаңы технология/идеалар менен бөлүшүү менен коштолот. Ошондой эле ITнин бир багытынан экинчи багытына өтүү же кийинки тепкичке чыгуу үчүн ар кандай акысыз тренингдер сунушталат.


"Стартап" долбоору мекендештерибизге IT стартап компанияларды ачууга түрткү берүү жана көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Ар бирибиздин оюбузда жүргөн креативдүү идеялар бир күнү ишке ашып, Кыргызстанга таандык ири IT компаниялардын чыгарына терең ишенебиз. Негизинен IT тармагында өз бизнесин баштап кетүү көптөгөн кыйынчылыктарды жаратат жана тоодой мээнетти, убакытты талап кылат.

Стартап баштоодо туура команда түзүү эң маанилүү фактор. Ар бир жаңы компаниянын түптөлүшүнүн башталгыч чекити - бул команданын ишенимдүүлүгү жана креативдүүлүгү. Андан кийин идеянын мыктылыгы жана анын иш жүзүнө ашырылуусу болуп эсептелет. Бир идеянын ишке ашып, андан кийин продукцияга айлануусу көптөгөн ресурстарды талап кылат. Кандай болгон күндө да стартап ачуу бул чоң жеңиш жана тажрыйба болуп эсептелет. Ушул сыяктуу кыйынчылыктарды басып өткөн «Peaksoft» командасы өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, клуб мүчөлөрү менен кызматташууга даяр.


3. IT тармагынын маанисин Кыргызстандын бардык аймактарына жеткирүү.

Технология өнүккөн кылымда андан качып кутула албайбыз, тескерисинче, ал менен достошуп, аны туура максатта пайдалануу керек. Учурда IT кесиптери эң абройлуу жана заманбап болуп эсептелет. IT тармагына канчалык көп инвестиция кылып, көп көңүл бурсак ошончолук бат өнүгөбүз.

Азыр дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү технология индустриясынын жарышына түштү. Мектептеги эски билим берүү системасы Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзү боюнча чоң көйгөйлөрдүн бири. Өлкөбүздүн аймактарында маалыматтын тартыштыгы жаштарды аксатып жаткан кез. Ошондуктан IT тармагында ийгиликтүү иштеп жаткан ар бир кыргызстандык кийинки муундун татыктуу билим алуусуна өз салымын кошо алат деп ишенебиз. Жаштарыбыз сапаттуу билимге суусап турган кезде бардык аймактарга маалымат жеткирүү, туура жол көрсөтүү, тажрыйба алмашуу өтө маанилүү. Өлкөбүздөгү сабатсыздыкты, жумушсуздукту жана кедейликти жоюунун эң жакшы жолу - сапаттуу жана заманбап IT билим алуу деп ишенебиз.

«Мурас» клубуна IT тармагында иштеген кыргызстандыктар мүчө боло алат. Мүчө болуп биздин жаңы долбоорлор жана жаңылыктар жөнүндө маалымат алып туруу үчүн www.muras.club сайтына катталыңыз. Катталуу эң жөнөкөй, сайтыбыздагы кыска форманы толтуруп жөнөтсөңүз биз сиз менен ошол заматта байланышабыз. «Мурас» клубу жаңы ыктыярчыларга, жаңы идеяларга жана жаңы сунуштарга ар дайым ачык.

Muras Club

Дареги: 2800 S River rd, 450, Des Plaines, IL 60018

Вебсайт: www.muras.club

Email: murasclubchicago@gmail.com

Инстаграм: murasclub

Ютуб: Muras Club

Автору: Бакыт Абдишов

«Мурас» борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири.

XS
SM
MD
LG