Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:19

Cалянова менен Цопова үй камагына чыгарылды


Аида Салянова
Аида Салянова

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова менен дарыгер Ирина Цопова үй камагына чыгарылды. Кримтөбөл Батукаевдин ишине байланыштуу жалпысынан онго жакын адам шектелүүдө.

Ички иштер министрлиги Бишкектеги №1 Тергөө абагында отурган мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын үй камагына чыгышын анын тергөө менен кызматташууга макул болгонуна байланыштырды. Министрликтин өкүлү Назира Султанкулова буларды айтты:

«15-августта Аида Салянова Бишкектеги №1 Тергөө абагына ИИМдин Тергөө башкармалыгына тергөө иш-чараларын жүргүзүүгө алып келинген. Анын жүрүшүндө Аида Салянова жактоочусунун катышуусунда тергөө менен кызматташууга каалоосун билдирди. Жаңы мыйзамга ылайык, үй камагына которулду».

Аида Салянова
Аида Салянова

Бир аз өтпөй тергөө менен кызматташууга макул болгонун Салянова жана адвокаты да ырастады. Аида Салянова "Фейсбуктагы" баракчасына үй камагына чыгышынын чоо-жайын жазды:

«Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар - мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө да тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды».

Салянова тергөө менен кызматташууга макул болду деген билдирүүдөн улам "Мурдагы башкы прокурор эмне маалымат айтты жана Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бердиби?" деген суроо кызыгуу туудурууда.

Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова көрсөтмөнүн чынында эле Атамбаевге байланышы бар экенин тастыктап, анын баары тергөө маалында ачыкка чыгарын билдирди:

«Азыркы учурда Аида Жеңишбековна мурдагы позициясында турат. Маалыматты ачыкка чыгарбоо боюнча тил катка кол койгондуктан биз азыр толугураак маалымат бере албайбыз. Жалгыз гана Батукаев абактан чыгып кеткен соң ачыкка чыккан маалымат жөнүндө айта алам. Ал маалыматты Атамбаевден деп Саляновага айтып беришкен экен. Азыр ушул жөнүндө гана айта алабыз»,-деди адвокат.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Нарындагы түрмөдөн мөөнөтсүз бошотулуп, өлкөдөн чыгып кетишине тиешеси бар деген кине менен 3-июнда камакка алынган. Ал бул иште "Коррупция" беренеси боюнча шектүү деп табылган эле.

Борбордогу №1 Тергөө абагында анын жүрөк оорусу күчөп, саламаттыгы начарлаганы айтылган эле. Бул тууралуу адвокатынын бир нече жолку кайрылуусун Жаза аткаруу кызматы канааттандыруусуз калтырган. Эми Салянова үй камагына чыгары менен ооруканага жатып, операцияга даярдык көрүп жатканы белгилүү болду.

Салянова абактан ооруканага түштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

Буга чейин Салянованы үй камагына чыгаруу тууралуу бир нече ирет кайрылуулар болду. Бирок аларга эч ким көңүл бурган эмес. Эми мурдагы башкы прокурорду үй камагына которуу Атамбаев камалып, коомдук-саясий абал кызыган учурга туш келди. Мындан улам айрымдар Салянованын үй камагына чыгышын учурдагы кырдаалга байланыштырууда.

Юрист Нурлан Исмаилов Кыргызстанда укуктук нормалар саясий кырдаалга "көз каранды болуп калды" деген пикирде:

«Учурда Кыргызстанда укуктук талаадан эле эмес, укуктук логикадан чыгып кеттик. Бул нерсе Өмүрбек Текебаевдин камалышы менен башталып, учурда уланып келатат. Сот прокуратура системасынын куралы болуп калды. Ал эми прокуратура мыйзамга эмес, саясатка көз каранды. Ошондуктан акыркы окуялар саясий кырдаалга жараша өзгөрүүдө».

Аида Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын "мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Бул иш учурда Жогорку сотто кайра каралып жатат.

Негизи Батукаевдин ишине байланыштуу мурдагы президент баш болуп жалпысынан онго жакын адам шектелүүдө. Алардын ичинен мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева менен экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу кызматынын башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев үй камагына чыгарылды. Алар тергөө менен кызматташып жатканы айтылган. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды.

Аида Саляновага удаа эле дарыгер Ирина Цопова да үй камагына которулду. Буга чейин Цопова абакта бутунан жаракат алганы кабарланган эле.

Байтемир Ибраев
Байтемир Ибраев

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев Атамбаевдин камакка алынышы менен бул иште жаңы жагдайлар ачыкка чыгышы мүмкүн экенин белгилейт:

«Кылмыш ишти тергөө саясаты бир багытта болушу керек. Бизде болсо багыты туш келди, алдынан чыккан адамды камап, көтөрө чаба берген тергөө эмес. Азыр эми айрым адамдарды камакта кармап, анын тиешесин карабай туруп эле тергөө оңду-солду карабай жүрүп жаткандай элес калтырат».

Парламенттин депутатын баш кылып, бир нече кишини өлтүргөн деп айыпталып, 16 жылга кесилген Азиз Батукаевдин табышмактуу жагдайда түрмөдөн чыгып кеткенине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да аты аталып, экс-президенттик макамдан ажырап калышына негизги жүйөлөрдүн бири болгон. Дал ушул чакырууну жүйө кылып, тергөө Атамбаевди күч менен алып келүү үчүн 7-8-августта операция уюштурган. Анын жүрүшүндө мурдагы президенттин тарапкерлери менен күч кызматкерлери кагылышып, бир адам өлүп, жүздөн ашыгы ооруканага түшкөн. Учурда УКМКнын Тергөө абагында кармалып турган Алмазбек Атамбаевге 18 эпизод боюнча айып тагылды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG