Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

ИИМ: Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт болушу мүмкүн деген божомол каралууда


Улан Саляновдун үйү. Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушу. Сүрөт 2017-жылдын 6-ноябрында тартылган.
Улан Саляновдун үйү. Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушу. Сүрөт 2017-жылдын 6-ноябрында тартылган.

Кыргызстандын экс-башкы прокурору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт бар болушу мүмкүн деген божомолдор каралууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн, 26-июнда тараткан маалыматта айтылат. Мындан сырткары азыркы учурда жогорудагы факты боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатканы белгиленген.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу сот жараяны былтыр сентябрда башталган.​

ИИМ бул кылмыш үчүн жалпысынан үч киши - Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шек саналып жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов гана 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Милиция белгилегендей, майдын соңунда Москвадан кармалып, экстрадицияланганы айтылган Асанэмир Абыкулов негизги шектүү катары өтүп жатат. Үчүнчү шектүү, орус жараны Заур Насруллаев да Екатеринбург шаарынан 2018-жылы августта кармалган.

Аида Салянова инисинин өлүмүн «саясий буюртма» десе, милиция кылмышты карактоо катары мүнөздөп келген.

Саляновдун өлүмүнө байланыштуу ишти Биринчи май райондук соту 6-сентярдан тартып карай баштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG