Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Кыргызстан баатыр уулун түбөлүк сапарга узатты


Болот Шердин тажиясы. Чоң-Капка айылы, Талас. Кыргызстан. 23-июнь, 2020-жыл
Болот Шердин тажиясы. Чоң-Капка айылы, Талас. Кыргызстан. 23-июнь, 2020-жыл

Мамлекеттик ишмер Болот Шердин (Болотбек Шерниязов) сөөгү өзүнүн керээзи менен Манас районундагы Чоң-Капка айылына коюлду. 

Маркумга топурак салууга барган “Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эскерүү митингинде сүйлөп жатып Болот Шерди "элдин руху болду, биз көрбөгөн, билбеген фундаментти курду" деп, жазуучуларды, акындарды колдогонун, кыргыздын көк жалдыгын көрсөткөн көкбөрүнү улуттун рухуна айландырганын белгиледи.

“Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө Болот Шердин орду эбегейсиз чоң. Бул боюнча китептер, иликтөөлөр болот деп ишенем. Болоттун өзү менен 2000-жылы депутат болгон кезде тааныштым. Ал кандай депутат болгону тууралуу эки мисал айтайын. Ал депутаттык иликтөөнүн классикалык үлгүсүн көрсөттү. “Матрешка гейт” деп, мени Польшада героин менен кармаганда, алты саатта кылмыштын бетин ачып, ошол кездеги президент Бакиевге алып барып такап койду. Ал алты саатта генералдарды да, министрлерди да, өкмөт мүчөлөрүн да сурады. "Президент жана анын инилери жасаган экен" деди. Кийин ал иликтеген адамдардын көбү соттолду. Ошондуктан ошол кездеги парламенттин кадыр-баркы болгон. Аларды эч ким “чимкирик” деп айта алган эмес. Анткени, парламенттеги Болот Шерге окшогон депутаттар ким болбосун бетине айтып отурушкан.

Экинчи иликтөөсү Атамбаевдин убагында кримтөбөл Батукаевди качырганда болду. Ал окуяга байланыштуу депутаттык комиссия түзүүнүн демилгечиси да, төрөгасы да Болот болду. Анын акылы өзгөчө эле. Эки-үч күндүн ичинде далил документтерди таап, Атамбаевге алып барып такап койду. Мына бүгүн Атамбаев ошол иш боюнча соттолуп жатат. Ондогон адамдар жоопко тартылууда. Мына, депутат кандай болуш керек. Мына, мыйзамды кандай сакташ керек. Мына, адилеттүүлүк, чындык үчүн тобокелдикке барган азамат Болот Шердей болушу керек. Ал 2005-жылкы жана 2010-жылкы элдик революциядан кийин өлкөдө тынчтык, мыйзамдуулук орношуна зор салым кошкон. Болот жашап өткөн өмүр чыныгы баатырдын, накта элдин, жердин өмүрү болду. Бүткүл кыргызстандыктар сыймыктана турган өмүр болду. Ал өлгөн жок. Ал акыркы сапарга өз принциптерине бекем турган, намыстын желегин көтөрүп кетти”.

Болот Шердин тажиясы. Чоң-Капка айылы, Талас, Кыргызстан.
Болот Шердин тажиясы. Чоң-Капка айылы, Талас, Кыргызстан.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Болот Шер "улутка, мекенге, маданиятка, саясатка кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп кетти" деди.

“Биз эгемен мамлекет болгондо азаттык кур келген жок. Азаттык Болотко окшогон улут жаздуу инсандарды алып келди. Болот сүйлөсө да, иш кылса да, жада калса унчукпай турса да кыргыздын духу сезилип турчу. Болоттун “кыргыз” деп соккон жүрөгү денесинин сыртына чейин угулуп турчу. Ал эл жетпей жүргөн генерал-лейтенант деген наамынан, орден-медалдардан баш тартып, Жогорку Кеңешти таштап кеткен. Ошол боюнча келген жок. Мен кыргыз саясатында жүргөндүктөн, көп саясатчыны билем. Бирок сөз менен эмес, иш жүзүндө кыргыз үчүн жүрөгүн сууруп берчү Болот Шерди гана билчүмүн. Боке, сиз улуу тоонун ак илбирсиндей болуп, бийикте, таза, нукура, аруу, салабаттуу жашадыңыз. Болот Шер улутка, мамлекетке, маданиятка, спортко, мекенге кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп кетти. Болот, Баткенден, Таластан, Чүйдөн 15-20дай баланы асырап өстүрдү. Аларды Түркиядан, Орусиядан, Грузиядан окутту. Азыр Бокемдин 20дай баласы атасыз калды. Боке, мен үчүн Түптөгү окуяда гана эмес, 20 жыл бою кыргыздын чек арасын коргоп жатып курман болгон баатырга окшош. Ал 21-кылымдын Чолпонбайы болду”.

Кыргыз өкмөтүнүн атынан маданият министри Азамат Жамангулов сүйлөдү.

“Болот Шер, приципиалдуу сапаты менен чогуу боорукердик, кенендик касиетти алып жүргөн инсан катары эсте калат. 2005-жылы жана 2010-жылы Кыргызстандагы бурулуш болгон окуяларда Болот Шер агабыздын шердигин бардыгыбыз көрдүк. Анын саясатчы гана эмес, улуттук баалуулукту, маданиятты барктаган адам катары элеси калды. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан Болот агайдын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Болот Шерге "Айкөл Манастын чыныгы урпагы болчу" деп баа берди.

“Улуу Манастын урпагын жоготтук. Болот Шер ар-намысты туу тутчу. Аны иш жүзүндө көрсөтчү. Ал Үзөңгү-Куушту коргоп, Каркыраны чыркырап айтып чыкты эле. Айла кеткенде 2010-жылы 6-апрелде “элибизге эркиндик керек” деп чыккан. Ошондо бир-эки милиция кызматкери Болот Шерди уруп койгон экен. Эки күн өтпөй өзү кайра ички иштер министри болуп калды. Андан кийин жанагы милиция кызматкерлерин өзүнө чакырып алып жазалагандын ордуна “силер буйрукту аткардыңар” деп айкөлдүгүн көрсөткөн. Ал чачылганды жыйначу. 2005-жылы мен парламентке аттанып жатканда акылын айткан устатым болгон. Айла жок, Бокебизди жоготуп, кабыргабыз кайышып турат. Ал чыныгы Эл баатыры эле”.

Болот Шердин тажиясы. Чоң-Капка айылы, Талас. Кыргызстан. 23-июнь, 2020-жыл
Болот Шердин тажиясы. Чоң-Капка айылы, Талас. Кыргызстан. 23-июнь, 2020-жыл

Болот Шердин бир тууган иниси Садык Шернияз маркум агасы жашоодо ар-намысты туу тутуп өткөнүн белгиледи:

“Атам дайыма бизге “балдарым, кара жанын кайырчы да бага алат” деп айтчу эле. Азыр ойлосом мейли депутат же министр бол, бирок кара жаныңды гана ойлосоң, кайырчыдан айырмаң жок” деп айткан тура. Биз мына ушул принцип менен чоңойдук. Биздин көч башыбызда Болот байкем флагман катары жүрдү. Болот байкем көк жал, баатыр эле. Бокем ар дайым мага “Эй, Садык, биринчи байлык ден соолук эмес, биринчи байлык ар-намыс” деп айтчу. Ал инсульт болуп жатып калганда “айтыңызчы, биринчи байлык ден соолук деп айтчу эмес элеңиз го” дедим. Ошондо дагы ал “биринчи байлык ар-намыс, аны эч ким жокко чыгара албайт” деди. Ар-намыстуу Бокемдин жүрөгү дайыма “кыргыз” деп согуп турчу. Ал мага “Шерниязовдун үй-бүлөсү жети уругуна чейин Талас элине тизе бүгүп өткүлө. Анткени, 2010-жылы 6-апрелде менин башыма кара күн түшкөндө таластыктар тикесинен тик туруп, Болот Шер деп барышкан. Ошондо диктатордук бийликти Талас эли кулаткан. Садык, мен өлгөндө Таласка алып бар, ошол жерге жатайын. Таластыктар ар-намыстын символу болсун", - деди эле.

Эскерүү митингинде сөз сүйлөгөн жазуучу Элүүбай Отунчиев "депутат болсоңор Болоттой болгула" деп сөз баштады.

“Биз улуу адамыбыздан ажырадык. Болот азыркы учурдун Манасы эле. Болоттун эрдиги, айкөлдөгү Манастыкына тете. Депутат болсоңор Болоттой болгула. Мекенчил болом десеңер, Болоттон үлгү алгыла. Мына ошондо Кыргызстан гүлдөп, өнүгөт. Ушул кезге чейин Болоттун кыялындагы мамлекет курулган жок. Азыркы Кыргыз мамлекети деген эле аты болбосо заты андай эмес. Анткени нагыз мамлекетти нагыз мекенчилдер курат. Ошондуктан Болоттун сөзү келечекке үлгү болушу керек. Кыргыздын урпактары Болотко окшогон инсандарды туу тутуп, анын осуяты менен алдыга кадам таштоо керек. Тилекке каршы, учурда бийликке келгендер өзүн ойлоп, байыгандын гана аракетин кылууда. Бирок байлык артта каларын аңдабай жатышат. Адамдын артында байлык эмес, элеси, анын сөзү, кылган иши калат. Эми Болоттун атындагы фонд түзүп, Болот жөнүндө даректүү тасма тартыш керек. Эскерүүлөр байма-бай өтүп турушу абзел. Аны көргөн жаштар Болотту унутпайт. Элеси эл арасында жашайт. Болот кеменгер эле. Ал келечекти көрө билчү”.

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, ишкер Жамалбек Ирсалиев "намыс менен арды бийик койгон киши өлбөйт" деп баа берди.

"Кыргыз үчүн кызмат кылып, Каркыраны коргоп, кыргыздын намысы үчүн башын сайып койгон Бокем. Боке, сиз өлгөн жоксуз. Намыс менен арды туу туткан адам эч качан өлбөйт. 61 жаш. Мен 70 жаштан эчак ашса керек деп ойлопмун. Себеби, карыядай акыл айтып, сигарасынын түтүнү менен кошо түтөп, "Биз Айкөлдүн тукумубуз, эч кейибегиле баары жакшы болот" деп, дем берип отурган Бокенин жашына деле кызыккан эмес экенмин. Татыктуу жашап, Күндү тутултуп, өзү болсо ажалга тутулуп акыретке кетти. Элге жаккан адам, Жаратканга жаксын. Талас элине эле эмес, Кыргыз элине көңүл айтам. Бокемдин ишин улаган инилери менен артындагы уул-кыздарына көңүл айтам. Бокенин девизи менен, "Малым жаныма курман, жаным арыма курман" деп жашоону ар бир кыргызга насип этсин! Баатыр эч качан өлбөйт, Бокемдин баркы менен кошо эми жашоосу башталат".

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Болот Шер кыска, бирок нуска өмүрдү башынан кечиргенин "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, жакындарына көңүл айтты.

"Болот Шерниязов (Болот Шер) - бул кыргыз жигити, кыргыз саясатында өз орду бар инсан. Ал бул жашоодо кыска жана нускалуу өмүрдү башынан кечирди. Ал Үзөңгү-Куушту Кытайга берип жатканда ошол кездеги депутат жана патриот инсан катары бекем туруп, аянбай күрөшкөнү эсибизден чыга элек. «Үзөңгү-Кууш берилбесин», «Саткын депутаттарга наалат» деп, биз парламенттин тышында жүздөгөн адамдар митинг кылып турсак, ичинен Болотко окшогон патриот депутаттар бизди колдоп, башка саткын депутаттар менен кармашып, тартышып жатты.
Ошондо Болоттун кайратына, чыныгы патриот экенине ыраазы болгон элек. Бирок канча аракет кылсак да Үзөңгү-Куушту алдырып койдук.

Бокем казакка кеткен Каркыра боюнча да катуу турду. Азыр оппозиция болуп, түрдүү сайттардын жылдызы болуп жаткан саясатчылар казакка Каркыраны беришкенде, Болот Шер, Дооронбек Садырбаев катуу туруп күрөштү. Бирок бийлик күчкө салып Каркыраны да берди. Каркыранын кетишине каршы болуп барган патриот жигиттерди жергиликтүү дүжүрлөр жумуртка менен ургулап, аларга кол көтөрүп, кууп чыгууга катуу аракет кылышты. Ошондо Болот Шер айкырыкты салып, жаалданган топтун ичине жалгыз кирип барып, «мына мени сабагыла, уяты жок жер саткычтар» деп алардын бетине айтышы эрдик эмей эмине?

Айтылуу апрель окуясынын башында да Болот Шер турду. Бакиевдин бийлиги «Болотту камайм» деп жатып жаалданган элдин жинине тийип, элдик революция болуп, өздөрү айдалып жоголду. Болот Шер Аксы окуясынын жөнгө салынышына да өз көмөгүн көрсөтө алган".

Болот Шер - Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, «Эркин Кыргызстан», «Ата Мекен» саясий партияларынын, "Ата-Журт" саясий кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири, "Көкбөрү" федерациясынын түзүүчүсү.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районунда төрөлгөн.

1982-жылы Москвада техникалык окуу жайын, 1988-жылы СССРдин Ички иштер министрлигинин Фрунзе шаарындагы атайын милиция мектебин бүтүргөн. Саясатка аралашканга чейин ички иштер органдарында иштеп, маданият, спорт тармагын көтөрүп, жеке ишкердик менен алектенген. 2010-жылы биринчи жолу инсульт алган. 2020-жылдын 12-июнунда кайрадан инсульт оорусу кармап, 21-июнда 61 жашында ооруканада каза болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG