Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 20:53

Батукаевдин иши: өкүмгө кезек келди


Батукаевдин иши: өкүм чыгарына аз калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

Батукаевдин иши: өкүм чыгарына аз калды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук иш аяктап калды.

19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары жарыш сөзүн сүйлөштү. Кийинки отурумда айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, сот өкүмү чыгышы мүмкүн.

Жактоочулардын жарыш сөзү

Соттук жараянда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Замир Жоошев менен Сергей Слесарев өз жүйөлөрүн айтышты. Жоошев соттук териштирүүдө анын коргоосундагы адамга коюлган айыптар далилденбегенин жана кылмыш иши негизсиз козголгонун билдирди.

Жактоочу мурдагы президентке козголгон иштин артында саясий кызыкчылык бар деп эсептейт.

«Батукаевдин иши боюнча «Коррупция» беренеси менен ондон ашуун кишиге иш козголгон жана ушул берене менен айып коюлган. Бирок коррупция жөнүндө сөз кылганга болбойт. Себеби, ал адамдар акча же кандайдыр бир материалдык баалуулуктарды алып, коррупцияга айыпталса мейли эле. Муну прокурорлор сотто далилдеп бере алышкан жок. Батукаев бошогондон бери Алмазбек Шаршенович Батукаевден акча, материалдык баалуулуктарды алган эмес да».

Алмазбек Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Сергей Слесарев жарыш сөзүн сүйлөп жатат жана 23-июнга белгиленген соттук отурумда аны улантат.

Кимге канча жыл?

Мамлекеттик айыптоочулар 16-июнда болгон сотто бул иште шек саналган төрт кишини 13 жылдан 15 жылга чейин абакка кесүүнү соттон суранган.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев – мурдагы президент. Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иште негизги айыпкер катары көрсөтүлүп жатат. Прокурорлор аны Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупцияны уюштуруу») боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга кесүүнү жана бардык мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен анын жана жакындарынын мүлкүн конфискация кылууну соттон өтүнүштү.

Индира Жолдубаева - 2015-2018-жылдары башкы прокурор болгон. 2013-жылы президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүн жетектеген. Ага ошол учурдагы ишине байланыштуу иш козголгон. Мамлекеттик айыптоочулар Жолдубаеваны да коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады.

Прокурорлор ушул эле кылмыш иши боюнча коррупцияга шек саналган Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановду жана Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жылга түрмөгө кесүүнү өтүндү. Раимжанов коюлган айыпка макул эмес.

«Мыйзамсыз бир да иш жасаган эмесмин. Азиз Батукаевге диагноз коюлган кезде мен ооруканада жаткам. Февраль айында ооруканага түшкөн болсом, Батукаевге диагноз 1-мартта коюлган. Бул иш боюнча мени 2013-жылы суракка алышып, жоопко тартылышы керек болгон адамдардын тизмесине кошулган эмесмин. Былтыр эмне себептен мени да кошуп коюшканын түшүнгөн жокмун. Эгерде мен Нарынга барып Батукаевдин ден соолугун текшерип, анализ алып анан диагноз койсом айыпташса болот эле. Мунун баарын менин орун басарым менен лаборант жасаган. Мен жумушка 5-мартта гана чыккам».

Прокурорлордун жообу

Ошентип, мурдагы президент, эки экс-башкы прокурор, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы эки төрагасы жана бир нече дарыгерге айып коюлган чуулгандуу иш аяктап калды.

Дал ушул Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тергөөгө күбө катары келүүдөн баш тарткандыктан учурдагы бийлик менен тиреши курч мүнөзгө өткөн. Акыр-аягы Атамбаевден экс-президент деген макамды алуу жана Кой-Таш окуясы менен аяктады.

Бул кылмыш ишинде шек саналгандардын жактоочулары жана айыпталуучулардын өздөрү да прокуратура сураган жаза мөөнөтүнө макул эмес.

Прокурор Медер Абдышев болсо шектүүлөрдүн кылмышы аныкталды деген пикирде.

Медер Абдышев.
Медер Абдышев.

«Жазык кодексинин талаптарына ылайык, анда көрсөтүлгөн санкциядагы жазаны сурадык. Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө («Коррупцияны уюштуруу») 12,5 жылдан 15 жылга жаза мөөнөтү каралган. Биз мыйзамда көрсөтүлгөн жазаны сурадык.

«Азаттык»: Шектүүлөргө «Коррупцияны уюштуруу» деген берене менен айып коюлуп жатат. Мамлекеттик айыптоочулар аны далилдеп бердиби?

Медер Абдышев: Биз бекемдеп бербесек мындай жазаны сурабайт элек.

Тергөө менен кызматташкандардын иши

Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу айып коюлуп, бирок тергөө менен кызматташууга макул болгон 13 кишинин иши ушул күндөрү Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынын «Азаттык» радиосуна берген маалыматына караганда, Жазык кодексинин «Коррупцияны уюштуруу» беренеси менен шек саналгандардын айрымдарынын иши боюнча тараптардын жарыш сөзү өтүүдө.

Аида Салянова – мурдагы баш прокурор. Ага Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупцияны уюштуруу») менен айып коюлган. Анын ишине байланыштуу Бишкектин Свердлов райондук сотунда баштапкы соттук угуу болуп жатат. Тергөө менен кызматташууга макул болгон.

Динара Сагынбаева - мурдагы саламаттык сактоо министри. Коррупцияны уюштурууга шек саналып жатат. Тергөө менен кызматташкан. Иши сотто жакын арада карала баштайт.

Зарылбек Рысалиев - Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты. Ага да «Коррупцияны уюштуруу» беренеси менен кине тагылган. Свердлов райондук соту кылмыш ишин кароо алдында турат. Тергөө менен кызматташууга барган.

Ирина Цопова - гематология боюнча адис, медицина илимдеринин кандидаты. Цоповага да «Коррупцияны уюштуруу» беренеси боюнча айып коюлган. Тергөө менен кызматташкан. Анын ишине байланыштуу Свердлов райондук сотунда тараптардын жарыш сөзү болуп жатат.

Башкы прокуратура Азиз Батукаевдин иши боюнча айып тагылып, бирок тергөө менен кызматташкан 13 кишинин материалын Бишкектин Свердлов райондук сотуна жибергени 10-июнда гана белгилүү болгон. Иши сотко өткөндөрдүн арасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атаханов да бар. Ал эми УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланган.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын адвокаты Алия Турумбекова мына ушул тергөө менен кызматташууга барган адамдардан сотто көрсөтмө алуу тымызын жүргөнүн айтууда:

«Сот коомчулук толук маалымат албашы үчүн тергөө менен кызматташууга макул болгон адамдарды карантин учурунда суракка алды. Шаарда жүрүүнү толук токтотуп койгондуктан сотко журналисттер келе алган жок. Карантин убагында тергөө менен кызматташкандардын баары келип, көрсөтмө берди. Судья болгону аларды сурады. Соттук териштирүү жыйынтыктала электе «Дело №» басылмасы купуя сыр деп белгиленген Шамил Атахановдун көрсөтмөсү боюнча материалдарды жарыялап жатат. Ушинтип ачыкка чыгып кете турган болсо анда сотту эмне үчүн жабык өткөрдүк?».

Былтыр ноябрь айында мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен Алмазбек Атамбаевди беттештирүү протоколу Интернетке чыгып кеткен. Анда Атаханов Азиз Батукаевди бошотуп, анын ордуна Жаныш Бакиевди кайтаруу үчүн Чеченстан менен сүйлөшүү жүргөнүн, бирок ал ишке ашпай калганын айтып бергени жазылган.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев «Азаттык» радиосуна берген комментарийде кримтөбөлдүн абактан эрте чыгып кетишине жогорку кызматтагы жетекчилер аралашканын танууга болбой турганына көңүл бурган.

«Жөнөкөй эле логикага салып караганда деле бир нече адамды, мамлекеттик органдарды тартуу менен "мыйзамдагы уурунун" түрмөдөн бошотулушун уюштуруу мурдагы президенттин макулдугусуз жасалмак эмес. Батукаевди бошотуп, анын ордуна Жаныш Бакиевди алып келишсе да мейли дейт элек. ИИМ, УКМК, ЖАМК, прокуратура "мыйзамдагы ууру" бийликтин айтканын эч качан жасабай турганын, алар менен кызматташпай турганын билишет да. Бирок алдап кете алат. Бул жерден Батукаев упай топтоп алды. Эл аралык коомчулуктун алдында Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетти. Анткени, Батукаев Кыргызстанда биздин жарандарды, депутатыбызды кошуп өлтүргөн адам».

Чечен тектүү Азиз Батукаев 1966-жылы Чүйдүн Токмок шаарында төрөлгөн. Анын аты 1990-жылдары эле криминалдык чөйрөдө атала баштаган. Батукаев 2006-жылы маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Түрмөдөн 2021-жылдын орто ченинде чыгышы керек эле.

Бирок 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов карап жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG