Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 21-февраль, 2020 Бишкек убактысы 06:34

Кыргызстан

Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси кайра козголду

Кыргыз активисттери. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандагы коомдук-саясий жана мекенчил күчтөр "Референдум өткөрүү жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдашты.

24-ноябрда өткөн курултайдын чечимдеринин негизинде жазылган долбоорго жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу, мамлекеттик башкаруу формасын, депутаттарды шайлоо системасын тандоо, расмий тил институтун жоюу сыяктуу жети маселе киргизилген.

«Референдум өткөрүү боюнча» мыйзам долбоорун коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайынын аткаруу комитети иштеп чыкты. Курултайды уюштуруучулардын бири, коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун айтымында, жаңы иштелип чыккан мыйзам долбоорунда референдумду ушул жылдын 24-ноябрына белгилөө сунуш кылынган. Анда Конституциянын өзөгүн түзгөн жети маселе киргизилген. Муну менен демилгечилер башкаруу формасын так аныктоону, ага жараша бийлик башындагы адамдын жоопкерчилигин күчөтүүнү, бийлик бутактарынын Элдик курултай институтуна отчет беришин камсыз кылууну көздөп жатышат.

- Президент, Жогорку Кеңеш элден сурай турган нерсени арга жок биз сурайлы деп жатабыз, - деди Азимбек Бекназаров. - Конституциялык реформа керекпи, керек болсо бизге башкаруунун президенттик түрү керекпи же парламенттик формасы керекпи, Курултай институту бийликтин отчетун уга турган элдик институт болобу - ушуга болгон элдин көз карашын сурайбыз. Мындан сырткары «Облустар жоюлуп, райондор, айыл аймактары ирилештирилишин каалайсыңбы?» деген, башкача айтканда Конституциянын өзүн эмес, өзөктүү маселелерин кошуп, жети суроо коюп жатабыз. Мыйзамда «12 кишиден турган демилгелүү топ түзүлөт, ал мыйзам долбоорун иштеп, элге алып чыгат» деп жазылып турат. Биз ал демилгечи топту ушул жумада түзөбүз. Саясатчылардын, депутаттардын пикирин уккандан кийин Юстиция министрлигине мыйзам долбоорун тапшырабыз, андан күбөлүк алгандан кийин кол топтой баштайбыз. Бизге 10 миң шайлоочунун колу керек. Андан кийин референдум дайындоо боюнча парламентке тапшырылат. Андагы суроолорду дагы талкуулайбыз.

Азимбек Бекназаров: Жети суроо коюп жатабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

Референдумга чыга турган жети суроонун бири - расмий тил институтун жоюу жөнүндө сунуш. Кыргызстанда орус тили расмий статуска ээ. Көп иш кагаздары орусча даярдалганы, шаар жерлеринде тейлөө орусча жүрүп жатканы коомчулук арасында нааразы пикирлерди жаратып жүрөт. Азимбек Бекназаров өлкөдө бардык иш-чаралар, иш кагаздары мамлекеттик тилге өтүп, орус тили эл аралык тилдердин макамы катары кирип, англис тили менен бирге бала бакчадан тартып окутулушу зарыл деп эсептейт.

Жыйынга саясатчылар жана коомдук ишмерлер Азимбек Бекназаров, Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матубраимов, Курманбек Осмонов, Мукар Чолпонбаев, Турсунбек Акун, Ишенбай Кадырбеков, Кенжебек Бокоев, Досбол Нур уулу жана башкалар катышты.

Жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн 24-ноябрда өткөрүлгөн, «Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» деп аталган курултайында коюлган негизги талаптардын бири болгон. Анда бийликтин аракети 7-апрелге чейин башталбаса, элдик демилге катары кол топтоло баштала тургандыгы айтылган. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков жыл соңунда Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган жыйында бул боюнча суроолорго «Конституция азырынча өзгөртүүгө муктаж эмес» деген жообун берген:

- Учурда Конституцияны, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү, курултай институтун киргизүү жөнүндө талаптар коюлууда. Конституция 25 жыл ичинде 10 жолу өзгөртүлдү. «2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн» деп добуш берилген, бирок ага карабай, аны бузуу менен 2016-жылы дагы бир жолу өзгөртүлдү. Ошондуктан элдин эркин сыйлоо менен 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө муктаждык жок деп эсептейм. Кеп Баш мыйзамда эмес, мыйзамдарды сыйлоодо. Учурда экономиканы өнүктүрүү, коррупцияга каршы күрөшүү деген курч маселелер турат.

2010-жылы кабыл алынган Конституцияда аны «2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт» деген жобо жазылган. Бул бийлик башына келгендер өз ыңгайына жараша Баш мыйзамды өзгөртө бербесин деген таризде киргизилген. Ошого карабай Кыргызстандын Баш мыйзамы акыркы жолу 2016-жылдын декабрь айында өзгөртүлгөн. Анда өкмөттүн ыйгарым укуктары күчөтүлүп, ал кездеги бийлик «Конституциянын мурдагы редакциясындагы айрым «миналар» жоюлду» деп жүйө келтирген эле.

Коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков Конституциядагы карама-каршы маселелерди оңдоп-түзөө жетиштүү деп эсептейт. Ал референдум өткөрүү боюнча демилгени шашылыш жана опурталдуу деп баалап жатат.

- Эл өзүнүн оюн 2010-жылы айтты, - деп түшүндүрдү ал. - Биз «парламенттик мамлекетти каалайбыз» деп, ошонун негизинде Конституцияны кабыл алдык. Андан бери тарыхый жактан алганда аз эле убакыт өттү. Азыр Баш мыйзамды өзгөрткөнгө бир да негиз жок. Бизде Акаев, Бакиев баштап койду, азыр курултай да ошонун жолу менен кетип жатат. Бир-эки маселе чыгып калса эле «Конституцияны өзгөртүш керек» деген өнөкөт болуп калды. Муну токтотуш керек. Экинчиден, референдумда элге бир гана: «Макулсуңбу, макул эмессиңби?» деген суроо берилет. Бул жерде, болгондо да ар кандай вариацияда, бири-бири менен байланышпаган жети суроо берилип жатат. Алардын ар бири референдум өткөрсө боло турган маселелер. Ошонун баарын кошуп салган.

Кадырбеков курултай институтунун орду, ролу азырынча тактала элек экенин айтып, эгерде ал элдин өкүлү болсо анын делегаттарын эл шайлашы зарыл экендигин белгилеп жатат. Ошол эле учурда ал расмий тилдин макамын жоюп салуу менен маселе чечилбейт деп эсептейт.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бокоев элдик референдум аркылуу өлкөнү башкаруу формасын аныктап алууну колдойт. Бирок ал бардык бийлик бутактары бир чечимге келген шартта гана референдум өткөрсө болот деген ойдо.

- Эгер президент, Жогорку Кеңеш бир чечимге келсек, акылдашып туруп 2020-жылга чейин Конституциялык кеңешме түзсөк, чек алынгандан кийин ошондо референдумга чыгарса болот. Шашпаш керек, балким андан да көп убакыт өтүшү мүмкүн. Анда элдин тандоосуна Конституциянын долбоорунун эки вариантын чыгарышыбыз керек. «Кайсы системаны тандайсың?» деген жөн эле суроо эмес, эл аныктап алышы керек. Буга чейин болгон бардык референдумдарда эл «макул» же «каршы» деп гана добуш берип келген. Мында жөн эле добуш бербей, тандаш керек, - деди депутат.

25 жылда Кыргызстандын 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамы 11 жолу өзгөртүүлдү. Ошого карабай азыркы Конституция төгөрөгү төп келген документ эмес экенин айтып, аны өзгөртүү боюнча демилге көтөргөндөр ар бир бийликтин тушунда чыкты. Көп учурда бийлик өзүнө ылайыктуу Баш мыйзамды кабыл алып келатканы сынга алынууда.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Жаңылыктардын толук тизмеси

Атамбаевдин саламаттыгы саясатташтыбы?

Алмазбек Атамбаев.

Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын кан басымы төмөн болуп жатканын билдирип, ага дарыланууга мүмкүнчүлүк берилиши керек экенин айтышууда. 20-февралда Бишкек шаардык соту Атамбаевди тергөө абагында калтырды.

Атайын кызматтын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге адвокат Замир Жоошев акыркы жолу 18-февралда жолугуп чыккан. Анда Атамбаев кан басымы төмөндөп кеткенин айтып даттанган. Адвокат белгилегендей, кан басымдын төмөндөшүнүн кесепети инсультка, инфарктка алып келиши мүмкүн.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«Ден соолугу начар. Азыркы курагында кан басымынын деңгээли 110/70 болушу керек экен. Азыркы күндө 83/60 болуп жатат. Дарыгерлердин айтымында, мындай абал инсультка, инфарктка алып келиши мүмкүн. Абакта бир күн бою Атамбаевдин кан басымын текшеришиптир. Ошондо эң төмөнү 76/60 көрсөткөн экен. Биз ошол бир күндүк мониторингдин жыйынтыгын сурап, расмий кайрылсак, бербей коюшту».

Жактоочу Жоошев Атамбаев тезинен дарыгерлердин толук текшерүүсүнөн өтүп, дарыланууга шарт түзүлүшү керек экенин кошумчалады. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Атамбаевдин абалы туруктуу жана дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин маалымдады.

Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери 20-февралда Атамбаевдин ден соолугун көрүп чыгышты. Мурдагы президент кан басымы азайып, эртең менен башы ооруп жатканын айткан.

Ал эми акыйкатчы Токон Мамытов анын аппаратынын кызматкерлери Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу абакка кирип чыгуу боюнча иштеп жатканын билдирди:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

«Балдар иштеп жатышат. Алар мага келип баяндама бергенде гана маалымат айта алам. Эртеден бери балдар ошол маселе боюнча иштеп жатышат».

Атамбаевдин саламаттыгы начарлап кеткени тууралуу кабар сотто анын бөгөт чарасы каралып жаткан учурда тарады.

20-февралда Бишкек шаардык соту Атамбаевди тергөө абагында калтырды. Январда Биринчи май райондук соту мурдагы президенттин камактагы мөөнөтүн 15-мартка чейин узарткан болчу.

Бардык соттук отурумдар жабык өтүп жатат. Сотто Атамбаевдин адвокаттары менен айыптоочулар мурдагы президенттин кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча өз жүйөлөрүн келтиришти.

Жоошевдин айтымында, 20-февралдагы соттук отурумда прокурор "Экс-президенттин макамы жөнүндөгү" мыйзам өзгөртүлүп, тийиштүү шарт түзүлгөндөн кийин гана Атамбаев кармалганын билдирген.

Бирок Жоошев Жазык-процессуалдык кодекстин 474-беренесинде «өз ишмердүүлүгүн токтоткон президент камакка алынбайт» деген жобо жокко чыгарылбаганын жүйө келтирди.

Мындан сырткары адвокат буга чейин Интернетке чыгып кеткен «Батукаев Жаныш Бакиевге алмашылмак» деген документ тергөөнүн материалдарында далил катары тиркелгенин тастыктады.

«Шектүүлөргө «Коррупция» деген айып коюлуп жатат. Бирок коррупцияга далилдер жок. Иште «Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштырыш үчүн атайын операция жүргүзүлгөн» дегендей версияны бекемдеген далилдер жыйналган. Бирок атайын операция жүргүзгөн деген айыптоо жок. Коррупция болгон деп туруп ага атайын операцияны далил кылып атышат. Чогултулган далилдер менен коюлган айып эки башка болуп жатат».

Бирок жактоочу Атамбаевдин Батукаев боюнча эч кандай көрсөтмө бере элек экенин кошумчалады.​

Буга чейин Интернетте мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун көрсөтмөсү деген документ тарап, анда «Батукаевди Жаныш Бакиевге алмашуу» операциясы жөнүндө айтылган. Саясатчы Феликс Кулов «алмашуу» деп айтылган версия чындыкка дал келбейт деп эсептейт. Кулов кылмыш ишинде кайсы бир шектүүнүн көрсөтмөсүн далил материал кылып көрсөтүү туура эмес экенин айтты:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Бул реалдуу эмес. Биринчиден? бул операцияны ким аткарат? УКМКнын мындай атайын операция жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Эч кандай келишим жок. Эмнеге Курманбек Бакиев эмес, Жаныш Бакиев? Бакиевдер Минскиде жашашат. Мындай атайын операция эч качан болбойт».

Анткен менен айтылып жаткан версияга кошулгандар да бар. Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, бул версияны таптакыр жокко чыгарып салууга болбойт. Иштин материалына тиркелгенден кийин соттук териштирүү кылдат жүрүшү керек.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Ошол кезде «алмашуу боюнча сөздөр бар экен» деп имиштер тараган. Азыр укук коргоо органдары ага баа беребиз десе, баарын сурашы керек. Аны Атамбаев жалгыз жасаган эмес да. Жөн эле бир сөз менен далил кылуу болбойт. Күбөлөр «алмашууга аракет кылганбыз» деп так далилдерди келтирсе ишенсе болот», - деди ал.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов ошол кездеги бийликтин «алмашуу» атайын операция планы чын болсо эл аралык чоң чатакка айланмак деген ойдо. Бирок ал ошондой «соодалашууну» ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин белгилеп, Батукаевди бошотууда "Атамбаевдин жеке кызыкчылыгы болгон" деп эсептей турганын билдирди:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

«Атамбаевдердин башка максаты болгон. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» дейт, анын максаты акыры билинет. Батукаев чыгып кеткенде эле айтып чыкканбыз. Башка мамлекеттик органдардын кандай максаты бар эле? Алар деле жоопкерчиликтен коркот. Биринчи киши «жасай бергиле, мен жооп берем» деп айтып койгон».

Тергөөдөгү жашыруун деген материалдар боюнча Ички иштер министрлиги комментарий бере албай турганын билдирген болчу. Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганы боюнча 18-февралда караган сотто мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү катышкан эмес. Анткени башында сотко катышуудан Атамбаев өзү баш тарткан болсо, кийинчерээк Биринчи май райондук сотунун судьясы анын сот отурумуна катышуусуна тыюу салган. Акыркы сот отурумдарында Батукаевди абактан чыгаруу боюнча 2013-жылдагы эксперттик комиссиянын курамындагы дарыгерлер көрсөтмө берип жатышат.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Шайлоо босогосуна чекит коюлдубу?

Шайлоо босогосуна чекит коюлдубу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:37 0:00

Жээнбеков жети пайыздык босогого ыктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жаткан учур. 20-февраль, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда саясий партиялардын парламентке өтүү босого чеги жети пайыз болушу керек экенин ишарат кылды.

Ал тогуз пайызга саясий күчтөр даяр эмес экенин, ал эми беш, үч пайызды саясатчылар өз кызыкчылыктарына колдонуп кетерин айтты. Муну менен саясий чөйрөдө акыркы кезде эң көп талкууланган темага чекит коюлгандай болду. Деген менен байкоочулар шайлоодогу мындан башка да негизги маселелер чечилбей жатканын эскертишүүдө.

Президент өз позициясын ачыкка чыгарды

Президент Сооронбай Жээнбеков партиялардын Жогорку Кеңешке өтүүчү босого пайызы боюнча пикирин биринчи жолу ачык билдирди. Ал буга чейин ушул маселеде оюн айтуудан карманып келген. Өлкө башчы 20-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, күзүндө өтчү парламенттик шайлоого токтолду:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Азыр тогуз пайыз, жети пайыз, беш, жада калса үч пайыз деген да пикирлер айтылууда. Тогуз пайызды сунуш кылып, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги жүйө - партияларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок буга саясий күчтөр даярбы? Маселе ушунда болуп турат. Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес. Жашырганда эмне, элде «Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» деген сөз бар. Бизде ар бир саясатчы өзүн лидер деп эсептейт. Жети пайыз - бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол. Беш жана үч пайызды айткандар, «жаштарга мүмкүнчүлүк берели» деген, элдин кулагына жага турган жүйөлөрдү айтууда. Бирок чынында жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат десек жаңылышпайбыз».

Шайлоо босогосуна байланыштуу депутаттык топтор иштеп чыккан мыйзам долбоорлору коомдук талкууда турат. Беш депутат сунуш кылган документте чекти беш пайызга түшүрүү каралган. Ал эми ар кайсы фракциядан топтолгон 21 депутат босого пайызды жети деп белгилөөнү сунуш кылды.

Парламентке өтүү чегин беш пайызга чейин төмөндөтүүнү шарттаган мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Жанарбек Акаев президенттин шайлоо босогосу боюнча сөзүн төмөнкүдөй чечмеледи:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Биз, мисалы, пайызды бешке түшүрүш керек деп сунуш бергенбиз. Башка саясатчылар жети пайыз деп жатышат. Азыр болсо босого чек тогуз пайыз. Бирок кыргызда «Төө сурасаң бээ берет» деп коёт. Мен президенттин сөзүнөн ал жети пайызга макул экенин түшүндүм. Бул саясий, стратегиялык жана парламентаризмди бекемдөө жагынан да туура кадам».

Буга чейин жарандык коом, «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Ак Шумкар», «Улуттар биримдиги» партияларынын өкүлдөрү парламентке өтүү чегин төмөндөтүү боюнча бир нече жыйындарды өткөргөн.

Тогуз пайыздык босого менен парламентке административдик жана финансылык ресурска ээ болгон тараптар гана келип, жалпы коомчулуктун пикири эске алынбай калат деген ойлор айтылган. Бул келечекте саясий туруктуулукка кедергесин тийгизип, азыркы бийликке коркунуч туудурары сөз болгон.

«Негизги маселе чечиле элек»

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков пайыздык чек алдыдагы парламенттик шайлоонун чечилбей жаткан негизги маселеси эмес деп эсептейт.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Кеп жети же тогуз пайызда эмес, - деди ал. - Маселенин баары депутаттарды ким шайлайт деген суроодо турат. Анткени элди шайлоо укугунан ажыратып коюшту. Баш мыйзамда «эл ыйгарым укугун Жогорку Кеңештин депутатына берет» деп турат. Ал эми шайлоо мыйзамында «эл партияга добуш берет» деп жазылган. Демек, ким депутат болорун эл эмес, партия лидерлери чечип калды. Партияда ким канчанчы орунга жазыларын акча аныктайт. Элдин колуна депутаттарды шайлоо укугун бермейинче жети же тогуз пайыздын мааниси жок».

Жогорку Кеңешке улам кийинки чакырылыш шайланган сайын парламентке өтүүнүн босого чеги да көтөрүлүп баратат. 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети болуп өзгөртүлгөн. Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жетиден тогуз пайызга көтөргөн мыйзамды 2017-жылы кабыл алган жана ал быйыл жыл башында күчүнө кирди.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 1 630 122 адам добуш берген. Талдоочулар бул жолку парламенттик шайлоодо деле добуш берүүчүлөрдүн саны олуттуу өзгөрбөй турганын айтышууда. Эгерде чек жети пайызга түшсө партиялар Жогорку Кеңешке келүү үчүн кеминде 120 миң добуш алышы керек.​

Бийликтин убадасы менен убарасы

Быйыл 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо - Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин өтчү биринчи чоң шайлоо. Өлкө башчы анын эрежелери аныкталып, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынганын айтып, бийлик шайлоону таза өткөрөрүнө убада берди:

«Мен бардык партияларга карата бирдей мамиледе болом. Өзүнүн аты айтып тургандай, партия деген - жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен кайсы бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылыш үчүн шайланып келгем. Жалпы элге кызмат кылуудамын. Шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын».

Президент 12-апрелде өтчү жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында шаарларда элди жапырт каттоо болуп, ага сын-доомат айтылып жаткан учурда ушундай убада берди.

Маселен, шайлоо өтчү Ош шаарында ушул жылдын январь айынан 13-февралга чейин 35 895, Токмок шаарында 6745 жана Каракол шаарында 3159 киши каттоого турду. Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков жергиликтүү кеңештерге шайлоо, парламенттик шайлоо кандай өтөөрүн аныктайт деген пикирде.

Алмазбек Батырбеков.
Алмазбек Батырбеков.

«Бийлик жергиликтүү кеңештерге шайлоону болушунча ачык-айкын, таза өткөрүшү керек. Азыр беш шаарда болчу шайлоодо кетирилген мүчүлүштүктөр парламенттик шайлоонун алдында жаралчу маселе болуп калбашы керек», - деди Батырбеков.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча өлкөдө беш жыл сайын Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Азыркы, алтынчы чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өтүп, КСДП фракциясына 38 мандат, «Республика - Ата Журтка» 28, «Кыргызстанга» 18, «Өнүгүү-Прогресске» 13, «Бир Болго» 12 жана «Ата Мекенге» 11 орун тийген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Искусстводо айтылбаган ыш көйгөйү

Искусстводо айтылбаган ыш көйгөйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00

Мугалимдин эсинде калган Бадахшан

Комсомолдун Мургаб райкомунун экинчи катчысы болуп иштеп жүргөн кезде жаштардын өздүк-көркөм чыгармачылык фестивалында Жаңыл Мырзанын ролун аткарган Жамал Жарылдаева жана партиянын райкомунун бөлүм башчысы, ысык-көлдүк Бугубай Ибраев. 1957-жыл.

Элүүнчү жылдардан кийин көптөгөн кыргызстандык мугалимдер Тажикстандагы кыргыздар жашаган Жерге-Тал, Тоолуу Бадахшан Автоном облусундагы климаты өтө катаал Мургаб райондоруна өз ыктыярлары менен барып, ал жактагы улутташтардын улан-кыздарына билим бере баштаганы - өзүнчө бир унутулгус тарых.

Тажикстандын бийик тоолуу бул аймагында жогорку билимдүү мугалимдер жок болгондуктан, кыргызстандык мугалимдер келгенден кийин мектептердин окуу-тарбия иштери абдан жанданган.

Ошол мугалимдердин бири – 1954-жылы Ысык-Көлдөн Мургаб районуна барып бир нече жыл иштеп келген 80 жаштагы Жамал Жарылдаеванын жакында жарык көргөн «Эсте калган Мургаб, Тоолуу Бадахшан» деп аталган китепчесин окугандан кийин, убагында ушундай баалуу иш кылган кыргызстандык башка мугалимдерди да урмат менен эскерип, окурмандардын назарына жеткирип коюуну ылайык көрдүм.

Түштүккө барып мугалим болуп иштөөнү чечкен жаш адис Жамал Жарылдаева 1954-жылы поездде келатып, бир тууган эжеси менен институтта чогуу окуган көлдүк Ишен Бегалиев жана жолдошу Салыйкан менен таанышып калат. Көрсө, сапарлаштары Памирдин Мургаб деген жеринде иштеп жүрүшкөн экен. Туулган жерге эс алууга келип, кайра ошол тарапка баратышыптыр. Жубайлар Жамалдын Фрунзе районуна барып мугалим болуп иштей турган максатын билгенден кийин: «Биз менен эле Тажикстанга жүргүн» дешет. Жамал ары ойлонуп, бери ойлонуп, Ошко жакындаганда: «Мейли, силер менен эле чогуу кетейин» дейт да, көрбөгөн-билбеген Памирди көздөй сапар алат.

«Мургаб райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген жаш жигит да бизге сапарлаш болуп калды, - деп жазат ал эскерүү китепчесинде. - Жолдо баратып ошол жигит Мургаб жөнүндө сонун нерселерди сүйлөп, бак-шактуу, гүлзарлуу жерди көз алдыма элестетип жатты. Мен анын айткандарына ишенип, ичимден кубанып келаттым. Жолдо мурдум канап, аба жетишпегендей башым айланат, демим кыстыгат. Эмнеге мындай десем, улам бийиктеген жолдо түтөк кармаган экен. Чыйырчык, Талдык, асман мелжиген Кызыл-Арт дабандарын аштык. Узак жол жүргөндөн кийин Мургабга жетип келдик. Ай жарык. Машинеден түшсөм, айлана бопбоз эле болуп көрүндү. Ага анча деле маани бербей, «биз түшкөн үй ушундай жерде болсо керек» деп ойлоп койдум.

Жанагы жаш жигит: «Көрүшкөнчө!» деген бойдон бизден бөлүнүп кетти. Таң атканда сыртка чыксам, баягы жигит айткандын бири да жок. Тегерете тоо кыркалары курчалган, шамал ышкырып боз топурак учуруп турган, бир да дарагы жок жылаңач жер экен. Көрсө, ал жигит мага тамашалап айткан экен, фантазияларын. Эртеси Ишен аба районго ээрчитип барып, балдар үйүнө тарбиячы, орто мектепке бир аз саат менен мугалим кылып, убактылуу орундаштырды.

Памирге баргандын экинчи жылы эле комсомолдун райкомунун экинчи катчылыгына шайландым. Биринчи катчы баягы биз менен чогуу келген жаш жигит Шаршенбай Садабаев, ал да көлдүк экен. Экинчи катчылык кызматымды жигердүүлүк менен аткарып жүрдүм. Иштермандыгымды жогору баалашып, чек арачылар отряды жайгашкан Эгиз-Кыштак деген жерден депутаттыкка да көрсөтүштү. Жазмыштан өмүр канча берилсе ошончо убакыт бою өзүмдүн туулган жеримдей болуп калган, топурагы тозуган Мургабдан, Тоолуу Бадахшандан кабар алып тургум келет…»

Райкеңештин депутаттары (солдон оңго карай) Жамал Жарылдаева, Мургаб райаткомунун төрагасынын орун басары жана райгезитинин редактору.
Райкеңештин депутаттары (солдон оңго карай) Жамал Жарылдаева, Мургаб райаткомунун төрагасынын орун басары жана райгезитинин редактору.

Мектептерде, кыз-келиндер педагогикалык институтунда ж.б. окуу жайларында үзүрлүү эмгектенген эл агартуунун мыктысы, 18 жашында Памирдин катаал шартында жашаган кыргыздардын балдарына бир нече жыл билим берип келген 80 жаштагы ардагер мугалим Жамал Жарылдаева Мургабда өткөргөн күндөрүн ушу кезге чейин унутпай жүргөнүн ушинтип эскериптир чыгарган китепчесинде. «Бир жолу туз татыган жерге миң жолу салам айт» деген ушул.

Ырас, Тажикстандын кыргыздар жашаган райондоруна барып мугалим эле эмес, башка кызматтарда да иштеп, кези келгенде өз мекендерине кайтып келишкени да, ошол жакта биротоло жашап калышканы да болгон.

Чүй районунда туулуп-өскөн Чоко Сасыкулов - Жерге-Талга 1940-жылы келип, кыргыз балдарынын сабатсыздыгын жоюуга өзгөчө салым кошкон инсандардын бири. Көп жылдар бою мугалим, мектеп директору болуп иштеген. Жергиликтүү элдин урмат-сыйына арзып жүрүп каза болгондон кийин сөөгү ошол жерге коюлган. Бир тууган иниси Касым Жумакеев да мугалим болгон. Анын кызы Сайрагүл Сасыкулова тажик жигитине баш кошуп, атасындай мугалимдик кылып, биротоло отурукташып калган.

Тажикстандын эл агартуусунун мыктысы, химия жана биология мугалими Эмил Сарыбаев Жерге-Талга жубайы менен 1957-жылы келип, 30 жылдан ашуун мугалимдик кылган. Аялы Каусар Сарыбаева болсо саясий жаңжал чыкканга чейин райондун аткаруу комитетинде бөлүм башчы кызматын аркалаган. Эмил Сарыбаев деле ошол жакта дүйнөдөн өтүп, сөөгү ошол жерге коюлган.

Кыргыз милициясынын генералы Тилек Асаналиевдин атасы да ошо элүүнчү жылдары Жерге-Талга үй-бүлөсү менен барып, улан-кыздарга таалим-тарбия берген. Генерал Тилек Асаналиев ошол жерде төрөлгөнү үчүн жергеталдыктар аны «биздин генерал уулубуз» деп сыймыктанып жүрүшөт.

Тажикстандык кыргыздардын уул-кыздарын Кыргызстанга алып келип жогорку билим берүү жаатында атактуу диалектолог, маркум Жээнбай Муканбаевдин салымы да баа жеткис. Ал 1951-жылы Каратегин өрөөнүнө барып, ошол аймактагы мектептерге мугалимдерди даярдоочу курстарды уюштуруучулардын бири болгон жана билим алууга жөндөмдүү жаштарды Кыргыз мамлекеттик университетинин филология ж.б.факультеттерине жеңилдетилген сыноо менен кабыл алдырып, аларга өзүнүн бир тууганындай кам көргөн. Кыргыздардын салт-санаасы, оозеки чыгармачылыгы, тилинин диалекттик өзгөчөлүктөрү тууралуу бир нече этнографиялык очерктерди, илимий-изилдөөлөрдүн топтомдорун жазып, жарыкка чыгарган.

Айтор, буга дагы көптөгөн мисалдарды келтирсе болот.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Оштогу эл менен ишкананын жер талашы

Озгур айылынын тургундары. 16-февраль, 2020-жыл.

Оштун Озгур айылынын тургундары жеке колго өтүп кеткен үлүш жерин кайрып ала албай соттошуп келе жатышат. Учурда жерге ээлик кылып турган «Түштүксуукурулуш» акционердик коому «жерди басып алууга аракет кылып жатышат» деп айыл тургундарына кине коюуда.

Ош шаарынын Озгур айылынын тургундары ушул жылдын 16-февралында талашка түшкөн жер маселесин чечип берүүнү жергиликтүү бийликтен талап кылып чыгышты.

2016-жылдан бери «Түштүксуукурулуш» акционердик коому жана Озгур айылынын тургундары Кара-Суу району менен Ош шаарынын чектешкен аймагындагы 80 гектар жер кайсы тарапка тиешелүү экенин чече албай келатышат. «Озгур» айыл чарба бирикмесинин жетекчиси Эмилбек Эргешов талаштуу жердин таржымалын мындайча түшүндүрдү:

Эмилбек Эргешов.
Эмилбек Эргешов.

«Бул аймак - 1993-жылы азыркы Жапалак айыл өкмөтү «Кеңеш» акционердик коому болуп турганда жер жана агрардык реформанын негизинде Озгур айылынын тургундарына тийген кайракы, айдоо жана чөп чабынды жер. Ушул жерибизди ошол жылдан бери максаттуу пайдаланып, жер салыгын төлөп келе жатабыз. Бүгүнкү күндө «Кыргызгипрозем» мамлекеттик долбоорлоо институтунун базасында айыл чарба багытындагы жер катары көрүнүп турат. 2016-жылы Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармалыгы элдин үлүш жеринен 126 гектар жана 80 гектар жерге эки мамлекеттик акт берген. 126 гектар жерге берилген мамлекеттик актыны эки жыл мурда Жогорку сот жокко чыгарган. Калган 80 гектар жердин талашы ушу күнгө чейин сотто каралып бүтпөй жатат».

Озгур айылынын тургуну Жусуп Бөрүбаев талашка түшкөн аймакта үлүш жери бар экенин, аны көп жылдан бери пайдаланып, жер салыгын төлөп жатканын билдирди:

«Бул жерде менин да пайдаланып жаткан жерим бар. Озгурда төрт миңден ашуун эл жашайбыз. Сугат жерден 0,02 сотыхтан, кайрак жерден 0,04 сотыхтан жер тийген. Бул аз келгенсип эми жерибизди тартып алып, айдоо жерге үй салып жатышат. Биз буга нааразы болуп чыктык».

«Түштүксуукурулуш» ишканасынын өкүлү Нурмухаммед Ибрагимов «мекеменин менчигиндеги 80 гектардан ашуун жерди Озгур айылынын тургундары мыйзамсыз басып алууга аракеттенип жатат» деп билдирди. Анын айтымында, талашка түшкөн жерди териштириш үчүн курамында Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Кыргызгипрозем» мамлекеттик долбоорлоо институтунун, Кадастр жана кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлүп, эки ай иликтеп, аталган жер Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашканын аныктаган.

«Түштүксуукурулуш» ишканасынын өкүлү Нурмухаммед Ибрагимов жерге болгон менчик укугун тастыктаган тийиштүү документтер бар экенин кошумчалады:

Нурмухаммед Ибрагимов.
Нурмухаммед Ибрагимов.

«1980-жылы «Түштүксуукурулуш» ишканасына мурдагы Калинин колхозунун (Азыркы Шарк айыл өкмөтү) 2290 жумушчуларынын жалпы жыйынында 87 гектар жер бөлүнүп берилген. Ал чечимди Кара-Суу эл депутаттарынын аткаруу комитети, Ош облустук аткаруу комитети бекиткен. Бул токтомдор бүгүнкү күнгө чейин күчүндө, аны эч ким жокко чыгарган эмес. Ошонун негизинде Кара-Суу мамкаттоо башкармалыгы бизге мамлекеттик акт берген. Кара-Суу райондук соту сегиз ай иликтеп, биздин пайдабызга чечим чыгарып берди».

Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармалыгынын юристи Сапар Арапбаев Ош облустук эл депутаттарынын Кара-Суу райондук кеңешинин аткаруу комитетинин 1980-жылдын 25-сентябарындагы №435 чечиминин негизинде 80 гектар жер «Түштүксуукурулуш» акционердик коомунун жеке менчиги катары мамлекеттик каттоого алынып, өндүрүштүк жана турак жай багытында жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт 2016-жылдын 5-декабрында берилгендигин билдирди:

«Бизге «Түштүксуукурулуш» акционердик коому Кара-Суу райондук кеңешинин аткаруу комитетинин 1980-жылдагы чечими, эл депутаттарынын Ош облустук кеңешинин 13-ноябарь 1980-жылдагы №549 чечими, Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин 13-август 1980-жылдагы №342-Р буйругунун негизинде жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт даярдалып, каттоодон өткөрүү боюнча арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде тийиштүү иштер жүргүзүлүп, каттоодон өткөрүлдү».

Талашка түшкөн аймак.
Талашка түшкөн аймак.

«Озгур» айыл чарба бирикмесинин жетекчиси Эмилбек Эргешов Ош облустук эл депутаттарынын Кара-Суу райондук кеңешинин аткаруу комитетинин 1980-жылдын 25-сентябрындагы №435 чечими күчүн жоготту деп эсептейт. Ал бул маселени учурда сот териштирип жатканын айтты. Эмилбек Эргешовдун айтымында, Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы талашка түшкөн 80 гектар жерди 2000-жылдан бери Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын карамагында тургандыгын билдирген.

«1980-жылда чыккан токтом эч жерде катталбаптыр. Кыргыз ССРинин 1971-жылкы Жер кодексинин 23, 24-беренесинин негизинде аталган жерге укук таануучу документ алынып, укук каттоочу мекемеге катталышы керек болчу. 1991-жылкы жер реформасы күчүнө киргенде укук таануучу документтерди каттоого уруксат берилген. Ошондо да катталган эмес. Совет мезгилинде иштеткенби же жокпу, биз билбейбиз. Бирок Кыргызстан эгемендик алгандан кийин бир жолу да басып келбей, бул жерди иштеткен эмес. Жердин салыгын төлөгөн эмес. Бул соттук териштирүүнүн кагаздарында көрүнүп турат. «Түштүксуукурулуш» ишканасына Кара-Суу мамкаттоосу курулуш багытында мамлекеттик акт берген. Ал жер айыл чарба багытында турат», - деди ал.

Депутат Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңеште талаштуу жер маселесин көтөрүп, Жогорку соттун төрайымына, башкы прокурорго кат жазганын билдирди:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«20 жылдан ашуун убакыттан бери эл бул жердин салыгын төлөп иштетип келе жатат. Анан эле төрт адамдын кызыкчылыгы үчүн бул жерди майдалап бөлүп сата башташканы туура эмес. Элдин кызыкчылыгы жогору турушу керек. Бир эле соттун чечими менен жеке адамдарга өтүп кетиши туура эмес. Мен деле таң калып турам, «кантип эле соттор ушундай чечимдерди чыгарып жатышат» деп. Керек болсо соттордун жоопкерчилигин да караш керек. Мындай боло берсе элде нааразылык күчөйт».

Ошто «Түштүксуукурулуш» акционердик коому менен Озгур айылынын тургундарынын жер талашы боюнча соттук териштирүү 2017-жылдын февраль айында башталган. Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов бул иш аягына чыга элек экенин, келерки соттук отурум ушул жылдын 25-февралына белгиленгенин билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Маалымат жетпеген жерде дарт көбөйөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы жылдары Кыргызстанда сарык, кургак учук, адамдын иммундук таңсыктыгы, альвеококкоз, эхинококкоз деген жугуштуу ооруларды жуктуруп алып, ден соолугунан ажырагандардын саны көбөйүп жатат.

Буга эмне себеп? Эл арасында өз ден соолугу үчүн кам көрүп, медициналык гигиеналык талаптарды аткаруу жоопкерчилигинин жоктугубу же саламаттык сактоо тармагынын элге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүн натыйжасыбы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Улуттук фтизиатрия борборунун терапиялык клиникасынын жетектөөчү илимий кызматкери, медицина илимдеринин доктору Атыркүл Токтогонова, Cаламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетектөөчү адиси Султан Суранбаев жана жарандык активист Нургазы Батырбеков катышты.

«Азаттык»: Мен алгачкы суроону Нургазы мырзага берейин деп турам, себеби Нургазы сарык жугузуп алып, ал оору менен өмүр бою күрөшө турган жарандардын башын кошкон жарандык активист болууга мажбур болду. Нургазы мырза, сиз сарыкты кайдан, кантип жугузуп алдыңыз эле? Дегеле ал оору жана андан кантип сактануу жөнүндө мурда билчү белеңиз? Сарык оорулуу болуп калганыңызга ким күнөөлүү деген ойдосуз?

Нургазы Батырбеков: Мен бул дартты 1998-жылы ооруканада жуктуруп алгам. Кандай жукканын так билбейм. Маалыматтын жоктугунан улам жуктургандан кийин маани бербей, этибарга албай ичип-жеп жүрө бериптирмин. 2013-жылы С формасына Д формасы кошулуп, супервирус деген абалга туш болдум. Канча каражат, күч кетирип, дарыланып жатам, бирок айыкпай турганымды билем.

Башкалар мага окшоп оору жугузуп алып кыйналбасын деп, бир жарым жылдан бери өкмөткө кайрылып, эл сарык жугузбаган вакцина менен эмделсин деп талап кылып жатам. Анткени айыл жерин мындай кой, шаардагы жарандарга вакцина жасалбайт. Вакцинадан элдин кабары да жок.

Жакында Жалал-Абадга барып келдим. Ал жерде эскилиги жеткен рентген аппараттары дагы эле иштеп жатыптыр. Алар эбак таштандыга кетиши керек эле. Жаңы аппараттардын жоктугу эң чоң көйгөй.

«Азаттык»: Демек эл арасында жугуштуу коркунучтуу оорулар тууралуу маалымат жокпу?

Ар бир үч же алты ай сайын жөнөкөй эле анализ үчүн 2500 сомдон 12 миң сомго чейин төлөшүбүз керек. Оорунун айынан иштебегендер канча? Анализге, дарыга акча табуу эле абдан кыйын.
Нургазы Батырбеков.


Нургазы Батырбеков: Маалымат бар, бирок элдин аң-сезимине таасир бергендей деңгээлде эмес. Азыр баары Интернет колдонушарын, мурдагыдай телевизор көрүшпөгөнүн эске алышпайт. Элге маалымат берүү үчүн эмнеге Интернетти колдонгулары келбесин мен такыр түшүнбөйм.

Ал эми ооруну жугузуп алган адамдар өзү менен өзү болуп калат. Албетте, алгач бекер дарыланышат, бирок кийин өнөкөт болгондон кийин эч кандай колдоо жок. Ар бир үч же алты ай сайын жөнөкөй эле анализ үчүн 2500 сомдон 12 миң сомго чейин төлөшүбүз керек. Оорунун айынан иштебегендер канча? Анализге, дарыга акча табуу эле абдан кыйын.

«Азаттык»: Султан мырза, Нургазыдай болуп түрдүү жугуштуу ооруну жугузуп алган адамдар көп болууда. Алардын айрымдары оорудан кантип сактануу керектиги жөнүндө такыр эле кабарсыз, себеби ооруну жугузуп албоо үчүн кандай медициналык, гигиеналык талаптарды аткарганды билишпейт. Эмне үчүн калк арасында тушүндүрүү же жайылтуу иштери кеңири жүргүзүлбөй жатат? Же бул өзгөчө каражатты же долбоорду талап кылган ишпи?

Султан Суранбаев: Бул оору тууралуу маалымат калк арасында кеңири жайылган. Анткени бул эбактан бери келаткан оору. Азыр жайылып жаткан коронавирустай жаңы пайда болгон оору эмес. Азыр оорулуулардын санынын көп болуп жатышына ооруну аныктоонун жакшырганы башкы себеп. Ошон үчүн азыр сарыктын беш түрүн тез эле аныктоого жетиштик.

2000-жылдан бери бала төрөлөр замат эмделет. Ошол жылы төрөлгөн балдар азыр 19 жашка чыгып калышты. Алардын арасында бул оору кездешпейт. Медицинада эмдөөнүн эффективдүүлүгү деген түшүнүк бар. Анткени элдин бардыгын эле эмдей бербейбиз. Биринчи кезекте тобокелдүү топтогуларды эмдейбиз. Ал топко сарыктын вирусу менен түздөн-түз туш келчү шартта иштеген адамдар кирет жана алардын саны жыйырмага жакын. Мисалы, алар дайыма хирургиялык операция жасагандар, кош бойлуу аялдар, донорлор жана башкалар. Биринчи кезекте мына ушундай топко кирген адамдар эмделет.

«Азаттык»: Бул оорудан сактаган вакцинаны катардагы адам үч жолу 1800 сомго жасатса болот деп Республикалык вирустук ооруларды көзөмөлдөө илимий борборунун жетекчиси Зурудин Нурматов билдирди. Анда эмне үчүн элге ушундай маалымат жетпей жатат?

Сарык көп жуккан жайларды катуу көзөмөлгө алууга ишкерликти колдоо үчүн киргизилген мораторий чоң тоскоолдук болууда. Анткени аларды санитардык көзөмөл департаменти текшере албайт.
Султан Суранбаев.


Султан Суранбаев: Бул оорунун беш түрү бар, бирок анын бирөөнө гана каршы вакцина бар. Калгандарына каршы дары ушул күнгө чейин табыла элек. Бул боюнча айтып эле жатабыз, бирок элдин маалыматты тез унутуп, өздөрү сактанышпаганы чоң көйгөй.

Ал эми статистика боюнча сарык көп жуккан жайларды катуу көзөмөлгө алууга ишкерликти колдоо үчүн киргизилген мораторий чоң тоскоолдук болууда. Анткени аларды санитардык көзөмөл департаменти текшере албайт. Ал эми ооруну алып жүрүп, анын башкаларга жугушуна жол берген адамдарга, ишкерлерге карата жаза берүү чарасын күчөтүү зарыл деген ойдобуз.

«Азаттык»: Атыркүл айым, мындан бир нече жыл мурун Бишкектеги миңдеген студент окуган бир жогорку окуу жайда кургак учуктун ачык түрү менен ооруган студент жүргөнүн билгенде аябай таң калгам. Ал ооруганын жашырганын бери дегенде жарандык жоопкерчиликти сезбегендик деп бааласа болот. Азыр ошондой студенттер гана эмес, саламаттык сактоо тармагында иштеген дарыгерлер арасында вирус алып жүргөндөр бар экен. Ушундай көрүнүштү жоюу үчүн кандай аракеттер көрүлөт? Дегеле бирдиктүү саясат же талап барбы?

Кургак учукту аныктоо жана дарылоо боюнча жакшы жетишкендиктер бар. Анткени диагностика коюу жаатында жаңы ыкмалар киргизилди. Какырык аркылуу эки саатта аныктоочу 24 машина бар.
Атыркүл Токтогонова.


Атыркүл Токтогонова: Акыркы кезде кургак учукту аныктоо жана дарылоо боюнча жакшы жетишкендиктер бар. Анткени диагностика коюу жаатында жаңы ыкмалар киргизилди. Какырык аркылуу эки саатта аныктоочу 24 машина бар. Алар калк көп жашаган жерлерге коюлган.

Экинчи метод хайн тест деп аталат. Аны менен жыйынтык эки күндүн ичинде чыгат. Кургак учуктун эки түрү бар, бири дарыларга туруктуулугу жок. Аны алты ай ичинде дарыласа болот. Экинчиси дарыларга көнүп калган түрү.

Бул ыкмалар менен дарылоодо натыйжа болбосо үчүнчү ыкма менен дарылайбыз. Бул оору жөнүндө калк арасында түшүнүк аз дегенге мен макул эмесмин. Айылдагы ФАПтан баштап, бардык жерде түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлөт. Ар жылы февралдан март айына чейин кургак учукка каршы дүйнөлүк деңгээлде күрөшүү айлыгы болот. Ошондо аябай көп иш-чаралар өткөрүлөт, атайын лекциялар окулат. Ушундан улам болсо керек, 2000-жылы ар бир 100 миң кишиге карата кургак учуктун көрсөткүчү 127 киши болсо, азыр ал сан 83кө түштү. Бул оорудан каза болгондордун саны 2000-жылы ар бир 100 миң кишиге карата 27 болсо азыр 4,5-5ке түштү.

«Азаттык»: Демек улуттун саламаттыгы жана келечек муундун жакшы жашоосун камсыз кылуу үчүн бүгүнтөн баштап ар бир адам өз ден соолугу үчүн өзү жоопкерчиликтүү болушу керек, саламаттык сактоо тармагы болсо дарылоону бизнес кылбай Конституцияда жазылгандай, ар бир жарандын саламаттыгын камсыз кылуу үчүн иштеши керек, бирок ал үчүн эл арасында медициналык сабатсыздыкты жоюу аракетин улуттук идеология деңгээлине чейин көтөрүү зарыл деген ойдо талкуубузду аяктайлы.

Талкууну толугу менен видеодон көрсөңүз болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Гепатиттин эки түрүнөн сактаган эмдөө

Гепатиттин эки түрүнөн сактаган эмдөө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:53 0:00

«Акнеттеги» аягы көрүнбөгөн чыр

«Акнет» компаниясынын телекызматы. Иллюстрациялык сүрөт.

«Акнет» ишканасынын акционерлеринин ортосундагы чыр дагы деле уланууда. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Кубан Ажимудиновдун тарапташтары «Акнет» рейдердик басып алууга кабылганын айтып, «күч органдары кысым көрсөтүп жатат» деп арызданышты.

Бул маселе жакында эле парламентте да көтөрүлгөн. Ал эми ишкананын жаңы жетекчилери буга окшогон дооматтарды четке кагып, «Акнеттин» үлүш ээлерине бирдей мамиле жасалып жатканын жана компания өнүгүү жолунда экенин айтышууда.

«Акнеттеги» талаш токтой элек

«Акнет» ишканасынын акционерлеринин 2018-жылдын аяк ченинде ачыкка чыккан чыры токтой элек. Компанияда үч адамдын үлүшү бар жана алардын бири Кубан Ажимудинов салыктан качууга, документ жасоого, куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө шек саналып камакта жатат.

Анын тарапташтары «Акнет» рейдердик басып алууга кабылганын, Ажимудиновдун компаниядагы үлүшүн тартып алуу аракети болуп жатканын айтып келишет. Алар 19-февралда Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгып, Ажимудиновду бошотууну талап кылышты.

«Ал күнөөсүз. Аны ишканадагы үлүшүн толук бойдон сатууга мажбурлаш үчүн тергөө абагында мыйзамсыз кармап жатышат. Компанияга алардын адамдары келип алганы, жылдар бою топтолгон акчаны алып алышканы аз болуп жатат. Финпол аны актап, иштердин баарын жаап, мойнубузга илген 150 миллион сомду төлөп берсек да мыйзамсыздык уланууда», - деди Ажимудиновдун бир тууганы Гүлнара Ажимудинова.

Кубан Ажимудиновдун тарапташтары. 19-февраль, 2020-жыл.
Кубан Ажимудиновдун тарапташтары. 19-февраль, 2020-жыл.

«Акнетке» карата социалдык төлөмдөрдөн жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча 2019-жылы бир нече кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу былтыр май айында Кубан Ажимудинов жана «Строй Сеть» компаниясынын директору менен башкы эсепчиси камакка алынган.

Кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Акнет» 150 миллион сом салык төлөбөгөнүн аныктаган.

Ишти андан ары Ички иштер министрлиги (ИИМ) иликтеп «Акнеттин» ошол кездеги жетекчиси Ажимудинов дагы 616 миллион 816 миң сом салыктан качканы аныкталганын билдирген. Мындан тышкары 384 миллион 901 миң сомду мыйзамсыз алып алганы расмий кабарланган.

«Акнет» ишканасынын акционерлеринин талашы жакында эле Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлгөн. Депутат Рыскелди Момбеков Кубан Ажимудиновдун кайрылуусун жарыялап, компаниянын каражаты уурдалып жатканын айткан.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Компаниянын ээсин камап, эсебин ачып алышты. Анысы аз келгенсип андагы 910 миллион сомду бөлүп кетишиптир. Бул жерде мамлекеттик деңгээлдеги рейдердик, мүлктү тартып алуу барбы-жокпу аны убакыт көрсөтөт. Кандай болгон күндө да мендеги документтер, фактылар бул иште айрымдар ортодо пайда көрүш үчүн ушул ишке барганы көрүнүп турат. Азыр болсо ал ишкананы «Мегакомдун» мурдагы башчысы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы башкарып жатат. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгы жок болсо салык өндүрүлгөндөн кийин компаниянын ишине кийлигишпеши керек эле. Бүгүн болсо ээсин түрмөгө камап, бээсин союп этин бөлүп кетишти».

«Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрү катары Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов деген жарандар катталган. Компаниянын мурдагы президенти Ажимудинов камакка алынгандан кийин ишкананы башкаруу башка колго өткөн.

Жаңы жетекчилердин жообу

«Акнеттен» учурдагы жетекчилери депутат Рыскелди Момбековдун билдирүүсүнөн кийин басма сөз жыйынын өткөрүп, коюлуп жаткан дооматтарга жооп беришти.

Ишкананын башчысы Нурбек Абаскановдун маалыматына караганда, «Акнеттеги» акыркы чырдан кийин компаниянын Кубан Ажимудиновдон башка эки акционери былтыр башкарууну көз карандысыз адамдарга өткөрүп берүүнү чечишкен.

Нурбек Абасканов.
Нурбек Абасканов.

«"Акнеттин" бир эле эмес үч ээси бар. Ишканада алардын ар биринин 33% үлүшү бар. Ошондуктан «ээси камакта жатат. Мыйзамсыз иштер болууда» деген сөздөр туура эмес. Компаниянын эки ээси боштондукта. Алардын чечими менен биз иштеп жатабыз. Азыр ишкана салыкты эки эсе, Социалдык фондго болсо 6-7 эсе көп төлөм төлөй баштады», - деди Абасканов.

«Акнеттен» кабарлашкандай, учурда ишканада 650 киши иштеп жатат. Компаниядагы дагы бир маселе дивиденд бөлүштүрүү иши.

«Акнеттин» аткаруучу директору Азат Базаркуловдун сөзү боюнча, компания иштеп баштаган 20 жыл ичинде акционерлерге бир сом да дивиденд төлөнгөн эмес. 2019-жылы дивиденд бөлүнүп, акционерлер 180 миллион сомдон алышкан.

«Кубан Ажимудиновдун банктагы эсебине 150 миллион сом которулган. Кийин анын иниси Нурлан Ажимудинов ишеним кат алып келип компаниянын кеңсесинен дагы 30 миллион сом алып кеткен. Акционерлердин бирөөнө бир сом бөлүнсө башка үлүш ээлерине да ошончо каражат берилет. Акционер катары алардын укуктары бирдей корголуп жатат».

Ишкананын жаңы жетекчиси Нурбек Абасканов буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин жетектеген. Азат Базаркулов «Мегаком» компаниясын башкарган.

"Компанияны ичинен ыдыраткан күчтөр бардай..."
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00
Түз линк

«Акнеттин» мурдагы президенти Кубан Ажимудиновдун иши былтыр жыл аягында Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

«Акнетке» байланыштуу иш Кыргызстанда инвестициялык климат начарлап кетти деген сөздөр айтылып жаткан учурда көтөрүлүп жатат. Ишкерлерди мыйзамсыз текшерүү, жемкорлуктан кайтарылган акча топтолчу бирдиктүү депозиттик эсепке акча которууда күч түзүмдөрү жарышып жатканын президент Сооронбай Жээнбеков да айтты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ат-Башы: Каарданган эл, качкан инвестор

Ат-Башы: Каарданган эл, качкан инвестор
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:36 0:00

Аскаровдун сот алдындагы ачык кайрылуусу

Азимжан Аскаров.

2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу айыпталып өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген Азимжан Аскаров адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга жана Кыргызстандын күч органдарына ачык кайрылуу жиберди.

Түрмөдөгү укук коргоочу Азимжан Аскаров сотторго, прокурорлорго, акыйкатчыга жана бир нече эл аралык уюмдарга жиберген ачык кайрылуусунда кармалгандан баштап тергөөнүн, сот жараяндарынын жүрүшүн кенен баяндады.

Анда эч кандай күнөөсү жок экенин, кыргыз бийлиги эл аралык укук коргоо уюмдарынын милдеттенмелерин аткарбай жатканын белгилеген.

Аскаров оор беренелер менен соттолгонун ошол кездеги бийлик башындагылардын буйругу деп эсептейт.

Ал 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн жетекчилигин «сот иштерине кийлигишкен» деп айыптап, «кылмыш ишинин нугу мени айыптоого гана багытталган» деген оюн билдирди.

Азимжан Аскаровдун кайрылуусу
Азимжан Аскаровдун кайрылуусу

Ошондой эле ал «сот милиционердин өлүмүнүн чыныгы күнөөкөрүн аныкташ үчүн эмес, мени улут аралык кастыкты козутуу үчүн айыптоого багытталган» деп, сотто окуя болгон жердеги далил документтерге көңүл бурулбаганын белгиледи.

Аскаров кармалганда кыйноого кабылганына, ал боюнча эч кимге чара көрүлбөгөнүнө токтолду. Укук коргоочу кайрылуусун «Кыргызстандын эли менин кудай, эл, мыйзам алдында таза экенимди билсе дейм» деп аяктаган.

Азимжан Аскаровдун кайрылуусуна азырынча кыргыз бийлиги жооп бере элек. Кыргызстандын күч органдары укук коргоочунун ишин «сот чечет» деген гана жооп менен чектелип келет.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2010-жылы апрель окуясынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкарган Кеңешбек Дүйшөбаев Аскаровдун пикирине мындайча жооп берди:

Кеңешбек Дүйшөбаев
Кеңешбек Дүйшөбаев

«Азимжан Аскаров боюнча Убактылуу өкмөт мүчөлөрү пикирин миң жолу айтышкан. Ал позициядан эч ким тайган жок. Анын кылмышында далилдер толук жетиштүү. Андыктан аны комменттарийлеп кереги жок. Кылмыш жасаган адам өзүн актагандан башка эмне кылат?».

Азимжан Аскаров бир топ жылдан бери сот, укук коргоо органдарынан акыйкаттык таппай келатканын билдирип келет. Аскаров акыркы кайрылуусун буга чейинки өкүмдөргө каршы жазган кассациялык арызы Жогорку сотто каралардын алдында жарыялады.

Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитовдун айтымында, 25-февралда Жогорку сот Чүй облустук сотунун өкүмүнө каршы жазылган кассациялык арызды карай баштайт. Вахитов бул акыркы сот жараяндары экенин белгилеп, жакшы жыйынтыктан үмүттөнүп турганын билдирди.

«Аскаров Чүй облустук сотунун өкүмүнө «макул эмесмин» деп кассациялык арыз жазды. Эми Жогорку сот карап, акыркы чекит коёт. Азыр эми жакшылыктан үмүт кылып жатабыз».

2016-жылы 24-январда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти карап, 2010-жылдагы Базар-Коргон райондук сотунун «өмүр бою эркинен ажыратылсын» деп чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган.

2019-жылы 2-декабрда Жогорку сот жактоочулардын арызынын негизинде ишти карап, айрым беренелерге декриминализация колдонулган. Башкача айтканда, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренесинин жаза жылы азайтылып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренеси «Киши өлтүрүү» беренесине алмаштырылган. Аскаров өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылганын эске алганда, жогорудагы чечим анын негизги өкүмүнө таасир эткен эмес.

Жакында эле Азимжан Аскаров Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын, эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат деп кыргыз өкмөтүнө каршы Бишкектин район аралык сотуна арыз жазган. Арыз сотто качан каралары белгилүү боло элек.

«Human Rights Watch» эл аралык уюму жакында эле дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасында кыргыз соттору Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун эске албаганын билдирген.

Ал эми 2019-жылы эл аралык "Amnesty International" укук коргоо уюму Азимжан Аскаров боюнча чечимди «Кыргыз бийлигинин адамдын фундаменталдык укуктарын тоготпогону» деп атаган.

Аскаров соттолгондон бери дүйнөдөгү эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсыздануусун билдирип келет. Уюмдар маал-маалы менен кайрылуу таратып, кыргыз бийлигине укук коргоочуну бошотууну сунуш кылышат. Кыргызстандын расмий бийлик өкүлдөрүнүн Европадагы иш-сапарларында да Аскаровдун маселеси көтөрүлөт.

Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева Азимжан Аскаровдун иши ашкере саясатташып кеткенин белгилейт. Андыктан эл аралык коомчулук көз салып турган иште кыргыз бийлиги Аскаровдун сот жараяндарында бардык мыйзамдын сакталышын камсыздашы керектигине токтолду.

«Ош окуясы боюнча Аскаров эле эмес, бир нече адамдар да өмүр бою абакка кесилген. Эгерде Аскаровдун жазасын жеңилдетсе, башкалар да талап кылат. Бирок Аскаровдун ооруп жатканына байланыштуу жазаны жумшартса болот. Ооруга байланыштуу саясатчылар деле чыгып жатпайбы. Ага азыр өкүмүн жеңилдетпей коюп, өз убагында дарыланууга мүмкүнчүлүк берилбей каза болуп калса Кыргызстан үчүн чатак иш болот».

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал азыр Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абакта кармалууда. Камактагы укук коргоочу быйыл 69 жашка чыгат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тажикстан генералдын сөзүнө түшүндүрмө берди

Тажикстан генералдын сөзүнө түшүндүрмө берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:18 0:00

Эгиз балалуу эненин өлүмү териштирилет

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда 19 жаштагы келин каза болду. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө дарыгерлерди айыптап жатышат.

Бир ай мурда көз жарган келин 19-февралда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жерге берилди. Энесиз калган эки баланы кучактап, кабыргасы кайышып турган жакындары келиндин өлүмүнө дарыгерлерди айыптап жатышат.

Маркумдун кайнагасы Азамат Сабырбек уулу «Азаттык» радиосуна буларды билдирди:

«Инимдин келинчеги болчу. «Эгиз экен, биринчи төрөтү, кыйналбайбы?» деп туугандар бир топ чырылдадык. Бирок дарыгерлер кесарево кылбай коюшту. Анын үстүнө бизге төрөт учурунда бир баланын башы өйдө карап калганы белгилүү болду. Ошон үчүн да коркуп, операция жолу менен төрөтүп алса дегенбиз. Биз Караколдогу төрөтканада келинимди кыйнап коюшкан деп ойлоп жатабыз. Ошол жерде инфекция кирип, абалы оорлошкон. Азыр келинимди жерге берип, туугандар менен кеңешип, мындан ары эмне кыларыбызды чечебиз. Дарыгерлер анын бөйрөгү ооруган деп айтып жатышыптыр. Бирок кош бойлуу кезинде абалы жакшы болчу. Төрөгөнгө чейин үч күн мурун гана ооруп, төрөтканага алып барганбыз».

Маркум бир ай мурда Ысык-Көл облустук төрөтканасында эгиз (кыз жана бала) төрөгөн. Кыркы эми эле чыккан ымыркайлар ушул тапта туугандарынын колунда. 17-февралда келин Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыланып жатканда көз жумган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» беренеси боюнча каттады. Мекеменин басма сөз кызматкери Улан Жумаков тергөө иштери жүрүп жатканын айтты:

«Баштапкы маалыматтар боюнча келин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эгиз төрөгөн. Ден соолугуна байланыштуу дарыгерге көрүнүш үчүн Улуттук госпиталга келген. Сотко чейинки өндүрүш иши башталды».

Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты бышыктап, соттук медициналык экспертиза өткөрүлгөнүн билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова бейтап Бишкектеги ооруканага оор абалда жеткирилгенин айтты:

Жылдыз Айгерчинова.
Жылдыз Айгерчинова.

«Маркум 6-февралда Бишкекке которулуп келген. Төрөгөндөн 25 күндөн кийин санитардык авиация менен өтө оор абалда Бишкектеги Улуттук госпиталга жеткирилет. Келгенден кийин консилиум уюштурулуп, тийиштүү адистердин көзөмөлүндө болгон. Тилекке каршы, ошол ооруканада 17-февралда көз жумду. Экспертиза өткөрүлдү, анын жыйынтыгы эки айдын ичинде белгилүү болот».

Саламаттык сактоо министрлигинин Байкоочу кеңешине да дарыгерлерди айыптап кайрылган бейтаптар болот. Ушу тапта кеңештин быйылкы мүчөлөрү тандалып жатат.

Байкоочу кеңештин мурдагы төрагасы, медицина боюнча эксперт Айбар Султангазиев мындай учурларда дарыгердин айыбын далилдөө оор болгонун айтты:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

«Дарыгерлердин шалаакылыгын текшерүү үчүн адатта министрлик комиссия түзөт. Ал комиссиянын ичине кайра эле дарыгерлер кирип жатат. Ошон үчүн комиссиянын ишине көп ишенбейт элем. Анткени, бизде көз карандысыз комиссия жок. Бирок, баары эле ошондой деп айта албайм. Мындай учурларда жабырлануучулар сөзсүз өз укугун коргошу керек. Бирок, анын баары мыйзамдуу болушу шарт».

Төрөтканаларда кош бойлуу аялдардын төрөт маалында жабыркап же каза болуп калган учурлары кыргыз коому үчүн жаңылык эмес. Буга чейин мындай чыр-чатактарды териштирүү үчүн саламаттык сактоо министри төрөтканаларды кыдырып, абалды текшерген.

Былтыр сегиз айда 36 эне төрөт маалында жана көз жаргандан кийин каза болгон. Саламаттык сактоо министрлиги кош бойлуулукту пландабагандык энелердин өлүмүнө себеп болгон жагдайлардын бири деп билдирип келет.

Акушер-гинеколог Гүлзина Матраимова эненин сабатсыздыгы анын жана баласынын ден соолугуна терс таасирин тийгизерин баса белгилейт:

«Энелер толгон-токой оорулар менен келишет. Анан төрөгөндөн кийин эле «Бала эмнеге ооруп калды? Эмнеге чарчап калды?» деген суроолор жаралат. Эненин ар бир диагнозу балага таасир бербей койбойт. Аял баланын жана өзүнүн саламаттыгы үчүн ден соолугуна сөзсүз кам көрүшү абзел. Эң оболу туура тамактанышы керек. Биз дарыгерлер алардын үйүнө барып, "Эмне жедиң, эмне кылдың?" деп тескей албайбыз да, туурабы? Айрымдар "мына, төрөйм" дегенде гана каттоого турушат. Кечээ эле бирөө келип, дарыгерге каттаганга акчам жок дейт, мындай шартта анын саламаттыгына ким кам көрөт? Мен дарыгер болгонум үчүн кесиптештеримди коргоп жаткан жерим жок, болгону бейтап да өзүнүн саламаттыгы үчүн кам көргөндү үйрөнүшү керек».

Кыргызстанда орто эсеп менен жылына 160 миң аял төрөйт. Ал эми энелердин өлүмү боюнча Кыргызстан Борбор Азияда алдыңкы орунда турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Коронавирус базар баасын көтөрдү

Коронавирус базар баасын көтөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:27 0:00

«Жаш өткөн сайын өжөрлөнө иштей баштайсың»

Кожогелди Култегин.

18-февралда Анкарада кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин Түркиядан жети тилде чыккан сегиз китебинин бет ачары жана 60 жаш мааракелик адабий-музыкалык кечеси өттү.

Башка тилдерге которулган китептер менен бирге акындын беш томдугу да басмадан чыкты.

- Кожогелди мырза, Түркияда китептериңиз чыгыптыр, куттуктайбыз!

- Ырахмат! Бул китептер акын катары 60 жаш мааракемдин урматына чыгарылды. «Бурса чынары» («Bursa Çınarı») аттуу түрк тилиндеги экинчи китебимди Евразия жазуучулар бирикмеси басты. Бул менин түрк тилинде жарык көргөн экинчи китебим.

Ал эми түрк дүйнөсүнүн 7 тилиндеги – азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, түрк, башкырт, саха (якут) тилдериндеги «Дүйнө алаканда» («Avuçtaki Dünya») аттуу китебим менен өзүнчө казак тилиндеги «Жүрөк конуш» (Жүрек – коныс») ырлар жыйнагымды мен эмгектенген ТҮРКСОЙ эл аралык уюму бастырды.

- Башка тилде жарык көргөн китептериңизди кимдер которду? Котормочуларды атай кетсеңиз.

- Менин мурдатан келаткан адабий байланыштарым көп. Мисалы казак тилине акындар Даулетбек Байтурсун уулу, Саят Камшыгер, Кадырбек Кунапия уулу, Аскар Турганбаев которду. Өзбек тилине Ескабыл Шүкүр, Тахир Кахор которгон. Ушинтип бир нече котормочулар таржымалдаган ырларым топтолду.

- Кыргыз тилинде чыккан беш томдугуңуздун мазмуну кандай? Жалаң поэзиябы же башка жанрда да чыгармалар барбы?

Акын Кожогелди Култегиндин китептери.
Акын Кожогелди Култегиндин китептери.

- Чыгармаларымдын 5 томдугун Анкара шаарындагы Этумесгут райондук өзүн-өзү башкаруусу колго алып, кыргыз окурмандарына белек катары сунду. Китепте Этумесгут райондук өзүн-өзү башкаруусунун башчысы Енвер Демирел мырзанын кыргызстандыктарга кыскача кайрылуусу басылган. Ошондой эле 5 томдугума айтылуу кыргыз адабиятчысы, филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева алгы сөз жазып, менин чыгармачылык изденүүлөрүмдү кенен талдап тааныштырган.

Китептин 1-2 томдугуна ырларым кирди. 3-томго поэмаларым жана «Курманбек» деген дастаным басылды. 4-том менин көркөм котормолорумдан турат. Анда орустун дүйнөлүк акындарынан баштап, түрк, испан, болгар ж.б. поэзиялары чогулуп өзүнчө бир китеп болду. Булар иргелип алынгандан кийинки дурус деген котормолор. Дегеле китепке кирген чыгармалардын баары иргөөдөн өттү. 5-томго болсо менин эсселерим, заманга керектүү деп эсептеген ой-пикирлерим, маектерим кирди. Мен тууралуу жазылган атактуу кишилердин макалаларын, мага арналган ырларды өзүнчө бөлүм кылып койдум.

- Китептирди түзүп атып байкалды да, кайсы куракта өндүрүмдүү иштеген экенсиз?

- Абдан эле байкалат экен. Мен турмуштук шартка жараша жети жарым жыл Ош шаарында жашап калдым эле. Ошол кезде өндүрүмсүз иштептирмин. Убактымды ойноп-күлгөнгө, ресторандарга көп жумшап алыптырмын да. Оштон Бишкек шаарына келгенде ал жакта жети жылда иштеген ишти эки жылга жетпеген убакытта жасадым. Жаш өткөн сайын ого бетер намыстанып, өжөрлөнүп иштей баштайт экенсиң. Түркияга келген кезим чыгармачылык менен күжүрмөн иштеген мезгилим болду. Ал аралыкта түрк тилин үйрөндүм. Адабиятын, маданиятын окуп чыктым. Ошол эле убакта чыгармачылыкта да жемиштүү иштей алдым десем болот. Мына, өзүң деле ойлоп көр, Кыргызстанда тойлорго же болбосо бильярдга кеткен убакытта биякта үңкүйүп иштеп атам да.

- Беш томдугуңуз кыргыз окурмандарына качан келет?

- Аны Кыргызстанга жеткирүү - менин милдетим. Буюрса китептер жакында Бишкекке жеткирилет.

«Жаш өткөн сайын өжөрлөнө иштей баштайсың»
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:53 0:00
Түз линк


Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Шашылыш каттоонун пайда-зыяны

Иллюстрациялык сүрөт.

Каттоосун алмаштырган жарандарды жана аларды өз үйүнө каттаган кишилерди тооруган кооптуу жагдайлар бар.

Кыргызстанда мыйзам жарандардын туруктуу жашаган жерин эркин алмаштырып, башка жерге каттоого турууга уруксат берет. Бирок бул жакын арада бир канча кооптуу жагдайларды жаратышы ыктымал.

12-апрелге белгиленген, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында Ош, Каракол, Токмок шаарларына аймактардан келип каттоого тургандар кескин көбөйгөн.

Жарандык активисттер, Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар муну саясатка байланыштырып, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого камынган айрым партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыгышкан.

Ысык-Көлдүн Тоң районунун тургуну, азыр үй-бүлөсү менен Караколдо жашап, иштеп жаткан Гүлмира Сүйүнбаева айылдагы каттоосун шаарга көчүрсө, бир топ социалдык жеңилдиктерге ээ болот. Бери дегенде баласын мектепке жайгаштыруудагы баш оорусу азаят. Бирок Гүлмира жолдошу экөө кыштактагы каттоосун өзгөртпөй турган болушту.

«Караколдо жеке батирибиз жок болгондуктан тез-тез көчүп жашайбыз. Ошондуктан каттоого турбайбыз. Кийинчерээк айылга кетебиз. Убара болуп калбайлы деп айылдагы каттоону өзгөрткөн жокпуз», - дейт ал.

Бирок Гүлмирадан айырмаланып, каттоосун шаарга көчүргөндөр акыркы эки айда көбөйүп кетти. Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-январынан февралдын ортосуна чейин шайлоо өтө турган шаарларга аймактардан келип каттоого турган жарандар көбөйгөн.​

Мисалы, 17-февралда Ош шаарында бир үйгө 1300 киши катталганы маалым болду. Мамлекеттик каттоо кызматынын үйдүн ээси, үйдүн дареги жеке маалымат деп эсептелгендиктен алар кайсы дарекке катталганын билдирген жок.

Мекеменин маалыматына караганда, Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турду.

Мамкаттоо Ош, Токмок жана Каракол шаарларынын паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтарынан убактылуу четтетти. Мекеме 18-февралда кабыл алынган мындай чечимди жарандарды каттоо агымынын акыркы кездери көбөйүшү жана ага байланыштуу кызматтык териштирүү жүрүп жаткандыгы менен негиздеди.

Ош шаарында ушул жылдын январь айынан 13-февралга чейин 35 895 (былтыр ноябрь-декабрь айларында 3079 адам), Токмок шаарында 6745 (былтыр ноябрь-декабрь айларында 714 адам) жана Каракол шаарында 3159 киши (былтыр ноябрь-декабрь айларында 345 адам) каттоого турду.

Ал эми шайлоо өтчү Балыкчы менен Майлы-Суу шаарларында мындай көрүнүш байкалган жок. ​

Ошто убактылуу каттоого тургандардын көбөйүшү жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары студенттерден каттоого туруш үчүн паспортторун талап кылганы тууралуу маалыматтарды Ош шаардык милициясы «Добуш сатып алуу» беренеси менен иликтеп жатат.

«Азаттык» бир канча юристтер менен сүйлөшүп, аймактан келип шаарда туугандардын, тааныштардын же бейтааныш кишилердин үйүнө каттоого туруунун кандай кооптуу жактары бар экенине сереп салды.

Оң жагы:

  • Көптөн бери тигил же бул аймакка каттоого тура албай жүргөн жарандардын түйшүгүн жеңилдетет.
  • Каттоого турган киши айрым социалдык жеңилдиктерге ээ болот. Мисалы, перзентин бала бакчага же мектепке киргизүү оңой чечилет.
  • Шаардагы банктардан насыя алчу болсо, каттоо маселеси менен баш оорутпайт.
  • Документ иштерин бүтүрүүдө шаар менен айыл арасында каттап, убактысын коротпойт.

Терс жагы:

  • Аймактан келгендерди каттоого тургузган адамдын коммуналдык төлөмдөрү кымбаттайт. Мисалы, шаарда таштандыга үйдө канча адам каттоого турса, ошончо киши үчүн төлөнүүгө тийиш. Ысык жана муздак сууга эсептегич орнотулбаган үйлөрдө да ушундай эреже колдонулат.
  • Үй ээси каттоого турган адамды өз эрки менен чыгарып коюуга акысы жок. Ал үчүн каттоого турган кишинин макулдугу керек. Мындай талаш сот менен гана чечилип калат.
  • Андан тышкары айылдагы каттоосун шаарга көчүрүп келген адам өз кыштагындагы жер үлүшүн пайдалануу, туулган жеринен үй салуу үчүн мамлекеттен жер алуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрүнөн кол жууйт же бир топ бюрократиялык кыйынчылыктарга кабылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев каттоосун көчүрүүдөгү юридикалык тобокелчиликтердин айрымдарын санап өттү:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

«Жарандарды ташып, шаарга каттоого тургузуп жаткан кишилердин айлыгы шайлоо бүтөрү менен токтойт. Алар жарандарды кайра каттоодон чыгарып, өз аймагына көчүрүүгө жардам беришпейт. Бирөөнүн үйүнө жүздөгөн адам катталса, анан алардын беш-алтоо кайра каттоодон чыгууга макул болбой коюшу да ыктымал. Себеби, шаарда иштегенге жана башка социалдык жеңилдиктер үчүн каттоо керек. Үйдүн ээси соттун чечими менен гана чыгарууга аргасыз болот. Кай бир кишинин үйүнө каттоого турган адам ошол үйгө барып, жашаганга бөлмө же жер сураганга акылуу. Үй ээси андан баш тартууга укугу жок - себеби, каттоосу бар».

«Азаттык» радиосунун кабарчылары үйүнө башка кишилерди каттоого тургузган шаардыктардын бир канчасы менен байланышты, бирок алар комментарий берүүдөн баш тартышты. Айрымдары алдыда коркунучтар болушу мүмкүн экенин билбей турганын айтышты. Кээ бирлери алдыдагы шайлоолорго карата тааныштарынын суранычы менен макул болгонун билдиришти.

Шайлоо демекчи, шаарга каттоого тургандардын арасында студенттер да арбын. Алардын арасынан Ош мамлекеттик университетинде окуган 20 жаштагы жигит аты-жөнүн айтпоо шарты менен сүйлөп берди:

«Шайлоого байланыштуу каттоону тез арада айылга көчүрүп келүү керек экенин айтышты. Аны аткарбагандар алдыдагы сессияларда кыйынчылыкка кабылышы мүмкүн экенин да эскертишти. Көбү ушундан улам макул болуп, каттоолорун шаарга көчүрүштү».

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 12-апрелде өтө турган шайлоого 340 479 шайлоочу катыша аларын билдирип, алардын баштапкы тизмесин 17-февралда жарыялады.

БШКнын маалыматына караганда, шаарларга каттоого тургандар паспортуна каттоосун алмаштырганы тууралуу маалыматы болсо гана добуш берүү укугуна ээ. Мындайча айтканда, шайлоо үчүн каттоосун убактылуу өзгөрткөндөр паспортунда жазылган эски дареги менен добуш бере албайт. Документти алмаштырууга туура келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ак-Сууда жаштар жер маселесине нааразы

Теплоключенка айыл аймагы.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 1800 үй-бүлө жеке турак жай курууга жер алыш үчүн кезекте турат.

Эгер маселе жаз алды менен чечилбесе, айыл жаштары митингге чыгууга даяр экенин билдиришүүдө. Алар өткөн жумаларда нааразылык акциясына да чыгып, өкмөткө кайрылышкан. Ал эми жалпы Ысык-Көлдө жерди трансформациялоо маселесинин чечилишин күткөн 15 миңден ашуун жаран бар.

35 жаштагы Фархад Ыдырысов - үч баланын атасы. Ал үй-бүлөсү менен Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жеке үйдү ижарага алып жашайт. Анын айтымында, үйлөнгөндөн бери жер алып, там сала албай убара.

«Биз деле эл сыяктуу беш кой, бир уй багып, жан багалы деп тилек кылып жатабыз, - деди ал. - Бирок жер жок үй сала албай убарамын. Айлам кеткенде айылдын жаштары менен чогулуп айыл өкмөткө кайрылдык. Андан тышкары «элди чогулткула, биз курултай кылып, ошол жерден маселени чечели» дедик. «Жер бергиле» деп ушуну менен төртүнчү айыл өкмөткө айтып келе жатабыз. Улам бири «мына чечилет» деп айтканы менен аягына чыкпай калып жатат».

Фархаддын үйлөнгөнүнө 15 жылдан ашты. Анын айтымында, жер тилкесин күтүп, ушул күнгө чейин ала албай келген айылдаш агалары да бар.

Фархад Ыдырысов.
Фархад Ыдырысов.

«Биздин айылдагы кээ бир үй-бүлөлөр үйү жоктугунан улам бойго жеткен кыздарын турмушка узатып атканда башка бирөөлөрдүн үйлөрүн ижарага алганга аргасыз болуп жатышат. Анан айла жок, жашаган бир бөлмө батиринде куда тосуу мүмкүн эмес да. Жерди сатып алайын десең кем дегенде 400 миң сом болуп жатат. Ал акчага жер алгыча, өкмөт эгер жер берсе, үй тургузуп алган оң. Анын үстүнө айыл үчүн бул чоң акча. Эми тилегибиз чоң, маселе чечилип калса анда жакшы».

Теплоключенка айылынын калкынын саны бүгүнкү күндө 13 миң 711 адамды түзөт. Алардын ичинен 1846 үй-бүлө жер алууга кезекке турган. Аталган айыл аймактын башчысынын орун басары Рашида Садырованын маалыматына караганда, 2008-жылдан бери жерди трансформациялоо маселеси чечилбей турат. Азыркы учурда ар бир күнү аз дегенде 6-7 айыл тургуну жер сурап, кезекке туруп жатат.

«Бизде чындыгында жеке турак жай салууга зарыл болгон жер маселеси курч, - деди ал. - Биз буга байланыштуу айыл өкмөттүн балансында турган 99 гектар жердин тийиштүү документтерин даярдап, трансформация кылууга болот деген максат менен өкмөткө жөнөттүк. Эгер маселе оңунан чечилип калса, кезекте турган ар бир жаран 5 сотыхтан жер ала алат, ал үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын токтомун да даярдап койдук».

Ал эми жалпы Ак-Суу району боюнча жер алууга кезек күткөн 6 миңден ашык тургун бар. Райондук акимияттын экономиканы өнүктүрүү секторунун башчысы Баялин Садабаевдин айтымында, бул үчүн жалпы район боюнча 702 гектар жер трансформациялоого даярдалган.

Өкмөт тарабынан 2009-жылдын 31-июлуна чейин сугат жерлерин алууга мораторий жарыяланганына карабастан, 1990-жылдан бери эл ар кандай жолдор менен үйлөрдү салып келе жаткан экен. Эми аларды мыйзамдаштырыш үчүн өкмөттүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтому менен мурдагы берилбей жаткан сугат, айдоо жерлерин мыйзамдаштыруу тартиби кабыл алынган. Мындай маселе Ысык-Көл облусунун бүт айылдарында бар экенин айткан өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров бул багытта иштердин аткарылышы бир топ убакытты талап кыларын эске салды:

Айрым учурда баалуу жерлер Жогорку Кеңештин кароосуна чейин жетип жатат.

«Кээ бир жерлер өзгөчө баалуулукка ээ, сугат жерлер. Мындай жерлерди айылдын өнүгүшү үчүн трансформациялоого мыйзам тыюу салган. Бирок болбой эле ушундай аралашып кирип калган жерлер трансформациядан өтпөй келет. Мурда таштак, айыл чарбасына кунарсыз жерлер райондун деңгээлинде чечилип жаткан болсо, азыр өкмөттүн деңгээлинде каралып жатат. Мындан улам документти иретке келтирүү процесси бир топ убакытты талап кылып коюп жатат. Айрым учурда баалуу жерлер Жогорку Кеңештин кароосуна чейин жетип жатат. Эл басып алып, мыйзамсыз үй салган учурларды чечүү оңой эмес».

Ысык-Көл облусунда айыл чарба багытындагы 191 миң гектар жер бар. 2019-жылдын жыйынтыгы менен облус боюнча 1663 гектар жер трансформацияланууга тийиш деп, документтери даярдалып, өкмөттүн жер комиссиясына кароого жиберилген. Анын ичинен Тоң районундагы 102 гектар жер трансформацияланса, калганы комиссиянын кароосунда турат. Ал эми Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын жаштары март айында жерди трансформациялоо иштери жыйынтыкталып, ушул жыл менен үй салабыз деген үмүт менен турушат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мигрант энелердин алсыз балдары

Мигрант энелердин алсыз балдары
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:47 0:00

Түркия өкмөтү «Вефа» борборун ишкерден талашууда

«Вефа» соода борбору.

Бишкектеги «Вефа» соода борборуна байланышкан соттук териштирүү Жогорку сотко чейин жетти. Соода борборун Түркия өзүнүн менчиги катары таанууну өтүнүп сотко кайрылган. Ал эми «Вефанын» азыркы ээси муну рейдерлик катары баалап жатат.

10-февралда Жогорку соттун коллегиясы «Вефа» соода борборунун мурдагы ээси, «Өзгүн Иншаат» акционердик коомунун кассациялык арызын карай баштады. Бул ишкана Бишкектеги «Вефа» соода борборунун азыркы ээси, кыргызстандык «Аруу Жылдыз» ишканасы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну жана соода борборунун ээси катары «Өзгүн Иншаатты» таанууну өтүнгөн.

Жогорку соттун коллегиясы 10-февралдагы отурумунда тараптардын жүйөлөрүн укту. Ишти кароо эми 20-февралда уланат.

Түркиялык «Өзгүн Иншаат» ишканасы менен «Аруу Жылдыз» ишканасынын ортосундагы 2016-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, «Вефа» соода борбору «Аруу Жылдыз» ишканасынын карамагына өткөн. Түркиялык ишкана бул келишимди жокко чыгарып, соода борборун кайтарып берүүнү талап кылууда. Бул иш 2018-жылдан бери сотто каралып келе жатат.

18-февралда «Аруу Жылдыз» ишканасынын директору Умсун Назарбекова бир канча адам менен кошо басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал Түркиянын Кыргызстандагы элчисин «бизнесимди тартып алууга аракет кылып жатат» деп айыптады:

«Түрк элчиси мыйзамга карабай, Жогорку Кеңештин айрым абройлуу өкүлдөрүнө ишенип, менин бизнесимди, «Вефа» соода борборун рейдерлик жол менен басып алгысы келип жатат. Анын кандай укугу бар? Бул ишке байланыштуу төрт жолу сот болду. Бардык отурумдардан утуп чыктык. Эми Жогорку сотто бизди болбогон нерсе менен каралап салабы деп коркуп жатам. Чындык биз тарапта. Мен 26 жылдык иш тажрыйбамда эч кимди алдаган эмесмин».

Ал эми өзүн «Өзгүн Иншаат» ишканасынын жактоочусу катары тааныштырган Алия Турумбекова Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат сот жараянына катышып жатканын ырастады. Муну ал мыйзам чечемдүү көрүнүш деп эсептейт.

«Назарбекова Умсун жана анын тарапташтары коомчулуктун оюн чаташтырууга аракет кылышууда, - деди ал. - Элчи мырза сот процесстерине катышкан жок, болгону байкоочу катары барып жатат. «Өзгүн Иншаат» ишканасы Түркияга карайт. Ал эми элчи мырза Түркиянын Кыргызстандагы өкүлү болуп саналат. Мындан сырткары элчинин сот процесстерине катышуусуна мыйзам тыюу салган эмес. Биз Назарбекованын акыркы сот процессине 40тан ашык таанышы менен туугандарынан алып келгенин айыптаган жокпуз да. Ал киши сотко басым жасоого аракет кылып жатат».

Турумбекованын айтымында, «Вефа» соода борборун түркиялык «Өзгүн Иншаат» ишканасы 2006-жылы салган.

Түркияда 2014-жылдан тартып «Кайнак Холдинг» акционердик коомуна жана «Өзгүн Иншаат» ишканасына кылмыш иши козголуп, тергелип келген. 2015-жылы 17-ноябрда «Кайнак Холдинг» компаниясы жана анын филиалдары камакка алынган. Ал эми 2016-жылдын 11-апрелинде «Өзгүн Иншаат» да камакка коюлган. Андан көп өтпөй Түркия өкмөтү бул ишканаларды мамлекеттештирген. Мына ушул окуядан кийин расмий Анкара «Өзгүн Иншаат» акционердик коомунун мүлкү жана анын филиалдары Түркиянын менчиги экенин билдирген.

Былтыр мартта Кыргызстандагы «Кайнак» ишканасы Жогорку соттун чечими менен Түркияга өткөрүлүп берилген. Ал чечимден кийин Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги «бул соттук жараян үч жыл уланганын айтып, ФЕТО уюму сот алдында чет өлкөдө биринчи жолу утулду» деп жазып чыккан. Ал эми Түркиядагы медиа каражаттарында Бишкектеги сот жараяны боюнча кеңири маалымат берилип, серепчилер Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда саясий мамилелер жакшы нукта баратканын баса белгилеген маанайда кабар таратышкан.

Деген менен түрк бийлигин сындап келген жергиликтүү активист Гүлжигит Исаков «расмий Анкарага жакпаган түрк ишкерлерине жана алардын чет өлкөдөгү компанияларына каршы чабуул күчөгөнүн» айтты:

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

«Биз мыйзамды сыйлаган өлкөбүзбү же жапайы мыйзамдар менен жашаган мамлекетпизби? Ошондуктан биз соттордон калыс чечимдерди күтөбүз. Биз Түркияга байма-бай каттаган, алардын саясатын «лобби» кылган Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын жакшы билебиз. Алар ошол иштерин токтотушу керек. Биз качан өз ишкерлерибизди колдогондо гана өнүгөбүз».

Түркияда 2016-жылы 15-июлда аскердик төңкөрүш аракети болуп, аны расмий бийлик «АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери уюштурду» деп билдирген. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам каза тапкан. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери бул дооматтарды четке каккан.

Мындан кийин түрк бийлиги Кыргызстанда диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген «Себат» билим берүү мекемелерин да жабууну кыргыз бийлигинен талап кылган. Расмий Бишкек бул талапты четке кагып, түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал 2017-жылы «Сапат» болуп өзгөргөн жана анын башкаруу формасына бир катар алымча-кошумчалар киргизилген.

Мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемелери 1992-жылдан бери иштеп келе жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Блогерди каматкан талаштуу сын

Блогер Элмирбек Сыдыманов.

Блогер Элмирбек Сыдыманов аймак аралык кастыкты козутуу боюнча шектүү катары эки айга камалды. Бул окуя вайнерлер менен блоггерлердин чыгармачылык эркиндиги жана жоопкерчилиги тууралуу теманы күн тартибине чыгарды.

22 жаштагы блогер Элмирбек Сыдыманов 17-февралда Жазык кодексинин «Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча шектүү катары кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-февралда анын бөгөт чарасы каралып, эки айга камалды.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Мекеменин басма сөз кызматкери Айбарчын Батырбекова буларды билдирди:

«Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Октябрь районунун ИИБнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан расалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу боюнча шектүү, 1997-жылы туулган С.Э. кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Андан соң Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген».

Элмирбек Сыдымановдун бөгөт чарасын 19-февралда Октябрь райондук соту карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Блогер «Инстаграм» баракчасында Сыдыман деген ат менен белгилүү. Ал буга чейин өзүнүн баракчасында түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынып, талаш-тартыштарга себеп болгон.

Элмирбек Сыдымановдун «Инстаграм» баракчасында 250 миң адам катталган. Блогер буга чейин «Азаттыктагы» маегинде «Инстаграмдагы» иш ыкмасын хайп же бат таанылыш үчүн жасап жатканын айткан:

«Менин ишимди көбү туура эмес деп сынга алышат. Бирок мен да позициямды айтып, өзүмдү актай берейин. Орустар же казактар көп тамашалашат, а бизде, кыргыздарда бири-бирибиз менен шак эле урушуп, тамашаны көтөрө албайбыз. Мен өзүмчүлмүн. Анткени бул ишим мага акча алып келип атат. Мага өз ишим жагат».

Элмирбек Сыдыманов - кесиби боюнча технолог-ашпозчу, төрт бир туугандын улуусу. Ал «Азаттыктагы» маегинде ай сайын Интернетте жүз миң сомго чейин каражат таап, жалгыз бой энесине жардам берерин айткан.

Блогердин камакка алынышын анын кесиптештери ар кандай кабыл алышты. 1.1 студиясынын продюсери, вайнер Данияр Болотбек видео тартып же тамашалап жатканда элдин менталитетин эске алуу менен бирге жарандык жоопкерчиликти сезе билиш керек деп эсептейт.

Данияр Болотбеков.
Данияр Болотбеков.

«Чынын айтсам мен ал вайнердин түз эфирин көрбөптүрмүн, - деди ал. - Бирок угушума караганда ал адамдын аброюна шек келтирген пикир айтыптыр. Менимче, биздин өлкө ансыз деле кичинекей, ушундай абалда бөлүнүү тууралуу айтуу орунсуз болгон. Эгер ал бир бөлмө ичинде же ич ара сүйлөшүп жатып айтса башка кеп. Ал бир топ чоң аудиторияга айтып жатканын да эске алыш керек».

Дагы бир жаш вайнер Азирет Осмонов да блоггерлерде адегенде жарандык жоопкерчилик болушу керек деп эсептейт. Ал ошол эле учурда Сыдымановдун камалышы көп вайнерлерди сестентип койгонун моюнга алды:

Азирет Осмонов.
Азирет Осмонов.

«Бул окуя көп вайнерлерге сабак болуп калды. Эгерде эч кандай реакция болбой калганда көзөмөл жок деген ойдо калмакпыз. Анткени хайп жаратыш үчүн айта берсе, сүйлөй берсе болот дегендер ушул жагдайды колдонуп чыгышмак. Ошон үчүн бир чети туура эле чара көрүлдү деп ойлойм».

«Светлана Марголис» аттуу консалтинг агенттигинин 2019-жылдын июнундагы маалыматына караганда, кыргызстандыктардын арасында «Инстаграмды» колдонгондор көп (1 630 000) жана алардын дээрлик баары жаштар. Андан кийин «Одноклассники», анын артында «Фейсбук» турат.

Ал ортодо «Медиа Полиси Институту» уюму блогердин камалышы боюнча билдирүү таратты. Анда «блогердин пикиринде аймак аралык кастыкты козуткан сөз жок жана ал кимдир-бирөөнүн аброюна шек келтирген эмес» деп айтылат. Мындан улам беш жылга чейин эркинен ажыратууну караган берене менен камакка алууга мүмкүн эмес экендиги жазылган.

Медиа эксперт Азим Азимов бул соцтармакта көзөмөл анча жоктугун жана анын колдонуучулары маалыматты иргей албай жатканын айтат. Ал ошол эле учурда вайнерди камакка алуу менен макул болгон жок:

Азим Азимов.
Азим Азимов.

«Адамды убактылуу камак алууга анын башка жакка качып кетиши мүмкүн болгону же башкаларга коркунуч келтириши себеп болушу керек эле. А бул учурда менимче блоггер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү эле жетиштүү болмок. Эми бул окуянын андан аркысы кандай болот деген суроо жаралууда. Бүгүн вайнер, эртең анын ордунда журналист же дагы башка бирөө болбойт дегенге ким кепилдик берет? Ошол эле учурда биз былтыр гуманизация тууралуу сүйлөп келип, азыр эми камакка алуу оор чара болуп кетти деп ойлойм. Мындай окуялардын алдын алыш үчүн аудитория ар бир маалыматты иргегенге үйрөнүшү керек. Эгерде аудитория сабаттуу болгондо мындай талкуу жаралмак эмес».

Укук коргоочу Динара Ошурахунова бийлик блогерди камакка алуу менен Афтандил Жоробековдун окуясын кайталап жатат деп эсептейт. Ал элди агартууга багытталган мамлекеттик саясат мындай учурлардын алдын алмак деген оюн айтты:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Элде мыйзамдуу, мыйзамсыз иштер тууралуу кабар жок болгондуктан ушундай маселе да болушу мүмкүн. Ошол эле учурда мен мындай тариздеги көп комментарийлерди байкап, окуп калам. Бирок аларга эч кандай чара көрүлбөйт. Демек, тандалма саясат жүрүп жатат жана көп аудиториясы бар блоггерлер анда көбүрөөк коркунучта болуп жатат. Менимче алар менен да, аудитория менен да түшүндүрүү иштеринин жоктугу ушуга алып келип жатат. Мамлекет агартуу иштерине басым жасашы керек эле. Ошол эле блоггерлер же теле аркылуу да ал иш жүрсө жакшы болмок».

Мурдараак «Фейсбуктагы» «БеспределKG» баракчасынын модератору Афтандил Жоробеков кармалганда да укук коргоочулар муну сөз эркиндигине жасалган кысым катары баалашкан.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбекке карата 2018-жылы 1-мартта «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Буга ал «Фейсбукта» Кыргызстан эгемендик алганга чейин Бишкекте салынган имараттарды сындаганы, аларга суктангандарды «совок» деп атап, «Рашага көчүп кеткиле» деген маанидеги сөздү жазганы негиз болгону кабарланган.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту жана шаардык, Жогорку сот окутуучуну актаган чечим чыгарган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Каражаттан каржалган партиялар

Кыргыз парламенти.

Кыргызстандагы «Республика» партиясын каржылоо кыйынчылыкка кабылганы белгилүү болду. Мындай абал буга чейин саясий чөйрөдө таасирдүү деп саналган башка да бир катар партияларга мүнөздүү экени айтылууда.

Буга чейинки эки жолку парламенттик жана жергиликтүү шайлоолордо алдыңкы орунду ээлеген «Республика» партиясы быйыл шайлоолорго катышуунун каржысы чечилбей, арасат абалда турганы белгилүү болду.

Бул тууралуу партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев билдирди. Ал мындай кырдаалды «Республиканын» экс-лидери Өмүрбек Бабанов саясаттан жана төрагалыктан кетип, партияны каржылоого да катышпай калганы менен түшүндүрдү:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

«Ушундан улам биз «шайлоого катышабыз» деп так айта албай турабыз. Себеби айрым партиялар курултайын өткөрүп, саясий өнөктүгүн баштап коюшту. Биз бир аз такалып турабыз. Биздин жаңы лидерибиз жаш, азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 120 талапкерди тандап чыгыш өтө кыйын».

Кенжебек Бокоевдин айтымында, азырынча «Республика» шайлоого башка партиялар менен кошо баруу маселесин карай элек.

Ал эми жергиликтүү шайлоолордон партия Каракол шаардык кеңешине гана шайлоого катышууну чечкен. Калган шаарларда, анын ичинде өлкөнүн түштүк борбору Ош шаардык кеңешине да катыша албайт.

Бокоев айтып жаткан арасат абалга жалаң эле «Республика» туш болгон жок. Маселен, КСДП, «Ата Мекен» сыяктуу 20 жылдык тарыхы бар партиялар да өзгөрүүлөргө туш болуп, арабөк абалда турат.

Өлкөдө акыркы дээрлик он жылдан бери негизги саясий күч болгон КСДП экиге бөлүнүп, укуктук жактан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыккан Сагынбек Абдрахмановго өттү. Бул партиянын кайсы курамы шайлоого аттанары белгисиз.

Кыргызстанда саясий бирикмелердин ичинен идеологиялык жактан салыштырмалуу бекем деп эсептелип келген «Ата Мекен» партиясынын ичиндеги жарака да жаңы жыл алдында ачыкка чыккан. Учурда аталган партия март айында курултайын өткөрүп, саясий максаттарын жарыялай турганын билдирүүдө. Анын үстүнө «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев боюнча соттук иштин создугушу да партиянын ишине таасир этүүдө.

Ал эми учурда парламенттеги «Бир Бол», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» партиялары шайлоого катышарын айтканы менен жигердүү өнөктүк жүргүзө элек.

Буга чейинки шайлоодо парламентке келе албай калган «Ак шумкар», «Ар-Намыс», «Бүтүн Кыргызстан» сыяктуу партиялар да жылдын негизги саясий окуясына катышарын билдиришкен.

Ушундай жагдайда учурдагы бийлик кайсы саясий күчкө таянат жана кайсы партияны сүрөйт деген суроонун башы ачылбай турат. Бийликтин партиясы болору айтылып жаткан «Биримдик» эмгиче курултай өткөрүп, өз программасын жарыялай элек. Бирок партия өз идеологиясы катары «демократиялык социализм менен евразиялык багытты» тандап алганы кабарланууда.

Аталган партия Бишкекте окумуштуулар жана эксперттер катышкан талкууларды өткөрүп жатканы жөнүндө сюжеттер мамлекеттик телеканалдар аркылуу көрсөтүлүүдө. Муну эксперттер «Биримдиктин» «тымызын пиар кадамы» катары сыпатташууда.

«Биримдик» партиясы уюштурган иш-чара тууралуу телерепортаждан көрүнүш.
«Биримдик» партиясы уюштурган иш-чара тууралуу телерепортаждан көрүнүш.

Бул партиянын лидери катары учурдагы парламент депутаты Марат Аманкуловдун гана аты аталганы болбосо, калган курамы ачыкка чыга элек. Бирок партиянын катарында парламенттин бир катар депутаттары бар экени айтылууда.

Саясий чөйрөдө бийликтин партиясы катары кеп болгон «Биримдик» ачыкка чыкпай, тымызын иш жүргүзүп жатканы түшүнбөстүк жаратууда.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бийлик өз партиясын жашыруун жол менен парламентке алып келүүнү кааласа элди сыйлабастык болорун билдирген эле:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Мыйзам боюнча ал (ред: Сооронбай Жээнбеков) партияга мүчө боло албайт. Бирок аны колдогон партия сөзсүз болушу керек. Колдогондор ачык чыгышы керек. Мунун эрөөн-төрөн көрбөшүбүз керек. Мыйзам жана саясат боюнча да укугу бар. Ачык айтпастан кой терисин жамынып келип, парламентке келгенден кийин «колдойбуз» десе биринчиден шайлоочуларына карата сыйлабастык. Сооронбай Жээнбековдун колдоочуларына айтат элем, ачык чыгып колдогула. «Жээнбековду тааныбайм» дегендей түр көрсөтпөгүлө».

Мындан сырткары буга чейин Бишкек, Ош шаардык кеңештериндеги шайлоодо жеңишке жетишкен «Мекеним Кыргызстан» партиясы да бийликке жакын күч катары сыпатталып жатат.

Мындан тышкары жакында бет ачарын өткөргөн Кыргыз либерал-демократиялык партиясы (КЛДП) алгач жергиликтүү кеңештерге, андан соң парламенттик шайлоодо багын сынап көрөрүн жарыялаган.

Саясий талдоочулар учурда мурдагы партиялар саясий кризисте, ал эми жаңы партиялардын «жүздөрүн ача элек» абал деген ойдо турушат.

Өз партиясынын саясий мелдешке чыгарын билдирген «Ар-Намыстын» лидери Феликс Кулов акыркы кырдаалды мыйзам ченемдүү көрүнүш катары сыпаттады:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Кыргызстан партиялык институттардын өнүгүү жолунун башталышында гана турат. Ошондуктан кайсы гана партия болбосун кризистик абалдын жаралышы күтүлгөн эле жагдай. Бул кадыресе көрүнүш. Ал эми партиялар мындай абалдан кантип өтөт? Бул башка маселе. Мисалы, биз өз партиябыздын ишин талдап, калыбына келтирүүнүн жолдорун издеп жатабыз».

Ал эми саясий илимдердин профессору Эмилбек Жороев партиялар туш болгон кризисти саясий бирикмени түзүүдө идеология эмес, кыска кызыкчылык эске алынганы менен түшүндүрдү:

«Маселенин өзөгү партиялар саясий уюм катары түзүлбөй, шайлоонун алдында бири-бирин жакшы билбеген, саясий көз карашы ар кандай болгон адамдар топтолгонунда болуп жатат. Ошондуктан аларды бузуп коюш өтө эле оңой. Мисалы, лидерин же бир адамды алып койсоң өзүнөн-өзү эле урап калып жатат. Мындай кырдаал азыр түзүлүп жаткан партияларга деле тиешелүү».

Партиялардын тизмеси.
Партиялардын тизмеси.

Кыргызстанда 250дөн ашык саясий партия Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн. Парламенттик шайлоо быйыл октябрь айында өтүшү керек. Ага чейин 12-апрелде беш шаарда жана бир нече айылдарда жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт.

Учурдагы мыйзамга ылайык, парламентке өтүүнүн босогосу тогуз пайыз деп белгиленген. Бирок бир катар саясий партиялар буга каршы болуп, аны беш же жети пайызга түшүрүүнү сунуш кылып жатышат.

"Эксперттер талдайт": Партияларды ойготкон шайлоо. 5-февраль, 2020-жыл.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кенжебек Бокоев: Парламент терең кризисте

Кенжебек Бокоев: Парламент терең кризисте
please wait

No media source currently available

0:00 0:43:28 0:00

Кумтөрдөгү кырсыктар үч өмүрдү үзүп тынды

Кумтөр кени.

Кумтөр алтын кенинде акыркы айларда эле кырсыктан үч адамдын өмүрү кыйылды.

Кумтөр кенинде 15-февралда экскаватордун айдоочусу көлмөгө чөгүп каза тапты.

Ысык-Көлдүн Барскоон айылынын тургуну Жеңиш Ибраимакунов Петров көлүнө жакын көлмөнүн үстүндө калдыктарды тазалоо иштерин жүргүзүп жатканда муз жарылып, экскаватору менен кошо сууга түшүп кеткен.

Кечки саат алтыда сууга түшүп кеткен Жеңиштин сөөгү эртеси табылып, 17-февралда жерге берилди.

«Ортомчу ишкана аркылуу ишке орношуп, андан кийин Кумтөр менен түз келишим аркылуу иштеп жатканына беш-алты жыл болгон экен. Биздин айылда Кумтөрдө иштегендер көп. Кооптуу болсо да алар бул окуядан кийин деле ишин улантып келе жатат. Айла жок, ар биринин үй-бүлөсү, бала-бакырасы бар, аларды багыш керек», - деди Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбек Усенбаев.

1966-жылы туулган Жеңиш Ибраимакуновдун артында үч баласы, жубайы калды.

Кырсыктан кийин «Кумтөр голд компани» кыскача маалымат таратып, анда экскаваторчу план боюнча иштеп жатканда кырсыкка кабылганы айтылган. Ишкана окуянын чоо-жайын иликтеш үчүн жумушчу комиссия түзүлгөнүн билдирген.

Бул Кумтөр кенинде болгон жалгыз кырсык эмес. 2019-жылы 1-декабрда Лысый өрөөнүндө жер катмары көчүп, эки адамдын өмүрү кыйылган. Бир айдан ашуун издөө иштеринен жыйынтык чыкпаган соң маркумдардын жакындары издөө иштерин токтотууга макул болушкан.

56 жаштагы Салтанат Жапарова – декабрда Кумтөрдө кырсыктап каза болгон жумушчулардын бири Өмүрбек Ишенбековдун апасы.

«Уулум он жылдан бери Кумтөрдө иштеп жаткан. Ошол күнү Кумтөрдүн өзүндөгү ишин жыйынтыктап, Бишкектеги кеңсесине которулмак. Кырсык экен, каза болуп калды. Негизи коопсуздук маселеси жакшы каралган эмес, эмнеге аны түнкүсүн да иштетишет? Кумтөрдүн жетекчилиги кырсык боло электе төгүндү күн сайын беш метрден жылып жатканын билишкен экен. Бирок ага карабай эле оор техника жиберип, жумушчуларды иштете беришкен. Кырсык болгондон кийин деле өлкө башчысынан тартып премьер-министрлерге чейин үн каткан жок. Окуя болгон жерге басып келип, абалды сурап койгонго жарашкан жок. Менин баламдан тышкары ал жерде канча деген адамдар иштейт. Мына, аз күн мурун экскаватор айдаган жумушчу да каза болуп калды. Аны эмнеге муздун үстүнө чыгарып иштетишет?» - деп суроо салды ал.

Ал эми Жети-Өгүз районунун акими Мурат Раматов былтыр кырсыктан ишкананын эки кызматкери каза болгондон кийин мекеме аралык комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Саруу айылынын тургуну, коомдук активист Нарис Калчаев Кумтөр маселесине байланыштуу оюн «Азаттыкка» билдирип жатып, бул кырсыктардын алдын алууга болот эле деп эсептейт.

«Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча мамлекеттик деңгээлдеги бир эмес, эки комиссия түзүп берген, - деди ал. - Бирок ага карабастан иш ордунан жылбай турат. Бардык кырсыктардын алдын алууга мүмкүн эле, бирок көңүлкош мамиле өлүм менен аяктап жатат. Азыр акыбал оор, Кумтөр иштеп жатат. Алты жылдан кийин келишим бүтөт. Мамлекет өзү Кумтөрдөн калган калдыктарды туура тейлей албай калышы мүмкүн. Кажы-Сай, Миң-Куш сыяктуу калдыктар көмүлгөн жерди тейлей албай, донорлорду издеп жатканы өкүндүрөт. Мисалы Монголия өз жериндеги кендерди иштетүүгө макул болбой, лицензияларын кайтарып алды. Биздин бийлик, эл биргелешип иштешсе, ошондой эле жыйынтык алмакпыз».

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын расмий маалыматына ылайык, алтын кенинде болгон эки кырсыкка байланыштуу окуяны Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алган.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 258-беренесине ылайык тергөө иштери башталган. Буга чейин түзүлгөн мекеме аралык комиссиясынын корутундусу келсе, сөз болуп жаткан фактыларга укуктук жактан баа берилет.

Ал эми эколог Динара Кутманова Кумтөрдөгү коопсуздук маселеси орчундуу экенин эске салды:

Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

«Көчкүнүн алдында калганы – калдыктар күндө жылып жатканында да. Алар эмне үчүн калдыктар жаткан жерде ишти улантат? Экинчи маселе – көлгө экскватор эмнеге барып жатканында. Чалгындоо иштери кандай жүрүп жатат? Мөңгүлөр кайсы жеринен бузулуп жатканы мага адис катары чоң суроо бойдон калды. Негизинен эле көптөгөн эрежелер бузулуп жатат. Рекультивация кылууга каралган акча кайда экени белгисиз. Ал эми 10 миң гектардын ордуна 16 ми гектар жерди берип, ал жерде карьерди казып жатышат».

Борбор Азиядагы эң ири алтын кендердин бири болуп саналган Кумтөрдү канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. «Центеррада» Кыргызстандын үлүшү 26% тегерегинде.

Кумтөр алтын кени Кыргызстандын жылдык ички дүң өнүмүнүн 10% жакынын түзөт. «Кумтөр голд компанинин» маалыматы боюнча, Кумтөрдө 2675 киши толук режимде иштейт. Алардын 98% кыргызстандыктар. Эл аралык Валюта Фонду Кумтөр кенинде 2026-жылы алтын өндүрүү токтой турганын белгилеп, Кыргызстанды тез арада альтернатива боло алчу өндүрүштү ишке киргизүүгө чакырган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Шабдалы деген сөз кайдан келген?

Абдил-Ахат Курбан уулу.

Кыргызда “Жалгыз дарак бак болбойт” деген макал айтылат. Бирок буга карабай кээде айрым боордошторубуздун бир түп даракты бак деп айтканын угуп эле жүрөбүз.

Былтыр Сокулук районундагы бир айыл өкмөт башчысы жазгы көрктөндүрүү иштери боюнча биздин сурообузга быйыл тигилген бактардын саны мынча деп жооп берген эле.

Адатта дарак саны эмес, ал эми түбү менен саналчу эмес беле. Айрым жемиштердин аттары деле туура эмес айтылат. Мына ошондуктан биз бүгүн бакчылык жана малчылык кесиптери жайында кеп курууну чечтик.

Ооба, жалгыз түп дарак эч качан бак боло албайт жана аны бак деп айтуу жаңылыштык. Дарак көп жыл жашап, бийик өскөн өсүмдүктөр түркүмүнө кирчү заттын жекелик түрдөгү аталышы. Ал эми бак бул – көп дарак өскөн жер. Дарактар жыш, коюу өскөн жерди токой деп коёт.

Илгери кыргыз эли бак-шак өстүрүүнү өнөр-кесип катары туткан эмес. Себеби, Октябрь революциясына чейин там-таш куруп, бир жерде отурук жашабай мал күтүүгө ыңгайлуу деп бийик тоолордун арасын мекендеп, улам көчүп-конуп жүргөндөн дарак өстүрүүгө зарылчылык болгон жок. Ал эми бак-дарак өстүрүү үчүн жайы-кышы бир жерди мекен тутууга туура келет эмеспи. Себеби, көчкөн кезде бак-дарактарды уй-кой сыңары өзүң менен кошо алып кете албайсың жана төрт түлүккө тынымсыз көзөмөл жана камкордук керек болгондой эле бак-дарак да камкордукка жана кароого муктаж. Болбосо алардын бутак-шагын мал же курт жеп, денесин да аарчып салышат. Ал гана эмес сугарып турбаса, куурап да калат.

Биздин ата-бабаларыбыз мал күтүп жан багып келгендей эле жемиш бактарын отурукташып жашаган элдер өстүрүп келишкен. Мал баккан киши койчу, уйчу, жылкычы же төөчү экенине карабай жалпы жонунан малчы деп аталса, бакчылыкты кесип кылган адамдар желе өстүргөн багынын түрүнө карабай жалпы жонунан багбан деп аталат. Багбан деген сөз кыргызда мурда мындай кесип болбогондон биздин тилибизге тажик-фарсы тилинен (боғ – бак жана бон – өстүрүүчү, багуучу) кирген. Бакчылык ишин жакшы билген ичкилик кыргыздар бак өстүргөн кишини бакчы же багбан деп коюшат.

1972-жылы болсо керек эле, сөз дыйканы деп саналган улуу жазуучубуз, Кыргыз эл баатыр Түгөлбай Сыдыкбеков менен Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев айрым жемиштердин аталыштары боюнча басма сөз беттеринде бир топ талашып-тартышкан эле. Ошондо Т.Үмөталиевдин "Түкөм, гилас эмес, алча деп айткыла дейт. Түштүк Кыргызстанда алча да жана ага окшош гилас деп аталган дагы бир жемиш өсөт, анда аны эмне деп аташ керек?" деп айтканы алиге эсимде.

Учурда базарга кирбеген, ал жердеги дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн ташылып келип жаткан жемиштерди жана алардын даамын татып көрбөгөн бир да киши калбаса керек. Биз бардык жемиштерди алар өскөн жердеги аты менен атайбыз. Мисалы: банан, киви, манго, ананас, мандарин, апельсин, лимон, алхури, бихи, хурма ж.б.

Данеги да кымбат турган өрүк жемиши Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында өсөт. Ага карабай Баткен облусун биз өрүктүн мекени катары эсептеп, ал жакты өрүкзар деп айтабыз. Анткени, аталган аймактын эли өрүк жемишин илгертеден бери өстүрүп келгенден аны өстүрүүнүн сырын абдан жакшы билишет.

Мындан бир канча кылым мурда отурукташа баштап, коңшу элдерден бакчылык иштерин үйрөнүп алган ичкилик кыргыздарда өрүктү даамына карап нан өрүк, кандек өрүк (тажикче кандак –канттай), кычкыл өрүк, как өрүк, шимиме өрүк, кыйгыл өрүк, ачуу өрүк жана өң-түсүнө карап корголдой (майда, кичине дегени) өрүк, чоң өрүк, батташма өрүк, ак өрүк, кызыл өрүк, ж.б. деп аташат. Өрүктүн ошол чоң өрүк деген түрүн Түндүк Кыргызстанда абрикос деп айтышат.

Көрсө, мурда жергиликтүү эл өрүк өстүрбөгөнү үчүн чоң өрүктү орустарды туурап абрикос деп кабыл алган тура. Дарбызды деле арбуз, гиласты черешня, самсаны орусча көптүк түргө салып самсы, палоону деле орусча бурмаланып айтылгандай плов же күрүч деп эле айтышат. Тегереги чарчылана жээктелип (жер шартына карап чарчыланбай да), күрүч өстүрүлүп ичинде жайы бою суу турган жер пал деп аталса, фарсы-тажикче тилдеринде суу об деп аталат (пал+об=палоо) деп аталат.

Кылымдар бою отурук жашап жемиштин канча бир түрүн өстүрүп келген тажиктерде өрүккө окшош данектүү жемиштердин көбү жалпы жонунан олу деп аталат. Алардын эң кичинекейи олуча – алча (-ча мүчөсү кичинекей олу дегенди түшүндүрөт). Олунун дагы бир түрүн алар зардолу (зард-сары+олу) деп коюшат. Зардолуну биз өрүк дейбиз. Ушул жерде өрүкзарлуу Баткендеги Зардалы (өрүк) деген айыл аргасыздан эске түшөт экен. Ал эми кыргызча кычкыл олу деген маанини берген гайнолу кыргыз тилине которулбай эле кайналы деп кирип калган. Кайналыдан чоңурагы шафтолу (шабдалы) эзилчээк олу деген маанини берет. Аталган жемиштердин ар биринин көптөгөн түрлөрү бар.

Беде өскөн талаа бедезар, пахта өскөн талаа пахтазар деп айтылгандай эле жемиш дарактары өскөн жер да алма бак, өрүк бак, гилас бак деген менен бир катарда алмазар, өрүкзар, гиласзар деп да айтала берет.

Кыргызда “Чырпык сайсаң, чынар болот” деп айтылган менен мен алиге Кыргызстандын эч жеринен чынар теректи көрө элекмин Ичкилик кыргыздар жашаган азыркы Тажикстандын Кара-Тегин өрөөнүндө талдын эле кара тал, көк тал, сары тал, үй тал (мындан боз үйдүн кереге-ууктары жасалат) марча тал, сай тал, сөгөт тал, жерге (жапыз, кодоо дегени) тал сыяктуу түрлөрү өсөт. Теректин да мырза терек, кашка терек, ак терек, көк терек, чынар терек деген түрлөрү бар. Муну менен кайсы улуттун же кайсы элдин болбосун тутунган кесип жайына карап сөз кору бай болорун айтмакчыбыз.

Жашаган жеринин жаратылышына жана географиясына байланыштуу кыргыз тилиндеги аталыштар, түшүнүктөр жана терминдер абдан көп. Муну биз кыйла жылдан бери ушул темага кызыгып, саресеп салып жүргөндөн улам айтып жатабыз. Кыргыз эли жашаган ар бир укум жердин кыргызча өз аты бар. Мисалы: аска, тоо, зоо, коо, кыр, бел, сырт, ой, ойдуң, ийрилиш, жар, дөбө, төбө, бөксө, урчук, боор, арт, ашуу, мойнок, кокту, колот, өрүлөш, өр, кулама, ооналыш, капчыгай, оюрма, жайылма, жантайма, түз, түздүк, түзөң, түзөңчө, жар, учаар, кулаар, корум, корумдуу, тектир, чат, чап, жаак, төр, ооз ж.б.у.с. айтып отурса санак жетпейт. Ошентип кыргыздыкындай көрүнүшүнө карап бай жер аталыштары башка эч бир элде жок.

Кыргызда жер-суу аталыштары деле тиешелүү жердин табигый шартын жана өзгөчөлүгүн эске алуу менен коюлган. Мисалы, Шамалдуу-Сай, Таштак, Таш-Арык, Таш-Мойнок, Беш-Күңгөй, Таш-Дөбө, Саз, Миң-Булак, Сан-Таш, Он-Бир-Жылга, Оттук, Кызыл-Бел, Көк-Бел, Көк-Сай, Ак-Жар, Кулама, Корумду, Кызыл-Суу, Ак-Суу, Көк-Суу, Кара-Суу, Жашыл-Көл, Кош-Мойнок, Ак-Мойнок, Таш-Мойнок, Ала-Бел, Төө-Ашуу, Кош-Тегирмен, Таш-Коргон, Сары-Ой, Жолборстуу, Бөрүлүү, Барса келбес, Ит-Аккан, Жол-Кол, Улуу-Кол, Кара-Кол, Сары-Кол, Кыр-Кол, Тамды-Кол ж.б.

Тоолордо өсүп, тамак-аш катары пайдаланылып келген өсүмдүктөр менен жер-жемиштеринин да ар биринин таптаза кыргызча аталыштары бар. Мисалы, чүкүрү, ышкын, кымыздык, согон, сарымсак, козу карын, аркар от, кийик от, жоогазын, ат кулак, карагат, кара чеке, бүрдүркөн, кожогат ж.б.

Ичкилик кыргыздар кылымдар бою тажик эли менен кошуна жашап келгенден алардин диалектилеринде тажик тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр көп. Буга айрым мисалдарды келтире кетели.

Бекер (“бекор” – "жумушсуз") – "бе" префикси кыргыз тилиндеги -сыз мүчөсүн алмаштырат. Мисалы, "кор" - жумуш, бекерчи – жумушсуз. Кыргыз тилинде өздөштүрүлгөн сөздөр “бе” же “бей” префикси менен да, -сыз уланды мүчөсү менен да айтыла берет. Мисалы, бейакыл-акылсыз, беймаани-маанисиз, бейадеп-адепсиз, бейнамыс-намыссыз ж.б.

Бостек (“пустак”, “пуст”-тери) – кой терисинен ашатылып жасалган жер төшөк. Кыргызда көлдөлөң дейт.

Каарман ( “кахрамон”) – баатыр.

Кайып (“гойиб” же “гоиб”) – көзгө көрүнбөгөн нерсе, зат.

Кептер – (“кабутар”, “кабуд” – көк) көгүчкөн.

Маяна – "мох" - ай, "мохона" - айлык. Кээ бир диалектилерде айды “мохтоб”, күндү “офтоб” (биз аптап деп кабыл алганбыз) дешет.

Мөрүт (“маврид”) – убакыт, саат, маал, мезгил, учур. Бул сөз кайсы бир иштин убагы, кезеги келип калганын түшүндүрөт. Мисалы, "Азырынча айтпай коё тур, бул сөздүн айтылаар мөрүтү келет".

Наристе (“навруста”, “нав” – жаңы, “рустан” – өсүү) – жаш бала, бөбөк.

Нооруз (“Навруз” – “нав” – жаңы, “руз” – күн). Нооруздун “сарисол”, “сар” – баш, “сол” –жыл башы деген синоними да бар.

Тестиер (“дастёр”, “даст” – кол, “ёр” – жар, шерик) – кол арага жарап калган бала.

Абдил-Ахат Курбан уулу, этнограф

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Коронавирус камаган кемедеги жашоо

«Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан тартып Жапониянын Иокогама портунда коронавирустан улам карантинде турат. Кемеде баш-аягы 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталды. Карантинге алынган кемедеги жашоо сүрөттөрдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG