Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Батукаевдин иши: экстерге 15 жылдан жаза суралды


Алмазбек Атамбаев, Азиз Батукаев жана Индира Жолдубаева (солдон оңго карай). Коллаж.

Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эрте бошоп чыгышына күнөөлүү деп табууну сотто сунуш кылды. Экөөнө тең 15 жылдан жаза мөөнөтү суралды.

Дагы эки айыпталуучуга 13 жылдан жаза берүү өтүнүчү келтирилди. Шектүүлөрдүн жактоочулары сотто алар коргоп жаткан адамдардын күнөөсү далилденбегенин, прокуратура сураган жаза оор экенин билдирип жатышат.

Кыргызстан. Кримтөбөл деген Азиз Батукаев Нарындагы түрмөдө. Сүрөттүн кайсы жылы тартылганы беймаалым.
Кыргызстан. Кримтөбөл деген Азиз Батукаев Нарындагы түрмөдө. Сүрөттүн кайсы жылы тартылганы беймаалым.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге айып коюлган дагы бир кылмыш иши боюнча соттук териштирүү аяктап калды.

Бул - Кыргызстандын тарыхында мурдагы президент өлкөнүн ичинде сот жообуна тартылып жаткан биринчи окуя.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан иш боюнча 16-июндагы соттук жараянда прокурорлор судьядан Атамбаев баш болгон төрт кишини 13 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратууну сурады. Сот жабык өтүп жаткандыктан, мамлекеттик айыптоо тараптын өтүнүчүн Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Куватова «Азаттыкка» окуп берди.

Наргиза Куватова.
Наргиза Куватова.

«Сотко Атамбаев Алмазбек Шаршеновичти Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупцияны уюштуруу») боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратуу сунушталды. II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринен, «Даңк» медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратуу менен Атамбаевдин жана анын жакын туугандарынын мүлкүн конфискациялоо өтүнүчү берилди. Жолдубаева Индира Ырысбаевнаны Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупцияны уюштуруу») боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга абакка кесүү жана сот залынан камакка алуу суралды. Аны үчүнчү даражадагы мамлекеттик кеңешчи чининен жана өлкөгө эмгек сиңирген юрист наамынан ажыратуу, ага таандык автоунааны мамлекеттин карамагына алуу сунушталды».

Алмазбек Атамбаев жана анын жакындарынын конфискация болчу мүлкүнө беш машине, Чүй менен Ысык-Көл облусундагы үй, жер тилкелерин кошкондо, баш-аягы 10 чакты объект кирген.

Бул тизмеде «Медиа Форум» ачык акционердик коому, ошондой эле «Форум», «Автомаш-Энерго», «Апрель ТВ» жоопкерчилиги чектелген коомдору да бар.

Мамлекеттик айыптоочулар ушул эле кылмыш иши боюнча коррупцияга шек саналган Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановду 13 жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алуу менен Бишкек шаарындагы жана Жайыл районундагы үйүн мамлекетке чегерүүнү соттон сурады.

Прокурорлор Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге да 13 жыл жаза мөөнөтүн берүүнү соттон өтүнүштү.

Шектүүлөрдүн жактоочулары прокуратура сураган жаза мөөнөтүнө макул эмес.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын адвокаты Алия Турумбекованын айтуусунда, тергөөдө Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов жана өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов Жолдубаевага каршы көрсөтмө берген. Бирок алардын сөзү сотто далилденген эмес.

«Прокурорлор тергөө кетирген каталарды билип туруп 15 жыл сурап жатканы мени таң калтырууда. Эрматов тергөө менен кызматташууга макул болгондон кийин Жолдубаевага каршы көрсөтмө берип жатат. Бирок ал Жолдубаева ага ошол кезде кандай номур менен чалганын, кайсы номурга чалганы тууралуу жөнөкөй суроолорго жооп бере алган жок. Бекенов боюнча деле ушундай. Тергөөдө андан тышкары Батукаев мыйзамдагы ууру экенин ырастаган бир да документ жок. Бирок тергөөчүлөр криминалдардын деңгээлине түшүп, алардын түшүнүгү менен эле «мыйзамдагы ууруну чыгарып жиберишкен» деп айыптап жатышат. Батукаев сот тарабынан «өзгөчө коркунучтуу кылмышкер» деп табылган. Анын үстүнө Батукаевди бошотуу боюнча соттун чечими да жокко чыга элек. Ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу гана кайра тергешти».

Айта кетүүчү жагдай, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева Батукаев бошогон 2013-жылы президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүн жетектеген. Башкы прокурор болуп 2015-2018-жылдарда иштеген.

Батукаевдин иши боюнча ага президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүн жетектеп тургандагы аракетине байланыштуу айып тагылып жатат.

16-июндагы отурумда сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жараянга алып келүүнү талап кылган. Анын адвокаты Замир Жоошев Атамбаев бул ишти буйрутма деп эсептегендиктен сотко катышуудан баш тартканын билдирди. Атамбаев бул иш боюнча баштапкы соттук отурумга да, иштин өзү каралып жатканда да катышкан жок. Жоошев прокурорлордун акыркы өтүнүчү тууралуу мындай оюн айтты.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«Соттук териштирүүнүн натыйжасында прокурорлор өз оюн айтыш керек болчу. Алар болсо айыптоо актысын эле кайталап окуп коюшту».

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинде жалпы 19 кишиге айып коюлган. Анын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, Индира Жолдубаеванын, Калыбек Качкыналиевдин жана Абдухалим Раимжановдун иши былтыр октябрь айында Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөн.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атаханов, экс-башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, мурдагы судья Жапар Эрматов жана дарыгер Ирина Цопова баштаган 13 киши тергөө менен кызматташууга макул болгон. Ушундан улам алардын иши өзүнчө тергелип, быйыл июнь айында Свердлов райондук сотуна жиберилди. Ал эми УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланган.

2013-жылы Батукаев абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп, Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин бул иштин чоо-жайын иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу ошол кезде 27 адамга кине тагылганын, бирок көбү жазасыз калганын эске салды.

Турсунбай Бакир уулу.
Турсунбай Бакир уулу.

«Парламенттин алы бир гана акыйкатчыга жетет экен. Биз аны жумуштан алабыз. Калган 26 аткаминер өкмөттүн карамагында болгондуктан, алардын ишин тергөө органдарына, прокуратурага, УКМКга берип, сотко чейин жеткиргиле деп тапшырма бергенбиз. Өкүнүчтүүсү, 26 кишинин бири да жоопкерчиликке тартылган жок. Тергөө органдары 19 кишинин гана ишин иликтеди. Ал эми калгандары эмне болду? Тергөөчүлөр биринчи кезекте депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнөн көрсөтмө алышы керек болчу. Себеби депутаттар Нарынга чейин барып, Азиз Батукаев отурган абакты текшерип, ага ким келип турганын, кримтөбөл түрмөдө отуруп алып «ак үй, көк үйдө» кимдер менен сүйлөшкөнүн, баарын таап бергенбиз. Мен азыркы жыйынтыкка нааразымын. Дагы он чакты кишинин жоопкерчилиги каралышы керек болчу».

Кыргызстандын эгемен тарыхында эң чуулгандуу жана көлөмдүү иштердин бири деп бааланып, мурдагы президент, мурдагы эки башкы прокурор, УКМКнын мурдагы эки төрагасына кылмыш иши козголгон Батукаев окуясы коомчулукта ар кандай бааланып келет. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев кримавторитеттин абактан эрте чыгып кетишине жогорку кызматтагы жетекчилер аралашкан деген пикирде.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Жөнөкөй эле логикага салып караганда деле бир нече адамды, мамлекеттик органдарды тартуу менен "мыйзамдагы уурунун" түрмөдөн бошотулушун уюштуруу мурунку президенттин макулдугусуз жасалмак эмес. Батукаевди бошотуп, анын ордуна Жаныш Бакиевди алып келишсе да мейли дейт элек. ИИМ, УКМК, ЖАМК, прокуратура "мыйзамдагы ууру" бийликтин айтканын эч качан жасабай турганын, алар менен кызматташпай турганын билишет да. Бирок алдап кете алат. Бул жерден Батукаев упай топтоп алды. Ал эми эл аралык коомчулуктун алдында Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетти. Анткени, Батукаев Кыргызстанда биздин жарандарды, депутатыбызды кошуп өлтүргөн адам».

Чечен тектүү Азиз Батукаев 1966-жылы Чүйдүн Токмок шаарында төрөлгөн. Анын аты 1990-жылдары эле криминалдык чөйрөдө атала баштаган. Батукаев 2006-жылы маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Ал түрмөдөн 2021-жылдын орто ченинде чыгышы керек эле.

Бирок 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн. Бул боюнча сот 18-июнда уланат.

Алмазбек Атамбаев баштаган анын ондон ашык тарапташына Кой-Таш окуясы боюнча да Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш-аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

"Азаттыктын" архиви: "Ыңгайсыз суроолор" программасынын коногу учурда абакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков. 2019-жыл​.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG