Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Элчинин билдирүүсү, дипломаттын этикасы


Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын "Тышкы иштер министрлигинен мыйзамга туура келбеген тапшырмалар берилет” деген билдирүүсү ар кандай талкууланууда. Айрым дипломаттар элчини "кызматтык этиканы бузду" деп сындаса, башкалар Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигинде жедеп бышып жетилген маселени көтөрүп чыкканын колдошту.

ТИМ: Түштүк Кореядагы элчи ката кетирди

ТИМдин Маалымат департаментинин жетекчиси Муратбек Азымбакиевдин “Азаттыкка” айтканы боюнча, элчи Кылычбек Султан өз билдирүүсү менен “ката кетирди”.

- Азыр биз ар кандай учурларды карап жатабыз. Ал ката кетирип койду. Ал элчи болуп иштеп жаткандан кийин биздин мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамга толугу менен баш иет да. Анда мамлекеттик кызматкер эмнени жасай алары, эмнени жасоого болбосу жазылган. Эмне үчүн ал биздин ички, департаменттин директору кол койгон документти ачыкка чыгарат?

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлиги элчиликти бул өлкөгө жеке иштери менен барган кишилерди тосуп алууга мажбурлап жатканын өткөн жумада айтып чыккан. Ал мындай учур бирин-серин эмес экенин, акыркы жолу Түштүк Кореянын Инчхон шаарындагы аэропорттон окууга келген Кыргызстандын жарандарын тосуп алууга тапшырма берилгенин айтып, ТИМдин катын жарыялаган.

Министрликтин өкүлү Муратбек Азымбакиев катта айтылган адамдар мамлекеттик кызматкерлер, атап айтканда майор жана подполковник наамындагы Кыргызстандын расмий аскер адамдары болгонун, аларга элчилик көмөк көрсөтүшү зарыл экенин билдирди:

- Алар Түштүк Кореяга расмий иш-чарага бараткан аскер адамдары болчу. Аны биздин департаменттин директору "Кыргызстандан ушундай адамдар баратат, колдон келсе көмөк көрсөткүлө" деп кат жазган.

Муратбек Азымбакиев ​жардамга муктаж ар бир кыргыз жаранына элчилик жардам берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Элчинин билдирүүсү

Кылычбек Султандын маалыматына караганда, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинде беш киши иштейт. Алардын ар биринин өзүнчө милдети бар жана алардын ар бир келген жаранды тосуп алууга мүмкүнчүлүгү жетпейт, буга мамлекет тараптан каражат да каралган эмес. Элчинин айтымында, министрлик мындай тапшырмаларды расмий жөнөтүп жатканы мыйзамга туура келбейт:

- Негизи Тышкы иштер министрлигинен Түштүк Кореяга жеке иштери менен келген жарандарды тосуп алууну талап кылган тапшырма берилбеши керек. Анткени окууга же башка бизнес иштери менен келген кишилерди тосуп алуу элчиликтин милдетине кирбейт. Алар бизди туристтик агенттик эле кылып алышты. Расмий делегеция келсе - сөз жок, биз тосуп алабыз, бирок эми ар бир келген эле кишини тосуп алуу биздин милдет эмес да. Эгер бул расмий тапшырма болуп келбесе да макул эле. Бирок бул жерде расмий буйрук, тапшырма катары келип жатканы мени таң калтырып жатат. Бул мыйзамсыз нерсе, буга министрликтин жетекчилиги көңүл бурушу керек.

Кылычбек Султан.
Кылычбек Султан.

Ал арада “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмеси элчи Кылычбек Султандын билдирүүсүн сынга алды. Бирикменин төрагасы, Кыргызстандын Тажикстан жана Беларустагы мурдагы элчиси Эрик Асаналиевдин айтымында, Султандын билдирүүсү мамлекеттик кызматкердин жана дипломатиялык кызматкердин этикасына карама-каршы келет:

- Ар бир элчи Кыргызстандын ар бир жаранынын кызыкчылыгын коргоо, кызмат кылуу үчүн ошол мамлекетке жөнөтүлгөн. Ал өлкөнүн ар бир жараны төлөгөн салыктын эсебинен каржыланат. Ошого жараша мамлекеттик орган тапшырма берген соң аны аткарууга тийиш.

Эрик Асаналиев мындай кырдаалдын жаралышында өкмөт жетекчилеринин да жоопкерчилиги бар экенин белгилеп, чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелерге атайын дипломаттар эмес, тармактан тыш адамдар дайындалып жатканын кошумчалады.

Мамлекеттик кызматкердин, анын ичинде дипломаттардын иши “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматы жөнүндө” мыйзамдар менен көзөмөлдөнөт.

Бирок элчи Кылычбек Султан өзү "дипломаттын этикасын бузду" деген дооматтарга макул эмес:

- "Дипломаттын этикасы" деген кооз сөз болгону менен маңызын караш керек да. Эгер ошону этика деп атай турган болсо, ал кыргыз элине кандай пайда алып келип жатат? Зыяндан башка пайда алып келбей жатса, аны биз "этика" деп кооз сөз менен жаап-жашырып отурганыбыздын кереги жок.

Султановдун пикиринде, ар бир жаран мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче кандайдыр зыяндуу ишти жойгонго аракет кылса, чыныгы мамлекет алдындагы этикасы ушул болот.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

Ал эми активист, Кыргызстандын Жапониядагы элчилигинин мурдагы кызматкери Адил Турдукулов элчи Кылычбек Султан өз билдирүүсү менен маанилүү маселени көтөрдү деп эсептейт:

- Бул нерселерди ТИМ өз демилгеси менен жасабайт. Аларга да президенттик аппараттан, өкмөттүн аппаратынан, ар кайсы министрликтер "биздин бир кызматкер же анын аялы баратат" деген тапшырма берет. Баары тең эле аны аткарып келген. Башка элчиликтерде да ошондой. Бул абдан туура эмес нерсе. Бул маселени көтөрүп чыкканы абдан туура. Анын үстүнө элчинин деңгээлинде айтылып жатканы да абдан маанилүү. Бул министрликтин же дипломатиялык кызматтын өсүшү үчүн күйгөн адамдын сөзү болуп жатат.

Кыргызстандын 116 мамлекет менен дипломатиялык байланышы бар. Өлкө 71 эл аралык уюм менен кызматташат. Чет жерлерде Кыргызстандын 30 дипломатиялык өкүлчүлүгү, сегиз консулдук бөлүмү бар.

Коомдук ишмер, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Равшан Жээнбеков элчиликтердин каржылык абалына мындайча баа берди:

- Мен мурдагы элчи катары элчиликтерде кадрдык ресурс да, каражат маселеси да чечилген эмес деп эсептейм. Ошондуктан элчиликтердин кандайдыр бир жаранды тосуп алганга, аларды узатканга каражаттары жок деп ишенимдүү айта алам. Керек болсо мамлекеттен депутаттар барганда да көп учурда элчилер же элчиликтеги башка булактардан таап, араңдан зорго чечкен учурлар болгон. Мен элчи катары муну билем, түшүнөм. Ошондуктан Кылыч мырзанын билдирүүсүн туура деп айтар элем.

ТИМ менен элчиликтин талашын комиссия иликтеши керек

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов министрлик менен элчилик ортосундагы талашты атайын комиссия же парламент териштириши керек деген ойдо. Ал эки тараптан тең ката кетиши мүмкүн экенин кошумчалады:

- Менимче, ТИМ менен элчиликтин ортосундагы карама-каршылык боюнча атайын комиссия түзүш керек. Тышкы иштер министрлигинин айтканы туура же Түштүк Кореядагы элчинин айтканы туура дегенге болбойт. Мен министр болуп да иштегем, элчи болуп да иштегем, бул жерде бир тараптуу айтыш кыйын.

Жекшенкулов: ТИМ менен элчиликтин талашын комиссия иликтеши керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00
Түз линк

Кылычбек Султан Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп былтыр октябрь айында дайындалган. Ал 2014-2016-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болгон. Кылычбек Султан бийликтин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесине каршы чыгып, кызматтан бошотуу өтүнүчү менен президенттин атына арыз жазганын айткандан кийин элчиликтен кеткен.

Кийинчерээк "Фейсбукка" билдирүү жазып, мамлекет башчыдан кечирим сураган. Ал президенттин каалоосу менен Малайзияда эки жылдай элчи болгонун, ал жакта иштеп жүрүп мекенине пайда келтире алганына ыраазы экенин белгилеген.

Кылычбек Султан - өлкөдөгү кыргыз тилиндеги көп нускалуу “Супер Инфо” гезитинин кожоюну.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG