Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 17:58

Элчиге 200 сөз аздык кылат...


Бекбосун Бөрүбашев жана Бактыгүл Каламбекова.

Акыркы күндөрү Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилеринин айланасындагы маселе кызуу талкуу жаратууда.

Эл аралык мамиледе тажрыйбасы жок адамдардын элчи болуп калышына эмне себеп болууда? Дипломатиялык корпусту даярдоонун, элчилерди тандоонун, дайындоонун мыйзамдык негиздери болушу керекпи?

«Арай көз чарай» талкуусуна Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Бактыгүл Каламбекова жана юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев катышты.

«Азаттык»: - Бактыгүл айым, жакында Жогорку Кенештин тиешелүү комитети мурдагы депутат, мурдагы мамлекеттик кызматкер, белгилүү саясатчыга элчилик орунга макулдук берди. Анын дипломатиялык иште тажрыйбасы жоктугу катуу сынга алынууда. Бул кептердин жүйөсү барбы же саясий дайындоо болдубу?

Малайзия өлкөсүнө элчини дайындоо бир-эки кишинин бир күндө чыгарган бүтүмү эмес, кеңешүүлөр, сүйлөшүүлөр, макулдашуулардан кийин келген чечим.
Бактыгүл Каламбекова.


Бактыгүл Каламбекова: - Бул көрүнүш саясий дайындоо болуп калды. Ушундай жагдайлар башка мамлекеттерде деле болуп калат.

Кыргызстанда 1990-жылдардан бери кайсы бир адамдын жөндөмүнө, тигил же бул маселедеги позициясына, саясий дараметине, коомдогу таасирине жараша ж.б. сапаттарына карап чечимдерди кабыл алып жүрүшөт.

Малайзия өлкөсүнө элчини дайындоо бир-эки кишинин бир күндө чыгарган бүтүмү эмес, кеңешүүлөр, сүйлөшүүлөр, макулдашуулардан кийин келген чечим.

Кабыл ала турган мамлекет да макулдугун берген. Ошондон кийин гана Жогорку Кеңештин комитети макулдугун берип жатат. Дайындоо жөнүндө президенттин жарлыгы чыгат, анан элчи ишин баштайт.

Мен элчи болуп кетип жаткан адамдын элчилик ишке жөндөмүн жакшы билбейм. Менимче, ал кишинин потенциалын, жөндөмүн Кыргызстандын ичинде пайдалансак жакшы болмок. Бул кишини юрист катары, мисалы, Конституциялык палатага судья кылса болмок, Сотторду тандоо кеңешине төрага кылса, же болбосо чек араларды тактоо боюнча бийликтин өкүлү кылып койсо, андан бетер жарашмак. Ошондо бул кишинин юрист, мекенчил жаран катары бейнеси толук ачылмак.

Эгерде алдан-күчтөн тайып баратканда «Ак куу ырындай» болуп, чет өлкөгө барып, башкача бир үн чыгарып алайын десе, анда Малайзия эс ала турган жер эмес.

«Азаттык»: - Бекбосун агай, Кыргызстанда элчилерди тандоонун, дайындоонун мыйзамдык негиздери барбы? Болсо алар кайсы жобо, тартип эрежелер, нормалар менен чечилет?

Бекбосун Бөрүбашев: - 2010-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» деген мыйзамы бар. Анда өлкөнүн дипломатиясынын орду, элчилердин дипломатиялык чиндери ж.б. толгон маселелер боюнча жоболор көрсөтүлгөн. Элчилер кантип даярдалат, тандалат, дайындалат - мунун баары мыйзамда көрсөтүлгөн. Өкмөттүн дал ушул маселеге тиешелүү 2007-жылы кабыл алынган токтому да бар.

Мындан сырткары 2012-жылы кабыл алынган «Тышкы саясат боюнча мамлекеттик органдардын өз ара мамилелери жөнүндө» деген мыйзам бар. 2014-жылы кабыл алынган «Эл аралык келишимдер жөнүндө» деген мыйзам бар. Кыскасы, ким элчи боло алат, ким дипломат боло алат деген маселелердин мыйзамдык, укуктук негиздери бар.

«Азаттык»: - Бактыгүл айым, элчиликке макулдук алган саясатчы «дипломат үчүн тил билүү маанилүү эмес, башкысы мамлекетти сүйүү керек. Барган жердин 200 сөзүн жаттап алуу оңой эле» деди. Дипломат үчүн тил канчалык маанилүү?

Чет тилди билүү өтө зарыл нерсе. Эми 200 сөз менен элчилик ишимди кылып кетем дегенди мен түшүнө албайм.
Бактыгүл Каламбекова.


Бактыгүл Каламбекова: - Тил - элчинин эң негизги эмгек куралы. Тилди билген бир жөн, аны практикада колдоно билүү андан да маанилүү маселе. Чет тилди билүү өтө зарыл нерсе. Эми 200 сөз менен элчилик ишимди кылып кетем дегенди мен түшүнө албайм. Мисалы, мен 40 жылдан бери чет тилдерди үйрөнүп жүрөм. Тил менен күн сайын иштеш керек, пайдаланыш керек. Тилди тереңдетип окуган сайын сыры ачылат. Элчи болуп барган кишиде чет тилдин базалык кору болуш керек.

Кыргызстандын башка мамлекеттерден бир айырмабыз – Тышкы иштер министрлиги жөнүндө мыйзам жок. Ал бизге өтө керек. Биз бул сунушту 1995-жылдан бери көтөрүп келе жатабыз. Себеби, кайсы бир күчтөрдө «Тышкы иштер министрлиги эмне үчүн атайын мыйзам менен тейлениш керек» деген «антилобби» бар.

Парламент Бекназаровдун талапкерлигин жактырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00


Мисалы, Орусиянын дипломатиясы 1967-жылы кабыл алынган «Элчи жөнүндө жобо» менен иштеп келет. Биз, көп мамлекеттердин жоболорун талдап, изилдеп көрдүк. Азыр Кыргызстанда жашап жаткан мыйзамдар элчи ким болуш керек деген суроолорго толук жооп бербейт. Мисалы, мыйзамда элчинин укуктары жана милдеттери эле жазылган.

«Азаттык»: - Бекбосун агай, Кыргызстандын азыркы дипломатиясынын, анын ичинде кадрдык курамынын потенциалын кандай баалайсыз?

Элчи сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн сырларын үйрөнүш керек.
Бекбосун Бөрүбашев.


Бекбосун Бөрүбашев: - Учурда Кыргызстандын 30 мамлекетте элчиликтери бар. Аларда кадрдык дарамет, потенциалы жетиштүү деп ойлойм. ТИМдин алдында дипломаттарды даярдай турган Академия бар. Мындан сырткары бир нече жогорку окуу жайларда эл аралык мамилелер боюнча адистиктерге окутулат.

Кесипкөй элчи болом деген адам, эл аралык укуктук нормаларды, келишимдерди жакшы билиши зарыл, эл аралык мамилелердин теориясын, тарыхын терең билүүгө милдеттүү. Элчи сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн сырларын үйрөнүш керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (27)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG