Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

Сот Шамил Атахановду 26-июнга чейин камакта калтырды (видео)


Шамил Атаханов.
Шамил Атаханов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча шектүү катары кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун бөгөт чарасын карап, 26-июнга чейин абакта калтырды. Бул тууралуу маалымат сөз болуп жаткан соттон алынды. Ага ылайык, Атаханов №1 тергөө абагына жеткирилет.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, чартердик каттам менен Чеченстанга учуп кеткен. Соттун чечимине Батукаевдин ак кан илдетине чалдыкканы жана аз өмүрү калганы тууралуу дарыгерлердин тыянагы себеп болгону айтылган. Батукаев азыр да көзү тирүү экени белгилүү.

Ошол кезде Шамил Атаханов коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп турган.

Быйыл жыл башында Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши кайра жанданган. Анын алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана беш медицина кызматкери кармалган. Эки дарыгер кайрадан үй камагына чыгарылган.

ЖАМКтын ошол кездеги башчысы, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев өткөн аптада сурак бергени кабарланды. Тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG