Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Батукаевдин иши боюнча сот алдыга жылды


Азиз Батукаев.
Азиз Батукаев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук иште күбөлөр көрсөтмө бере баштады. 23-январдагы жараянда Улуттук гематология борборунун дарыгери суралды.

Ушул эле процессте бул иште коррупция үчүн шектүү болуп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон дагы үч мурдагы жетекчиге сотто айыбы угузулду. Алар коюлган күнөөгө макул эмес экенин айтып жатышат.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулуп андан ары Кыргызстандан чыгып кеткенине байланыштуу соттук иш алдыга жылып алгачкы күбө сурак берди. Буга чейин бул иш боюнча соттук процесстер ар кандай себептер менен бир нече жолу жылдырылган.

23-январдагы жабык сот отурумуна экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов келди. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жараянга катышкан жок.

Анын жактоочусу Замир Жоошев сотто Батукаевдин иши боюнча шек саналып жаткан төрт кишиге карата айыптоо актысы окулуп, «Коррупция» беренеси менен кине коюлганын айтты. Анын сөзүнө караганда, мурдагы президент «Батукаевди бошотууда коррупция болгон жана анын башында Атамбаев турган» деп шек саналууда. Жоошев Атамбаев коюлган айыпка макул эмес экенин билдирди.

Бул жолку соттук отурумда алгачкы күбө Улуттук гематология борборунун дарыгери Елена Гавриленко сурак берди. Анын мазмуну боюнча адвокат Жоошев буларды айтты:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

- Елена Гавриленко Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгышын иликтеген депутаттык комиссиянын ишине медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүш үчүн катышканын айтты. Дарыгер көрсөтмөсүндө «Улуттук гематология борборунда Абдухалим Раимжановдун сейфинде Батукаевдин баш сөөгү тартылган үлгүлөр бар экен. Ошону иликтегем. Жыйынтыгында ал өсмө (рак) менен ооруй турганы аныкталган» деп жатат. Биз: «Ошол үлгүлөр 100% Батукаевдики деп айта аласызбы?» деп сурасак: «Айта албайм. Анткени мен анализ алган эмесмин», - деп жооп берди. «Эми ал үлгү чын эле Батукаевдикиби же башка адамдыкы болгонбу, кантип аныкташ керек?» деп сурасак: «Ал үчүн Батукаевден кайрадан анализ алыш керек» деп жатат.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси коррупцияга айыпталып жаткан Абдухалим Раимжанов болсо 2013-жылы Азиз Батукаевге өсмө илдетине чалдыкканы боюнча анализ коюлганда өзү ооруканада жатканын айтууда. Ал Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушун иликтеген депутаттык комиссия да, прокуратура да ошол жылдары анын бул ишке катыштыгы бар экенин аныктай албаганын жүйө кылды:

Абдухалим Раимжанов.
Абдухалим Раимжанов.

- Мен азыр сотторго нааразылыгым жок. Булар менин абалымды көрүп турушат. Бирок тергөө ушундай күнөө койгондон кийин иш аягына чыгыш керек. Бул иште менин күнөөм жок. Мен Батукаевге диагноз коюш үчүн Нарынга барган эмесмин же ал ооруйт деген тастыктама (справка) жазып берген жокмун. Мага болгону Гематология борборунун жетекчиси катары эле айып коюп жатышат.

Дагы бир айыпталуучу, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да коюлган күнөөгө макул эмес. Анын жактоочусу Алия Турумбекова соттук отурум жана коюлган айып боюнча мындай деди:

- Албетте, Индира Жолдубаева коюлган айыпка макул эмес. Ал муну четке кагып жатат. Соттун жүрүшүндө иликтей турган көп жагдайлар бар. Мен судья кайсы бир деңгээлде калыс болуп жатканын айткым келет. Анткени биздин кошумча күбөлөрдү суракка алуу боюнча өтүнүчүбүздү колдоп берди. Себеби тергөөчүлөр өзүлөрүнө керектүү күбөлөрдү тизмеге киргизип, калганын жазышкан эмес. Сот иштин материалын иликтеп чыккандан кийин ал биз суралышы керек деген күбөлөр маанилүү экенин түшүндү.

Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары дагы бир маселени көтөрүп жатышат. Алар Атамбаевге айыптоо актысында «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлганы менен иштин материалында жемкорлуктун белгилери жок экенин айтышты. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун «Азиз Батукаев Жаныш Бакиевге алмашылмак. Ошондуктан бошотулган» деген көрсөтмөсүн мисал кылышууда.

Бул тууралуу Атаханов менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди беттештирүү протоколунда сөз болгону Интернетке чыгып кеткен. Анда Атаханов 2011-жылы Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун жакын адамы, Орусиянын Мамдумасынын депутаты Адам Делимханов жеке учагы менен Бишкекке келип, мурдагы президенттин уруксаты менен ал аны менен жолугушканын айткан. Андан соң тараптар Батукаевди бошотуш үчүн ордуна Жаныш Бакиевди кайтаруу жагы макулдашылганы белгиленген.

Атамбаевдин жактоочулары буга чейинки жараянда соттон Кадыровдон, Делимхановдон жана Жаныш Бакиевден көрсөтмө алууну өтүнүшкөн. Судья Эмилбек Кайыпов адвокаттардын өтүнүчүн четке каккан.

Сот Атамбаевдин катышуусуз өтүп жатат. Ал соттук отурумдардан бир нече жолу чыгып кеткендигине байланыштуу судья 9-январда ишти Атамбаевсиз эле кароону чечкен. Бул иш боюнча айыпталып жаткандар жана Атамбаевдин бул аракети тууралуу прокурор Медер Абдышев комментарий берди:

Медер Абдышев.
Медер Абдышев.

- Кандай далилдер бар экенин сот бүткөндөн кийин билесиңер. Азыр болсо сот жаңы гана башталып, күбөлөр суралып жатат. Жыйынтыгы кандай болорун сот бүткөндө көрөсүңөр. Атамбаев болсо соттук отурумдун тартибин бузганы үчүн соттун токтомунун негизинде соттон чыгарылган. Эгерде ал жараянга катышкысы келсе эртең да келгенге укугу бар.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Алмазбек Атамбаев башта соттук процесстерге келүүдөн баш тартканы үчүн отурумдарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте өткөрүү жөнүндө чечим чыгып, атайын кызматта көчмө сот отурумдары болду. Жактоочулардын өтүнүчү менен иш кайра райондук соттун имаратында карала баштады. Кийинки жараян 28-январга белгиленди.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул иш боюнча мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана башка бир катар дарыгерлерге да айып коюлган. Алардын иши сотко өтө элек.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG