Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Шамил Атахановду үй камагында кармоо мөөнөтү узартылды (видео)


Шамил Атаханов.
Шамил Атаханов.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу үй камагына алынган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун үй камагындагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Атаханов Бишкектин Биринчи май райондук сотунан чыгып бараткан учурда журналисттерге билдирди.

Бирок Биринчи май райондук соту бул кабарды ырастай элек.

Ал судья үй камагын канча убакытка узартканын так айткан жок. Атахановду бир нече укук коргоо органдарынын кызматкерлери коштоп кирип, алып чыгып кетишти.

Маалыматка ылайык, Шамил Атаханов кылмыш ишинин алкагында 7-июнда Бишкектеги №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргенден кийин ал ошол жерден үй камагына чыгарылган.

“Мыйзамдагы ууру” атыккан Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган учурда коопсуздук боюнча вице-премьер-министр болуп иштеп турган Шамил Атаханов 21-майда кармалып, 26-июнга чейин тергөө абагына камалган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштады. Буга байланыштуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянова баштаган бир катар мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана аткаминерлер кармалды.

7-июнда Жогорку Кеңештин депутаты, Батукаев бошотулганда Жаза аткаруу кызматын жетектеп турган Зарылбек Рысалиев Ички иштер министрлигинде сурак берип жаткан кезде өзүн жаман сезип, ооруканага түшкөнү белгилүү болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG