Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Атамбаевди сотко алып келүү машакаты


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы баштапкы соттук жыйын кайра жылдырылды.

Буга айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко келүүдөн экинчи ирет баш тартканы себеп болду. Ушундан улам судья Атамбаевди сотко алып келүү боюнча токтом чыгарды.

Мурдагы президенттин жактоочулары Атамбаев жараянга катышуудан баш тартканына карабай судья аны мажбурлоо жолу менен алып келүүнү тапшырганын, бул мыйзамсыз экенин айтышууда. Ал эми сот менен прокуратура Атамбаев соттук жыйынды анын катышуусуз жүргүзө берүү тууралуу өтүнүч эмес, арыз гана жазганын жүйө келтиришти.

Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин иши боюнча сотко келүүдөн экинчи ирет баш тартып, аны алып келүү боюнча сот менен жактоочулардын оросунда кайчы пикир жаралды.

Бул жолу Атамбаев тергөө изоляторунун жетекчисине кыска гана «мен сотко барбайм» деп арыз жазган. Мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев Атамбаев сотко келүүдөн баш тартканынын себебин сот, күч органдары бийликтин көрсөтмөсүн аткарып жатканы менен түшүндүргөнүн айтып берди.

14-октябрдагы жабык өткөн соттук жараянда Атамбаевдин адвокаттары Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйынды да, иштин өзүн кароону да Атамбаевдин катышуусусуз эле өткөрүүнү өтүнүп, бирок сот аны канааттандырган жок. Сот ошондой эле Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) 15-октябрга Атамбаевдин сотко келишин камсыз кылууну тапшырды.

Мамлекеттик айыптоочу Медербек Абдышев Атамбаевдин сотко катышуудан баш тартуу боюнча арызы тууралуу мындай деди:

Медербек Абдышев
Медербек Абдышев

- Мыйзам боюнча айыпталуучу «баштапкы соттук жыйынды менин катышуумсуз өткөрө бергиле» деп өтүнүч менен кайрылса гана ишти карай алабыз. Ал эми «мен сотко катышпайм» деген арыз «ишти менсиз эле карагыла» деген өтүнүчкө жатпайт. Жазык-процесстик кодекстин 286-беренесинин талаптарына ылайык, соттук отурум айыпталуучунун катышуусу менен өтүшү керек.

Жазык-процессуалдык кодекстин 275-беренесинде «Алдын ала жыйын айыпталуучунун же тараптардын биринин өтүнүчү боюнча айыпталуучу катышпастан жүргүзүлүшү мүмкүн» деп жазылган.

Бирок сот менен прокуратура тарап Алмазбек Атамбаев өтүнүч эмес, арыз гана жазганын, андыктан ал соттук жыйынга алынып келиши керек экенин жүйө кылууда.

Ал эми мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев судья Атамбаевдин «мен сотко барбайм» деген арызын мазмунуна карап, өтүнүч катары кабыл алышы керек болчу деп эсептейт. Ал анын үстүнө мурдагы президент тергөөдө бир да көрсөтмө бербегенин, сотто да ушундай эле абал болорун жана Атамбаевдин сотко келиши эч нерсени өзгөртпөй турганын айтып жатат:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

- Мыйзамда «айыпталуучунун сотко катышуусун камсыз кылуу» деген сөз бар. «Камсыз кылуу» деген ал айыпталуучуну өз эрки менен сотко алып келүү да. Эгерде ал «келбейм» деп койсо эмне кылат? Күч колдонуш керек болот. Ал эми мыйзамда күч колдонуу деген талап жок. Эгерде сот, күч органдары мыйзамдын талаптарын так аткарабыз десе, мыйзамдан «күч колдонуп алып келүү» деген талапты таап беришсин. Андай бир да норма жок.

Жоошев журналисттерге Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүн жарыялады. Ал сотко мажбурлоо жолу менен жеткириле турган болсо ачкачылык жарыялап, тамак ичүүдөн баш тартарын билдирген.

КСДПнын мүчөсү Рита Борбукеева Алмазбек Атамбаевдин акыркы чечимдерин колдой турганын айтты:

- Алмазбек Атамбаев сотко келеби-келбейби, сот кандай чечим чыгарары белгилүү болуп калды да. Керек болсо соттун чечимин да даярдап коюшса керек.

Коомчулукта Алмазбек Атамбаевдин сотко келүүдөн баш тартышы жана аны жараянга алып келүүнүн мыйзамдык жолдору талкууга түштү. Юристтердин көпчүлүгү буга чейин мындай окуя болбогонун айтып жатышат.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова айыпталуучу сотко келбесе мажбурлап алып келүү мыйзамда каралганын, айыпталуучу соттук жараянга катышууга өзү кызыкчылыгы болушу керек экенин түшүндүрдү:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Соттун адилеттүүлүгүнүн бир шарты ушул - айыпталуучуну угуш керек. Айыпталуучу сотко катышуудан баш тартса да, көрсөтмө бербесе да сотто баарын өз көзү менен көрүп, эмне айтылганын угуш керек. Анткени бул айыпталуучунун кызыкчылыгы да. «Мен барбайм. Билгениңерди кыла бергиле» деген туура эмес.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Бишкекке атайын коштоо менен жеткирилген соң Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 15тен ашык мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иши козголгон 14 адам тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан алардын макамы өзгөртүлгөн.

Учурда «Коррупция» беренеси боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө.

Ал эми тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG