Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Стамбул аркылуу кайтчу кыргыздар көбөйдү


17-июнь, 2020-жыл.
17-июнь, 2020-жыл.

Чет өлкөдөн Кыргызстанга келе албай жаткан мекендештердин аягы сууй элек.

Өзгөчө Европа менен Малайзиядагы кыргызстандыктар Түркиядан Кыргызстанга уюштурулуп жаткан чартердик каттам менен кетүүгө үмүттөнүшөт. Ошол эле учурда Түркиянын өзүндө чартердик каттам күткөн жүздөгөн мигранттар бар.

22 жаштагы Акылбек быйыл февраль айында Германиянын Мүнхен шаарына иштеп, окуганы барып, бирок пандемияга байланыштуу окуусунан да, ишинен да бошоп калган.

Учурда Мүнхенде кыргыз мекендештеринин үйүндө баш калкалап жаткан Акылбек Кыргызстанга кетүүнүн амалын издеп бир канча чартердик каттамдарга жазылган, бирок майнап чыккан эмес. Ал Германия менен Түркиянын ортосунда аба каттамдары ачылгандыктан Стамбулдан Бишкекке кетип жаткан чартердик каттамдарга илинип калуунун амалын издеп жатканын айтты:

«Германиядан Бишкекке 1-июнда бир чартердик каттам уюштурулду. Андан бери эшигин каккылабаган жерибиз калган жок. 15-июндан бери Германиядан Түркияга авиа каттамдар ачылган. Биз Берлиндеги элчилике «Стамбул аркылуу кете турган учакка бизди да сүйлөшүп бергиле» деп кайрылдык, бирок жыйынтык жок. 7-июлда Минск аркылуу кеткен учакка да илинбей калдык. Көрсө, ал учак менен Италиядагы, Испаниядагы жана Швейцариядагы кыргызстандыктар кетиптир. Биз кайра калып калдык. Мага окшоп Европадан Кыргызстанга кете албай жүргөн жүздөгөн мекендештерим бар. Эми менин бир гана жолум калды - Стамбулдагы башкы консулдук «8-июлда балким Стамбул-Бишкек каттамы боюнча рейстер ачылып калат» деп билдирди. Эгер ал ишке ашып калса, мен Мүнхенден Стамбулга учуп келип, ошол эле күнү Бишкекке учуп кетсемби деп пландап турам».


Чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтууну каалагандардын арасында Малайзияда окуп жүргөн Сардал да бар. Ал учурда ондогон кыргызстандык студенттер мекенине кайтууну самап турганын, бирок уюштуруу иштери жакшы болбой жатканын белгиледи:

«Биз төрт айдан бери Малайзиядан кете албай отурабыз. Акыркы жолу 20-июнда 70тей студент чогулуп Кыргызстандын консулдугуна бир канча жолу бардык. Акыркы барганыбызда элчи Азимбек Бекназаров биз менен сүйлөшүп, ал эгер 100дөй киши топтолсок чартердик каттам уюштуруларын айткан. Элчилик бизге беш күн убакыт берип, «билеттин баасы 500 доллардын тегерегинде болот» деген. Бирок беш күндөн кийин барсак «800 доллар» дешти. Акыр аягы билеттин баасы 1300 долларга чыкканда биз элчиликтен үмүтүбүздү үзүп, өзүбүз Стамбул аркылуу билет караштыра баштадык. 30дай жаран Куала-Лумпур - Доха - Стамбул - Алматы каттамы боюнча билет сатып алыптыр. Бирок кыргызстандыктарды учакка албай турганын аэропортко барганда гана билишкен. Айла жок, алар да учурда Малайзияда күтүүгө мажбур болуп калышты».

Сардал ошондой эле Стамбул-Бишкек каттамында уюштурулуп жаткан чартердик рейске алдын-ала тизмеге жазылып койгонун, акыркы үмүтү ошол учак менен Кыргызстанга жетүүнү көздөп жатканын кошумчалады:

«Биздин акыркы үмүтүбүз - Стамбул-Бишкек каттамына жазылып, Кыргызстанга жетип алуу. Эгер тизмеге кирип, чынында эле кете турган мүмкүнчүлүк болсо, ошол эле күнү Малайзиядагы студенттер Стамбулга учуп келмекпиз. Анткени акыркы үмүтүбүз ушул рейсте. Буга чейин Тышкы иштер министрлигине да жазганбыз, бир да жооп келген жок. Куала-Лумпурдагы элчилик эмнегедир жеткиликтүү жооп бербейт. Ал эми пандемияда бардык нерсени сарамжалдап, ижарабыздын акчасын араң төлөп, эми бир канча каттамга билет алууга туура келет. Биз күтө берип чарчадык».


Стамбул шаарында жашап эмгектенип жүргөн Тинатин 23-июнда Стамбул-Алматы каттамына билет сатып алып, бирок аэропортко барганда аны учакка албай коюшкан. Анткени бул каттам менен казакстандык же түркиялык жарандарга гана учканга уруксат берилген. Бул каттамга илинбей калган Тинатин аргасыз Кыргызстанга кетүүнүн амалын издеп жатканын айтып берди:

«Дагы эле Кыргызстанга кетем деген үмүтүм бар. Түрк авиа компаниялары «Кыргызстандын аэропорту ачылса учабыз» деп билдиришкен. Эч болбогондо Казакстан менен Кыргызстандын чек арасы ачылса Алматы аркылуу учуп барып Кыргызстанга жетет элек».

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы эки миңге жакын жаран атайын уюштурулган жети чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан. Чартердик каттам Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы башкы консулдук түзгөн тизмеге жараша жүргүзүлүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG