Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Аскаровдун байбичеси: Азимжан экөөбүз сүрөт тартчубуз


Хадича Аскарова байы тарткан сүрөттөрдүн алдында.
Хадича Аскарова байы тарткан сүрөттөрдүн алдында.

Хадича Аскарова жолдошу камалгандан бери Базар-Коргондо жалгыз күн кечирүүдө.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова сегиз жылдан бери Базар-Коргондон Бишкекке – байы отурган абакка каттайт. Камактагы укук коргоочунун 61 жаштагы байбичеси “Азаттык” радиосуна маек куруп, азыркы жашоосу тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Байыңыз камалганына сегиз жылга чукулдап калды. Андан бери биз билгенден Базар-Коргондон Бишкекке тез-тез каттап жатасыз. Жашооңуз кандай болуп жатат?

Аскарова: Жашоом кандай болмок эле? Жалгыз өмүр кечирип жатам. 2010-жылдын 15-июндан бери жалгызмын. Кайненем экөөбүз жашайт элек. 2012-жылы көзү өтүп кетти. Баласы камалганына чыдабады. Мен азыр үмүт менен жашап келатам. Байым күнөөсүз. Мурда мен саясат менен ишим болгон эмес. Талаадагы жумушумду жасап, үйдө тамак-аш менен алектенип жүргөм. Мага ошол турмуш жагат эле. Азыр болсо “Эмнеге?” деген суроого жооп издейм.

Азимжан Аскаров темир тор артында. 2017-жыл.
Азимжан Аскаров темир тор артында. 2017-жыл.

“Азаттык”: Бала-чакаңыз каякта?

Аскарова: Мен өзүм ташкенттикмин. Кыргызстанга 1979-жылы турмушка чыккам. Азимжан Аскаров менен чогуу Ташкентте окуганбыз. Экөөбүз баш кошуп, Базар-Коргондо жашай баштаганбыз. Совет учурунда чек ара маселеси жок мезгилде балдарыбыз да Өзбекстанда окуп, ошол жактын жарандыгын алышкан. Азыр Ташкентте турушат. Алар Кыргызстандан качып кетишкен эмес. Үч уул, бир кыз, тогуз неберебиз бар. Мен барып турам, балдарым келишет. Атасынан да кабар алып кетишет.

“Азаттык”: Базар-Коргондо коңшу-колоң, айылдаштар менен мамилеңиз, алардын сизге мамилеси кандай?

Аскарова: Мамилебиз жакшы. Мага кошулуп алар деле абышкам үчүн дуба кылышат. Абактан чыгат деп ишенишет. Ким мени көрсө, Азимжан Аскаровдун абалын сурайт.

“Азаттык”: Сизде жолдошуңуз менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү кандай? Кирип, сүйлөшүп турасызбы?

Аскарова: Бир жылда үч жолу узак жана үч кыска жолугушууга мүмкүнчүлүк берилет. Узак мөөнөттөгүсү үч сутка. Үч күн бою ошол №47 абакка барып, абышкам менен чогуу жашайм. Тамагын жасап, кийимдерин тигем. Атайын жолугушчу бөлмө бар. Кыска мөөнөттөгүсү саат менен белгиленет. Бир саат же эки саат жолугуп, сүйлөшөбүз.

“Азаттык”: Жолугушууга сизге эле уруксат берилгенби же бала-чакаңыз да кирип, байланышып турабы?

Аскарова: Балдарым да мен сыяктуу узак жана кыска мөөнөттүү жолугушууларга киргенге укуктуу. Келип турушат. Мен акыркы жолу 3-февралда барып, көрүп келдим.

“Азаттык”: Азимжан Аскаровдун азыркы абалы, маанайы кандай? Кандай шартта отурат?

Аскаров: Ден соолугу жакшы эмес. 67 жашка чыкты. Картайган адам үй шартында да кыйналат эмеспи, абакта кандай болмок эле... Жаткан камерасы жертөлө шартында, тар. Өзү жалгыз. Телефонго уруксат берилбейт. Телевизор алып барып бердим. Радио да угат, сүрөт тартат. Англис тилин үйрөндү. Себеби ага дүйнө жүзүнөн каттар келет. Жолдошумду колдоп, дем-күч берген кишилер кат жиберишет. Акыркы жолу киргенимде Жапониядан 800дөй кат келиптир. Аябай жакшы сөздөрдү жазышат. Окуп алып, ыйлагым келет. Каттарды алып кетем.

Аскаров тарткан сүрөттөр.
Аскаров тарткан сүрөттөр.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз да сүрөт тартуу менен алектенген экенсиз. Азыр улантып жатасызбы?

Аскарова: Ооба, мен сүрөтчү-жасалгалоочу кесибине окуганмын. СССР кезинде көчөлөргө жазылган ураан-чакырыктарды биз жазат элек. Көрнөк-жарнактарды шөкөттөйт элек. Жолдошум экөөбүз ошентип иштегенбиз. Бирок 40 жылдай мезгилден бери сүрөт тартпай калгам. Жалгыздыкта кайра сүрөтчүлүктү баштадым. Натюрморт жанрында иштейм.

“Азаттык”: Киреше булагыңыз барбы? Эмненин эсебинен жашайсыз?

Аскарова: Пенсия алам. Талаада жерибиз бар, аны карайм. Дыйканчылык иштерди жасай берем. Эч качан кара жумуштан качкан эмесмин. Мурунку күч-кайратым азыр деле бар.

Редакция: Укук коргоочу Азимжан Аскаров "Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. 2012-жылы анын мүлкү сот тарабынан камакка алынган. Турак жайы энесинен калган мурас экени айтылып, 2017-жылдын 5-сентябрында Базар-Коргон райондук соту үйдү конфискацияласа болбойт деп чечкен. Эл аралык коомчулук Азимжан Аскаров куру доомат менен негизсиз камалганын айтып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG