Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Салянованын саламаттыгынан чыккан сын


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Камактагы экс-башкы прокурор Аида Салянованын саламаттыгы начарлап кеткенин анын адвокаттары айтып чыгышты.

Адвокат Рабига Сыдыкованын айтымында, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган экс-баш прокурордун абалы соңку эки күндө оорлошуп кеткен.

«Мен бүгүн Аида Жеңишбековнаны көрүп, зээним кейип турат. Эки күн мурда көргөм, андан бери ден соолугу аябай начарлап кетиптир. Себеби, аны аягына чейин дарылабай, догдурдан шашылыш чыгарып жиберишти. Албетте, дарыгерлерге ИИМдин кызматкерлери басым жасашкан. Ушинтип дарыгерлерди да саясатка аралаштырып жатышат».

Адвокат Салянова кармалып жаткан шартты сындап, Кыйноого каршы улуттук борборго кайрылуу жолдоду. Аталган борбордун өкүлдөрү Аида Салянованын абалынан эртең кабар аларын билдиришти.

Рабига Сыдыкова буга чейин дарыгерлер абактагы саясатчыга операция жасаш керек экенин билдиришкенин кошумчалап, азыртадан дарылабаса оорусу күчөп кетет деп чочулап жатышат.

Бирок мурдагы прокурордун абалы боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) башкача маалымат таратты. Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, Салянованын абалы жакшы жана ага дарыгерлер тынбай көз салууда:

«Буга чейин дарыгерлердин консилиумунан соң 15-июндан 29-июнга чейин Улуттук кардиология борборунда дарыланып келди, - деди ал. - Андан кийин дарыгерлер жазып берген режим сакталып жатат. Бул жактагы дарыгерлер да ага тынбай көз салууда. «Абалы начарлап кетти» деген туура эмес. Аны кыйнап, кордук көрсөтүүгө ЖАМК жол бербейт».

​Буга карабай Салянованын жакындары дал ушул Батукаевдин иши боюнча айыпталган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун үй камагына чыгып, ЖАМКтын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиевдин камакка алынбаганына көңүл буруп, «кош стандартуу» саясат жүрүп жатат деген ишенимде.

Аида Салянованын партиялашы Асия Сасыкбаева мурунку башкы прокурорду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бербегени үчүн үй камагына чыгарбай жатат деген оюн айтты:

«Аиданын тубаса жүрөк оорусу бар экенине карабай абакта кармап жатышат. Эркектерди болсо эркиндикке чыгарышты. Менин оюмча, моралдык жактан абдан пас иш болуп жатат. Азыр ага «тергөө менен кызматташып, кимдир-бирөөнү каралап кой, ошентсең гана азаттыкка чыгасың» деген шарт коюп жатышат».

Сасыкбаева: Текебаев чыкпаса, оппозицияга кетебиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:45 0:00

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Салянованын айланасында карама-каршы маалыматтар тарап жатканын белгилеп, бийлик органдары так маалымат бериши керек экенин билдирди:

«Салянованын айланасында абдан көп карама-каршы маалыматтар тарап жатат. Албетте, анын адвокаттары «күнөөсү жок, ак жеринен отурат» деп үй камагына чыгарууга аракет кылат. Бирок расмий органдар тарап жаткан маалыматтар боюнча ынанымдуу кабар бере элек. Бул үчүн балким көз каранды эмес институттун өкүлдөрүн же адамдарды киргизип, текшертсе жакшы болмок».

Ошол эле кезде укук коргоочулар Салянова сыяктуу эле Батукаевдин иши боюнча камакка алынган лаборант Ирина Цопованын абалына да тынчсызданып жатышат. Ал Батукаевдин түрмөдөн чыгышы үчүн «ак кан илдетинен жабыркайт деген аныктама (справка) берди» деген айып менен кармалган. Буга чейин Цопова абакта бутунан жараат алып, саламаттыгы начарлап кеткени боюнча кабар тараган.

Кыйноонун алдын алуу борборунун кызматкерлери жакында эле лаборанттын абалынан кабар алышкан. Борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун айтымында, «Цопованын жарааты ырбап кетти» деген маалымат ырасталган жок.

47 жаштагы Аида Салянова буга чейин юстиция министри, башкы прокурор жана Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал эки жыл мурда «юстиция министри болуп турган учурда адвокат Алексей Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узарткан» деп беш жылга эркинен ажыратылган. Бул өкүм Салянованын кызы 14 жашка чыкканда күчүнө кирмек.

Саясатчы өзүнө козголгон кылмыш иштерин саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Мындан сырткары 2017-жылдын аягында Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Салянов өз үйүндө киши колдуу болгон. Бул кылмыш үчүн үч адам кармалып, учурда камакта жатышат.

ИИМ «Саляновдун өлүмүндө саясий негиз бар» деген версия иликтенип жатканын билдирди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG