Линктер

шаршемби, 18-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:57

Азимжан Аскаров абакта калды


Азимжан Аскаров, 2017-жылдын 24-январында тартылган сүрөт.

Чүй облустук соту өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок.

Азимжан Аскаровдун иши боюнча Чүй облустук сотундагы иш белгиленгенден эрте башталды. Судья Улан Садырбеков төрагалык кылган соттук коллегия жараянды тасмага жана сүрөткө тартууга уруксат берген жок. Сотко абактагы укук коргоочу катыштырылган жок.

Жараянга Британиянын, Германиянын, Швейцариянын элчиликтеринин жана «Human Rights Watch» эл аралык уюмунун, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрү көз салды.

Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахидов Кыргызстанда быйыл күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык укук коргоочунун иши кайра каралып жатканын кубаттап, бул жараянда мурда кетирилген кемчиликтер оңдолот деп үмүт артты.

Адвокаттын айтымында, Аскаровго козголгон ишти буга чейин кароодо бир катар жагдайларга көңүл бурулбай, тиешелүү экспертизалар жок эле соттолгон. Буга байланыштуу адвокат Вахидов Азимжан Аскаровду толугу менен актап, эркиндикке чыгарууну соттон өтүндү:

«Жок эле дегенде бизде гуманизм принциби бар эмеспи. Буга чейинки жүйөлөрдү эске алуу менен мыйзамдарды декриминализациялоонун алкагында соттон бул ишти кайра карап чыгууну суранам. Анда айыпталуучунун жагдайын эске алыңыздар. Аскаров 70ке таяп калды. Бизде карыялар түрмөдө отурбашы керек, айрыкча өмүр бою. Кылмыштын мотивин жана максатын карасаңар деле Аскаровдун кылмыш кылайын деген эч кандай мотиви жана максаты болгон эмес. Ал азыр оорулуу болуп калды. Ушуларды эске алуу менен Азимжан Аскаровду абактан бошотууну суранам».

Дал ушундай эле пикирди Аскаровдун мыйзамдуу өкүлү, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова да айтып, бул иш эл аралык аренада Кыргызстандын беделине көлөкө түшүрчү иш болгонун кошумчалады.

Ал эми мамлекеттик айыптоо адвокаттардын мындай өтүнүчүнө каршы чыкты. Прокурор Наргиза Кенжетаева «өмүрүнүн аягына чейин кесилген адамдын иши кайра каралууга жатпай турганын» билдирди. Натыйжада Чүй облустук сотунун коллегиясы мамлекеттик айыптоонун позициясын жүйөлүү деп тапты. Кыска кеңешүүдөн соң өкүмдү окуган коллегиянын мүчөсү, судья Тилек Абдрашитов Аскаровго карата өкүм өзгөртүүсүз калганын билдирди:

«Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 443-беренесин жана 446-беренесин жетекчиликке алып, Азимжан Аскаровдун өтүнүчү жана Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кызматына караштуу №21 түзөтүү мекемесинин сунушу канааттандыруусуз калтырылсын. Аныктамага нааразы тарап кассациялык тартипте Жогорку сотко даттанууга укугу бар».

Облустук соттун мындай чечими Аскаровдун тарапкерлеринин нааразылыгын жаратты. Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко доо арыз жолдошорун билдирди:

«Бүгүнкү саясат бир жагынан жакшы ойго түртүп, адамдарга үмүт берген. Бирок практикада үмүттүн баарын өчүрүп жатат. Анткени 68 жаштагы оорулуу адамды улам-улам текшерип, дарылатып келатабыз. Эгерде ал киши абакта бир нерсе болсо, жалпы Кыргызстан үчүн аябай жаман иш болот. Ошондуктан бүгүнкү соттун чечимин аябай өкүнүч менен кабыл алдык жана мыйзамга ылайык Жогорку сотко кайрылууга даярданабыз».

Жалал-Абад облусунда иш алпарган укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында «улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан» деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Өлкөдөгү укук коргоочулар жана бир нече эл аралык уюмдар Аскаровго тагылган айыпка макул болбой, анын бейкүнөө абакта отурганын билдирип келишет.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камакта отурат деген негизде Кыргызстанды аны бошотууга чакырган эле. Мындан соң укук коргоочунун иши жаңы жагдайлар боюнча каралып, бирок күчүндө калтырылган. Мындан соң Азимжан Аскаров абакта бир нече күн ачкачылык жарыялаган эле.

Байкоочулар бул иш укуктук эл аралык мааниси бар саясий ишке айланганын айтып келишет. Анткени эл аралык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү өз пикирлерин билдирген. Быйыл Аскаровдун маселеси Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча комиссары Федерика Могерининин Кыргызстанга сапарынын жүрүшүндө көтөрүлгөн. Могерини Европа Аскаровдун ишине көз салып турганын белгилеген:

«Бул маселеге байланыштуу бардык суроолор талкууланып жатат. Маселе ачык-айкын жана конструктивдүү пикир алмашуунун негизинде талкууланып жатканын белгилейм».

Саясий илимдердин кандидаты Орозбек Молдалиев бул иште Кыргызстан мыйзамдын так сакталышын көзөмөлдөшү керек деп эсептейт:

«Эми сот чечими чыкты. Чечимге карата мамиле ар кандай болот. Буга чейин бир нече жолу иликтенип, ар кандай жагдайлары каралды. Негизги иш - бул жерде мыйзамдын так сакталышы эң маанилүү».

68 жаштагы Азимжан Аскаров учурда Бишкектин четиндеги №19 түзөтүү мекемесинде кармалууда. Буга чейин укук коргоочулар анын саламаттыгы начарлап жатканын айтып чыгышкан эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

XS
SM
MD
LG