Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Апта: Атамбаевдин иши, ишкерлердин өлүмү, шайлоо талашы


Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка чакырууга жана аны күч менен камакка алууга жол ачкан экс-президенттик макамынан ажыратуу тууралуу парламенттин июндагы талаштуу жана чукул чечимин мыйзамдарга каршы келбейт деп тапты.

Башкача айтканда, Конституциялык палатанын судьялары 2019-жылы 27-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулга тараар алдында кабыл алган «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын нормалары Баш мыйзамга каршы эмес деген бүтүмүн чыгарды.

Соттук коллегиянын чечимин 24-октябрда судья Эмил Өскөнбаев окуду.

- Жогорку соттун Конституциялык палатасы төмөнкүдөй чечимге келди: «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзам «президенттин актысы менен» деген сөздү көңүлгө алуу менен Конституциянын 16-20-35-42-52-74-беренесине каршы келбейт деп табылсын. Экинчиден, «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдагы «экс-президентке мыйзамда каралган бардык кепилдиктер, республикалык бюджеттин эсебинен материалдык жана башка камсыздоолор президенттин актысы менен ишке ашат» деген жобо Конституциянын 5-64-беренесине каршы келет деп табылсын. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт жана жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бул талашты териштирип берүү тууралуу арыз түшкөндөн бери дээрлик төрт айга жакын убакыттан каралган иш Конституциялык палатанын көз карандысыздыгы тууралуу суроолорду пайда кылды.

КСДПнын өкүлдөрү да Атамбаев тууралуу чечимден кийин аталган орган Акаев менен Бакиевдин тушунда да бийликтин гана көз карашын жактап келген учурлары болгонун эске салышууда.

- Конституциялык палата саясий буйрукту аткарды деп эсептейбиз. Кыргызстандын тарыхында Конституциялык палата Акаевдин, Бакиевдин учурунда бийликтин куралы болуп, мыйзамсыз иштерин мыйзамдаштырып берип турган. Бүгүн да биз ушундай тарыхый чечимге күбө болдук, - деди КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева.

Ал эми юрист, мурдагы парламент спикери Мукар Чолпонбаев Конституциялык палатанын чечими туура эле чыгарылды деп эсептейт:

- Конституциялык палатанын чечими Конституцияга эч кандай каршы келбейт деп ойлоп жатам. Алар туура эле чечим кабыл алды деп эсептейм. Ушул Конституциялык палатанын 13 судьясынын 12син Атамбаев өзү алып келген да. Эгер өзү алып келген судьялардын чечимине өзү макул болбосо, бул Атамбаевдин өзүнүн шору. Эгер туура эмес судьяларды койгон болсо, анда ал дайындап жатканда кетирген өзүнүн күнөөсү.

Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга көпчүлүк добуш менен өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Бул укук коргоо органдарына Алмазбек Атамбаевди суракка чакырууга, күнөөсү далилденсе, кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартууга уруксат берген.

Парламенттин карама-каршылыктуу чечимин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев таануудан баш тартып, аны мыйзамдуулугун карап берүү өтүнүчү менен Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палатага арыз жазган Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин бири Нурбек Касымбеков аталган орган бир катар жүйөлөргө көңүл бурбай койгонуна нааразы болду.

Атамбаевдин макамын алуу мыйзамдуу деп табылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00

Алмазбек Атамбаев өзүн экс-президенттик укуктан ажыраткан мыйзамды Конституциялык палата карамайынча тергөөгө күбө катары чакырууну мыйзамсыз деп эсептей тургандыгын айтып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып кеткени боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу суракка барбай турганын билдирип келген.

Бул окуялар өнүгүп отуруп, 7-8-августта мурдагы президентти Кой-Таш айылындагы үйүнөн тергөөгө күч менен алып келүү аракети башаламандык менен коштолгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери курман болуп, жүздөн ашык адам жабыркаган.

Алмазбек Атамбаев учурда УКМКнын тергөө абагында камакта жана бир нече оор кылмышка шектелүүдө. Анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып кеткени боюнча кылмыш иши сотко өтүп, жарян 15-октябрда башталды. Ага Атамбаев келүүдөн баш тартты:

- Алмазбек Шаршенович «сот жана күч органдары мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен бийликтин тапшырмасын аткарып жатат. Ошондуктан ал сотко катышпайм» деп айтты. Негизи мыйзамга ылайык айыпталып жаткан адам сотко катышууга тийиш. Бирок Жазык-процесуалдык кодекстин 275-беренесине ылайык айыпталуучу «ишти менсиз эле карай бергиле» деп кайрылса баштапкы соттук жыйындарды айыпталуучунун өзү жок эле, же башкача айтканда Алмазбек Шаршеновичтин катышуусу жок эле карай берсе болот, - деген өткөн жумада Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев.

Биринчи май райондук соту Атамбаевдин сотко катышпоо тууралуу арызын канааттандырган.

Шайлоо эрежесиндеги талаш

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү тууралуу өткөн жумада жарыялаган билдирүүсүндө айтылды.

Шайлоонун болжолдуу датасынын такталышы ага байланыштуу мыйзамдар, анын ичинде 9 пайыздык босогонун тегерегинде буга чейин сөз болуп келе жаткан талашты кайра жандандырды.

9 пайыздык босогого өтө эле жогору деп, ага каршы чыккандар бул парламентке бийлик колдогон эки-үч гана партиянын келишине жол ачат, ал эми көп партиялар, анын ичинде оппозициялык күчтөр парламентке кире албай калып, көчө нааразылыктары күчөйт жана коомдук-саясий кырдаал курчуйт деген пикирди карманышууда.

Шайлоо: 9% чектин тополоңу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00

Маселен, Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө ушундай маанайдагы пикирин айтты.

- Кооптонуу бар. 9% кылып алып, эки-үч партияны алып келип, ошолор менен эриш-аркак иштешем деген тайкы саясат. Бул эртеңкисин ойлобогон, алыска укурук таштабаган саясат десек болот. Ошон үчүн бүгүн убакыт бар, бир жыл бар. Президент Сооронбай Жээнбековдун «адегенде мыйзамдын баарын тактап алып, саясий партияларга, элге айтып, эл ынангандан кийин гана шайлоону убактысында өткөрүшүбүз» керек деп айтканы бар. Парламент ушуга терең мамиле кылып, киргизиши керек. 9 пайызды беш пайызга түшүрсө болот.

Шайлоодогу 9 пайыздык чек талашка түштү
please wait

No media source currently available

0:00 1:04:14 0:00

22-октябрда Бишкектеги Мамлекеттик башкаруу академиясында Жогорку Кеңештин депутаттары, партия лидерлери менен жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоо мыйзамдарын талкуулаган жыйын өттү. Анда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоодогу добуш топтоо босогосун 3% түшүрүүнү сунуш кылды.

- Менин оюмча босого пайызды үч пайызга түшүрүш керек. Ошондо биз элге: «Кимиң шайлоого катышууну каалайсың? Үч киши болсо да партия түзгүлө» дей алабыз. Алар болгону 50 миң добуш жыйнашы керек. Мен буга чейин босого чекти беш, жети пайыз кылууга добуш бергем. Бирок парламент - дүйнөдө болуп аткан тенденциянын алдын ала турган орган. Кечээ мүмкүн болуп жаткан нерсе бүгүн мүмкүн болбой калат. Ошондуктан биз ушундай чакырыктарга алдын-ала жооп беришибиз керек. Биз өкмөткө, президентке жана парламентке да артык кылабыз деп, тыртык кылып ала турган мезгил келип калганын түшүндүрүшүбүз керек.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаров да босого пайызды түшүрүү зарыл деп эсептейт:

- Тогуз пайыздык чек - бул «парламентке менин гана партиям келсин, башка эч ким келбей калсын» деген эле сөз. Бул чоң жаңжалга алып келет. Муну Мадумаров эле айтып жатса башкача кабыл алмаксыңар. Бирок талкуу учурунда бир эмес, бир нече кишинин оозунан «мунун айынан төңкөрүш болот» деген сөз чыкты. Менин да пикирим ушундай.

Шайды оодарган шайлоо мыйзамдары
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:05 0:00


Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жетиден тогуз пайызга көтөргөн мыйзам долбоорун 2017-жылы кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Шайлоо босогосун төмөндөтүү тууралуу акыркы талкууларга бийлик көз карашын билдире элек. Ошол эле кезде 9 пайыздык чекти калтырууну жактаган саясатчылар да жок эмес. Мурдагы депутат Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасында өз оюн мындайча негиздеди:

- 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоонун өтүү босогосу 9% болуп белгиленген. Азыркы маалда ошол босогону ылдыйга түшүрөлү деп айтып жүргөн саясатчылар ушул норма кабыл алынганда унчугушкан эмес. Көпчүлүгү парламенте отурушкан. Эми гана айта башташты. Демек, ошол маалда Атамбаевдин демилгесине каршы чыгууга эрки жеткен эмес. Жеке мен 9% босогонун калуусун каалайт элем. Саясий атаандаштыкта күч сынашалы. Кайсы адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырууга болот экенин эл чечсин.


Президент Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен кийинки жылы боло турган парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону талкуулаган. Парламенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен 560 миллион сом каралууда.

Ишкерлердин өлүмү, коопсуздук көйгөйү

Кыргызстанда акыркы күндөрү катары менен эки бизнесмендин өлтүрүлүшү милицияга сынды күчөтүп, ишкерлердин коопсуздугу тууралуу маселени козгоду.


4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан «Мадина» базарында соода кылган Абдурахеман Хуфур аттуу ишкердин мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү өткөн жумада аныкталса, 23-октябрда кечке маал аэропортко жакын жерде токтоп турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылып, ал да ишкер болгону кабарланды.

Жогорку Кеңештин 23-октябрдагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев буларды айтты:

- Криминал баш көтөрдү, ага каршы күрөш жүргүзүш керек» деп айтып оозду жыйганча дагы бир ишкер өлтүрүлдү. Кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн соттор бошотуп жатышат. Бул маселе боюнча өкмөт мага актанып, жооп бергени кереги жок. Ал элге, жарандарга жооп берип, «мамлекетибиз күчтүү, биз силерди коопсуздукта кармайбыз» деп жооп берсин. Бул менин же өкмөт башчынын маселеси эмес, жалпы жарандардын коопсуздук маселеси. Өкмөт башчы «саясатташтырып жатат» дейт, анда саясат болуп кетпесин деп такыр сүйлөбөй коёлубу?

Ал бир күн мурун да парламентте "Мадина" базарында соода кылган ишкердин өлтүрүлгөнү боюнча маселени козгоп, өлкөдө криминал таасирин чыңдап жатат, бул багытта иш чабал жүрүп жатат деп өкмөттү сындаган.

Өкмөт ага дароо жооп кайтарып, депутатты объективдүүлүккө чакырган болчу.

- Борбор шаардагы ишкердин өлүмү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Милициянын ыкчам аракетинин жана «Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн шарапаты менен тез арада кылмыштын бети ачылды. Биз ата мекендик ишкерликтин, инвестициялык климаттын кызыкчылыгы үчүн мындай кескин билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырат элек, - деп билдирген премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев.

Депутатка жооп катары ушундай эле маанайдагы билдирүүнү Ички иштер министрлиги да жасаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөсү Мирлан Жээнчороев акыркы окуяларды ишкерлерге эле эмес, жалпы эле коомдун коопсуздугуна, экономикалык жагдайга жасалган чоң коркунуч деп эсептейт.

- Биздеги мыйзамдар мындай кылмыш катталганда ыкчам иликтөө жүргүзүүгө толук кандуу мүмкүнчүлүк берет. Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча да атайын мыйзамдар бар. Бул жердеги бир эле маселе - тартип. Азыр биз эми абдан көп сын айтсак болот, алар да жүйөлүү. Ишкерлер азыр күч органдарынан да, уюшкан кылмыштуу топтордон да корккондуктан, топтогон каражатын эч жакка ишенип сала албай колунда кучактап жүрөт.

«Мадина» базарында соода кылган Абдурахеман Хуфур аттуу ишкерди өлтүрүүгө шектүү катары сегиз адам кармалды. Алар ишкердин автоунаасына ээлик кылыш үчүн ушундай ишке барганы айтылды. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин “Акипресс” маалымат агенттигине берген маегинде айтканына караганда, бул кылмышты мурдагы милиция кызматкери уюштурган.

Ал эми «Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан табылган, киши колдуу болгон адам тууралуу милиция кенен маалымат бере элек.

Интернет колдонуучулар жана айрым маалымат каражаттары өлтүрүлгөн адам ишкер экенин, акча ташып иштегенин, анын жанындагы ири суммадагы каражат каракталганын жазып жатышат.

Жергиликтүү Vesti.kg сайты укук коргоо органдарындагы өз булагына таянып, ишкер Түркияга акча ташып жүргөнүн жазды. Бул сайттын маалыматына караганда, анын улуту уйгур болгон жана эгизи экөө тең акча ташып бизнес кылышчу.

Ал эми 24.kg агенттиги өз булагына таянып, маркум таксист болуп иштегенин жана жанында 10 миң доллар болгонун билдирди.

«Азаттык» радиосунун булактары да анын акча ташып иштегенин, жакындары милицияга «жанында акча болгон» деп арыз жазганын айтышууда. Бирок мындай маалыматтарды укук коргоо органдары тастыктай элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG