Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Элчиликтин элеги, элдешүүнүн «белеги»


Бекназаров Мадумаровго жооп берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:58 0:00

Бекназаров Мадумаровго жооп берди

Кыргызстандын Малайзиядагы жаңы элчиси Азимбек Бекназаров элчилик кызматка президенттин сунушу менен баратканын билдирип, балдарынын мамлекеттик кызматка орношуусунун себептерин ачыкка чыгарды.

Бекназаров президент Сооронбай Жээнбеков кызматташып жатканы үчүн анын сунушун кабыл алганын билдирди.

Буга чейинки өлкө башчылар башкалардын ою менен эсептешпей келгенин айтып, элчилик кызматка барууга эмне үчүн макул болгонун мындайча түшүндүрдү:

- Президенттин сунушун кабыл алууга эки себеп болду. Ал «үй-бүлөлүк башкарууну сындырам» деп жатат. Мындан тышкары, ал Кудайдан коркот. Экинчиден, саясаттан алыстап элчи болоюн дедим. Бирок саясаттан таптакыр кетпейм

Бекназаров эки жылда Сооронбай Жээнбеков авторитардык бийликке каршы чоң иштерди жасады деп эсептей турганын кошумчалады. Мындай кийинки кадамдары да реформа кылууга ишенимдүү болуп калды деген пикирде.

Ал эми балдары болсо өз аракети менен ишке орношуп, ийгиликке жетишип жатат деп эсептейт. Ушундан улам саясатчы бийлик кызмат берүү менен анын оозун басып кое албайт деген пикирин билдирди:

- Мен сатылган жокмун. Мен кылдаалдан туура пайдаланып жатам. Жаштарга мүмкүнчүлүк берейин дедим. Бирок ошол жаштардын башында өзүм турам. Мен саясатчылар бийликке келгенде эле оозун жаап алгандарга каршымын. 2005-жылы да башкы прокурор болуп турганда, андан кийин 2010-жылы да оозумду жапкан эмесмин. Менин оозумду эч ким жаба албайт. Мен саясий күрөшүм токтобойт.

Бекназаров мындай билдирүүнү саясатчы, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун сынынан кийин жасады. Мадумаров бир күн мурда «бийликке сын айткандар өкмөт менен соодалашууга барып, саясий принцибин жоготуп жатат» деп айткан.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Чек ара маселесин Айбалаевден алтоо болсо да чече албайт. Ал жерди коргоо үчүн күрөшкөн жок. Урпактарынын келечеги үчүн күрөшүп жатат. Мен муну бир жыл мурда эле айткам. Мына жакында эле кызы Улуттук банкка кызматка кириптир. Кыйкырып демократ болуп жүргөндөрдү өзүн элчи кылып, бир баласын бир кызматка, экинчисин дагы бир жакка дайындап койду эле - болду, ал айтып жүргөн реформа тууралуу талаптарына чекит коюлду. Ушундан улам саясаттан, саясатчылардан элдин көңүлү калды.

Мадумаров кеп кылган Баткендин мурдагы губернатору Мамат Айбалаев болсо балдарынын жетишкендигине бийликтин тиешеси жок деп эсептейт. Ал балдарынын кайсы окууну бүткөнүн түшүндүрүп, Баткендеги чек ара маселеси тууралуу оюн өзгөртпөй турганын билдирди:

Мамат Айбалаев.
Мамат Айбалаев.

- Кызым МГУну бүткөн. Франциядан окуган. Эми Улуттук банкка конкурстун негизинде ишке алынды. Ага бийликтин тиешеси жок. Ал эми менин принцибин тууралуу Адахан мырза кам санабай эле койсо болот. Мен Баткендин жери тууралуу оюмду ачык эле билдире берем.

Азимбек Бекназаровдун саясаттагы кийинки кадамдарын кадимки эле нерсе катары көргөн саясатчылар да бар. 2010-жылдан кийин бийликте болгон Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев бийлик кызмат берүү аркылуу кайсы бир саясатчы менен «соодалашууга» барышын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалады:

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

- Ар кимдин өз чечими, өз ою бар. Бирок Бекназаров тууралуу айтсам, ал чоң саясатчы экенинен күмөнүм жок. Ал өз ишин, саясатын жүргүзүп жатат. Балдары да оокат кылышы керек да. Алардын кызматка иштеп жатканынан мыйзамга каршы иш көргөн жокмун. Анан «атасы саясатчы экен» деп аларды кызматка жолотпой куугунтукташ керекпи?

Деген менен Бекназаровдун элчилик кызматка дайындалышынан улам коомдо «Дипломатиялык билими жана тажрыйбасы жок адам кантип элчилик кызматты аткарат? Оппозициячыл айрым пикирлерди айткан эле адам элчиликке кете береби?» деген пикирлер айтылып жатат. Айрым саясатчылар Бекназаров бийлик менен ачык эле саясий соодалашууга барганын айтып чыгышкан.

Ал эми саясат таануучу Эмилбек Жороев өлкөдөгү оппозициялык күчтөрдүн жүрүшү азыркы бийликтен да көз каранды экенин эске салды:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

- Тилекке каршы, ушундай «соодалашуу» маанилүү маселелер көтөрүлбөй калышына алып келет. Бирок бул жаңылык деле эмес. Шайлоонун алдында мындай нерселер боло берет. Бирок кайсы бир саясатчынын дарегине эч нерсе деп айта албайм. Антсе да жалпылап айтканда, биздин саясатчылардын саясий туруктуулугу жок.

Убагында жарандык активист болуп жүргөн Эдил Байсалов 2019-жылы Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалганда «бийлик менен соодалашууга барды» деп сындап чыккандар болгон. Ал өзү мындай пикирлерди четке каккан.

Мындан тышкары 2018-жылы оппозициялык маанайдагы жарандык активист катары белгилүү болгон Дайырбек Орунбеков эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кеңешчиси, андан мурдараак дагы бир оппозициячыл активист болуп жүргөн Мавлян Аскарбеков Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп дайындалган.

Ошол убакта да социалдык тармактарда муну бийликтин оппозициялык күчтөрдү өзүнө тартуу аракети катары баалагандар чыккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG