Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Батукаев боюнча сот кайрадан башка күнгө которулду


Азиз Батукаев камакка алынган учуру. Архивдик сүрөт.
Азиз Батукаев камакка алынган учуру. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу иш бүгүн 12-мартта кайрадан башка күнгө которулду. Буга адвокат Нина Зотованын жана соттолуучу Абдухалим Раимжановдун келбегени себеп болду.

10-мартта өткөн отурум да ушул себептен болбой калып, бүгүнкүгө которулган.

Кийинки соттук отурум 17-мартка пландалды.

Сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусусуз өтүп жатат. Башында сотко катышуудан Атамбаев өзү баш тарткан болсо, кийинчерээк Биринчи май райондук сотунун судьясы анын катышуусуна тыюу салган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Ошол кездеги президент Атамбаев жана бир катар мурдагы кызматкерлер Батукаевдин бошотулганына байланыштуу соттолууда. (RK)

XS
SM
MD
LG