Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 09:41

Парламент Бекназаровду элчиликке сүрөдү


Азимбек Бекназаров комитеттин жыйынында.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине саясатчы Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды.

"Жабык" өткөн жыйын

Азимбек Бекназаровду Кыргызстандын Малайзиядагы элчиликке талапкерлигин талкуулаган Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйыны журналисттердин катышуусуз өттү. Комитеттин төрагасы Исхак Пирматов жыйын ачык деп айтканы менен, комитеттин отурумуна журналисттер киргизилген жок.

Жыйындын жүрүшүндө Бекназаровго кандай суроолор берилип, болочок элчинин Малайзия менен мамилени кантип өнүктүрөрү тууралуу планы белгисиз бойдон калды. Жыйынга катышкан 13 депутаттын 12си Бекназаровду элчиликке жактырганы гана белгилүү болду.

Жыйындан соң Азимбек Бекназаров журналисттердин суроолоруна жооп берип, элчилик кызматта Малайзия менен мамилени жакшыртып, инвестиция тартууну пландап жатканын билдирди. Саясатчы бул үчүн чет тилди билүү маанилүү эмес экенин айтып, бирок малай тилин аздыр-көптүр өздөштүрүүнү убада кылды:

- Тилди билүү маанилүү деле эмес. Мамлекеттик тилди билесиңби, Кыргызстанды сүйөсүңбү - ушул маанилүү. Ал эми элчилик ишиндеги 200 сөздү 2-5-класстын балдары деле жаттап алат. Малайзияга барсам, малай тилиндеги 200 сөздү бир айдын ичинде жаттап алыш колдон келет.

Азимбек Бекназаров элчилик кызматка баруу үчүн бийлик менен соодалашуу болбогонун белгилеп, буга чейинки оппозициячыл ишмердигиндеги айрым адаттарынан арылууга аракет кыларын кошумчалады.

Парламент Бекназаровдун талапкерлигин жактырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00


Бекназаровдун элчилик кызматка барары тууралуу маалымат эки ай мурун ачыкка чыккан. Ал учурда Бекназаров былтыр өзү башында турган курултайда коюлган маселелерди бийлик аткармайынча кызматка барбасын билдирген эле. Эми болсо Азимбек Бекназаров бийлик талаптарын аткарууга даяр болгонун айтып жатат:

- Биз көтөргөн курултай жөнүндө мыйзамыбыз каралып жатат, кийинки жумада киргизилет. Парламенттин тиешелүү комитети жумушчу топ түзүп, референдум боюнча мыйзамыбызды карап жатат. Өкмөттүн күн тартибине киргизилди. Учурда биз койгон талаптар боюнча азыркы бийлик менен эч кандай маселе жок. Ошондуктан кызматка барууга макул болдум.

Эми Азимбек Бекназаровду элчиликке дайындоо боюнча жарлык чыгаруу президенттин колунда. Адатта мындай жарлык парламент комитетинин чечиминен соң бир-эки аптадан кийин чыгат.

Саясий соодалашуубу?

Парламент Бекназаровдун талапкерлигин карап жаткан маалда социалдык тармактарда "Дипломатиялык билими жана тажрыйбасы жок адам кантип элчиликти аркалайт? Оппозициячыл айрым пикирлерди айткан эле адам элчиликке кете береби?" деген пикирлер айтылып жатат. "Улуттар Биримдиги" партиясынын жооптуу катчысы, юрист Клара Сооронкулова Бекназаровду кызматка дайындоону саясий соодалашуунун жыйынтыгы катары баалайт:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

- Бекназаровдун буга чейинки ишмердигин көңүлгө алсак, чынында эле саясий соодалашуунун жыйынтыгы деп так кесе айта алабыз. Анткени ал киши былтыр эле "Конституцияны, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү зарыл" деп катуу талап коюп, курултайларды уюштуруп келген. Ошон үчүн алысыраак кетирели деген ниет болдубу же бул киши башынан эле ушундай максат коюп, саясаттан чарчаганбы, билбейм, мурдагы бийлик пайдаланып келген ыкманы Бекназаровго карата да колдонушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл эле элчилерге жогорку талап коюларын белгилеп, кесипкөйлөрдүн ордуна тааныш-билиш аркылуу кызматка келгендер көп экенин айткан:

- Катардагы кызматкер эмес, айрым элчилердин өздөрүнүн да жүрүм-туруму алардын жогорку статусуна, элдин атынан чет жерде өкүл болууга татыктуу эмес. Кайсы өлкө экенин атабасам да баарыңар билесиңер. Мурдагы бир элчи дипломаттын, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп, дипломатияга адашып келген адис экенин көрсөттү. Дипломатияда ага окшоп адашып келип калган адамдарга орун болбошу керек.

Бирок Бекназаровду дипломатиялык кызматка дайындоодо саясий тажрыйбасы эске алынды деген пикирлер да бар. Дипломат Бактыгүл Каламбекова Бекназаров үчүн элчилик кызматты аркалап кетүү кыйын болсо да президенттин тандоосун түшүнүү менен кабыл алыш керек деген пикирде:

Бактыгүл Каламбекова
Бактыгүл Каламбекова

- Дипломатиялык чөйрөдөгүлөр бул тармакта мындай тажрыйбанын бар экенин эске алуу менен туура эле кабыл алды деген ойдомун. Мамлекет башчысы Жээнбеков Азимбек Анаркуловичти ушул кызматка ылайык көрүптүр. Биздин коом элчиликке дайындоо чечимдерине өтө дыкаат карашат. Бул бир жагынан жакшы. Бирок дүйнөлүк практикада, биздин тарыхыбызда деле саясий дайындоолор болуп келген. Ошол нерсенин уландысы катары эле кабыл алышыбыз керек.

63 жаштагы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, башкы прокурор, 2010-жылдагы Апрел ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде ага каршы оппозицияда болуп келген.

Былтыр курултай уюштуруп, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго бир катар талаптарды койгон. Анда Бекназаров баштаган "Элдик курултай" кыймылынын мүчөлөрү акыркы жылдары бийликти конституциялык реформа жасоого чакырып, шайлоо системасын өзгөртүүгө үндөп, иштетилип жаткан кендерде өлкөнүн үлүшү сөзсүз болушу керек деген талаптар айтылган.

Малайзияга ким элчи болгон?

Кыргызстан менен Малайзиянын дипломатиялык алакасы 1992-жылы башталган. 1997-жылы Кыргызстан бул өлкөдө элчилигин ачкан болчу. Бул жылдар аралыгында Азияда тез өнүккөн бул өлкө менен Кыргызстан соода-экономикалык байланышты күчөтүш керектигин айтып келет.

Элчилик ачылгандан тарта Малайзияда кесипкөй дипломаттарга караганда саясий негизде дайындалган элчилер басымдуулук кылат. Атап айтканда, алгачкы элчи катары саясатчы Мамбетжунус Абылов иштесе, кийинчерээк Равшан Жээнбеков, Турсунбай Бакир улуу, Кылычбек Султанов болгон. Ал эми дипломаттардан Жээнбек Кулубаев, Аскар Бешимов Кыргызстандын элчиси катары кызмат кылган. Кызыгы, Малайзияда элчиликке дайындалган саясатчылардын дээрлик көпчүлүгү мөөнөтүнүн аягына чейин турбай, өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Акыркы жолу “Супер Инфо” гезитинин кожоюну Кылычбек Султанов 2016-жылы өз арызы менен кызматтан кеткенден бери бул кызмат орду бош турган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (30)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG