Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Элчинин билдирүүсү ТИМдин тынчын алды


Тышкы иштер министрлиги
Тышкы иштер министрлиги

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды кызматтан алууну сунуштады. Министрлик "элчи дипломаттын этикасын бузду" деп эсептейт. Буга чейин Султан учакта мас абалында жаңжал салды деген Зууракан Каденова тууралуу маалымат жыйын өткөрүп, бул окуяны жаап-жашырууга аракет кылгандар чыгып жатканын айткан эле.

Социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденованын окуясы боюнча Кыргызстандын Сеулдагы элчиси Кылычбек Султандын маалымат жыйында айткандарына тышкы саясат мекемеси атайын билдирүү менен жооп кайтарды.

Министрлик элчи Кылычбек Султан мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежелерин, дипломаттык этика нормаларын бузганын билдирип, анын өзүнүн туура эмес иштерин ачыкка чыгара турган маалыматтар бар экенин кабарлады:

Эгер ал маалыматтар тастыкталса, тиешелүү органдарга жөнөтүлөт. Кылычбек Султандын мындай жүрүм-турумуна дал ошол тартип бузуулары түрткү болушу ыктымал” деп айтылат Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Мындан соң тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кылычбек Султанды кызматтан алууну президентке сунуштаганы белгилүү болду. Президент Сооронбай Жээнбеков элчи боюнча кандай чечим кабыл алары азырынча белгисиз. Бирок Кылычбек Султан министрликтин "дипломаттын этикасын бузду" деген сынына макул эмес. Элчинин айтымында, ал министрликтеги мыйзамсыз иштерди көрүп туруп, көз жуумп коё албай, аргасыз кадамга барды:

- Эгерде кайсы бир кемчиликти же коррупциялык иштерди көрүп жатсам, ал тууралуу кайрылган нерседен жыйынтык чыкпаса, анан "муну эми көтөрүүгө болбойт, этикага туура келбейт" деп отуруп алууну мен келесоолук деп эсептейм. Ошондуктан бул нерсени мен ачык айтып чыктым. Анын үстүнө мен дароо эле көчөгө чыгып кыйкырган жокмун. Алгач Тышкы иштер министрлигине кайрылгам, андан жыйынтык чыкпаганы үчүн Улуттук коопсуздук комитетине кайрылдым, андан да эч кандай натыйжа болгон жок. Андан соң президенттик аппаратка кабарладым, ага да көңүл бурушкан жок. Президенттин өзүнө кайрылуу жолдодум. Эч кандай реакция болбогону үчүн коомчулукка кайрылып, ачык айтчу мүмкүнчүлүгүм калды.

Кылычбек Султан: Элчиликтерде коррупция бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:05 0:00



Кылычбек Султан акыркы билдирүүлөрүнөн соң куугунтук болушу мүмкүн деп эсептеп, ошентсе да президент Сооронбай Жээнбеков адилет чечим кабыл алат деп ишенип жатканын билдирди. Кылычбек Султан учурда Сеулга барып, элчилик кызматын улантып жатат.

Кылычбек Султан менен Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы ачык кайым айтышына социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденованын Сеул-Алматы багытындагы учактагы окуясы себеп болду.

Бул окуя тууралуу журналисттерге кеңири маалымат берген Султан 24-сентябрда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, президенттик аппараттан Каденова тууралуу маалыматты таратпагыла деген көрсөтмө келгенин айткан эле. Ал эми мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева президенттик аппарат Сеулдагы окуяны жаап-жашыруу жөнүндө эч кимге буйрук бербегенин билдирген.

Дипломатиялык мекемедеги жаңжалга байланышкан маселе парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинде көтөрүлүп, Тышкы иштер министрлиги менен элчиликтердеги кадрлардын деңгээли талкууланды.

Тышкы саясат: депутат жана этика

Тышкы саясат: депутат жана этика

Жогорку Кеңештин мурдагы, азыркы чакырылышынын айрым депутаттарынын орунсуз сөздөрү, чет элдик сапарларындагы аракеттери кыргыз дипломатиясына кедергисин тийгизгени айтылууда.

Аталган комитеттин мүчөсү, депутат Акылбек Жамангуловдун айтымында, бул кырдаал дипломатиялык чөйрөдөгү кадр кризисинен кабар берет:

- Жаралган кырдаал боюнча абдан көп сын пикирлер айтылууда. Ошондуктан, учурда президент менен бирге Нью-Йоркто сапарда жүргөн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев келген соң биздин комитетте бул боюнча атайын жыйын өтүп, карайбыз. Анда Тышкы иштер министрлигинин ишмердиги, элчилерди дайындоо, алардын иштери жана дипломатиялык паспорттордун берилиши боюнча маселелер каралат. Тышкы иштер министрлиги бул жаатта бир катар кемчиликтерди кетиргени көрүнүп жатат.

Ошондой эле акыркы окуя дипломатиялык этика, элчилик кызматка дайындалган кадрлардын маселесин да козгоду.

Негизи эле элчилик кызматка бийликке сын айткан, атаандаш болгон адамдарды дайындоо Кыргызстандын эгемендик жылдарында кеңири тараган адатка айланганын эксперттер белгилешет. Акыркы учурда бул кызматка президенттин айланасындагы эң жакын жана ишенимдүү кеңешчи, жардамчылары дайындалган учурлар болгон.

Тажрыйбалуу дипломат Сактанбек Кадыралиевдин айтымында, бул маселенин баары элчилик кызматка кесипкөй дипломаттардын ордуна бийлик ыңгайына жараша ар кыл адамдарды дайындаганынан чыгууда:

- Дипломат бул мамлекеттик кызматкердин өзгөчө бир түрү. Ал өлкөнүн четтеги өкүлү катары ар бир кадамы, сүйлөгөн сөзү так, күмөн туудурбагандай болушу керек. Ошондуктан борбордук бийлик менен көп нерсени макулдашып, анын негизинде өлкөнүн кадыр-баркына шек келтирбегендей иш кылышы зарыл. Бирок акыркы учурда бийлик саясатчыны өлкөдөн чыгарууну кааласа эле дипломат кылып жиберип жатат. Ал эми кесипкөй дипломаттар ишсиз жүрөт. Мына ушунун айынан акыркы окуялар жаралууда.

Акыркы дипломатиялык чырдын баш каарманы болгон 43 жаштагы Кылычбек Султан өлкөдөгү кыргыз тилиндеги көп нускалуу "Супер инфо" гезитинин негиздөөчүсү. Ал "Ата Мекен" фракциясынын квотасынын негизине социалдык өнүгүү министри болуп кыска убакыт да иштеген. Кийин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган. Бул кызматтан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы экенин айтып кеткен. Бирок кыска убакыт өтпөй эле Атамбаевдин буйругу менен Кореядагы элчиликке дайындалган.

Кесиби боюнча дипломат эмес Кылычбек Султанды мындай кызматтарга дайындоонун артында ал ээлик кылган көп нускалуу "Супер инфо" гезитин бийлик өз ыңгайына колдонуу аракети жатканы айтылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG