Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Батукаевдин иши боюнча сотто дагы беш күбө суралды


Азиз Батукаев. 2006-жыл.
Азиз Батукаев. 2006-жыл.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сотто күбөлөр суралууда. 28-майдагы отурумда беш күбө, анын ичинде мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да көрсөтмө бергенин ишти карап жаткан Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Иш убактысы аяктаганына байланыштуу кийинки соттук жараян 29-май саат 10:00гө дайындалды.

26-майдагы отурумда Батукаев абактан чыгарылган жылдары №24 колонияда дарыгер болуп иштеген М.Кайкиев жана дагы эки күбө суралган.

Ага чейин мурунку башкы прокурор Аида Салянова жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атаханов көрсөтмө беришкен.

Криминалдык төбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Батукаевдин мыйзамсыз, мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча кылмыш ишин иликтөө 2019-жылдын январында кайра калыбына келтирилген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишти былтыр тергеп бүтүп, сотко өткөрүп берген. Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 киши айыпталууда.

Алардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши сотто каралууда. Калгандарынын иши азырынча сотко өтө элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG