Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Бекназаров: Пандемияда ички ресурстарды пайдалана алган жокпуз


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” интервью берди.

Азимбек мырза, пандемияга байланыштуу чек аралар жабылып, бир катар өлкөлөрдөгү кыргыз жарандары мекенге келе албай жатат. Алардын ичинде Малайзияда жашап, билим алган кыргызстандыктар да бар. Азыр бул маселе чечилдиби, аларды Кыргызстанга алып келүү боюнча иштер жүрүп жатабы?

- Силер айткан маселе болгон, бирок башка өлкөлөргө салыштырмалуу Малайзиядагы абалга чыдаса болот. Биз мурда Казакстандын учагы Алматыга кетип жатканда борбордук бийлик менен сүйлөшүп, Малайзия, Таиланд, Индонезиядагы 200гө жакын жаранды салып жибергенбиз. Кийинки этапка 100дөй студент калган.

Аларды Бишкекке кетирүү үчүн чартердик каттам уюштуралы десек, ага эң аз дегенде 160 жүргүнчү керек экен, өзүбүз анча адамды топтой албай койдук. Студенттер акчаны төлөй алчудай эмес. Ошондуктан, биз борбор менен кайра сүйлөшүп, азыр Стамбул аркылуу жарандарыбызды жөнөтүп жатабыз.

Мына 8-июлда 27 адам учту. Ага чейин 20дай жараныбыз барган. Эми 15-июлда дагы 15-20 адам кетип жатат. Ошондо бизде Малайзиядагы кетем деген кыргыз жарандарынан 20дай эле калбаса, калганын мекенибизге алып барабыз. Алар Дубайга учуп, андан ары Стамбулга барып жатышат. Анан биз сүйлөшүп, Малайзиядагы мекендештерибиз үчүн атайын чартердик каттамдан квота бөлдүргөнбүз. Ушундай жол менен Кыргызстанга жеткирип жатабыз.

Сиздин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси катары Куала-Лумпурга барганыңызга төрт айдан ашык убакыт өттү окшойт...

- Алты ай болду..

- Кечиресиз, алты ай болду. Бирок Малайзиянын падышасына ишеним грамотасын тапшырып, ишке толук кандуу ушул жумада гана киришкен экенсиз. Эки өлкө ортосундагы мамилени чыңдоо боюнча кандай иш-аракеттерди кылып жатасыз?

- Создугуунун себеби - коронавируска байланыштуу бул өлкөдө да карантин болуп, падышанын кабыл алуусу токтоп калган. Июль айынан баштап гана падыша ушундай жолугушууларды өткөрүп, элчилерди кабыл ала баштады.

7-июлда ишеним грамотасын тапшырып, толук кандуу элчи катары аккредитациядан өттүм. Ага чейин дистанттык негизде бул жактагы студенттер, мекендештер менен гана иштеп турдум.

Башка жолугушуулар болгон жок. Алты айда карантинде жатып бир топ пландарды түздүк. Кудай буюрса, ошолорду ишке ашырабыз.

Негизинен, быйыл эки-үч эле маселени президент менен да сүйлөшүп макулдашканбыз. Анын алгачкысы - мурда сууп калган достук мамилени кайра чыңдоо. Экинчиси, Малайзиядан Бишкекке түз каттам уюштуруу боюнча иштейли деп жатабыз. Анткени, бул региондон Бишкекке каттам жок экен. Ушуну быйыл бүтүрүп алсак, чоң иш болот эле. Малайзиянын падышасы менен жолуккан учурда айтсам, колдоду. Эми ушунун үстүнөн иштейбиз.

- Учурда коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөдө мамиле, шарттар өзгөрүп жатат. Вирус бардык өлкөлөргө өз таасирин тийгизип, эпидемия кайсы биринде жеңил, кайсы биринде оор өтүп жатат. Сиз Малайзиядагы абал менен Кыргызстандагы аткарылып жаткан иштерди салыштырып жатсаңыз керек...

- Мен бекер жатып албай, бир жагы саясатчы болгон үчүн дүйнөдөгү абалды карап, анализдеп жаттым. Буга чейин да айттым эле, Кыргызстандагы абалды орто деп бааласак болот. Бул тумоо күчтүү, бай же жакыр деп тандабайт экен, кесепети оор эле болууда. Азыр ошол күчтүү деген мамлекеттер коронавирустун курмандыктары жагынан дүйнөлүк санакта алдыга чыгып атышат.

Мисалы, ошол эле АКШ, Бразилия, Индия же Европа мамлекеттери... Малайзиядагы абалды салыштырганда, бул жакта бийлик эли менен тыгыз иш кылат экен. Эли дагы бийликке ишенгени үчүн айтканын так аткарат экен.

Аларда мыйзам, анан бийликтин айтканы аткарылат экен. Бийлиги да элге бардык шарттарды түзүп берип жатты. Мисалы, февралдан бери миллиондогон адам жашаган Куала-Лумпур шаарында карантин учурунда адамдар көчөгө чыккан жок. Бирок коомдук транспорт, жеке автоунаа, жер алдындагы метро да бир мүнөткө токтогон жок. Ичинде бир киши түшпөсө да, иш графигине ылайык иштеп жатты. Ошондуктан, Бишкектегидей сүрмө топ болуп жүргөн адамдар жок.

Мен таң калдым. Көчөдө киши жок, бирок кыймыл токтогон жок, тазалык, жашылдандыруу жаатына көз салгандар ишин так аткарып жатты. Ушул болду айырмачылыгы. Дагы бир өзгөчөлүгү, бул жактын бийлиги пандемия башталгандан бери Саламаттык сактоо министрлигине кошумча дарыгерлерди жалдоого, жабдыктарды сатып алууга 156 миллион доллар бөлүп берди. Эч ким акчага кийлигишпейт экен. Бизде баары эле Саламаттык сактоо министрлигинин ишине кийлигишип, башаламан болуп кетпедиби...

- Мына, сиз Малайзиянын тажрыйбасын айтып жатасыз. Сиз эми элчиликке киришкениңиз менен эң ириде саясатчысыз. Кыргызстанда дал ушул акыркы коронавирус кризисинен улам президентке, өкмөткө карата аябай көп сын айтылып жатат. Пандемиянын алдын алган жок, бир катар кемчиликтерди кетирди деген пикирлер арбын. Сиздин бул жааттагы пикириңиз кандай?

- Мен деле анын баарын окуп жатам. Биздики ашыкча эле саясатташып кетти. Шайлоо жакындап калгангабы, пандемия учурунда коронавирус тумоосундай оорулуу саясатчылар пайда болду. Социалдык тармактарда да "тумоолуу пикирлер" айтылып жатат. Тоодо жылкы кайтырып жүргөндөр деле телефонду кармап алып, бийликти сөгүп атат. Ашканада отуруп алып деле бирөөдөн күнөө издеп аткандарды көрүп атабыз.

Ал эми өзүң эмне кылдың? Тумоо менен күрөш ар бир жарандын өзүнөн башталат. Тазалыкты сактап жатасыңбы, бийлик менен медиктердин айтканын аткарып жатасыңбы, көчөдө беткап тагынып атасыңбы, социалдык аралыкты сактап атасыңбы деген сыяктуу нерселерди ар бир адам өзүнөн башташ керек. Ушул эрежелерди сактабай туруп бийликти күнөөлөй берген туура эмес.

Бийлик беткап тагынба же көчөгө чыгып автобуска тыгылып түш дедиби? Ал тескерисинче, айтылган эреженин баарын аткар деп жатат. Бул жерде өкмөт менежерлик иш кылып, эл менен сүйлөшүп, иштеше гана билиш керек. Болбосо коронавирустун дарысы чыгып, аны бийлик алып келе албай жатса же дарылай албай жатса күнөөлөсөк болот эле.

Бүгүн бийликтин негизги катасы -- прогноз жүргүзө алган жок, экинчи толкун болорун билип туруп жетиштүү жасалма дем алдыруучу аппараттарды, концентраторлорду, дары-дармегин топтош коюш керек болчу. Мына Бишкекте абал чыңалганда жокко эсе болуп калды.

Мына, Боронов премьер-министр болгон соң, чет өлкөлөрдөгү бардык элчиликтерге керектүү аппарат, дары-дармектин баасын, шартын билүү боюнча тапшырма берген. Азыр аны аткарып, күн сайын отчет берип атабыз. Борбордо республикалык штаб аны изилдеп чыгып, бизге кайсы ыңгайлуу экенин аныктап, сатып алганы жатабыз.

- Бирок азыр Кыргызстанда экономиканын абалы абдан начар. Четтен каржы издеп, абалдан чыгуунун айласы көрүлүп жатат. Бирок ишти жакшы мобилизациялай алган жок, ички ресурстарды колдонуш керек болчу деген пикирлер айтылып жатат. Сиз бул көз карашка кошуласызбы?

Кыргызстанда он жылдан бери бийликтин партиясы менен мандат алган “алтын депутаттар” бар. Он жылдан бери ошол депутаттар бир үн чыгарганга жарашкан жок.

- Туура, мен дал ушул маселе боюнча республикалык штабга өз көз карашымды “силер ички ресурстарды пайдалана албай жатасыңар” деп ачык эле айттым.

Мисалы, Кыргызстанда он жылдан бери бийликтин партиясы менен мандат алган “алтын депутаттар” бар. Ошол депутаттардын экөөнүн партияга берген акчасына Кыргызстанда азыр жетишпей жаткан медициналык жабдыктарды Торугарт, Эркечтем аркылуу Кытайдан алып келсе болмок. Он жылдан бери ошол депутаттар бир үн чыгарганга жарашкан жок.

Азыркыдай эл кыйналып, мамлекет чайналып турганда биздин бай, базарком депутаттар менен иштеп, кереги тийгендей кылыш керек болчу. Алар түшүнөт, кылышат. Анткени, эртең аларды кайра эле партиясына кошуп, депутат кылып алып келишет.

Экинчиден, өлкөдөгү аттуу-баштуулар менен сүйлөшүп, “бул тумоонун дарысы жок, анын дарысы өз колубузда” дегендей түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек болчу. Ынтымакты сактайлы, бейжай болбойлу, ата-бабаларыбыз ушундай учурда биримдик менен гана жеңип келген деген саясатты, идеологияны жүргүзүш керек болчу деген сунушту айттым. Кыргызстанда ички ресурс толтура, бийлик мына ушуларды лидерлик кылып пайдаланышы керек эле.

Адам ресурсу да бар. Азыр кандай болуп атат? Мамлекеттик маалымат майданындагы каналдарга караганда бирөө телефону менен ашканасында отуруп эле талкалап салды.

- Сиз айтып жаткан сунуштар мыйзамга канчалык жооп берет? Бийликке мандат сатууну ачык эле сунуштап жаткан жоксузбу?

- Азыр шайлоо баштала элек. Мамлекет болгон соң бийлик кембагалбы, байбы, карасыбы, сарысыбы, баары менен иштеши керек. Мен деле өзгөчө абал учурунда иштегем. 2005-2010-жылдары так ушундай иштегенбиз. Айрыкча 2010-жылы автомат көтөрүп жүргөн элдин жаңжалын сүйлөшүп, түшүндүрүп, өздөрүн-өздөрү көзөмөлдөгөндөй кылып абалды жөнгө салганбыз.

Ага караганда тумоо менен күрөшүү жеңил болсо керек. Бул дүйнө жүзүнө, адамзатка келип жаткан дарт. Бай-кедей дебей ооруп, каза болуп жатат. Ушундай учурда бийлик демилгени колуна алып, керектүү тетиктер ушул жакта десе, жанагы бай адамдар үч күндө машине менен Кытайдан алып келмек. Мисалы, кычкылтек концентратору базарда 700 долларга чейин сатылып жатыптыр.

- Маегиңиз үчүн ыраазылык билдирем.

- Сиздерге да рахмат. Учурдан пайдаланып, бардык эл-журтка, маалымат каражаттарына азыркы кырдаалда жакшы нерселерди көбүрөөк ойлонуп, бөлүшүүгө чакырам. Экинчиден, мен сыйлаган замандашым Бүбүкан Досалиева өтүп кетти, улут намысына жараган Болот Шер, Элмирбек Иманалиев каза болуп калды. Алыста болуп топурак сала алган жокмун. Мына ушул адамдардын жакындарына көңүл айтып, кайрат тилейм.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG