Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Жолдубаеваны жоопко тартуунун «жолу»


Индира Жолдубаева
Индира Жолдубаева

Мурдагы башкы прокурор, Президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Индира Жолдубаева Батукаев иши боюнча кылмышка шектүү катары өтүп, ага карата сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бөгөт чарасы катары аны үй камагында кармоо жөнүндө чечим чыгарды. Бир катар жарандык активисттер кармалгандардын бөгөт чарасын тандоодо бирөөнө катаал, экинчисине жеңил чара көрүп, соттор ар кимге тандалма мамиле кылып жатышканын сынга алышууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту муну Башкы прокуратуранын Жолдубаевага карата келтирген өтүнүчү боюнча чыккан соттун чечими деп комментарий берди.

Жоопко тартуунун учуру

Мурдагы башкы прокурор, Президенттик аппараттын сот-укук маселелери боюнча мурдагы бөлүм башчысы Индира Жолдубаева кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотууга байланыштуу иштин алкагында кылмышка шектүү катары өтүп жатат.

Бул тууралуу билдирген Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Индира Жолдубаевага карата жазык иши «Коррупция» жана «Кылмышка ортоктош болуу» беренелеринин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынганын жарыялады.

Бирок Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев сот тарабынан анын бөгөт чарасы катары үй камагы тандалганын билдирди:

«Батукаевди мыйзамсыз бошотуп жиберүү ишинин алкагында ага Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү жана 43-беренесинин 4-бөлүгү менен кылмышка шектелип жатканы боюнча маалымдама тапшырылып, ал суракка чакыртылган. Анан анын бөгөт чарасы сотто каралып, сот аны үй камагында калтырууну тандады. Бул боюнча тиешелүү тергөө иши улантылууда».

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага, «Президенттик аппаратта сот органдарынын ишине көзөмөл жүргүзгөн бөлүм башчы болуп турган учурунда кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн бошотуу ишин уюштурууга аралашкан» деген кине коюлуп жатканы белгилүү болду. Бирок тергөө органдары анын кандайча бул ишке аралашканы жана сотторго кандай жагдайда көрсөтмө бергени тууралуу толук маалымат бере элек. Анын бул иш боюнча башкалардай болуп кармалып, бирок камакка алынбай, үй камагында калтырылганы саясий чөйрөдө аны калкалаган күчтөр барбы деген күмөн ойлорго жем таштады.

Индира Жолдубаеванын ишиндеги «ийкемдүүлүк»

Жарандык активист Адил Турдукулов күч түзүмдөрү буга чейин УКМКнын мурдагы төрагасы менен мурдагы башкы прокурорду жоопко тартууга шашылбай келгенин айтты. Ал Индира Жолдубаеваны үй камагында калтырган жагдай бийликте чынында эле ага жан тарткандар бар экенин ырастай турганын билдирди:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Буга чейин эле Жолдубаева менен Сегизбаев жоопко тартылбай, укуктук-процессуалдык чара көрүлбөгөнү «азыркы бийликте аларды калкалап жаткан таасирдүү бирөөлөр барбы?» деген шек жаратып келген. Же болбосо «азыркы бийликке карата алардын колунда кандайдыр бир компромат болушу мүмкүнбү?» деген суроо турат. Бирок эми азыр Жолдубаевага карата кылмыш иши козголгону алардын баары бир жазасыз калбай турганына үмүт бере баштады. Анткен менен Жолдубаеванын башкалардай болуп камакка алынбай, үй камагында калышы көп нерседен кабар берет. Анткени Салянованын кичине кызына карабай алып барып камашкан. Жолдубаеваны эмне себептен сыртта калтырышканы түшүнүксүз. Демек аны колдоп, калкалап, жоопкерчиликтен куткарууга таасир эте ала турган бийликте бирөөлөр бар экени дайын болуп калды. Болбосо экөөнө бирдей эле мамиле болушу керек эле».

Президенттик аппараттын сот-укук маселелери боюнча бөлүмүн жетектеп турганда кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мөөнөтүнөн мурун мыйзамсыз бошотуп, ага жасалма документтерди даярдап берүүнү уюштурууга жана аны ишке ашырууга катышы бар деген шек менен буга чейин ондон ашуун адам кармалып, камакка алынган. Бирок алардын көбү тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргендиктен үй камагына чыккан. Индира Жолдубаеванын тергөө менен кызматташуу протоколуна кол коюп бергени же бербегени азырынча белгисиз. Аны үй камагында калтырууну сот кайсы жагдай менен негиздегени да дайынсыз.

Сот өтүнүчтү өзгөртүүсүз бекитти

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз өкүлү Асел Равшанбекова Башкы прокуратура ошондой өтүнүч келтиргенин айтып, сот аны жөн эле канааттандырып койгонун ырастады:

«Кечээ 21-август күнү Башкы прокуратура Индира Жолдубаеванын бөгөт чарасы боюнча өтүнүч келтирди. Аны үй камагында калтыруу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчүн сот канааттандырып берди. Салянова боюнча болсо аны камакка алуу тууралуу өтүнүч келген. Ал эми Жолдубаева боюнча Башкы прокуратура аны үй камагында калтыруу боюнча негиздемелерин көрсөтүп, өтүнүч келтирип жатат. Сот мына ошол негиздемелер келтирилген өтүнүч боюнча чечим кабыл алды».

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул жагдай боюнча өз өтүнүчүн эмнеге негиздеп бергенин түшүндүрүп, комментарий бергиси келген жок.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясы, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди жасалма токулган «Белизгейт» чатагы боюнча жоопко тартууну талап кылып келген.

Бул иште ушул экөө «Ата Мекен» партиясынын үч депутатын «Белигзгейт» иши боюнча айыптап, бирок ал иштин жасалма экени кийин ашкереленген. УКМК бул иште жашыруундук белгиси тургандыктан аны андан ары териштирип, иш козгой албай турганын билдирген.

Жарандык активист Адил Турдукулов бул иштин негизинде УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди кызматтык жасалмалоо боюнча жоопко тартууну талап кылып, Башкы прокуратурага арыз жазганы белгилүү болду.

Индира Жолдубаева 2015-жылы январь айында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен парламентте көпчүлүк добуш алып, кызматка келген.

Анын тушунда бир топ оппозиция өкүлдөрүнө, депутаттарга, саясатчыларга кылмыш иштери козголуп, көпчүлүгү эркинен ажыратылган.

Бийлик алмашкандан кийин, тагыраагы 2018-жылы 11-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйында эл өкүлдөрүнүн 105и Жолдубаеваны иштен кетирүүгө добуш берген.

Индира Жолдубаева 1979-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында туулган. 2002-жылы азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. Иш жолун ошол жылы «Сорос-Кыргызстан» фондунда юрист-кеңешчи болуудан баштаган. «Манас» эл аралык аба майданында, «Компаньон» чакан насыя компаниясында юрист, ДЭКА жабык акционердик коомунун аткаруучу директору болуп иштеген.

Мамлекеттик кызматка 2009-жылы кирип, Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин орун басары болгон. 2010-жылы бийлик алмашканда ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. 2012-жылдан 2015-жылга чейин президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүн жетектеп келген.

Индира Жолдубаева - Конституциялык соттун мурунку төрайымы Чолпон Баекованын бир тууган сиңдисинин кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашевдин балдызы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG