Линктер

шаршемби, 18-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:26

Тор артында талкаланган ден соолук


Азимжан Аскаров менен Аида Салянованын саламаттыгы начарлап кеткенин тарапташтары айтып чыгышты.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы алардын ден соолугу көзөмөлдө экенин билдирип келатат.

Эксперттер болсо Кыргызстандагы жабык жайларда медициналык тейлөөнүн сапаты талапка жооп бербей турганын айтышат.

Аскаровдун жагдайы

«Бир дүйнө - Кыргызстан» адам укугун коргоо уюмунун эксперти Нурбүбү Курманова камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун саламаттыгына 2012-жылдан бери такай көз салып келет.

Анын айтымында, Аскаров баш, жүрөк, муун оорулары менен жабыркайт. Боорунда жана өпкөсүндө дарт пайда болуп, дем жетишпей, өнөкөт простатит, гастрит, бөйрөк кистасы өрчүй баштаган. Көзүнүн көрүшү жана кулагынын угушу начарлаган.

«Биздин уюм каражат бөлүп, дары-дармегин, көз айнек жана угуучу аппаратын алып бердик. Азыр деле кабар алып турабыз. Тишине протез жасадык эле, ал колдонууга жараксыз болуп калды. Камакта дарылар жетишсиз экен. Жаза аткаруу кызматы колдон келишинче медициналык тейлөөнү көрсөтүп жатканы менен керектүү каражаттар жок болуп калган учурлар көп», - деди Курманова.

​2010-жылдагы июнь коогасын уюштурууга тиешеси бар деп, өмүрүнүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровдун саламаттыгы начарлап кеткенин, сырттан дарылануу зарылдыгын жергиликтүү жана чет элдик укук коргоочулар соңку үч-төрт жылдан бери улам айтып келет. Ага коюлган күнөө оордугуна байланыштуу буга уруксат берилбейт. Өзү күнөөнү моюнга алган эмес.

Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абакта отурган 68 жаштагы Азимжан Аскаровдун ден соолугуна байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова мындай комментарий берди:

«Биздин дарыгерлер «алыбыз келбей калды» десе, тиешелүү догдурларды алып келебиз. Ошолордун сунушу, консилиумдун чечими менен башка жакка алып чыгышыбыз мүмкүн. Азырынча андай сунуш келе элек».

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов сырттан тартылган эксперттер Азимжан Аскаровдун ден соолугун текшерип, жогоруда айтылган дарттарды тастыктап бергенин айтты:

«Бизге Азимжан Аскаровдун жубайы кайрылган. Реестрибизде бир канча дарыгерлер, эксперттер бар. Бир дарыгерди Аскаров жаткан камак жайына алып бардык. Текшерип, бүт баарын амбулатордук картасына жазып берди».

Сулаймановдун белгилешинче, камактагылардын сырттан дарыланышы же адистерди чакыртып комплекстүү дарылоодон өткөрүү үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын чечими керек. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Назгүл Курамаева муну мындайча түшүндүрдү:

«Жаза аткаруу кызматынын адистеринин сунушунун негизинде гана министрлик камактагыларга медициналык жардам көрсөтөт. Алардын өздөрүнүн догдурларынын күчү жетпей калган учурда биздин бейтапканаларга алып келишет».

Бул жаатта Саламаттык сактоо министрлиги менен Жаза аткаруу кызматынын ортосунда түзүлгөн келишим бар.

Салянованын абалы

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-баш прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошоп кетишине тиешеси бар деген шек менен 2019-жылдын 3-июнунда Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынып, эки аптадан соң ооруканага которулган.

Анын жүрөгү ооруп, андан тышкары пневмония диагнозу коюлган. Он төрт күн дарыланган соң камакка кайткан. Бирок жүрөк илдети өрчүп, операцияга муктаж болуп жатканын адвокаты жана туугандары бир канча жолу айтып чыгышты.

Сиңдиси Чынара Турдалиеванын ооруканада жаткандагы тапшырган анализдердин жыйынтыгы чыгып, Саляновага панкардит деген жаңы диагноз коюлганын 30-июлда билдирди. Бул илдет жүрөктүн бардык катмарларынын сезгениши менен мүнөздөлөт.

«Бизди кыйнаган маселе – абакка кардиологдор киргизилбей жатат. Сыртка чыгарып, догдурга көрсөтүүгө да уруксат беришкен жок»,- деген Турдалиева эжеси операцияга чейин эки-үч ай дарыланышы керектигин кошумчалап, дарыгерлер чыгарган диагноздун кагазын «Азаттыкка» көрсөттү.

Салянованын жакындары анын ишинде саясий мүнөз бар экенин айтып, Кыргызстандан сыртта дарыланганын оң көрүп жатышат. Алар камакта дем жетпей, жүрөк оорусу ого бетер курчуп жатканын белгилешүүдө.

Жаза аткаруу мекемесинин өкүлү Элеонора Сабатарова мындай комментарий берди:

«Сегиз кишилик камерада экөө отурушат. «Тар, аба жетишпейт, абалы начарлап кетти» деген туура эмес. Кардиология борборунда 14 күн жатып чыккан. Ал жактан берилген сунушту аткарып жатабыз. Күн сайын бул жакта дарыгерлердин көзөмөлүндө отурат».

47 жаштагы Салянованы тез арада ооруканага жаткыруу өтүнүчү менен адвокаты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылуу жолдогон. Анын алдында Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Сулайманов Саляновага жолугуп чыкканын, анын саламаттыгына көңүл бурууну өтүнүп аталган мекемеге кат жазганын билдирди.


«Бизге Жаза аткаруу мекемесинен жооп келе элек. Саламаттык сактоо министрлигине да ушул мүнөздөгү кайрылууну жөнөткөнбүз. Алар Салянованын азыркы жагдайында байланыштуу Жаза аткаруу кызматынан кайрылуу келсе гана дарыгерлер карап бере турганын айтышты».

Камакта ооругандарга эреже

Камакта ооруп калгандар Бишкектеги дарыланууга ылайыкташкан №47 колонияга которулуп, жазасын өтөшөт. Мындай колония Кыргызстанда бирөө эле.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы өкмөт бекиткен тизмеге ылайык, онкологиялык дартка чалдыккандарды, жүрөк оорулууларды жана төрөй турган аялдарды гана жабык жайдан сыртка чыгып дарыланышына уруксат берет. Алар дайыма конвойдун көзөмөлүндө болушат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы, 2010-жылы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу камалган Мурат Суталинов өсмө оорусунан улам абактан убактылуу чыгып-кирип жазасын өтөгөн.

Коррупцияга айыпталып камалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жүрөгүндөгү оору жана белиндеги грыжага байланыштуу быйыл 31-майда №47 колониядан ооруканага чыгарылган.

Укук коргоочулар темир тор артында саламаттыгы начар жүздөгөн адам жатканын, таанымалдардын гана ден соолугу талкууга түшүп, жөнөкөй кишилердин жагдайына көңүл бурулбай келатканын белгилешүүдө. Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун байкоосуна ылайык, жабык жайларда дарыгерлер жетиштүү деп мүнөздөлгөнү менен жабдыктар эски, анык диагноз коюу мүмкүнчүлүгү аз жана дары-дармектер менен толук камсыздалбай калган учурлар болуп турат. Жаза аткаруу кызматы муну четке кагып, кемчиликтер мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын жардамы менен оңдолуп жатканын маалымдады. Кургак учукка кабылгандарды караган атайын оорукана бар, ал жердин шарттары жакшы экени айтылып жүрөт.

Кыргызстанда жети тергөө изолятору, 11 жабык мекеме, 13 жатак абак жана район-шаарларда элүүдөн ашуун жаза аткаруу инспекциялары бар. Алардын баарын кошкондо 15 миңдей адам камакта отурат.

2017-жылы темир тор артындагы 66 адам, 2018-жылы 65 адам көз жумган. 2019-жылдын жарымында 23 адам жабык жайларда жашоо менен кош айтышты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG