Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

Жоошев: Атамбаевди сотко мажбурлап алып келишти


Алмазбек Атамбаевди Биринчи май райондук сотуна алып кирип баратышат. Сүрөт 24.kg сайтынан алынды.
Алмазбек Атамбаевди Биринчи май райондук сотуна алып кирип баратышат. Сүрөт 24.kg сайтынан алынды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Атамбаев сотко мажбурлоо жолу менен жеткирилгенин, ошол эле учурда ал тергөө абагынан алып чыгууда каршылык көрсөтпөгөнүн билдирди.

- Алмазбек Шаршеновичтин айтымында, аны алып чыгыш үчүн тергөө изоляторуна жаш балдарды киргизишиптир. Алмазбек Шашенович «сотко барбайм» десе күч колдонулуп ызы-чуу болорун түшүнүп, жаш балдарды ыңгайсыз абалга калтырбаш үчүн абалды туура баалап «макул, барам» деп келиптир. Ал өзүнүн эрки менен келген жок. Мажбурлап алып келишти, - деди Жоошев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш октябрда сотко өткөрүлгөн. Атамбаев баштапкы соттук жыйынга келүүдөн баш тартып, алгачкы отурумдар анын катышуусуз өткөн. Андан кийин бир да жолу сотко келген эмес жана көрсөтмө да бере элек. Адвокаттар муну Атамбаев ага коюлган айыпка макул болбогону, иш ойдон чыгарылганын айтканы менен байланыштырышкан.

Ал Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы жараянга 29-ноябрда биринчи жолу келди. Жоошев айыпталуучулар менен алардын жактоочулары иш менен толук тааныша элек экенин, соттон убакыт сурашканын, анын жыйынтыгында жараян 6-декабрга жылдырылганын айтты.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева баш болгон 10дон ашык мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (BTo)

XS
SM
MD
LG