Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Болот Шердин жүрөгү Ала-Тоодой эле...


Саясий ишмер, маркум Болот Шер тууралуу белгилүү журналист Аскер Сакыбаеванын эскерүүсү.

Кайран Болот байке, ойрон Болот байке... Акыркы жолу учурашып келели деп чакырышканда ансыз да ден соолугу алсыз адамга зыяным тийип калбасасын деп сизди аяп барбай койбодум беле!? Каап, ошондо барсам болмок экен, акыркы кебиңизди угуп калмак экем, тамашаларыңызга бирге күлүп, баягы бир кездегидей жадырап отурмак экенбиз, аттиң ай, арман...

Телефон аркылуу жаңы жылга чейинби же андан кийин беле, айтор сүйлөшкөнбүз. Анда да мен Алым Токтомушев байкенин китебин чыгарам деп бардык материалдарды жыйнатып койгонумду, аларды алып китепти чыгарганга акча жок экендигин айтып чалгам. Ошондо да катуу ооруп турган экен, билгизген эмес.

Болот Шердей март, чыгармачылыкты үзүлүп түшүп колдогон меценат адам аз эле чыкса керек. Ага чейин сыртынан көрүп, билип жүрсөм да, жакындан таанышканыбыз 2003-жылы болду. Мен анда “Агымдын” баш редакторунун орунбасары болуп иштеп жүргөм. Болот Шерниязов Жогорку Кеңештин депутаты болчу. Бир күнү эле ал мени чакыртып калды. Кабинетине барып таанышып, сүйлөшүп отурдук. Жаңы журнал ачыла тургандыгын, ага жалаң чыгармачыл адамдар чогулуп бир кездеги “Ала-Тоо” журналындай мыкты журнал чыгарышыбыз керектигин, бардык материалдык, финансылык шартты түзүп бере тургандыгын, менин “Агымдан” кетип ошол журналда иштешим керектигин айтты.

Адабий журналда кимдер иштей тургандыгын сурадым. Анатай Өмүрканов, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Кыялбек Урманбетов иштей турган болушуптур. Көрсө, мага чейин эле иш бышкан экен.

Мен 1998-жылы “Асабага” келип, оппозициялык гезит дегендин азап-тозогун толук баштан өткөрүп, далай соттошуулардан кийин “Асаба” жабылып, 2001-жылы “Агым” чыгып, мен баш редактордун орунбасары болуп иштеп, гезиттин иши өз жолуна түшүп калган. Жалаң саясый гезит чыгарып көнгөн мага адабий журнал деген кызык болду. Анүстүнө бала кезден “Ала Тоо” журналын окуп өскөндүктөн, ал журнал мен үчүн адабияттын туу чокусундай эле көрүнчү. Эми ошондой журнал чыгарабыз деп Болот Шерниязов айтып жатса, тиги жогоруда атын атагандай залкарлар менен чогуу иштегени жатсам, ойлоно турган ишпи?

“Арыз жазып иштен бошон да, жаңы ишти башта. Бардык уюштуруу иштери сенин мойнуңда”, - деди Болот байке. Көрсө, дегеле эчтекеден дайын жок экен. Адегенде бир фонд түзүп, ошол фонддун алдында журнал чыгаруу керек болду. Ал фонд Юстиция министрлигинен каттоодон да өтө элек, аты да жок. “Агымдагы” өзүм жакшы көргөн ишимден кетүү, Мелис Эшимкановго бул тууралуу айтуу кыйын болду. Акыры мага ушундай сунуш болуп жатат, жаңы журналда дагы иштеп көрөйүн дедим. Мелис байке көңүлү келбей бирок макул болду. “Агымдын” редакциясынан үч киши бирдей кетип жатсак, ага да оңой болгон жок...

Кийинки жолу журналдын редакциясында иштей тургандардын бардыгы чогулдук. Шайлообек байкелер баарылап атышып, мени аты да жок журналдын башкы редактору шайлап салышты, "жашсың, сен чуркап иште" дешти. Фонддун да аткаруучу директору болуп калдым. Чыгармачыл адамдардын бардыгы фонддун, журналдын атын таап, ички мазмунунун үстүндө иштей бермек болушту, мен Юстиция министрлигине адегенде фондду, анан журналды каттоодон өткөрүүгө чуркай баштадым. Болот байке өзүнө кызматтык үй катары бөлүнгөн Ахунбаев-Шота Руставели көчөсүндөгү төрт кабат үйдүн биринчи кабатында жайгашкан төрт бөлмө квартираны редакциянын кеңсеси кылып берди. Иш башталды. Тигилер күндө күжүлдөп иш үстүндө, журналдын атын табыш кыйын болду. Бир нече аталышты айтып Минюстка барсак, биз айткандардын баары эле эчак каттоодон өткөндөр болуп чыкты. Бардыгы чыгармачыл адамдар болгон соң, демейкиден башкача аталыш болсо деп күндө кеңеш курабыз. Болот байке эки күндүн биринде бизге келет. Кенен залда отуруп алышып, Анатай байке, Шайлообек байке, Түгөлбай байке, Кыялбек байке болушуп аябай сүйлөшүшөт. Болот байке Байдылда Сарногоевдин ырларынан окуп берет. Милицияда иштеп жүргөндө Ош базарынан мыкты акын Какен Алмазбековду кантип жолуктурганын, Москвада кантип окуганын, чыгармачыл интеллигенциясына кантип аралашканын, айтор, чыгармачыл адамдарды жакшы билерин айтат, идеяларды ортого таштайт.

Журналыбыздын логотиби катары дөңгөлөктү алдык. Дегеле адамзат үчүн цивилизациянын башаты дөңгөлөктөн башталганына толгон факты табылды, ага биз күндүн кулагы дечү жети түстү коштук. Ошентип “Жетимен”, жети түс, цивилизациянын башаты дөңгөлөк журналыбыздын паспорту болду. Жаңы нерсе табууда, идеяларды ортого таштап талдай келүүдө Болот байкенин дүйнө таанымы таңгаларлыктай кенен болчу. Ойго келбеген нерсени сууруп чыкчу.

Акыры баарылап далай таңашып-кеңешүүдөн кийин “Жетимен” деген эки сөздөн куралган аталышты жактырдык. Мааниси өзүнүн “МЕНин” жоготпогон жети адам деп түшүндүрдүк.

Жети адам: Анатай Өмүрканов, Кубанычбек Турманбетов, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Болот Шерниязов, Кыялбек Урманбетов жана мен.

"Жетимен" журналынын редколлегиясы.
"Жетимен" журналынын редколлегиясы.

Ал кезде кайрандар Дооронбек Садырбаев, Салижан Жигитов да бар эле. Экөө фонддун негиздөөчүлөрүнүн курамына киришти, бирок биз менен такай иштешпесе да моралдык жактан колдоп турушту.

Ошентип “Жетимен” коомдук кайрымдуулук фондунун негиздөөчүлөрү: Салижан Жигитов, Дооронбек Садырбаев, Анатай Өмүрканов, Кубанычбек Турманбетов (кийинчерээк Кубанычбек Турманбетов кайтыш болгондон кийин ордуна Тургунбек Бекболотов кошулат), Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Болот Шерниязов, Кыялбек Урманбетов жана мен болуп калдык.

Жетөөбүздүн экөө Болот Шерниязов менен Кубанычбек Турманбетов материалдык, финансылык маселелерди чечип, калган бешөөбүз мыкты адабий журнал чыгарууга башыбыз менен кириштик. Бизге сырттан Алым Токтомушев, Төлөгөн Карыкеев жана башка авторлор жардам берип турушту. Далай талаш-тартыш менен жаңы рубрикаларды таап, ар бири өз жаатындагы мыкты билген темаларды чагылдырып, журналдын биринчи саны жарыкка чыкты. Ошо кезде типографиялык, жасалгалоо иштери абдан аксап тургандыктан, журнал түстүү болуп чыкпады. Бирок ички мазмуну абдан мыкты болду. Ушу кезге чейин кээде колума алып окуп, сыймыктанам. Журналга алгачкы чыгармалары жарык көргөн авторлорду сыйлоо менен бирге жаңы чыккан журналыбыз менен фонддун бет ачарын өткөрдүк. “Золотой дракон” ресторанында саясат менен чыгармачыл чөйрөнүн үлкөндөрүн чакырып, бет ачар өттү.

Ошондо Кыргыз эл акындары, жазуучулары, сүрөтчүлөрү, артисттери келишкен. Айтылуу Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Төлөгөн Касымбеков, Бексултан Жакиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Асек Жумабаев жана башка мыктылар баары катышып, бата беришкен. Алгачкы авторлорубуз Мырзаян Төлөмүшевге, Бекташ Шамшиевге, Сейит Жаанбаевге, Кыяс Молдокасымовго, Абдыкерим Муратовго, Эсентур Кылычевге, Асыкбек Оморовго, Мамасалы Апышевге калем акы тапшырып аларды да кубандырганбыз.
Болот байкенин акындардын, жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн арасында ыракаттануу менен сүйлөшүп турганы, ар бирине көңүл буруп чыгармачылык боюнча пикир алышканы эмдигиче көз алдымда турат. Көрсө, анын жан дүйнөсү чыгармачыл адамдарга жакын тура! Алар менен аралашып ыр окуп, сүрөттүн оош-кыйышын талкуулап, адабияттын өткөнү менен азыркы тарыхын мыкты билген адам катары чыгармачыл чөйрөдө жүргөндү жан-дилинен жактырчу, рахат алчу. Биз Болот байкеге жакшы эле эркеледик. Айлыгыбыз турулуу, журналды айына эмес кварталына бир жолу чыгара баштадык. Алгачкы санды 2 миң нускада чыгарып, 100 сомдон сатып көрдүк. Чынын айтыш керек, өтпөдү. Көпчүлүк ал кезде адабий журнал сатып алганга үйрөнө элек экен, биз дагы сатуу иштерин жолго сала албадык. Бирок иштей бердик.

Болот байкенин дагы бир руханий канаты көк бөрү экендигин буга чейин эле билчүбүз. Эчак унутулуп калган улуттук оюндун чаңын күүп, эч ким ишенбей турганда көжөлүп аркасынан түшүп көк бөрү кыргыздын улуттук оюну экендигин далилдеп, ал гана эмес аны эл аралык деңгээлге алып чыкканына кийин баарыбыз күбө болбодукпу. Муну көкжал, чыныгы шер Болот Шерниязов гана жасай алмак.

Болот Шер менен белгилүү журналист Аскер Сакыбаева.
Болот Шер менен белгилүү журналист Аскер Сакыбаева.

2004-жылы июндун баш жагында көк бөрү боюнча республикалык алтынчы чемпионатты өткөрүү үчүн баарыбыз Таласка жөнөп кеттик. Бишкекте өткөрүүгө бийлик уруксат бербегендиктен Болот байке Таласка барып өткөргөн. Болот байке жашыл чаар солдат шым менен солдат өтүктү кийди дегиче иштин бардыгы талаада боло тургандыгын түшүнчүбүз. Жашыл ала аскердик чатырды талаага тиктирип, ошол жерде отуруп алып тамекини бапылдата чегип коюп иштей берчү. Жанына жакын жигиттери менен Асылбек Өзүбеков досу баштаган ырчы-чоорчуларды коштотуп алып, Таластын айдың талааларында көк бөрү өткөрүп, улакчы жигиттердин жанында болуп, байгесин батмандап берип, көк бөрүдөн кийин ай талаада орнотулган сахнада концерт коюлуп, ырлар окулуп, салюттар атылып, бир жума бака-шака майрам болуп жатты. Биз элге, мектептерге “Жетимен” журналын тараттык. Биздин фонд жазуучу Ашым Жакыпбековдун “Шекерден Теңирге” китебин да чыгарган. Ал китепти А. Жакыпбековдун айылдаштарына таратып, мүрзөсүнө куран окуп, Ашым Жакыпбековдун класс-кабинетин ачууга фонд атынан 20 миң сомду Болот Шерниязов мугалимдерге тапшырды. Чыңгыз Айтматовдун үй музейин кыдырдык. Айтор, Таластан чыккан атактуу адамдардын кабырларына дуба кылып, Болот байке жандап жүргөн улакчы жигиттерге, чогулган айылдаштарга ар бир чыгармачыл адамдын баалуулугу эмнеде экендигин жан-дили менен берилип айтып, адабий, маданий мурастарды сактоо тууралуу жалындуу ойлорун ортого салып жатты. Баарыбызды бапестеп сыйлап жанында алып жүрдү.

2005-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык башталды. Эл менен бийликтин ортосундагы чыңалуу күчөп бараткан. Болот байке Таластан шайлоого катышмай болду. Жашыл чаар солдат шым менен, солдат өтүктү кийди, даярдыкты катуу баштады. Анын атаандашы академик Алтай Бөрүбаев эле. Болот Шерниязов оппозиция өкүлү болуп, Алтай Бөрүбаев бийлик тараптан чыкты. “Жетимендин” редакциясы Таласка көчүп бардык. Адегенде компьютер жана башка керектүү оокаттардын бардыгын жүктөнүп, Кыялбек байке, мен, журналды верстка жасаган Кубан үчөөбүз Асылбек Өзүбековдун “Туңгуч” театрынын ырчылары менен чогуу чыгып кеттик. Кыш кычырап суук, ошол жылы негедир кар калың түшкөн. Талас шаарынын так ортосунан эки кабат особнякты биз үчүн дайындатып коюптур. Ал жерде редакция жайгаштык. Шайлоого керектүү бардык материалдарды биз жасай турган болдук. Кыялбек байке экөөбүз Болот Шерниязовду дайыма коштоп жүрдүк, жазып да, сүрөт тартып да иштеп жаттык. Жарым айдан кийин бизге Анатай байке, Шайлообек байке, Түгөлбай байкелер кошулушту. Эртең менен штабга барабыз. Ошол жерде жергиликтүү адамдардын кандай иштеп жатышкандыгына тан бердим. Штабдын башчысы Ормош Чоюнбаев байке дагы мыкты адам экен, жан дили менен иштеп, ырым кармап бир көйнөгүн алмаштырбай жүргөнүн көрдүк. Адамдар миң түрдүү, миң кырлуу эмеспи, алардын бардыгы менен Болот байке тил табышып иштеше билүү, алардын жүрөгүндөгү отту, духту ойгото билүү жагынан чоң чебер экендигин байкадым. Штаб деген автовокзалдай эле болот экен, тынымсыз кирип-чыккан адамдар. Бийлик тараптан укмуштай тоскоолдуктар болду. Равшан Жээнбеков менен бирге Таластагы стадиондо митинг өттү. Акаевдин бийлигине каршы эл толкуй баштаганы эчак эле дайын болгон. Акыры шайлоо да болду, Болот Шерниязов Алтай Бөрүбаевди 187 добуш айырма менен утуп чыкты. Буга албетте биздин салым чоң болду. Ар бир айылга арнап гезит чыгардык, тараттык, Шайлообек байке, Анатай байке, Кыялбек байке кандай гана жалындуу ырларды жазышпады! Ошентип, бир жарым айдан кийин Бишкекке кайтып келдик. Биякта эл бийликке каршы кадимкидей толкуп жаткан экен.

Ошол эле жылы Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев дүйнөдөн кайтты. Болот байке үчүн бул чын эле чоң жоготуу болду. Байдылда акынга акыркы жылдары дайыма жардам берип ал кишини абдан баалагандыктан, акындын ысымын калтыруу үчүн бир чоң иш жасоо керектигин билген. Ошентип “Жетимен” фондунун алдында Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлык уюштурду. Сыйлык салмактуу, чыныгы акындарга бериле тургандай болсун деп, жобосун да баарылап иштеп чыктык. Болот байке сыйлыктын суммасын 100 миң сом кылалы, Байдыкенин элеси чөгөрүлгөн алтын медалды ар бир лауреатка тапшыралы, сыйлык ар эки жыл сайын тапшырыла тургандай болсун деди, баарыбыз макул болдук. Байдылда Сарногоевдин элесин алтын медалга түшүрө турган чеберди өзү издеди, алтындан медаль жасатты. Байдылда Сарногоевдин байбичеси Зина апа, баласы Бактияр, кызы Карлыгач менен кеңешип иш алып бардык. Сыйлык да даяр болду. Бардыгыбыз кеңешип, башкалар менен да кеңири пикир алышуулардан соң, алгачкы Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыктарды Кыргыз эл акыны, заманыбыздын чыныгы залкары Шайлообек Дүйшеевге, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, мыкты акын Тургунбек Бекболотовго тапшыруу чечими кабыл алынды.

2006-жылы жайында Таластагы “Манас ордодо” Байдылда Сарногоев атындагы адабий сыйлыкты тапшыруу аземи өтө турган болду. Болот байке жашыл чаар солдат шым менен солдат өтүктү кайра кийди. Республикалык деңгээлде өтө турган мындай масштабдагы маданий иште мыкты уюштуруучулук жөндөм керек. Бул чоң маданий майрамга Бишкектен, Оштон, Жалал-Абаддан, Баткенден, Нарындан, Ысык-Көлдөн, Чүйдөн жүздөгөн өнөрпоздор, акын-жазуучулар, тарыхчылар, журналисттер жана башкалар чакырылды. Болот байке ырчылар менен ырчыдай, акын-жазуучулар менен акын-жазуучудай сүйлөшүп, төкмө акындардын арасында өз кишиси болуп айтор, маанайы мыкты. Чыгармачыл адамдар менен канчалык көп аралашкан сайын эргүү алып жатканын байкоо кыйын деле эмес эле. Ошентип Бишкектеги даярдыкты бүтүрүп алышып жөнөп кетишти. Мен ушул чоң окуяга бара албай калдым. Таласта майрам кандай өткөндүгүн баргандар айтып келишсе, өзүнчө эле жомок! Эң башкысы, сыйлык тапшырыла турган учурду караңгы кирип ай чыга турган маалга болжолдоп, ошол учурда сыйлык ээлери секиден түшүп келе жатканда айдан түшүп келе жаткандай көрүнүш болгон экен. Мындай жөн адамдын оюна келбеген нерсени жасаса Болот байке гана жасамак! Болот байке ошол майрамга барган бардык өнөр адамдарын куру кол кетирген эмес, бардыгын сыйлаган. Ал эми Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” чыгармасынан үзүндүнү автор жана башка жазуучу, акындардын арасында отурганда Болот байке өзү жатка айтып бергенде, Төлөгөн аганын көзүнө жаш айланган дешет. Чыгармачыл адам үчүн анын чыгармасын баалап жатка айтып бергенден өткөн сый барбы? Менимче, жок. Мындай сыймык, суктанууларды көп уктум. Ал эми ошо майрамга катышып келген кыздар:”Мындай тойду дегеле көргөн эмесмин, миңдеген адамды меймандап жатканда бешбармакка даяр китлап кесме салып жиберебиз го. Бирок Болот байке ушундай уюштуруптур, бешбармакка китлап кесме эмес, ончакты келиндерге жалаң колго камырдан күлчөтай жасатып, бешбармак тарттырып жатты” деп таңдайларын такылдатып келишти.

Гезиттин темпине көнүп калган жаныбыз, кварталда бир чыккан журналга ыраазы болбой, гезит чыгарсак жакшы болот эле дей баштадык. Болот байке ага да макул болду. Журналды токтотуп, “Алас” гезитин каттоодон өткөрүп, чыгара баштадык. Тили кычышкандар “Талас эле деп койбойсуңарбы?” деп чыгышты. Ал гезитке журналда иштеп жаткандардан тышкары Алым Токтомушев, Төлөгөн Карыкеев, Сүйүн Курманова, Темирбек Алымбеков, Капар Токтошев, Карамат Токтобаева, Олжобай Шакир, Санжи Туйтунова дагы башка журналисттер келип иштешти. Гезит жаман чыкпады, ошентсе да өзүн актаган жок. Эки жылдай чыгарган соң, ал дагы токтоду.

Болот Шердей албан адамды эскерген сайын, анын шооладай жарык чачкан мыкты иштери улам эске келет берет тура. Алты-жети жыл мурда мыкты акын Шербет Келдибекова дүйнөдөн өттү. Акындын жубайы Алым Токтомушев байке адегенде алдастап калды. Бул кабарды уккан Болот байке келди да, бардык уюштуруу иштерин өз колуна алды. Байтиктен Шербет Келдибекованын улуу эжеси Бермет жаткан жерден жай табылды, боз үй тигилди, дегеле атактуу кыргыздын көзү өткөндө кандай расмилер жасала турган болсо бардыгы аткарылды. Болот байкенин мыктылыгына дагы бир жолу тан бердик. Андан жыл айланып-айланбай Алым Токтомушевдин көзү өттү. Кабарды укканда көзүмдөн жаш токтобой, Алым байкенин үйүнө жетип бардым. Алым байкенин тууганы Мукан Асаналиев байке “Бишкектен жай ала албайбыз, туугандар сөөктү Жумгалга алып кетели деп чечтик” деди. Заманам куурулуп эле отуруп калдым. Ушундай кантип болсун?! Олжобай Шакир экөөбүз чырылдап Болот байкеге чалып, абалды түшүндүрдүк. Болот байке түшүндү. Жигиттерине тапшырмаларды берип анан Алым байкенин үйүнө келди. Алым байкенин туугандары менен кеңеш куруп сөөк Жумгалга эмес, Байтикке коюла тургандыгын айтты. Ага байланыштуу бардык чыгымды өзү көтөрө тургандыгын билдирди. Болот байке кыргыздын мыкты акыны, чыгаан публицисти, котормочусу жана адабиятчы Алым Токтомушевди акыркы сапарга узатуу зыйнатын толук моюнуна алып татыктуу узатты, эл ыраазы болду. Адамдын асыл сапаты ушундайда кашкая көрүнөт тура! Кезинде Болот Шер Алым Токтомушевдин чыгармачылыгын абдан баалачу. Биз бир кезде редакция кылып турган кызматтык үйүн Алым Токтомушевге берген, Алым ошол жерде көп убакыт жашап турду. Алым байке да Болот байкени абдан жакшы көрчү, ушундай жүрөгү кенен, пейили март адам экендигине таңгалып, баалап жүрдү. Кийин Алым Токтомушевдин 70 жылдыгын өткөрүүгө Олжобай экөөбүз ишти Алым байкенин мүрзөсүнө куран окутуудан баштадык. Мен биринчи жолу бардым. Капырай, асыл жарлар, мыкты акындар Шербет Келдибекова менен Алым Токтомушевдин кабыры катарынан түшүптүр. Эч ким деле атайын жер тандаган эмес, бирок буйрукту карачы! Таңгалдым...

Андан кийинки Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктар ар кайсы жылдарда Кыргыз эл акындары Анатай Өмүркановго, Төлөгөн Мамеевге, Кыялбек Урманбетовго, Сагын Акматбековга, Казакстандын мыкты акыны Улукбек Есдаулетке, Алтайдын мыкты акыны, коомдук ишмери Бронтой Бедюровго тапшырылып келди. Бир топ убакыттан бери Болот аганын ден соолугуна байланыштуу фонддун иши толугу менен токтоп турат. Себеби каржылоо болбосо иш жүрбөйт эмеспи.

"Жетимен” коомдук фондунун аткарган иштери:
- Белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин Германиядагы сүрөт көргөзмөсүнө баруу чыгымын көтөргөн;
- Байыркы түпкү мекенибиз Алтайга өнөр адамдарынын атайын сапарын уюштурган;
- Кыргыз эл артисти, депутаты Дооронбек Садырбаевдин “Баатырга шоорат, пейилге таазим”, “Прости брат, мой кыргыз”, “Продается судьба” китептерин чыгарып берген. Ушул үч китептин бет ачарын Ноокен районундагы Шайдан айылында өткөрүүнү “Жетимен” фонду уюштуруп, чыгымын көтөргөн;
- Белгилүү пульмонолог-дарыгер Талант Сооронбаевге Данияда өткөн дарыгерлер жыйынына катышуусуна жардам берген;
- Кытайдын улуу акыны Ли Байдын ырларын беш акынга котортуп, атайын китеп чыгарган;
- 2015-жылы Лос-Анжелес шаарындагы Азиялык кинофестивалды уюштурууга 50 миң доллар берген;
- Сегиз мыкты акындын ар бирине Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлык катары 100 миң сомдон байге, Байдылда акындын элеси чөгөрүлгөн алтын медалдар менен сыйлаган.

Тилекке каршы аткарылбай калган иштер да бар. Кыргыз адабиятынын патриархы Түгөлбай Сыдыкбековдун айкелин тургузуу үчүн эскиздерге конкурс жарыяланып, мыкты эскиз тандалып алынган. Айкел орнотула турган жер да аныкталган. 2017-жылы Түгөлбай атанын 105 жылдыгына карата айкел орнотулуп калышы керек эле, эмдигиче эстелик коюлбай келе жатат. Бирок бул бир гана Болот Шерниязовго тиешелүү иш эмес, мамлекет киришип же башка дагы меценаттар колго алса, неге болбосун?

Болот Шердин саясаттагы арстандай айбаты, намыска келгенде ок жибергенден кайра тартпаган, өз өмүрүн тобокелге салып апрелде Таласка барган шерлиги дагы далай айтылар. Кээде Болот Шер биздин заманда эмес, эзелки көчмөн доордо жаралса, душманын жеңмейин аттан түшпөгөн арстандай айбаттуу баатыр болмок деп ойлой берем.

Мен бүгүн коомдук ишмер, экс-депутат, меценаттыктын мыкты үлгүсүн көрсөтүп кеткен Болот Шер ага жогорудагыдай бардык иштерге, андан башка көптөгөн адамдардын китептерин чыгарып бергенге, үйү жокторго үй алып бергенге, машинеси жокторго машине сатып бергенге өзүнүн жеке каражатын жумшап келгендигин баса айткым келет. Улуттук өнөрдүн, чыгармачылыктын чаңын аарчып, көкөлөтүп алууга ичкен ашын жерге койгон чыныгы мекенчилдигин айткым келет. Чыгармачыл адамдардын чекесинен сылап, чөнтөгүнө акча салып, чыкпай жаткан китептерин чыгарып берген чыныгы март кыргыз Болот Шердей адамды көрө элекмин.

Сиздин дулдул мүнөзүңүздү, көтөрүмдүүлүгүңүздү, улуттук асыл наркты боюна сиңирген кыргыздын мыкты эр адамы экендигиңизди биз дайыма айта жүрөбүз. Албан эрдин Ала Тоодой жүрөгү токтоду. Кошуңуз Болот байке...

Кабырыңыз нурлуу болсун, асыл агам!
Элесиңиз дайыма эсибизде болот.

Аскер Сакыбаева, журналист

(Блогдун ичиндеги сүрөттөр автордун уруксаты менен жарыяланды)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG