Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

«Малайзиядагы кыргызстандыктар кара жумушта иштебейт»


Малайзиядагы кыргызстандыктар.
Малайзиядагы кыргызстандыктар.

Малайзиядагы кыргызстандыктардын абалын "Кыргызстан жана Малайзия достук коомунун" жетекчиси Айгүл Акималиева "Азаттык" радиосуна айтып берди.

- 37 миллион калкы Малайзияда коронавирус марттын башында катталган. Учурда бул өлкөдө эмгектенип, жашап жүргөн кыргызстандыктардын ичинде коронавируска чалдыккандар жок.

Айгүл Акималиева.
Айгүл Акималиева.

- Малайзияда кыргызстандыктар негизинен эмне менен алектенишет?

- Малайзиядагы кыргызстандыктардын 80 пайызы студенттер. Ал эми кара жумушка иштейм деп келген кыргызстандыктар жокко эсе десем болот. Анткени бул жакта иш берүүчүлөр өздөрүнө жакын Бангладеш, Индонезия жана Индиядан жумушчуларды алышат. Кара жумушта иштегендердин айлык акысы да төмөн. Жогорку билимдүү адистердин айлыгы албетте жакшы. Биздин кыргыздар көбүнчө IT тармагында, банктарда жана дүйнөгө таанымал компанияларда иштешет.

- Коронавируска байланыштуу Малайзия кандай чараларды көрдү?

- Малайзияда расмий эмгек визасы менен иштеген чет өлкөлүктөр атайын системага катталышат. Анда аты-жөнү, иштеген жери жана телефон номуру болот. Ошол телефон номурларыбызга СМС менен маалыматтар келип жатты. Малайзия өкмөтү ал СМСтер менен элге "сыртка чыкпагыла, үй-бүлөдөн бир гана киши дүкөнгө бара алат" деген маалыматтарды таратты.

Карантинде бир жаран үйүнөн 10 чакырым гана алыска чыкканга укуктуу болду. Биздин үй-бүлөдөн жолдошум азык-түлүк алуу үчүн чыгып жатты. Малайзияда мыйзам катуу иштейт. Элге "сыртка чыкпагыла" деген түшүндүрмө келсе, алардын баары мыйзамга баш ийип, үйүндө отурушканын байкадык.

- Пандемияда кыргызстандыктардын абалы кандай болду?

- Малайзиядагы 80дей кыргызстандык Кыргызстандын элчилигине чогулдук. Анда элчи Азимбек Бекназаров өзү чогулуш уюштуруп, кыргызстандыктардын абалын сурап билди. Ошондой эле атайын комиссия түзүлүп, өкмөттөн келген каражатка кыйналып турган 25 студентке жардам көрсөтүлдү.

Андан тышкары элчи өзүнүн атынан жана биздин коомдун атынан да көптөгөн кыргызстандык жарандарга жардам бердик. Ал эми чартердик каттам боюнча билеттин баасы кымбат болуп калды. Малайзиядан учуп кетүүгө 100 киши чогулбай калды, билеттин баасы 1400 доллардай.

Акчаны дароо берип, учуп кеткенге каражат тапкандар 20-30дай эле болгондуктан чартердик каттамдан баш тарттык. Элчилик уюштурган Куала- Лумпур-Доха-Бишкек чартердик каттамы менен 20 жаран учуп кетишкен. Ал эми Түркия менен аба каттамдары ачылгандан кийин Стамбул аркылуу 22 жараныбызды учурдук.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG