Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Атамбаевдин ишиндеги жашыруун жагдайлар


Алмазбек Атамбаев 29-ноябрдагы соттук отурумга катышкан учуру.
Алмазбек Атамбаев 29-ноябрдагы соттук отурумга катышкан учуру.

Сотко баруудан баш тартып келген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнө байланыштуу өтүп жаткан жараянга биринчи жолу катышты.

Атамбаевдин жактоочулары мурдагы президент сотко мажбурлоо жолу менен алып келингенин айтып чыгышты. Бирок сот Атамбаев өз эрки менен жараянга катышканын билдирүүдө.

Алгачкы катышуу

Башынан бери эле тергөө менен кызматташпоо жана сотко катышпоо позициясын карманып келген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 29-ноябрдагы жараянга катышарын адвокаттар кеч уккан. Атамбаев отурумга сот имаратынын арткы эшигинен киргизилип, аны жакындары да, кабарчылар да көргөн жок.

Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев Атамбаевди сотко мажбурлап алып келишкенин журналисттерге билдирди.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

- Алмазбек Шаршеновичтин айтымында, тергөө изоляторуна жаш кызматкерлер киришкен экен. Эгер “барбайм” деп каршылык көрсөтсө, күч колдонулуп, ызы-чуу чыгарын түшүнүптүр. Ошондуктан аларды ыңгайсыз абалга калтырбайын деп чечиптир. Бирок өзүнүн эрки менен келген жок, мажбурлап алып келишти. Муну баса белгилеп коюш керек.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өткөн бул отурумга башка айыпталуучулар да толук келди. Алгачкы жараянда алар тааныштырылып, өтүнүчтөр каралганы маалым болду.

Аталган соттун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова журналисттерге Атамбаев өз эрки менен келгенин айтты.

Асел Равшанбекова.
Асел Равшанбекова.

- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө Атамбаевге, Качкыналиевге, Жолдубаевага жана Раимжановго карата кылмыш иши каралып жатат. Алар коррупция беренеси менен айыпталууда. Бүгүнкү отурумга бардык айыпталуучулар келди. Айыпталуучу Атамбаев конвойдун коштоосунда сотко жеткирилди. Отурумда айыпталуучулардын тек-жайы аныкталып, жактоочулар тараптан өтүнүчтөр келтирилди. Биринчи өтүнүч иш материалдарына документтерди тиркөө болду, аны сот канааттандырды. Адвокат Слесарев иштин материалдары көптүгүнөн аны менен таанышып алууну суранды. Бул өтүнүч да канаттандырылып, соттук жараян 6-декабрга саат 10:00гө жылдырылды.

Соттун өкүлү айткан Сергей Слесарев да мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты. Бирок Слесарев менен Жоошев отурумду жылдыруу бардык эле адвокаттардын талабы болгонун айтышууда. Буга иш бир нече томдон тургандыктан жагдайларды карап, үлгүрбөй жатышканы себеп болгон.​

Ордунан жылган иш

Ошентип кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча октябрда сотко өткөрүлүп, улам-улам жылып келаткан иш биринчи жолу ордунан жылгандай болду.

Бирок сотко катышкан адвокаттар мурдагы президент көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатканын белгилешти. Жактоочулар мындай аракетти Атамбаев өзүнө коюлган айыпка макул болбогону, иш ойдон чыгарылганын айтканы менен байланыштырган.

"Атамбаевди сотко мажбурлап алып келишти"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:48 0:00

Купуя сырдын түйүнү

Коомчулукта учурда мындай шартта соттук кароо кандай уланышы мүмкүн деген суроо туулду?

Юристтер соттолуучу көрсөтмө бербей коюуга укуктуу экенин белгилешип, сот ага карабай чечим чыгара турганын айтышууда. Мурдагы судья Сапар Шакенов буларга токтолду.

- Мыйзам боюнча чакыруу алгандан кийин бардык жаран сотко катышууга тийиш. Бирок көрсөтмө бербей койгонго укугу бар. Эгер айыпталуучу сүйлөбөй койсо, башка айыпкерлердин, күбөлөрдүн сүйлөйт, далилдер алынат. Документтер болушу мүмкүн. Сот ошонун негизинде күнөөлүү же ак деп чечим чыгарат. Ошондуктан көрсөтмө бергиси келбесе да ал соттолуучу өзүн актаган нерселерди айтып калышы керек. Алмазбек Атамбаев ушул бойдон сүйлөбөй коет деп айта албайм. Менимче ал келерки отурумдарда чечимин өзгөртөт.

Атамбаевдин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.
Атамбаевдин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Баса, соттук жараян ордунан жылганга чейин алдын ала кеп болуп жаткан сотттук иштин документтери ачыкка чыгып кеткен.

Тагыраагы, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди беттештирүүнүн протоколу Интернетке жарыяланып кетти.

Ага ылайык Алмазбек Атамбаев сурак протоколуна жооп берген эмес. Ал эми Шамил Атаханов УКМКнын төрагасы болуп турган кезде Атамбаев ага мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевди алып келүүнү тапшырганын билдирген. Бирок ал мунун мыйзамдуу жолдору калбай калгандыктан атайын операция уюштуруу маселеси келип чыкканы тууралуу көрсөтмө берген.

Алмазбек Атамбаев менен Шамиль Атаханов.
Алмазбек Атамбаев менен Шамиль Атаханов.

Тагыраагы кримтөбөлдү түрмөдөн бошотсо, анын ордуна Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун жакын адамы, Орусиянын Мамдумасынын депутаты Адам Делимханов Жаныш Бакиевди алып келерин билдиргени айтылат. Натыйжада Батукаев бошотулуп, бирок Жаныш Бакиевди алып келүү убадасы ишке ашпай калганы белгиленет.

Атамбаевдин адвокаттары кылмыш ишинде Атаханов ушундай көрсөтмө бергенин ырастап, бирок Атамбаев ага ак же көк дебегенин ырасташууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты ​Бөдөш Мамырова бул жагдай боюнча ойлору менен бөлүштү.

Бөдөш Мамырова.
Бөдөш Мамырова.

- Маселе жок, Азиз Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар. Эгер ошо айтылып жаткандай болсо бул өтө осол, мамлекетти жер караткан уят иш. Бирок бул жерде “Алмазбек Атамбаев Батукаевди Бакиевдерге алмаштырам деп айткан” деген сөз логикага сыйбайт. Атамбаев Бакиевдер Чеченстанда эмес, Беларуста экенин билбейби? Рамзан Кадыров ортого түшкөндөй, Беларус анын карамагында беле? Ал өзүнчө мамлекет жана Лукашенко Бакиевдерди баары бир бермек эмес. Менимче бул жерде табышмактуу жагдайлар, көмүскө маселелер бар. Атамбаевди да ушуга түрткөн күчтөр болгон, бирок алар көшөгөнүн артында калууда. Эмнегедир тергөө бул тууралуу ачык айткысы келбей жатат.

Батукаевдин иши боюнча соттук отурумдардын жабык өтүшүнө иштин 27-томуна тергөө органы тарабынан «купуя сыр» деп жазылганы негиз болгон. «Купуя сыр» деген томдо экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетовдун көрсөтмөсү бар.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, андан ары «Манас» эл аралык аэропортунан Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Учурда бул иш боюнча «Коррупция» беренеси менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иштери сотко өткөн. Иште андан тышкары дагы 14 адамдын ысымы аталган.

Соңку соттук отурумга келген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев атасына коюлган айыптар негизсиз экенин билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG