Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Турдукулов Сегизбаевге каршы Башкы прокуратурага кайрылды


Белизден келди деген документтин көрүнүшү.
Белизден келди деген документтин көрүнүшү.

Жарандык активист Адил Турдукулов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу жарандык активист «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Сегизбаев 2016-жылы «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы каралаган «Белизгейт» чатагы боюнча жалган документтерди жарыялаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек.

- Абдил Сегизбаев өзү «Белизден атайын документтер келди» деп айтып келген. Бирок бул туура эмес, жалган болуп чыкты. Ошондуктан УКМКнын мурдагы төрагасынын аракеттерине укуктук баа берилиши керек эсептейм, - деди Турдукулов.

Жарандык активист бул боюнча кайрылууну Башкы прокуратурага тапшырганын жана кандай мыйзамдык аракеттер көрүлөрүн күтөрүн кошумчалады.

Бул боюнча Абдил Сегизбаев жана Башкы прокуратура эч кандай комментарий бере элек.

2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан.

Ал сөз болуп жаткан документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган.

Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок экени белгилүү болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG