Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Дале: Аскаровдун иши улам козголо берет


Ивар Дале
Ивар Дале

Чүй облустук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтырды. Адам укуктары боюнча норвегиялык Хельсинки комитетинин Женевадагы улук кеңешчиси Ивар Дале бул өкүм боюнча ой бөлүштү.

Ивар Дале: Бул күтүлбөгөн чечим болгон жок. Бирок мунун өзү көңүлдү чөгөрбөй койбойт. Менимче, Аскаровдун ишинин кайра каралашынын бир жакшы жагы болду. Буга чейин көп кишиге белгисиз болуп келген эреже бузуулар анык болуп калды. Себеби биз күбөлөрдү уктук, билдирүүлөрдү окудук, кыйноо боюнча айыптоолорду көрдүк. Бирок булардын баары көз жаздымда калды.

Сот бул иш боюнча ар кыл деңгээлдеги басымга туш болду деп ойлойм. Балким, өкмөт укук коргоочу уюмдардын сындарынын алдында кандайдыр бир күчүн көрсөткүсү келди. Анын үстүнө Аскаровду актоо Кыргызстан калкынын кайсы бир катмарына жакмак эмес.

Азимжан Аскаров сот залында
Азимжан Аскаров сот залында

“Азаттык”: Өткөн жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылган. Андан көп өтпөй Кыргызстан укук коргоочунун ишин кайра карап баштаган. Мунун өзү деле кыргыз тараптын БУУнун чечимдерин сыйлоого жана ишти кайра иликтөөгө болгон дилгирлигин көрсөтүп жатканын билдирбейби?

Ивар Дале: Ооба, мен толугу менен кошулам. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминен кийин Аскаровдун иши жана аны өмүр бою соттогон жаза кайра каралаарын уккан күн - жагымдуу күн болгон эле.

Биз фактылардын баарын кайрадан угуп чыктык. Иш менен тааныш адамдар Аскаровдун абакта калышы үчүн реалдуу негиз жок экенин билишет. Менимче, сот балким өкмөттүн каалоосуна же бул чечим коомдо кандай кабыл алынаарына көбүрөөк көңүл бурду.

Көз карандысыз жана күчтүү соттор чечим кандай кабыл алынаарына карабайт. Тилекке каршы Кыргызстан бул жолу сыноодон өтпөй калды.

Бишкектеги сот
Бишкектеги сот

“Азаттык”: Аскаровдун жактоочулары доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрылаарын билдиришти. Кыргызстан жакында кабыл алган жаңы Баш мыйзамга ылайык, адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин нормаларынын мурдагыдай түз таасири болбой, аларды ишке ашыруу мыйзам менен аныкталмакчы. Эми Аскаров өзүн коргоо үчүн кандай мыйзамдык аракеттерди көрүшү мүмкүн?

Ивар Дале: Биз Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунан башкача чечим чыгарат деп үмүттөнгөндөн башка аргабыз жок. Бирок бул иш саясатташып кетти деп ойлойм. Мындан жагдайда көз карандысыз, объективдүү баа берүү кыйын.

Фактыларды көз жаздымда калтырса эле алар жоголуп кетти дегенди билдирбейт. Мурда көргөндөй, БУУнун Адам укуктары боюнча комитети өз билдирүүсүн жарыялаган. Алар бул маселени таштап коюшпайт.

БУУнун Женева кеңсесиндеги Кыргызстандын өкүлдөрү бул маселеге улам-улам туш боло беришет. Аларга бул чечимди рационалдуу түрдөө коргоп чыгуу өтө кыйын болот.

Адам укуктары комитетинен тышкары БУУнун кыйноолорго каршы комитети бар. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү маал-маалы менен суроолорго жооп бере турган панел да бар. Андыктан Азимжан Аскаровдун маселеси тараптарды ынандыра турган сот чечими чыкмайынча көтөрүлө берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG